Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) Мединага көчүп келгенине он жети ай болгон эле. Бул мезгилге чейин мусулмандар Куддустагы Байт-ул-Макдиске карап окушчу. Ушул
кезде яхудиледин «Бул кандай кызык иш. Дини биздикинен бөлөк, бирок, кыбыласы
биздикиндей» деген сөздөрү Пайгамбарыбызга жетти. Бул сөздөргө ал капа болду.
Бир күнү Жабраил алейхиссалам келген кезде ага: «Эй, Жабраил! Аллаху тааланын жүзүмдү яхудилердин кыбыласынан Каабага
буруусун каалаймын», - деди. Жабраил алейхиссалам: «Мен жөн гана кулмун.
Муну Аллаху тааладан сура», - деди. Ушундан кийин «Бакара» сүрөсүнүн 144-чү
аяты түштү. Анда: «(Эй, сүйүктүү кулум! Вахийдин келүүсү үчүн) жүзүңдү көккө каратып турганыңды көрүп
турабыз. Ошондуктан, биз сени өзүң ыраазы боло турган кыбылага бурабыз. Эми
жүзүңдү Харам мечитине (Каабага) бур. (Эй, момундар!) Силер да каерде
болсоңор да жүзүңөрдү ошол жакка бургула. Күмөнсүз, өздөрүнө китеп берилгендер
ушул кыбылага бурулуунун Раббилери тарабынан кылынганын билишет. Ал эми Аллаху
таала алардын кылгандарын билет». Бул аяти карима түшкөн кезде Расулуллах
сахабалары менен бешим намазын окуп жатышкан эле. Намаздын жартысына келишкен.
Вахийди алар замат жүздөрүн кыбылага бурду. Сахабалар да Пайгамбарыбыздын
артынан жүздөрүн кыбылага каратышты. Бул мечит «Масжиди Кыблатайн», б.а., «эки
кыбылалуу мечит» деп аталды. Пайгамбарыбыз Кубага да барып, биринчи салынган мечиттин
михрабын өз колу менен кайрадан жасап, мечиттин дубалын өзгөрттү.