Күн өткөн сайын
Исламдын нуру тарап, Пайгамбарыбыздын касиеттүү ысымы ишитилген жерде жүрөктөрдөн
орун ала баштады. Анын келүүсүн саргая күткөн илим жолундагы адамдар изденүү менен, толкундануу менен Мединага барып,
ыйман келтирип жатышты. Ошолордун бири Салман Фариси болгон. Ал мусулмандыкты
кандайча кабылдаганы тууралуу мындайча баяндайт: «Мен Фарстын (Иран) Исфахан калаасынын Жей деген айылынан чыктым. Атам
айылдагы эң бай адам эле, жерибиз менен малыбыз көп эле. Үйдүн жалгыз баласы
болчумун. Ошондуктан, мени кыздай асырашты. Үйдөн чыгарбады. Өздөрү мажуси (отко
сыйынуучу) болгондуктан мага мажусиликти үйрөтүштү. Үйдө ар дайым бир от күйүп турчу,
биз ага сыйынып, сажда кылчубуз. Атам бир күнү мени сыртка чыгарып: «Балам, мен
өлгөндөн кийин мына бул малдардын ээси сен болосуң, ошондуктан, барып малдарың менен,
жерлериң менен тааныш», - деди. Мен: «Жарайт», - дедим. Бир күнү эгинди көргөнү
бара жатканда жолдо бир чиркөөгө көзүм түштү. Христиандардын үнүн угуп, аларга
жакын барганда алардын ичкериде ибадат кылып жатышканын көрдүм. Мен мурда
мындай нерсе көрбөгөндүктөн таңданып турдум. Анткени, биздин ибадатыбыз от
жагып, ошого сыйынуудан гана турчу. Ал эми алар болсо көрүнбөй турчу бир
Аллахка ибадат кылып жатышкан эле. Өз-өзүмө: «Булардын дини туура, биздики
ката», - дедим. Кечке чейин ошолорду карадым. Эгинге бара электе эле караңгы
түшө баштады. Алардан: «Бул диндин негизи кайда?» - деп сурадым. Алар: «Шамда (Дамаск)»,
- дешти. «Мен шамга барсам мени кабылдашабы?» - деп сурадым. «Ооба, кабылдашат»,
- деп жооп берди. «Араңарда жакын арада Шамга бара турчу адам барбы?» - деп
сураганда бираз убакыттан соң бир кербендин бара тургандыгын айтышты. Мен
сүйлөшкөн адамдар аз болчу, алар Шамдан Исфаханга келишкен эле.
Мен алар менен
сүйлөшүп, үйгө кеч кайттым. Менин келгенимди көргөн атам мени издеп, артыман
киши жибериптир. Алар издеп таба алышпаптыр. Алар убайымдап отурушкан кезде мен
үйгө келдим. Атам: «Ушул убакытка чейин кайда болдуң? Сени издеген жерибиз
калбады», - деди. Мен: «Ата! Мен бүгүн эгинге барууга чыккамын. Жолдо бир
христиан чиркөөнү көрүп, ичине кирдим. Алар өздөрү көрбөгөн, бардык нерсеге
күчү жеткен Аллахка ишенишет экен. Алардын ибадаттарына таң калдым. Кечке чейин
ошолорду карап отурдум. Алардын дининин акыйкат дин экендигин түшүндүм», -
дедим. Муну уккан атам: «Балам, сен адашып турасың. Ата-бабаларыңдын дини
алардыкынан туура. Алардын дини ката, алданба, аларга ишенбе», - деди. Мен: «Жок,
Алардын дини биздикинен туура, кайырлуу», - дедим. Атам катуу ачууланып, менин буту-колумду
байлап, үйгө камап койду. Ушинтип жатып Шамга бара турчу кербенден кабар
күттүм. Акыры христиан дин адамдарынын кербен даярдап жатканын уктум.
Жиптеримди чечип качып, чиркөөгө бардым. Бул жерде тура албай тургандыгымды айтып,
кербенге кошулуп, Шамга карай жолго чыктым. Шамдагы христиан дининин эң чоң
аалымы тууралуу сурадым. Мага бир адамды айтты, ошого барып абалымды айтып
бердим. Анын жанында калгым келгендигин, ага кызмат кыла тургандыгымды айтып,
христиандыкты үйрөтүүсүн, Аллаху таала тууралуу түшүндүрүп берүүсүн сурандым. Ал
өтүнүчүмдү кабылдады. Ошентип, анын жанында болуп чиркөөгө кызмат кыла
баштадым. Ал мага христиандыкты үйрөттү. Бирок, кийин анын начар адам экендигин
түшүндүм. Анткени, христиандардын кедейлерге берүү үчүн жыйналган садакаларын,
алтын, күмүштөрүн ал муктаж болгондорго берчү эмес. Бираз убакыттын кийин ал
кайтыш болду. Христиандар аны жерге берүү үчүн жыйналышты. Аларга: «Ага ушунчалык
урмат көрсөтөсүңөр, ал мындай урматка ылайык адам эмес», - дедим. «Муну кайдан чыгардың?» - деп,
алар мага ишенишпеди. Мен аларга жыйнаган алтындары турган жерди көрсөттүм. Алар: «Бул жерге көмүүгө тура турчу адам эмес» деп
аны бир жерге алып барып таштап, үстүн таш менен жабышты. Ордуна бишка бир адам отурду. Бул адам чыныгы
билимдүү, такыбаалуу адам болчу. Дүнүйөлүк иштерге эч маани берчү эмес.
Акыретке берилген, бир гана акырет үчүн кызмат кылып, күнү-түнү ибадат кылчу. Ал
мага өтө жакты, көп убакыт бою анын жанында болдум. Ага кызматты кубануу менен
аткарчумун. Бирге ибадат кылчубуз. Бир күнү ага: «Эй, мырзам! Көп убакыттан бери сиздин жаныңыздамын. Сизди абдан
жакшы көрөм. Анткени, Аллаху тааланын буйруктарына баш ийип, тыйуу салган
нерселеринен сактанасыз. Кайтыш болор кезиңизде кандай осуят айтасыз, эмне кылайын?»
- деп сурадым. Ал: «Балам, Шамда адамдарды тарбиялай турчу эч ким калбады.
Кимге барсаң да сени бузат. Бирок, Мусулда бир адам бар, ошону тап», - деди. Ал
кайтыш болгондон кийин Мусулга бардым, айткан адамын сураштырып таап, башыман
өткөндөрдү баяндап бердим. Мени шакирттикке кабыл кылды. Ал да ибадатка
берилген, такыбаалуу адам болчу. Ага да көп убакыт кызмат кылдым. Бир күнү ал
ооруп калды. Көз жумар алдында ага да ошондой суроолорду сурадым. Ал мага
Нусайбиндеги бир такыбаа адам тууралуу айтты. Дароо Нусайбинге барып, айткан
адамын таап, жанында болууну каалагандыгымды айттым. Ал мени кабылдап, бираз
убакыт ага да кызмат кылдым. Ал ооруп калган кезде мени башка бирөөнө жөнөтүүсүн
өтүндүм. Бул жолу Амурия деген грек калаасында турчу бир адамды айтты. Айткан
адамын таап, узак жылдар бою ага да кызмат кылдым. Анын да дүнүйөдөн өтөр маалы
таяп калат. Мени бирөөгө тапшыруусун сураганымда: «Бул доордо христиандар
арасында сен издегендей аалам киши калды бекен, билбейм. Бирок, акыр заман
Пайгамбары келе турчу заман жакындады. Ал араптардын арасынан чыгат. Мекенинен
көчүп, жери таштак курмасы көп бир шаарга барып жайгашат. Белекти кабылдайт, бирок,
садаганы кабылдабайт. Эки далысынын арасында пайгамбарлык мөөрү бар» деп анын
белгилерин айтты. Бул адам кайтыш болгондон кийин анын айтуусу боюнча арап
жерине барууга белсендим.
Амурийада
иштеп, бир нече өгүз жана бир нече кой жыйнаган элем. Бени Калб тайпасынан бир
кербендин арап жерине карай сапарга чыга тургандыгынан кабар алдым. Аларга:
«Мына бул уй-койлорду берейин, мени арап жерине чейин ээрчите кеткиле», -
дедим, алар сунушумду кабылдап, мени жандарына кошуп алышты. Вади-ул-Кура деген
жерге барган кезде мага кыянаттык кылып, мени кул деп бир яхудиге сатып
жиберишти. Яхудинин турган жерине барып, ал жерде көп курма бактарынын өсүп турганын
көрдүм. Акыр заман пайгамбары хижрат кыла турчу жер ушул жер болсо керек деп
ойлодум. Бирок, ал жерге кантсем да эч көнө албадым. Ушул яхудиге бираз убакыт кызмат
кылдым, ал мени агасынын уулуна сатты. Жаңы кожоюнун мени Мединага алып барды.
Мединага барган кезде бул куттуу жерди мурда да көргөндөй сезип, ал жерге көнүп
кеттим. Эми Мединада туруп, мени сатып алган яхудинин бакчасында иштей баштадым.
Бир жагынан негизги максатыма жетүүгө ашыктым.
Бир күнү бир
курма багына минип алып курма терип жаткан элем. Төмөндө болсо кожоюнум бир
кишилер менен сүйлөшүп турган. Бир маалда алиги адам: «Авс менен Хазраж
тайпалары курусун. Меккеден бир адам Кубага келип, өзүн пайгамбармын деп жүрөт. Бул тайпалар ага ишенип, ошонун
динине киришүүдө...» деген сөздөрүн угуп калдым. Мен бул сөздөрдү уккан кезде эсимен
танып кала жаздадым. Дароо жерге түшүп, «Эмне дейсиң?» - деп сурадым. Кожоюнум мага:
«Сага эмне керек? Аны эмне кыласың? Сен жумушуңду кыл», - деп мени уруп
жиберди. Ошол күнү кеч бираз курма алып, Кубага бардым. Расулуллахтын (саллаллаху
алейхи ва саллам) жанына барып: «Сиз жакшы адамсыз, жаныңызда кедейлер дагы бар
чыгар. Бул курмаларды сизге садака катары алып келдим», - дедим. Расулуллах жанындагы
сахабаларга: «Келгиле, курма жегиле», - деди. Алар жешти. Бирок, өзү жеген жок.
Мен: «Мына белгинин бири ушу. Садаканы кабыл кылбады», - деп ойлоп, Пайгамбарыбыз Мединага
келгенден кийин дагы да бираз курма алып барып: «Бул белек», - деп бердим. Бул жолу ал жанындагы сахабалар
менен бирге курманы жеди. «Бул экинчи белги» деп ойлодум. Мен жыйырма беш чакты
курма алып барган болчумун. Бирок, желинген курманын данектери миңге жакын болду.
Пайгамбарыбыздын мужизасы менен курма көбөйгөн эле. Өз-өзүмө: «Дагы бир Пайгамбарлык
белгисин көрдүм», - дедим. Пайгамбарыбызды көрөйүн деп дагы бир жолу барганымда
жаназаны жерге коюп жатканынын үстүнөн чыктым. Аркасы ачылып кетсе көрөйүнчү,
мөөр бар бекен деп жанына жакындаганымда ал менин ниетимди түшүнгөндөй көйнөгүн
көтөрдү. Эки далы арасындагы пайгамбарлык мөөрүн көрүп, дароо аны өөп ыйладым.
Ошол жерде калимаи шахадат айтып, мусулман болдум. Кийин Пайгамбарыбызга
башыман өткөн окуяларды айтып бердим. Ал таңданып, муну сахабаларга да айтып
берүүмдү сурады. Саха- балар жыйнадып, мен аларга башыман өткөн окуяларды
төкпөй-чачпай айтып бердим».
Салман Фариси (радыйаллаху анх)
ыйман келтирген кезде арап тилин билбегендиктен котормочу сурады. Келген яхуди анын
Пай- гамбарыбызды мактап айткан сөздөрүн тетири которду. Ошол кез- де Жабраил
алейхиссалам келип Хазрети Салмандын сөздөрүн Пайгамбарыбызга туура абалда
жеткирди. Алиги котормочу яхуди муну көрүп, калимаи шахадат айтып,
мусулмандыкты кабылдады.
Салман Фариси (радыйаллаху анх)
мусулман болгондон кийин бираз убакытка чейин кулдук кызматын аткарып жүрдү.
Пайгамбарыбыз: «Өзүңдү кулдуктан куткар,
йа, Салман», - деген сөзүнөн кийин кожоюнуна барып азат
кылуусун суранды. Муну араң кабылдаган яхуди үч жүз курма көчөтүн отургузуп,
аларды жемиш бере турчу абалга жеткирүү жана кырк рукйа (ошол доордун өлчөм
бирдиги) алтын берүү шартын койду.
Салман Фариси (радыйаллаху анх) бултууралуу
Пайгамбарыбызга айтты. Ал сахабаларына: «Бир
тууганыңарга көмөктөшкүлө», - деди. Ал үчүн үч жүз курма көчөтүн жыйнады. Пайгамбарыбыз: «Ушулардын чуңкурун казып, даяр болгондо мага айт», - деди.
Чуңкурлар даяр болгон кезде Пайгамбарыбыз көчөттөрдү өз колу менен экти. Бирөөнү
Хазрети Омар экти. Хазрети Омар отургузган көчөттөрдөн башка көчөттүн баары Аллаху
тааланын кудурети менен ошол жылы жемиш берди. Пайгамбарыбыз ал көчөттү жулуп алып,
кайрадан отургузганда ал көчөт дагы жемиш берди.
Хазрети Салман
Фариси айтат: «Бир күнү бир бейтааныш адам мени издеп таап келип, колума
жумуртканы чоңдугундай бир баш алтынды карматып кетти. Алтынды алып,
Пайгамбарыбызга барып, болгон окуяны айтып бердим.
Расулуллах алтынды
кайра мага берип: «Ушул алтынды алып,
карызыңды төлө», - деди. Мен: «Йа, Расулаллах! Бул алтын яхудинин сураган
алтынынын салмагына жетпейт», - дегенимде Пайгамбарыбыз алтынды алып, тилине
тийгизди. «Ал муну. Аллаху таала ушу менен
сенин карызыңды жок кылат», - деди. Алтынды өлчөп көрсөм яхуди сураган
салмакта экен. Аны яхудиге алып барып бердим. Ушундайча кулдуктан кутулдум.»
Салман Фариси
(радыйаллаху анх) ушундан кийин Асхабы суффа катарына кошулду.