Меккелик
мушриктер дагы карап турушпады, Пайгамбарыбызга Меккеде кыла албагандарын
Мединада кылууга аракет кылышты. Мединалык мушриктерди эскертип, шарт койгон
каттарды жазышып, Мединадагы яхуди тайпаларына да коркуткан маанидеги каттарды
жызышып, кабар салып жиберишти. Алардын бул аракеттери яхудилердин Расулулахка
жакындоолоруна себеп болду.
Бул арада
яхудилер Пайгамбарыбызга барып: «Сиз менен тынчтык келишим түзүү үчүн келдик.
Бир келишим кылалы, бири-бирибизге зыян келтирбейли», - деди. Пайгамбарыбыз
алар менен 55 баптан турган келишим түздү. Анда кабылданган келишимдердин
биразы мына булар:
1- Бул келишим Мухаммед (алейхиссалам)
тарабынан меккелик жана мединалык мусулмандар менен, аларга моюн сунгандар жана
кийин кошулгандар жана алар менен бирге согушкандар арасында жазылган күбөлүк
болуп саналат.
2- Күмөнсүз, булар башка адамдардан бөлөк
бир жамаат.
3- Ар бир тайпа туткундарын бошотуп алуу
төлөмдөрүн (мусулмандар арасындагы адилет боюнча) ортоктошо төлөшөт.
4- Мусулмандар өз араларында баш-аламандык
чыгарган адамдарга өз балдары болсо дагы каршы турат.
5- Яхудилердин ичинен мусулмандарга
багынгандар зулумдукка учурабайт, аларга жардам берилет.
6- Яхудилер мусулмандар менен биригип, бир коом
түзөт, ар ким өз дининин милдетин орундайт.
7- Яхудилердин эч кайсынысы Мухаммед
алейхиссаламдын уруксатысыз аскерий жортуулга чыга албайт.
8- Эч ким келишим кылган адамына жамандык кылбайт,
зулумдукка дуушар болгон адамга көмөк берет.
9- Медина жери ушул келишимди түзгөн адамдар үчүн
тийишүүгө болбой турчу аймак болуп табылат.
10- Меккелик чабуул жасай турган адамдарга каршы
яхудилерменен мусулмандар өз араларында жардамга келишет.
Яхудилер ушул келишим аркылуу (көрүнүштө)
мусулмандар менен достук катнаш куруп, аларга кек сактабоолору жана душмандык
аракеттерди кылбоолору керек болчу.