Пайгамбарыбыз
(саллаллаху алейхи васаллам) Мединанын коопсуздугун сактоо, душмандардын
жагдайларын көзөмөлдөө үчүн алгачкы чакан аскер тобун курады. Алардын саны төрт
жүз менен беш жүздүн арасында өзгөрчү. Пайгамбарыбыз катышкан жана өзү башкарган
согуштар «газа» деп аталды. Пайгамбарыбыз душмандын кокустан чабуулунун алдын
алуу үчүн Мединада күзөт орнотуп, коопсуздук чарасын камдады.
Мушриктерди
соода жана экономикалы жактан алсыратып, жолго салуу керек болду. Бул үчүн
Сирия соода жолдорун жабуу керек эле. Ушул кезде бир мушрик кербендин Мединага
жакын жерден өтүп баратканын угат. Пайгамбарыбыз дароо жортуулга даярданууну
буюруп, отуз атчан аскерге Хазрети Хамзаны башчы кылып шайлады. Ага Аллаху
тааладан коркуу жана кол астындагыларга жакшы кароосун айтып: «Аллаху тааланын жолунда Аллаху тааланын
ысымын ураан чакырып, газага чыккыла! Аллаху тааланы тааныбагандар менен
согушкула», - деп буюрду. Хазрети Хамзага ак туу берип узатты.
Хазрети Хамза
карамагындагы атчан аскерлери менен үч жүз атчан аскерлердин коргоосундагы
мушрик кербенине карай бет алды. Кербен Шамдан Меккеге бара жаткан жолдогу
Сифр-ул Бахр деген жерге жеткен кезде мужахиддерге кезикти. Сахабалар согушууга
даярданып турушканда ошол жердеги Мажди бин Амр ал-Жүхани келет. Мажди бин Амр
ал-Жүхани эки жактын тең шериктеши болчу. Мусулмандардын саны аз экенин көрүп,
алар жеңилишет деп ойлоду. Мусулман мамлекеттин түбөлүк жашоосун ойлоп, эки
жакты согушуудан баш тартууга чакырды. Ошентип, Хазрети Хамза менен адамдары Мединага кайтышты. Маждинин бул аракети
Пайгамбарыбызга айтылган кезде ыраазылыгын билдирип:
«Мубарек,
жакшы жана туура иш кылыптыр», - деди.
Ушундан кийин
жортуулдардын арты кесилбей улана берди. Убейде бин Харистин карамагына алтымыш
же сексен чакты мужахид берилип, Рабигке жиберилди. Мушриктер мусулмандардан
кокуп, качып кутулушту.
Пайгамбарыбыз
бир күнү Курайш мушриктерин көзөмөлдөө үчүн Нахлеге аскер тобун жиберүүнү
ойлоду. Жабериле турчу аскерлерге Абу Убейда Жаррахты (радыйаллаху анх) кол
башчы кылгысы келди. Абу Убейда бин Жаррах (радыйаллаху анх) бул буйрукту алган
кезде Пайгамбарыбыздан алыстай тургандыктан ыйлай баштады. Расулуллах
алейхиссалам анын ордуна Абдуллах бин Жахшты (радыйаллаху анх) дайындайт.
Абдуллах бин
Жахш (радыйаллаху анх) Исламга берилген адам болчу. Мусулман болгон кезде
капырлар ага нече түрдүү кастыктарын кылышса да аларга ыймандын күчү менен
каршы туруп, тарттырган азаптарына чыдаган болчу. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз ал
тууралуу сахабаларына: «Ачтык менен
чөлгө эң көп чыдаган адам», - деген. Согуштарда эң алдыңкы катарда
баатырдык менен согушчу.
Хазрети
Абдуллах бин Жахш айтат: «Ошол күнү Пайгамбарыбыз куптан намазын окуп болуп,
мени жанына чакырды.
«Эртең эрте мага кел. Куралыңды да ала кел.
Сени бир жакка жиберемин», - деди. Таң атканда мечитке бардым. Кылычымды,
калканымды, саадагымды, жебемди ала бардым. Пайгамбарыбыз багымдат намазын
окуткандан кийин үйүнө келди. Мен эрте келип эшиктин алдында күтүп турган
болчумун. Мухажирлерден мени менен бирге бара турчу бир нече адам тапты. «Сени ушул адамдарга кол башчы кылдым», - деп
бир кат берди. «Бар, эки түндүк жолдон
кийин катты ач. Ошондо жазылган боюнча кыймылда», - деди. «Йа, Расулаллах!
Кайсы тарапка жүрөлү», - деп сурадым. «Наждиййа
жолуна түш. Ракийага, кудукка бет ал», - деди. Абдуллах бин Жахшка
(радыйаллаху анх) Нахле жоругу тапшырылгандан кийин ага алгачкы жолу «Эмир-ул
муминин» (мусулмандардын эмири) деген
сыпат тагылды. Исламда эң алгач ушул ат менен аталган адам ошол болду. Сегиз же
он эки адамдык топ менен эки күндөн кийин «Малал» деген жерге жетип, катты
ачты. Анда:
«Бисмиллахир-рахманир-рахим. Бул катты окуган кезиңде Мекке менен Таиф арасындагы Нахле
деген жерге түшкөнчө Аллаху тааланын ысымы жана берекеси менен барып жетесиң.
Жолдошторуңдун эч кайсынысын өзүң менен бирге барууга кыйнаба. Нахледеги
Курайштардын кербенине байкоо саласың. Алардын жагдайы тууралуу бизге айтасың», - деп жазылган эле.
Эмир-ул
муминин Хазрети Абдуллах бин Жахш катты окугандан кийин: «Биз Аллаху тааланын
кулдарыбыз. Жана баарыбыз Ага кайтып барабыз. Уктум, баш ийдим. Аллаху тааланын
жана Анын Пайгамбарынын буйругун орундаймын», - деп катты сүйүп башына койду.
Анан жолдошторун карап: «Ким шейит болууну кааласа мени менен бирге барсын. Эч
кимди кыйнабаймын. Барбасаңар мен жалгыз өзүм барып, Пайгамбарыбыздын буйругун
орундаймын», - деди. Жолдоштору баары чогуу: «Биз Пайгамбарыбыздын буйругун
уктук. Аллаху таалага, Расулуллахка жана сага баш ийебиз. Кайда барсаң да Аллаху тааланын берекеси менен бар», - дешти. Саад бин Абу Ваккас да (радыйаллаху анх)
кошулган ушул чакан аскер Хижазга карай бет алып, Нахлеге барышты. Бир жерге
жашырынып, ошол жерден өткөн-кеткен Курайштыктарды аңдып турушту. Бир кезде бир
Курайш кербени өтөт. Төөлөрүнө жүк артылган эле. Мужахиддер кербенге жакын келип,
аларды Исламга чакырды. Алар кабылдабаган соң согуша баштады. Алардын бирөөсүн
өлтүрүп, экөөнү туткунга алышты. Дагы бири атчан болгондуктан ага жете албай
калышты. Капырлардын бардык мүлкү мужахиддерде калды. Абдуллах бин Жахш
(радыйаллаху анх) ушул олжонун бештен бирин Пайгамбарыбызга бөлүп койду. Бул
мусулмандардын алгачкы ганимети (согуш олжосу) эле.