Пайгамбарыбыздын
хижраттан мурда Мединадагы Хазраж тайпасынын башчысы Абдуллах бин Убей
Мединанын башчысы болуп шайлануусу керек эле. Акаба анттары, андан кийинки
хижрат окуясы жана Авс менен Хазраж тайпаларынын көбүнүн мусулмандыкты
кабылдоолорунан соң Абдуллах бин Убей башчы боло албай калды. Ошол себептен
Абдуллах бин Убек Пайгамбарыбызга, мухажир сахабаларга, мединалык сахабаларга
тишин кайрап жүрдү. Бирок, душмандыгын ачыктан билдирбеди. Өзү сыяктуу бир нече
адам менен бирге мунафыктардын тобун курду. Алар мусулмандардын жанында Ислам
динине киргендиктерин айтышканы менен аркаларынан аларды мазакташчу. Жашыруун
жүрүп, араздаштыруу аракеттерин чыгара башташты. Бул эки жүздүүлөр
Пайгамбарыбыздын сөздөрүн бурмалап, элге тескери мааниде жеткирип, өзгөртүп
айтууга чейин барышты.
Душмандык
ниеттерин ичтерине каткан яхудилер Пайгамбарыбыз менен бир келишим шартын
түзүштү. Пайгамбарыбызга жыйналып келишип, өздөрүнө кыйын болгон маселелерди
сурашты. Алган жоопторунан кийин анын чыныгы Пайгамбар экендигин түшүнүштү.
Бирок, өжөрлүктөрүн койбой кызганычтарынан улам ыйман келтиришпеди.
Пайгамбарыбыз:
«Мага яхуди
аалымдарынан он адам ыйман келтире турган болсо яхудилердин бардыгы ыйман
келтиришмек», - деди. Расулуллахтын
ушундай капасына Аллаху таала мына бул аяти каримасында жубатуу айтты: «Эй,
мартабалуу Расул! Жүрөктөрүнөн ишенбестен ооздору менен ишендик дегендер
(мунафыктар) менен яхудилердин капырлары сени капалантпасын. Алар ар дайым
жалган угуучулар жана сенин алдыңа келбеген башка коомго (Хайбер
яхудилерине Курейза уулдары) тыңчылык жасоочулар. Сөздөр (Аллаху таала
тарабынан) ордуна коюлгандан кийин аны өзгөртөт. «Эгер силерге мына бул
фатва берилсе аны кабылдагыла, берилбесе сактагыла», - дейт. Аллаху таала
кимдин бүлүккө учуроосун кааласа, сен Аллаху тааланын каалоосун болтурбоого
тоскоол боло албайсың. Алар ошондой адамдар, Аллаху таала (алардын) жүрөктөрүн
тазалоону каалабаган. Алар үчүн дүнүйөдө төмөндүк менен бетбактык, ал эми
акыретте өтө оор азаптар бар». («Маида» сүрөсү, 41)
Кылынган
келишимге байланыштуу кээ бир сахабалар кошуналары болгон яхудилер менен
достошушкан эле. Аллаху таала аларга бул маселеде тыйуу салып: «Эй, ыйман келтиргендер! Дин бир тууганыңардан
башкалар менен (капыр жана мунафыктар менен) дос болбогула. Алар силерге жамандык кылуудан тыйылбайт жана силердин
кыйын абалга дуушар болууларыңарды каалайт. Алар силерге болгон өчтүктөрү менен
душмандыктарын өз ооздору менен айтууда. Ал эми жүрөктөрүндөгү душмандык андан да көп. Алардын душмандыктарына
байланыштуу аяттарды жеткирдик, эгер түшүнүп, ойлоно турган болсоңор...» («Али
Имран» сүрөсү, 118)
Меккелик
мушриктер мединалык мушриктерди, мунафыктарды, яхудилерди жана Мединанын айланасындагы
тайпаларды коркута берди. Алар тезирээк Исламдын нурун өчүрүп, Пайгамбарыбызды
өлтүрүүнү каалашты.
Мунафыктар
менен мушриктердин ушундай аракеттерине кар- шы Пайгамбарыбыз бир гана тынчтык
жолду тандады. Кээ бир сахабалар душманга каршы чыгуунун маалы келгендигин
айтып:
«Йа, Раббим!
Биз үчүн сенин жолуңда бул мушриктерден согушуу- дан артык нерсе жок. Бул
Курайш мушриктери сүйүктүү кулуңдун пайгамбарлыгын жокко чыгарып, аны Меккеден
кетүүгө мажбур кылышты. Аллахым! Эми алар менен согушууга уруксат берерсиң», -
деп дуба кылышты.
Ал эми
Пайгамбарыбыз болсо бул маселеде Аллаху тааланын буйргун күтүп, анын буйругуна
карай аракет жасаган эле. Убакыт сааты жеткен эле. Жабраил алейхиссалам алып
келген вахий менен мындай буюрулду: «Силерге
каршы согуш ачкандарга силер дагы Аллах жолунда согушкула. Бирок, чектен чыгып кетпегиле. (Силер
менен согушпагандарга тийишпегиле, аларга жабыр тарттырбагыла) Сөзсүз, Аллаху таала чектен чыккандарды
жактырбайт. Аларды (капырларды) каерде
көрсөңөр өлтүргүлө. Алар силерди (Меккеден) чыгарышканы сыяктуу силер да аларды чыгаргыла. Алардын ширк кошуу
бүлүктөрү адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар Харам мечитинде силер менен
согушмайынча силер да ал жерде алар менен согушпагыла. Бирок, алар силерди ал
жерде өлтүрсө силер да аларды ошол жерде өлтүргүлө. Капырлардын жазасы ушул. Эгер
алар Аллаху тааланы инкар кылуудан жана согушуудан баш тартса (силер да
токтоткула. Анткени,) Аллаху таала өтө
мээримдүү, аша ырайымдуу». («Бакара» сүрөсү, 190-192) Кийин жиберилген бир
аятта: «Ширк деген бүлүк жоюлганча жана
дин да бир гана Аллаху тааланын дини болгонго чейин ал мушриктер менен
согушкула. (Ширктен) баш тартса (аларга
зулумдук жок.) Мындан ары душмандык (жаза) бир гана заалымдарга», - делди. («Бакара»
сүрөсү, 193)