Бадр согушу


Бир нече сериййе жүрүштөрүндө сахабалардын (радыйаллаху анхум) ийгиликке жетиши капырларды кооптондура баштады. Эми алардын кербендери топ-топ болуп жана аскерлер менен коштолуп сапарга чыга баштады. Хижраттын экинчи жылы Мекке капырлары ар бир үй-бүлөдөн акча жыйнап, миң төөлүк кербенди Шамга жиберишти. Башында Меккенин лидерлеринен Абу Суфйан бар болуп, али мусулман боло элек болчу. Кербенди коргоо үчүн кырктай куралчан жандоочуну да милдеттендирди! Алардын максаты товарлар сатылып бүткөндөн кийин акчанын баарына курал-жарак сатып алуу жана буларды мусулмандарга каршы согушта колдонуу болчу.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мушриктердин чоң бир кербенди соода үчүн Шамга жибергенин кабар алган соң жагдайларын байкап келүү үчүн Мухажирлерден бир нече кишиге тапшырма берди. Алар Зулашира деген жерге барганда кербендин өткөнүн көрүп, Мединага кайтышты. Куфур элинин курал-жарагы жана товарлары колдорунан алынса, Ислам элине зыяндары тийчү эмес жана каршы туруу күчтөрү сынмак. Ошондуктан Расулуллах алейхиссалам Талха бин Абдуллах менен Саид бин Зайд хазиреттерин кербендин кайтышына көз салуу үчүн чалгынга жиберди.

Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болмок эмес. Пайгамбарыбыз дароо даярдыкты баштап, Мединада ордуна намазга имам болууга Абдуллах бин Умму Мактумду дайындады. Жубайы ооруп жаткан Хазрети Осман баш болгон алты кишиге тапшырма берип, Мединада калууга буйрук берди. Жанында мухажирлерден жана ансардан 305 кишиден турган сахабалар Рамазан айынын он экисинде Бадр аймагына бет алышат. Алардын саны Мединада калгандарды кошкондо 313 киши болчу. Бадр – Мекке, Медина жана Сирияга барчу жолдордун кесилишкен жери болчу.

Бул казатка катышууга уруксат алуу үчүн жаштар, жадагалса аялдар да Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жалбарышты. Умму Вараканын Пайгамбарыбызга келип: "Энем-атам сизге курман болсун эй Расулуллах! Уруксат берсеңиз, сиз менен бирге баргым келет. Жаракат алгандардын жарасын таңып, оорулууларды караймын. Балким Аллаху таала мага да шейиттикти насип кылар!” – дегенде Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Сен үйүңдө калып, Курани каримди окугун. Күмөнсүз, Аллаху таала сага шейиттики насип кылат”, – деп айткан болчу.

Саад бин Абу Ваккас мындай деп риваят кылган: «Расулуллах алейхиссалам согушка баргысы келген жаш уландарды артка кайтарып жаткан кезде жашынып жүргөн иним Умайрды көрүп калдым. Ал кезде ал он алты жашта болчу. "Сага эмне болду, минтип жашынып жүрөсүң?” – деп сурадым. "Расулуллах мени кичинесиң деп артка кайтарышынан коркуп турам! А мен болсо согушка катышып, Аллаху таала мага да шейиттикти насип кыларын каалап жатам!” - деди. Бул тууралуу Пайгамбарыбызга билдиришкенде иниме: "Сен артка кайт!” - деди. Ошондо иним Умайр ыйлай баштады. Ырайым дарыясы Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын көз жаштарына чыдай албай, ага уруксат берди. Ал эми иним Умайрдын кылычын өзү тагына албагандыктан белине өзүм байлап бердим.”

Ааламдардын мырзасы болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын желегин Мусаб бин Умайр, Саад бин Муаз жана Хазрети Али көтөрүшүп жүргөн. Сахабалардын жанында болгону эки ат жана жетимиш төө бар эле. Төө-аттарга кезектешип минишер эле. Расулуллах алейхиссалам, хазрети Али, Абу Лубаба жана Марсад бин Абу Марсад кезектешип минишчу, бирок, баары Пайгамбарыбыздын жөө баспай дайым төөнүн үстүндө болуусу үчүн: "Жаныбыз сизге курман болсун йа Расулаллах! Төөңүздөн түшпөңүз!” - деп жалбарышты. Бирок, Ааламдардын Султаны алардан өзүн артык көрбөй: "Силер жөө басууга мен чыдагандай чыдай албайсыңар. Асыресе, силер тапкан соопту мен да тапкым келет”, – деди. Расулуллах саллаллаху алейхи васаллам менен сахабалары чөлдө өтө ысыкта жүрүштү. Анын үстүнө орозо кармашкан болчу. Сахабалар Исламды жайыш үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга чыдап, Пайгамбарыбыздын артынан чын жүрөктөн каалап келе жатышты. Анткени, алдыда Аллаху тааланын жана Расулунун ыраазылыгы, баарында шейиттик арзуусу, асыресе, Бейиш бар эле... Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сахабаларынын абалына карап: "Аллахым! Сахабам жөө жүрөт. Сен аларга мингич бер! Аллахым! Аларга кийим тартыш. Сен аларды кийинт! Аллахым! Алар ачка жүрүшөт. Сен аларды тойгуз! Алар кедей, аларды байыт!” - деп дуба кылды.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана ыйык аскери азаптуу ысыкка карабастан Бадрга карай бара жатканда мушриктердин Шамга келген кербендери да Бадрга жакындап калган эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кербенден кабар алуу үчүн жиберген эки сахаба кербендин бир-эки күндүн ичинде Бадрга келип калышы мүмкүн экенин билип, дароо артка кайтышты. Кербендегилер болсо мусулман чалгынчылар келип кеткен айылга кайрылып, жай тургундардан: "Мусулмандардын тыңчыларынан кабарыңар барбы?” – деп сурашты. Алар: "Билбейбиз. Бирок, эки киши келип, бул жерде бираз отуруп кайра кайтып кетишти”, – деп айтышты. Абу Суфйан ал жерге келип текшерип көргөндө жердеги төөнүн тезектерин эзди жана ичинде жем данектерин көрдү да: "Булар Мединанын жемдери экен. Ал эки адам Мухаммаддын (алейхиссалам) чалгынчылары болушу ыктымал”, – деди. Мусулмандардын жакын бир жерде экенин баамдады жана абдан корко баштады. Кербенинин башына келе тургандардан чочулап, күнү-түнү жүрүп, убакытты текке кетирбей Кызыл Деңиздин жээги аркылуу Меккеге ылдамдык менен барууну чечти. Айрыкча жагдайды маалымдоо үчүн Дамдам бин Амр Гыфари аттуу бирөөнү Меккеге кабарчы кылып жөнөттү.

Бул адам Меккеге келгенде көйнөгүнүн алды-артын жыртты. Төөсүнүн ээрин терс койду. Кызык бир көрүнүштө: "Жардам! Жардам! Эй Курайштыктар жардам бергиле! Кербениңерге, Абу Суфйандын жанындагы мал-мүлкүңөргө Мухаммед менен сахабалары кол салды! Жетип бара алсаңар кербениңерди куткарып каласыңар!” – деп кыйкыра баштады.

Муну уккан Меккеликтер дароо чогулушуп, даярдык көрө башташты. Жети жүз төөчөн, жүз атчан жана жүз элүү жөө аскер чогултушту. Абу Лахабга: "Кана сен дагы катыш!” – деп айтышканда коркуусунан оорусун шылтоо кылды. Ордуна Ас бин Хишамды кошуп берди. Умаййа бин Халаф деген мушрик согушка даярдыкта коркуп, каалабагандай түрүн көрсөттү. Анткени, Пайгамбарыбыздын "Умаййаны менин сахабаларым өлтүрөт” дегенин уккан эле. Анын дайым чынчылдыктан айрылбаганын билгени үчүн коркуп жатты. Мындан улам Абу Жахлга келип карып калганын, абдан семиз экенин айтып көрөт. Соңунда Абу Жахл коркок деп айтканы үчүн согушка аттанууга аргасыз болду.

Мушриктердин дээрлик көпчүлүгү ок өткөргүс темир сооттор менен камсыздалган эле. Өздөрү менен бирге асем үндүү ырчы аялдар бар эле. Музыкалык аспаптарын жана ичкиликтерди алууну да унутушкан эмес. Мындай күчтүү кошууну менен үч жүз кишини эмес, керек болсо миң кишилик кошуунду да заматта жеңебиз деп ойлоп жатышкан. Али жолго чыга элек жатып өлтүрө турган адамдарды жана ала турган олжолорду эңсеп санаасы менен байыгандар да жок эмес болчу. Бирок, баарынын эң чоң ниети Ислам динин жок кылуу эле. Ошентип, бул азгын мушриктер аялдар черткен дап жана ырлардын коштоосунда жолго чыгышты.

Бул мезгил аралыгында Абу Суфйан Бадрдан бир кыйла узап кеткен, Меккеге карай жакындап калган эле. Ортодо эч кандай коркунуч жок экенине ишенип Кайс бин Умриул-Кайс аттуу адамын Курайшка жиберип: "Эй, Курайш жамааты! Силер кербениңерди, адамдарыңарды жана мал-мүлкүңөрдү коргоо үчүн Меккеге карай жолго чыктыңар эле. Биз кооптордон кутулдук. Эми арка кайта бергиле!” – деди. Айрыкча: "Мусулмандар менен согушуу үчүн Мединага баруудан сактангыла!” – деген сунушун айтты.

Кайс мушриктер кошуунуна кабарды алып келгенде Абу Жахл: "Ант берип айтамын, Бадрга барып үч күн үч түн салтанат кылып, төөлөрдү союп, шарап ичебиз. Айлана тегеректеги уруулар бизди көрүп, суктанып, биздин эч кимден коркпой турганыбызга күбө болушат. Мындан кийин айбатыбыздан эч ким бизге кол салууга батына албайт. Эй, жеңилбес Курайш кошууну! Алга...” – деди.

Кайс Абу Жахлдин сөз тыңдай турган абалда эместигин көрүп артка кайтты жана жагдайды Абу Суфйанга билдирди. Узакты көрө билген жана этияттуу бир киши болгон Абу Суфйан: "Аттиң! Курайш чеки иш кылды! Бул Амр бин Хишамдын (Абу Жахлдин) бир планы. Бул ишти ал сөзсүз адамдарга башчы болуу үчүн кылды. Ал эми мындай азгындык ар дайым чоң кемчилик жана бактысыздык болот. Эгер мусулмандар алар менен бетме-бет келип калса, анда курайштыктар куруйт”, - деп айтуудан өзүн тыя албады. Кербенди Меккеге жеткирет да, кошуунга жетип барды.

Бул кезде Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам сахабалары менен Бадрга жакындап калган болчу. Расулуллах мединалык мушриктерден Хубайб бин Ясаф менен Кайс бин Мухаррис Ислам аскеринин арасында экенин көрдү. Хубайбдын башында темир калпагы болсо да таанып, Хазрети Саад Бин Муаздан: "Бул Хубайб эмеспи?” – деп сурады. Ал болсо: «Ооба», - деп жооп берди. Хубайб согуш ыкмасын мыкты билген, эр жүрөк киши эле. Кайс менен бирге Пайгамбарыбыздын алдына чакырылды. Пайгамбарыбыз аларга: "Силер эмне үчүн биз менен бирге келе жатасыңар?” – деп сурады. Алар: "Сен биздин жээнибизсиң жана кошунабызсың. Биз дагы уруубуз менен бире олжо топтоо үчүн келүүдөбүз!” – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз Хубайбга: "Сен Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтирдиң беле?” – деп сураганда ал: "Жок!” – деди. Расул алейхиссалам: "Андай болсо артыңа кайт! Биздин динибизде болбогон адам биз менен бирге боло албайт”, – деп айтты. Хубайб: «Менин эр жүрөктүүлүгүмдү, баатырдыгымды эл журттун баары билет. Олжо үчүн сенин жаныңда душманыңа каршы согушамын», - деди. Пайгамбарыбыз анын жардамын калган жок.

Бир нече убакыт өткөн соң Хубайб тилегин кайталады. Бирок, Пайгамбарыбыз мусулман болболбосо тилегин кабыл кылбай турганын айтты. Ревха деген жерге барганда Хубайб Пайгамбарыбызга барып: «Йа, Расулаллах! Аллаху тааланын ааламдардын Раббиси экендигине жана сиздин пайгамбарлыгыңызга ишендим, ыйман келтирдим», - дегенде Пайгамбарыбыз абдан кубанды. Кайс дагы Мединага кайткандан кийин ыйман келтирди (радыйаллаху анх).

Ислам аскери Сафра өрөөнүнө жеткенде Меккеликтердин кол курап, кербендерин куткарууга Бадрды карай келе жатат деген кабарды алышты. Пайгамбарыбыз сахабаларын жыйнап, алар менен бул жыйында кеңешти. Анткени, Мединалык мусулмандар Пайгамбарыбызга Акабада ант беришкенде: «Йа, Расулаллах! Сиз биздин шаарыбызга келиңиз. Сизди ал жерде душмандарыңыздан жаныбызды берип болсо да коргойбуз, сизге баш ийебиз, - деп убада беришкен эле. Эми болсо алар Мединанын сыртына чыгышкан болчу. Алдыда өздөрүнө сан, курал жана мал-мүлк жагынан өтө күчтүү душман кошууну бар эле. Кеңеш учурунда Пайгамбарыбыз сахабаларынын пикирлерин укту. Мухажирлерден Абу Бакр Сыддык жана Омар-ул Фарук туруп, душман кошууну менен согушуу зарыл экенин белгилешти. Дагы мухажир момундардан Микдад бин Асвад ордунан туруп: "Йа, Расулаллах! Бул маселе тууралуу Аллаху тааланын буйругу кандай болсо, ошону орунда. Анын буйругу менен жүр. Ар дайым биз сени менен биргебиз, эч качан айрылбайбыз. Биз Исраил уулдарынын Муса алейхиссаламга: "Эй, Муса! Заалымдардын коому ал аймакта турган кезде биз ал жерге барып, балээге урундайбыз. Эми болсо Раббиң экөөң ал жерге барып согуша бергиле! Биз ушул жерде калабыз.” ["Маида”, 24] деп айткан сыяктуу бир сөз да айтпайбыз. Жаныбыз менен башыбызды Аллаху тааланын жана Расулунун жолунда курман кылабыз. Сени чын пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант беребиз, деңизден ары Хабашыстанга (Эфиопияга) жиберсең да барабыз. Сага эч качан каршы чыкпайбыз. Каалаганыңды аткарууга даярбыз. Жаныбыз сизге курман болсун, йа, Расулаллах!» - деди. Микдаддын (радыйаллаху анх) бул сөзү Пайгамбарыбызды катуу кубантты. Ага кайырлуу дубаларды тиледи.

Бул жерде мединалык мусулмандардын пикирлери өтө маанилүү эле. Анткени, алар саны жагынан көпчүлүктү куроо менен бирге Расулуллахка Мединанын ичинде коргоо үчүн убада беришке бол- чу. Ал эми Мединанын сыртындагы согушуу тууралуу эч кандай сөз жана убада беришкен эмес эле. Ушундай кыйын убакта мединалык мусулмандардын, башкача айтканда, ансардын арасынан Саад бин Муаз (радыйаллаху анх) ордунан туруп: "Йа, Расулаллах! Уруксат берсеңиз жалпы ансардын атынан сүйлөйүн”, – деди. Уруксат алгандан кийин: "Йа, Расулаллах! Биз сизге ыйман келтирдик, Сиздин Пайгамбарлыгыңызды кабылдадык! Сиздин алып келгениңиздин бардыгы хак. бул маселеде тыңдоо жана баш ийүү үчүн сизге чындап убада берип, ант ичтик. Биз берген сөзүбүздөн айныбайбыз жана буйругуңузду орундайбыз. Сиздин жолуңузда жаныбызды курман кылабыз. Сизди хак Пайгамбапр кылып жиберген Аллаху таалага ант кылабыз, эгер деңизди кечип өткүлө десеңиз эч ойлонбой деңизге түшүүгө даярбыз. Эч кайсыбыз мындан тартынбайбыз. Мубарек оюңузда эмне болсо бизге буйрук кылыңыз, орундайбыз. Малыбыз да жаныбыз менен бирге сиз үчүн курман болсун. Согуштун туш келген кыйынчылыгына чыдайбыз. Душмандан тартынбайбыз. Үмүтүбүз - сизди кубантып, ыраазылыгыңызды алуу. Сизге Аллаху тааланын ырайымы жаасын”, - деди.

Бул сөздөрдү уккан сахабалар абдан толкунданышты. Бардыгы айтылган сөздөргө кошулгандыктарын билдиришти. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам” сахабаларынын бул колдоолоруна өтө ыраазы болду. Аларга жана Хазрети Саадга дуба кылды.

Эми эмне болот? деген бардык санаалар ушуну менен таркады... Эми душмандар канчалык көп болушса да, канчалык күчтүү болушса да даңктуу сахабалар Пайгамбарыбыздын артынан шейит болуу үчүн баатыр кадамдар менен жүрүүгө даяр, Аллаху таала менен анын Расулунун ыраазылыгын алууга умтулушкан эле. Өздөрүн ааламдардын султаны Пайгамбарыбыз башкарып турган кезде барууга болбой турган жер жок эле... Пайгамбарыбыз сахабалардын өзүнө берилгендиги менен толкунданууларын көрүп: "Кана эмесе, жүргүлө! Аллаху тааланын мээримине бөлөнгүлө. Валлахи, эми мен Курайш коомунун согуш майданында өмүрлөрү кыйылып кулай турган жерлерин көрүп тургандаймын”, - деп сүйүнчүлөдү. Бул сүйүнчү кабардан улам сахабалар кайрат менен Пайгамбарыбыздын артынан ээрчишти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш