Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Периштелер угуу үчүн келишчү




Периштелер угуу үчүн келишчү


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Курани каримди жатка асемдүү жана өтө таасирлүү окугандыктан жада калса капырлар да буга таң калышчу. Пайгамбардын (алейхиссалам) Курани карим окуусуна таасирленип Исламды кабыл алган көп адамдар болгон. Хазрети Бера бин Азиб айтат: «Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) куптан намазынан кийин «Тин» сүрөсүн окуду. Анын ушунчалык асемдүү окуганын угуп өмүрүмдө добушу андан да жагымдуу адамды көргөн эмесмин».

Момундардын арасында да үнү асемдүү, Курани карим окуганда өзү да ыйлап, башкаларды да ыйлаткан адамдар көп эле. Ошолордун бири Усейд бин Худайр (радыйаллаху анх) болчу. Бир күнү түнү атын жанына байлап коюп, «Бакара» сүрөсүн окуй баштады. Окуп отурганда аты кокустан үркүп жиберди. Токтотсо кайра тынчыйт. Кайрадан окуй баштаганда ат кайра үрктү. Токтотсо кайра тынчыды. Кайрадан окуй баштаганда аты кайра үрктү. Усейд бин Худайрдын (радыйаллаху анх) баласы атка жакын жерде жаткандыктан ат басып кетүүсүнөн коркуп окууну токтотту. Асманга караганда ак булуттун көлөкөсүнө окшогон түтүн ичинен чырак сыяктуу жаркыраган нерселерди көрдү. Окууну токтоткон кезде ошол жаркыраган нерселердин асманга карай бийиктеп көтөрүлгөнүн көрдү. Таң аткандан кийин Пайгамбарыбызга барып болгон окуя тууралуу айтып берди. Пайгамбарыбыз: «Аладын эмне экенин билесиңби?» - деп сураганда хазрети Усейд: «Ата-энем сизге курман болсун, йа, Расулаллах, билбеймин», - деди. Пайгамбарыбыз:

«Алар периштелер болчу. Сенин үнүңө жакындашкан эле. Эгер окууну уланта бергениңде таңга чейин алар сени угуп, адамдар да аларды көрүшөр эле. Алар элден жашырынышмак эмес», - деди.

Курани каримди берилип окугандардын бири хазрети Абу Бакр эле. Намаз окуй баштаганда өзүн кармана алчу эмес, көздөрүнөн жаш куюлчу. Көргөндүн баары анын бул абалына таң калышчу. Бир күнү мушриктер жыйналып: «Бул адам Пайгамбардын алып келгендерин болгон жанын берип окуп, көз жашка толот. Балдарыбыз менен аялдарыбыз анын бул абалынан таасирленишип мусулман болуп кетеби деп коркобуз», - дешет.

Пайгамбарыбыздын дидарын көрүп, ага чын ыклас менен берилгендердин, сөздөрүн жана Куранын угуп, таңданып, мусулман болгондордун бири Абдуллах бин Салам болчу.

Тоорат менен Инжилди жакшы билген Абдуллах бин Салам (радыйаллаху анх) ыйман келтирүүдөн мурда яхуди аалым болчу. Мусулман болгону тууралуу өзү мындайча баяндаган: «Тоораттын ички маани-мазмунун атамдан окуп үйрөнгөн элем. Атам акыр заман Пайгамбарынын белгилерин, сыпаттарын жана аткара турган иштерин айтып берди. «Эгер Пайгамбар Харундун урпагынан чыга турган болсо гана ага баш ийем, болбосо багынбаймын», - деп, Пайгамбар Мединага көчүп келе электе көз жумду.

Меккеде бир Пайгамбар чыгыптыр деген кабарды укканымда, атамдан үйрөнгөн анын сыпаттарын салыштырып, ичимден толкунданып күтүп жүрдүм. Акырында Расулуллах Меккеден чыгып Куба айылына келгени жана аны Амр бин Авф уулдарынын үйүндө конок кылып жатканы тууралуу кабар алдым. Ушуга дейре атамдан укканымды эч кимге айтпай сыр кылып жашырып жүрдүм.

Бир күнү бакчамда курма терип жүргөнүмдө Надир уулдарынын бири: «Бүгүн арабдардын адамы келди», - деп кыйкырды. Кубанганыман оозуман «Аллаху акбар» деген такбир калимасы оозуман чыгып кетти. Ошол маалда эжем Халида бинти Харис бактын түбүндө отурган эле. Өтө карыган аял эле. «Аллах колуңду бош кылсын жана сени үмүтүңө жеткирбесин. Валлахи, сен Муса бин Имрандын келе тургандыгын укканыңда мындан артык кубанбас элең», - деп мени урушкандай болду. Ага: «Эже! Ал Муса бин Имрандын боордошу болот! Ал сыяктуу Пайгамбар. Ошонун жолунда жана ошол сыякту таухид ишеними менен жиберилген», - дедим. Ал мага: «Эй, бир тууганымдын баласы. Бизге кыяматка жакын келе тургандыгы билдирилген пайгамбар ошобу?» – деп сурады. «Ооба, дал өзү», - дедим. Ал: «Анда туура айтасың», - деди.

Расулуллах Мединага хижрат кылган кезде аны көрүү үчүн эл менен бирге мен дагы бардым. Анын дидарын, нурдуу келбетин көрө салып: «Анын жүзү жалганчынын жүзү эмес», - дедим. Расулуллах чогулган элге Исламды түшүндүрүп, насыяттарын айтты. Ошол жерде Расулуллахтан уккан алгачкы хадиси шарифим мына бул:

«Араңарда саламды жайылткыла, ач адамдарды тойгузгула, туугандарыңар менен аралашкыла, эл уктап жаткан да намаз окугула. Ушундайча Бейишке киресиңер».

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мени пайгамбарлык нуру аркылуу таанып: «Сен Медина аалымы Ибни Саламсыңбы?» - деп сурады. Мен: «Ооба», - дегенде Пайгамбарыбыз: «Жаныма кел», - деп минтип сурады: «Эй, Абдуллах! Аллаху таала үчүн чындыкты айт. Тоораттан менин сыпаттарымды окуп үйрөндүңбү?» Мен: «Аллаху тааланын сыпаттары эмнелер экенин айтыңызчы?» - дедим. Пайгамбарыбыз бираз күтүп турду, ошондо Жабраил алейхиссалам «Ихлас» сүрөсүн түшүрдү. Расулуллах окуган ушул сүрөнү окуган кезде Пайгамбарыбызга: «Йа, Расулаллах! Туура айтасыз. Ант кыламын, Аллаху тааладан башка илах жок. Сиз анын кулу жана расулусуз», - деп калимаи шахадат айтып, мусулман болдум.»

Кийин: «Йа, Расулаллах! Яхудилер уялбай жалган сүйлөшчү, негизсиз жалааларды жапкан заалым калк. Эгер сиз мен тууралуу алардан сурап билбестен мурда алар менин мусулман бол- гондугумду билсе мага көптөгөн жалааларды жаба тургандыктары акыйкат. Сиз алгач алардан мен тууралуу сураңызчы, эмне дешер экен?» - деп, үйдүн бир бурчуна жашырындым. Менин артыман бөлмөгө бир топ яхуди кирди. Пайгамбарыбыз яхудилерден:

«Уруулашыңар Абдуллах бин Салам кандай адам?» - деп сурады. Яхудилер: «Ал биздин таанымал, эң абыройлуу аалымыбыз, өзү болсо эң күчтүү даанышманыбыздын уулу болот», - дешти. Кийин Пайгамбарыбыз яхудилерге: «Эгер ал мусулман болсо ага эмне кыласыңар?» - деп сурады. Яхудидер: «Аллах аны андай нерседен сактасын», - деп жооп беришти.

Ошол кезде жашырынган жеримен чыгып: «Эй, яхуди коому! Аллаху тааладан корккула. Өзүңөргө келген мына бул ниматты кабылдагыла. Силер да билесиңер, колуңардагы Тооратта ысымы менен сыпаттары жазылган Аллаху тааланын расулу мына ушу. Мухаммед алейхиссалам анын кулу жана расулу», - дедим. Ушундан кийин яхудилер: «Бул биздин эң жаман адамыбыз жана эң жаман адамыбыздын баласы», - дешип ар түрдүү жалааларды жаба башташты. Мен: «Менин корккон нерсем дагы ушул эле. Йа, Расулаллах! Мен алардын заалым, жалганчы, жалаачы калк экенин сизге айтпадымбы? Мына, баары далилденди», - дедим. Пайгамбарыбыз яхудилерге: «Биринчи айтканыңар бизге жетет, экинчиси керек эмес», - деди. Мен үйүмө кайттым. Үй-бүлөм менен туугандарымды Исламга чакырдым. Эжем менен бирге бардыгы мусулман болушту.

Менин ыйман келтирүүм яхудилерди катуу ачууландырды. Ошондуктан, мени кыйнай башташты. Жада калса, яхудилер:

«Араптардан пайгамбар чыкпайт, сенин кишиң жөн гана көсөм, бийлөөчү», - деп мени Исламдан баш тарткызууга аракет кылышты, бирок, ниеттерине жете алышпады.

Ошону менен катар Салаба бин Сайа, Усейд бин Сайа, Асад бин Убейд (радыйаллаху анхум) жана кээ бир яхудилер чын көңүлдөрү менен мусулмандыкты кабылдашты. Кээ бир яхуди аалымдары калк арасына: «Мухаммедге биздин жаман адамдарыбыз гана ише- ништи, эгер алар жакшы болушканда диндерин таштап кетишмек эмес», - деген сөздөрдү таратышты.

Ушунун артынан Аллаху таала аларга жооп катары аят түшүрүп мындай деди: «Алардын (христиан жана яхудилердин) бардыгы бирдей эмес. Ахли китабдын (христиан жана яхудилердин) ичинде ибадат кылган бир жамаат бар, алар түнкү убакыттарда саждага барып, Аллаху тааланын аяттарын окушат». («Али Имран» сүрөсү, 113)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш