Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хижраттын биринчи жылы орун алган кээ бир окуялар




Хижраттын биринчи жылы орун алган кээ бир окуялар


Хижраттын биринчи жылында ансардан болгон Асад бин Зурара, Бера бин Марур, Күлсүм бин Хидм, мухажирлерден Осман бин Мазун (радыйаллаху анхум) кайтыш болду. Капырлар менен согушууга уруксат берилди. Мединанын абасы менен суусуна чыдай албаган Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Билал Хабаши (радыйаллаху анхум) безгек оорусуна чалдыгат. Мына ушул окуялардан улам Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): «Йа, Раббим! Меккени сүйдүргөнүң сыяктуу бизге Мединаны дагы сүйдүрө көр, бул жерде бизге береке менен мол ырыскы бер», - деп дуба кылды. Хак таала дубасын кабыл кылып, мухажирлер үчүн Мединаны жайлуу мекен кылды.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өзү да катышкан Абва, Ваддан согуштары ушул жылы болду. Экинчи жылдын башында Буват, Сафаван, Зулушайра согуштары уланды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш