Бадр аймагына
жеткен кез Жума күнү эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сахабаларына: "Мынабу кичинекей дөңсөөнүн тегерегиндеги
кудуктун башынан кабар алып келсеңер деп үмүт кыламын”, – деди. Аллаху
тааланын арстаны Хазрети Али, Саад бин Абу Ваккас, Зубайр бин Аввам жана айрым
сахабаларды ошол жерге жиберди.
Хазрети Али
менен жолдоштору кудуктун жанына барышты. Ал жерде Курайштын төөчүлөрүн жана
суучуларын көрүштү. Алар усулмандарды көрөр замат качышты. Аларлдын ичинен экөө
кармалды. Алардын бири Хажжаж уулдарынын кулу Ашлам, экинчиси Ас бин Саид
уулдарынын кулу Ариз Абу Ясар эле. Аларды Пайгамбарыбызга алып келишкенде
Пайгамбарыбыз алардан: "Курайш кайдае?” –
деп сурады. Алар: "Тээтиги көрүнүп турган кум дөбөнүн ары жагына конушту”, –
дешти. Пайгамбарыбыз: "Алар канча
адамдан турат?” – деп сурады. "Билбейбиз”, – деп жооп беришти. "Күнүнө канча төө союшат?” – деген
суроого: "Бир күнү тогуз, бир күнү он”, деген жоопту алган Пайгамбарыбыз:
«Миңден аз, тогуз жүздөн көп», - деди. "Курайштын беделдүү кишилеринен кимдер
бар”, – деп сурады. Алар: "Утба, Шейба, Харис бин Амр, Абул-Бухтари, Хаким
бин Хузам, Абу Жахл, Умаййа бин Халаф...” – дешкенде Пайгамбарыбыз сахабаларын
карап: "Меккенин эли эң жакшыларын
силерге курман кылыптыр”,
– деди. Анан
ал экөөнө: "Бул жерге келе жатканда
Курайш тайпасынан жарты жолдон артка кайткандар болдубу?” – деп сураганда:
"Ооба, Бани Зухрадан Ахнас бин Аби Шерик кайтып кетти”, – деп жооп беришти.
Пайгамбарыбыз да: "Ал туура эмес жолдо
жүрүп, акырет, Аллаху таала жана китеп билбестен Бани Зухраларга туура жолду
көрсөтүптүр... Алардан башка артка кайткан болдубу?” – деп сураганда: "Ади
бин Кааб уулдары артка кайтышты”, – деп жооп беришти.
Пайгамбарыбыз
Хазрети Омарды курайштыктарды акыркы жолу эскертип, келишимге чакырууга
жиберди. Омар бин Хаттаб (радыйаллаху
анх) азгын капыр ордосуна барып, аларга: "Эй, өжөр калк! Пайгамбарыбыз айтты: "Баары бул иштен баш тартсын. Аман-соо артка
кайткыла. Анткени, силерден башкалар менен согушуу мен үчүн силер менен
согушуудан артык” – деди. Бул сунуштан улам Курайш мушриктеринен Хаким бин
Хузам алдыга чыгып: "Эй, Курайш жамааты! Мухаммед силерге абдан ынсаптуу мамиле
кылды. Анын сунушун дароо кабыл кылгыла. Эгер анын айтканын кылбасаңар, ант
берип айтамын, эми мындан кийин кайырымдуулук көрсөтпөйт», - деди. Абу Жахл
Хакимдин бул сөзүнө ачууланып: "Муну эч качан кабыл кылбайбыз жана мусулмандардан
өч алмайынча артка кайтпайбыз! Мындан ары биздин кербенге эч ким тийише
албасын”, – деп, тынчтык келишимге келүүгө каршылык билдирди. Хазрети Омар
артка кайтты.
Ошол түнү
Пайгамбарыбыз менен сахабалары Бадрга мушриктерден мурда барып, кудуктарга
жакын бир жерге жайгашты. Пайгамбарыбыз сахабалары менен акылдашып, ордону
каерге куруу тууралуу пикирлерин сурады. Отуз үч жаштагы Хаббаб бин Мунзир
(оадыйаллаху анх) туруп сөз сурады. "Йа, Расулаллах! Бул жер Аллаху таала сизге
ордо курууну буюрган жерби? Же жеке көзкараш боюнча жана согуш чарасы катары
тандалдыбы?» - деп сурады. "Жок! Согуш
чарасы катары тандалган жер”, – деди. Ошого байланыштуу Хазрети Хаббаб:
"Ата-энем сизге курман болсун йа, Расулаллах! Биз согушкер адамдарбыз. Бул
жерлерди дагы жакшы билебиз. Мына бул курайштыктардын конуш ала турчу жерге
жакын жердеги кудукта мол жана даамдуу суу бар. Уруксат берсеңиз ошол жерге
токтойлу. Айланадагы кудуктардын бардыгын жаап таштайлы. Кийин бир суу көлмөсүн
жасап ичин сууга толтуралы. Жоо менен согушуп жатып суусаган кезде ушул суудан
ичип туралы, ал эми душман болсо суу таба албай айласы кетет», - деди.
Ушул кезде
Жабраил алейхиссалам бул пикирдин туура экенин билдирген вахий алып келди. Пайгамбарыбыз:"Йа, Хаббаб, сенин айтканың туура пикир”– деп, орундарынан турушту. Баары ошол кудуктун жанына барышты. Суусу татуу
болгон кудуктан башка бардык кудуктарды жаап салып, чоң көлмө жасашты. Аны суу
менен толтуруп, жанына суу ичүүгө идиштерди коюшту.
Ошол кезде
хазрети Саад бин Муаз Пайгамбарыбызга келип:
«Йа,
Расулаллах! Сизге курма бутактарынан көлөкө жасап берелиби?» - деп сурады.
Пайгамбарыбыз Сааддын (радыйаллаху анх) бул сунушун кабылдап, ага дуба кылды.
Тез арада көлөкөлөй турчу орун жасалды.
Пайгамбарыбыз
сахабалары менен согуша турчу жерди аралап көрдү. "Иншаллах эртең таңерте капырлардан баланча ушул жерде кулатылат,
Иншаллах эртең таңерте баланча мына бул жерде кулайт. Мына ушул жер! Мына бул
жер...” – деп ыйык колдору менен Курайштык мушриктердин өлтүрүлө турган
жерлерин бирме-бир көрсөттү.
Кийин Хазрети
Омар бул тууралуу: "Алардын ар биринин Пайгамбарыбыздын дал көрсөткөн жеринде
өлтүрүлгөндүктөрүн көрдүм. Ары да эмес, бери да эмес”, - деген.
Пайгамбарыбыз
сахабаларды (радыйаллаху анхум) үч топко бөлдү. Мухажирлердин туусун Мусаб бин
Умейрге, Австыктардыкын Саад бин Муазга, Хазраждыктардыкын болсо Хаббаб бин
Мунзирге берди. Баары өз тууларынын астына жыйналышты. Пайгамбарыбыз аскерди
сапка тургузуп, тартипке келтирди.
Аскерди сапка
келтирип жатканда саптан алдыга чыккан Савад бин Газиййанын көкүрөгүнө
колундагы чыбык менен түртүп, "Сапка
тур, йа, Савад!” - деди. Хазрети Савад: "Йа, Расулаллах! Колуңуздагы чыбык
денеме батты. Сизди хак дин, китеп жана адилет менен жиберген Аллаху тааланын
акысы үчүн мен дагы сизди чыбык менен ошентип түрткүм келет”, – деди. Анын бул
сөзүнө бардык сахабалар таң калышты. Ааламдардын мырзасынан өч алууга болмок
беле? Мындай кылууга болмок беле? Пайгамбарыбыз көйнөгүн ачып: "Ал, өчүңдү ал, акыңды ал!” – деди.
Хазрети Савад Пайгамбарыбыздын ыйык көкүрөгүн чоң сүйүнүч жана сүйүү менен
өптү. Бардыгы анын өч алуусун күтүп турганда мындай жагдайды көрүп, Савадга таң
калышып, суктанышты. Пайгамбарыбыз: «Эмне
үчүн мындай кылдың?» – деп сураганда: "Ата-энем, жаным сизге курман болсун,
йа, Расулаллах! Бул күн Аллаху тааланын буйругу менен ажалымдын келгенин көрүп,
сизден ажыроодон корктум. Ошол себептен арабызда өткөн ушул соңку убакытта
сиздин ыйык денеңизге эриндеримди тийгизип калууну кааладым. Муну кыямат күнү
мага шапаат кылууңуз, ушундайча азаптан кутулуум үчүн себеп кылгым келди», -
деди. Анын бул жылуу сөзүнө Пайгамбарыбыз таасирленип, хазрети Савад үчүн дуба
кылды. Ислам аскеринин оң
канатына эр жүрөк мужахид Зубейр бин Аввам, сол канатына Микдад бин Асвад
(радыйаллаху анхум) кол башчылык кыла турган болушту.
Пайгамбарыбыз сахабалары менен согушту кандай
баштоо тууралуу кеңешүүнү каалады: "Кантип
согушасыңар?” – деп сурады. Асим бин Сабит ордунан туруп, колунда
жаа менен огун кармаган абалда: "Йа, Расулаллах! Курайштыктар бизге 100 метр
калган кезде аларга ок жаадыралы. Кийин таш ыргытууга боло турган жерге
жакындаганда таш ыргыталы. Найза жете турчу жерге келгенде найза менен, анан
кылыч менен чабышалы!” – деп өзүнүн пикирин билдирди. Бул ыкма Пайгамбарыбызга
жагып, сахабаларына мындай көрсөтмө берди: "Ушул
абалыңардан ажырабагыла. Эч кыймылдабастан ордуңарда тургула. Мен буйрук
бермейинче согушту баштабагыла. Жоо жакындай электе окторуңарды ысырап
кылбагыла. Жоо калканын ачкан кезде ок аткыла. Душманды ок астына алгандан
кийин колуңарга таш алгыла. Андан да жакындаган кезде найзаңарды колдонгула.
Дал маңдайыңарга жетип келишкенде кылыч менен чабышкыла.”
Анан кезекчи
адамдар коюлуп, сахабаларга демалыш жарыялады. Алар Аллаху тааланын хикматы
менен катуу уйкуга батышты. Пайгамбарыбыз болсо курма бутагынан жасалган
көлөкөлүк чатырына кирген кезде аны Хазрети Абу Бакр менен Саад бин Муаз
(радыйаллаху анхум) кезектешип күзөтүштү. кылычтарын кармап босогодо кезектеше
күзөтүштү. Пайгамбарыбыз колун жайып, Аллаху тааладан: "Йа, Раббим! Сен ушул аз жамаатты жойсоң сага жер бетинде кулчулук
кылчу эч ким калбайт”, - деп жалбара баштады. Бул дуба таң атканча уланды.
Ислам
аскеринин ордо курган жери кумдуу жер эле. Ошондуктан, кум үстүндө басуу
кыйынга турду. Аллаху тааланын мээрими жана Пайгамбарыбыздын дубасы менен ошол
түнү нөшөрдүү жамгыр жаап сел акты. Идиштер сууга толтурулуп, жер катты.
Мушриктер болсо баткак менен селдин астында калышты. Таң атканда Пайгамбарыбыз
сахабаларды намазга тургузду. Багымдат намазын окугандан кийин жоо менен
согушуунун жана шейиттиктин кадыры тууралуу айтып, аларды согушууга чакырды.
"Аллаху
таала хак менен буйрук кылат. Ыраазылыгы үчүн кылынбаган эч кимдин ишин кабыл
кылбайт... Раббибиздин ушул жерлерде силерге ырайымдуулук менен
кечиримди убада кылган буйругун орундоого аракет кылып, сыноодон кыйналбай
өткүлө. Анткени, Анын убадасы хак, сөзү чындык, жазасы оор. Мен жана силер
Аллаху таалага багынычтуубуз. Ага сыйындык, Ага сүйөндүк. Эң соңунда Ага кайтабыз.
Аллаху таала мени жана бардык мусулмандарды кечирсин” - деди.
Он жетинчи
Рамазан, Жума күнүнүн таңы атты. Бираздан кийин иарыхтын эң айоосуз, эң өзгөчө,
эң маанилүү, эң чоң согушу башталганы турган эле... Бир жакта Пайгамбарыбыз
жана жандарын курман кылуудан баш тартпаган сахабалары, ал эми экинчи тарапта
Исламды, Аллаху тааланын сүйүктүү кулу Пайгамбарды жок кылууга жыйналган
кутурган капыр тобу турган эле. Өкүнөрлүк нерсе, алардын арасында
Пайгамбарыбыздын туугандары да бар эле. Алар да бир тууган инилери менен
согушуу үчүн Бадрга келишкен болчу.
Пайгамбарыбыз
кошунунун тартибин бир сыйра текшерип чыккандан кийин берген көрсөтмөсүн дагы
кайталап эстерине салды. Ал аңгыча Курайш мушриктери ордолорунан чыгып, Бадр
өрөөнүнө карай агыла башташты. Булардын көпчүлүгү үстүнө соотторду кийишкен
эле. Айбаттанып, Ислам аскерлерин карай
чабуулга чыгышты. Пайгамбарыбыз мушриктердин бул аракеттерин көрүп, Хазрети Абу
Бакр экөө чатырга кирип, колун көтөрүп, Хак таалага жалбара башташты: "Йа, Раббим! Мына, Курайш мушриктери бардык
күчтөрү менен, айбаттары менен келе жатышат! Сага каршы чыгып, Пайгамбарды
жокко чыгарышууда. Йа, Аллахым! Мага берген жардам жана жеңиш тууралуу убадаңды
орундооңду өтүнөм. Аллахым! Эгер мына бул аз мусулмандын жок болуусун кааласаң
сага андан кийин ибадат кыла турчу эч ким калбайт.”
Ушинтип
үзгүлтүксүз дуба кылып, Аллаху таалага жалбарды. Пайгамбарыбыздын ушундай жан
титиреткен жалбаруусу катуу толкуп, ийининен чапаны түшүп кеткенге чейин
уланды. Ушундай толкундуу жалбарууга чыдап тура албаган Хазрети Абу Бакр
чапанды жерден көтөрүп, Пайгамбарыбыздын далысына жаап жатып: «Сиз үчүн жаным
курман, йа, Расулаллах! Ушул дагы жетер. Раббиңизден катуу титиреп жардам
тиледиңиз. Аллаху таала сизге убада кылган жеңишти жакында бере тургандыгы
акыйкат», - деди. Ошол маалда Пайгамбарыбыз мына бул аяти кариманы окуп,
чатырдан чыкты. Ал аяти кариманын мааниси:
"(Бадрдагы) бул коом жакында бузулуп, жеңилүүгө учурап,
артка карай качат. Туурасы, алардын чыныгы азап көрө турчу убагы кыямат. Ал
убактын азабы оор жана ачуу. («Камар» сүрөсү, 45-46).
Пайгамбарыбыз
өз аскерин башкаруу ишине өттү. Сахабаларына мына бул аяти карималарды окуду: "Эй, ыйман келтиргендер! Силер бир душман
тобу менен бетме-бет келсеңер бекемсабырдуу болгула жана Аллаху тааланы көп
зикир кылсаңар кутуласыңар... Сабырдуу жана бекем болгула! Анткени, Аллаху
таала сабыр кылуучулар менен бирге.” (Анфал сүрөсү, 45-46). Топтошкон түрдө
душман менен кылынган алгачкы согуш ушул болот эле. Согуштун башталышына аз гана
убакыт калган. Толкундоолор акыркы чегине жеткен эле. Сахабалар Пайгамбарыбыздын:"Аллахты көп зикир кылгыла...” деген
маанидеги аят-и кариманы окугандан кийин бардыгы бир ооздон "Аллаху акбар! Аллаху
акбар! Аллаху акбар!” деп жеңиш ихсан кылуусу үчүн Аллаху таалага жалбара
башташты. Алар Пайгамбарыбыздын белги берүүсүн күтүп турушту.
Ошол кездеги
салт боюнча эки аскер согушту баштоодон мурда эки тараптын кишилери чыгып,
урушушчу, Бул урушууда эки жактын тең согушууну каалоосу менен айбаттары
көбөйүп, согушка даяр болушчу. Мушриктерден Амир бин Хадрами бул эрежеге баш
ийбестен аны тебелеп, Ислам аскерин карай ок атты. Атылган ок мухажирлерден
Михжага (радыйаллаху анх) тийип, ал шейит болду. Пайгамбарыбыз алгачкы шейит
тууралуу: «Михжа шейиттердин мырзасы
болду», - деп сүйүнчүлөдү. Сахабалар
(радыйаллаху анхум) мушриктердин кылган ишине ачууланышып, ызадан улам жарыла
турган абалга жетишти. Бирок, Пайгамбарыбыздын буйругу келбестен эч кандай
аракетке бара алышмак эмес. Алардын баар тең ачууга буулугушту.
Ушул кезде
мушрик аскеринен үч кишинин алдыга карай чыкканны байкалды. Алар Рабиа
уулдарынын Ислам думшандары Утба, тууганы Шайба жана баласы Валид болчу.
Мухажирлерди карап: «Араңарда биз менен уруша турчу адам барбы?» - деп кыйкырышты.
Сахабалардан эң алдыңкы жакта турган Хазрети Абу Хузайфа атасы Утба менен урушууга чыкмакчы болгондо Пайгамбарыбыз
ага: «Сен токто», - деди.
Мединалык мухажирлерден Афра ханымдын (радыйаллаху анха) уулдары Муаз жана Муавваз,
Абдуллах бин Раваха (радыйаллаху анхум) алдыга чыгып, Утба, Шайба жана Валиддин
алдына барып турушту. Колдорунда кылычтарын кармап, чабышууга даяр турушту.
Мушриктер:
«Силер
кимсиңер?» - деп, аларды өздөрүн тааныштырууларын каалашты. Алар: «Мединалык
мусулмандарбыз» - деген кезде мушриктер: «Биздин силер менен ишибиз жок, Бизге
Абдулмутталибдин уулдары керек. Ошолор менен чабышкыбыз келет» - деп Ислам
аскерин карап: «Йа, Мухаммед! Бизге каршы өз тайпабыздан тең келе турчу адамды
чыгар», - деп кыйкырышты.
Пайгамбарыбыз
чыгып турган үч жигит сахабага дуба кылгандан кийин орундарына барып турууларын
буюрду. Кийин сахабаларына көз чаптырып: «Эй,
Хашим уулдары! Тургула! Аллаху тааланын нурун ката диндери менен өчүргүсү
келгендерге каршы Хак жолунда согушкула. Аллаху таала Пайгамбарыңарды ушул үчүн
жиберди. Тур, Йа, Убайда! Тур, йа, Хамза! Тур, йа, Али», - деди.
Аллаху
тааланын арстандары Хазрети Хамза, Хазрети Али, Хазрети Убайда туулгаларын
кийип, майданга карай чыгышты. Душмандарынын алдына барган кезде алар: «Силер
кимсиңер? Эгер биздин теңибиз болсоңор силер менен чабышабыз», - дешти. Алар:
"Мен Хамзамын! Мен Алимин! Мен Убайдамын!” – дешкенде мушриктер: "Силер дагы
биз сыяктуу кадырлуу кишилерсиңер. Силер менен чабышууга макулбуз”, – дешти. Эр
жүрөк Ислам мужахиддери мушриктерди алгач ыйманга чакырса да алар кабыл
кылышпады. Кийин үчөө тең ылычтарын сууруп, душмангы карай умтулушту. Хазрети
Хамза менен Хазрети Али бир сокку менен Утба менен Валидди өлтүрүштү. Хазрети
Убайда Шайбаны жарадар кылды. Шайба да Убайданы (радыйаллаху анх) жарадар
кылды. Хазрети Хамза менен Хазрети Али Убайдага жардамга барып, Шайбаны ошол
жерде өлтүрүштү. Хазрети Убайданы Пайгамбарыбыздын жанына алып барышты.
Хазрети Убайда
бин Харистин бутунан кан агып жатты. Ал өзү жада калса буга да көңүл бурбастан:
«Сиз үчүн жаным курман, йа, Расулаллах! Мен ушул абалымда өлсөм шейит боломбу?»
- деп сурады. Пайгамбарыбыз ага: "Ооба, сен шейитсиң”, – деп бейиштик
болгонун сүйүнчүлөдү. (Хазрети Убайда согуштан кайтып бара жатып Сафра деген
жерде кайтыш болду).
Али согуш
баштала электе үч маанилүү кишисинен айрылган мушриктердин шаштылары кете
баштады. Ошого карабастан Абу Жахл аскеринин көңүлүн тынчытуу үчүн: «Силер
Утбанын, Шайбанын, Валиддин өлгөнүнө карабагыла, алар чабышууда шашылыштык
кылып, бекер өлүп кетишти. Ант кыламын, мусулмандарды кармап, колдорун жип
менен байламайынча артка кайтпайбыз», - деп алаксытууга аракет кылды.
Эр жүрөк
сахабалар болсо тезирээк ушул мушрик тобун талкалоого шашылды. Пайгамбарыбыз
оозунан таштабаган мына бул дубасын кайталады: "Аллахым! Мага берген убадаңды орунда! Аллахым! Ушул аз Ислам жамаатын
жок кыла турган болсоң мындан кийин сага жер бетинде ибадат кыла турчу эч ким
калбайт.”
Ушул кезде
мушриктердин сабынан Курайштын эң кыйын мергендеринин бири Хазрети Абу Бакрдын
али мусулман болбогон уулу Абдуррахман ортого чыкты. Мужахиддердин саптарынан
дагы бирөөңүн кылычын сууруп, алдыга чыкканы байкалды. Бул киши биринчи болуп
мусулман болуу жана Сыддык деген атка ээ болгон, пайгамбарлардан кийин
адамдардын эң жогорусу, баатыр Хазрети Абу Бакр эле. Өз уулуна каршы чабышуу
үчүн алдыга чыккан эле. Бирок, Пайгамбарыбыз ага: "Йа, Абу Бакр! Билбейсиңби, сен менин көрөр көзүм, угар кулагымсын...” –
урушуусна тыюу салды. Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) уулуна: "Эй, заалым!
Мага деген жакындыгың кайда калды?” - деди.
Кийин
Пайгамбарыбыз жерден бир ууч кум алды. Кумду душманга карай чачып: «Жүздөрү кара болдсун. Аллахым! Жүрөктөрүнө
коркунуч уялат, буттарын калтырат!” – деп, сахабаларына кайрылып: "Чабуулду баштагыла! Чабуул койгула!” -деген буйругун берди. Ушул белгини күтүп турган сахабалар мурда айтылган
амал боюнча аракет кыла башташты. "Аллаху
акбар! Аллаху акбар!” - деп такбирлердин астында октор учуп, таштар
душманга тийип, найзалар соотторго тийе баштады... Аллаху тааланын арстандары
Хазрети Хамза эки колунда кармаган эки кылычы менен чабышып жатты. Хазрети Али,
Хазрети Омар, Зубайр бин Аввам, Саад
бин Абу Ваккас, Абу Дужана, Абдуллах бин Жахш (радыйаллаху анхум) мушриктердин
сабынын бир учунан кирип, наркы башынан чыгып, мушриктердин абдан шаштыларын
кетиришти. Ар бири эч ким өтө алгыс чеп сыяктуу эле. "Аллаху акбар! Аллаху
акбар!” деген үндөр ааламды жаңыртып, Аллаху тааланын улуулугу капырлардын
мээлерине куйдурулду. Пайгамбарыбыз "Йа
Хаййу! Йа Каййум!” – деп Аллаху таалага жалбарды. Хазрети Али ушул согуш
тууралуу: "Бадрда баарыбыздын эң эр жүрөгү, эң каарманы Пайгамбарыбыз болду.
Мушрик саптарына эң жакын барган да ал эле. Кыйналган учурда Пайгамбарыбызга
баш калкалачубуз», - деген.
Мушриктер
башчылары болгон Абу Жахлды ортолоруна алышты. Ичтеринен бирөөнү Абу Жахл
сыяктуу кийинтишип, ошого окшотушту. Ал адамдын аты Абдуллах бин Мунзир болчу.
Хазрети Али Абдуллахка каршы умтулду. Абу Жахлдин көз алдында Абдуллахтын башын
кести. Кийин мушриктер Абу Кайсты кийинтишти. Аны Хазрети Хамза өлтүрдү.
Хазрети Али
бир капыр менен салгылашып жаткан эле. Мушрик кылычын Хазрети Алиге шилтегенде,
кылыч калканга кадалып калган эле. Хазрети Али (радыйаллаху анх) Зулфикарын
(кылычын) мушриктин соот кийген денесине шилтеп, ийининен көкүрөгүн карай сооту
менен бирге кескен кезде башынын үстүнөн бир кылычтын жылтыраганын көрдү. Дароо
башын ийди. Кылычты жаркыраткан киши: «Ал! Бул Хамза бин Абдулмутталибден дегенде
мушриктин башы сооту менен бирге жерге түштү. Хазрети Али бурулуп караганда
агасы Хазрети Хамзаны эки кылыч менен чабышып жатканын көрдү. Пайгамбарыбыз
сахабаларынын ушундай эрдик менен урушуп жатканын көргөн сайын: «Алар Аллаху
тааланын жер жүзүндөгү арстандары», - деп аларды мактап жатты.
Бир маалда
Пайгамбарыбыздын жанында туруп салгылашып жаткан Хазрети Укашанын кылычы сынып
калды. Муну көргөн сүйүктүү Пайгамбарыбыз жерде жаткан союлду алып, ага узатып
жана: "Эй, Укаша! Ушуну менен чабыш!” –
деди. Укаша союлду колуна алар замат союл Пайгамбарыбыздын бир мужизасы катары
узун жалтылдаган, сыртынын ортосу күчтүү жана курч кылычка айланды. Согуштун
аягына чейин ушул кылыч менен бир топ мушрикти өлтүрдү.
Пайгамбарыбыз
бир жагынан согушуп жүрүп, экинчи жагынан сахабаларына күч-кубат берген
сөздөрдү айтып жүрдү: "Бар болуумдун
кудурети өз колунда болгон Аллаху таалага ант берип айтамын, бүгүн Аллаху
тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып, сабырдуулук, туруктуулук көрсөтө
чабышкандарды, артка качпай алга умутулуп жатып өлтүрүлгөндөрдү Аллаху таала
сөзсүз Бейишке киргизет.” Бул касиеттүү сөздөрдү уккан Умайр бин Хумам
(радыйаллаху анх): "Кандай сонун! Кандай жакшы! Демек, Бейишке кире алуум үчүн
шейит болуумдан башка бир нерсенин кереги жок турбайбы!” – деп, мурункусунан да
катуураак чабыша баштады. Бир тараптан душман менен чабышып, бир тараптан
"Аллаху таалага дасторкондогу азык менен эмес бир гана Хак тааладан коркуу,
акырет амалы, жихадга сабырдуулук жана туруктуулук көрсөтүү аркылуу барууга
болот. Мунун сыртындагы башка азыктар болсо шексиз бүтөт, түгөнөт!” – деген
эле. Ушинтип шейит болгонго чейин душман менен салгылашты.
Согуш дагы да
кызыды. Бир сахабага кем дегенде үч мушриктен туура келген эле. Бардыгына кылыч
согууга тырышкан сахабаларды эч нерсе кайтара албады. "Аллаху акбар! Аллаху
акбар!” деген сайын күчүнү күч кошулуп, кызуу салгылашууга киришти. Бир кезде
мушриктердин чабуулу катуулады. Сахабалар кыйын абалга тап болушту.
Ошол кезде
Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакр экөө чатырга киришти. Пайгамбарыбыз Аллаху таалага
дагы дуба кыла баштады. "Йа, Раббим!
Мага берген убадаңды орунда” - деп жалынды. Ушул маалда вахий келди.
Мааниси: "Ошол кезде Раббиңерден жардам
менен жеңиш кааладыңар, Ал силерге "Чынында Мен биринен соң бири миң периште
менен жардам жиберемин” деп дубаңарды кабылдады. («Анфал» сүрөсү, 9).
Пайгамбарыбыз дароо ордунан туруп: "Сүйүнчү,
йа, Абу Бакр! Сага Аллаху тааланын жардамы келди. Мына, мынабул Жабраил. Кум
дөбөлөрдүн үстүндө аты менен куралданып, буйрук күтүп турат”, - деди.
Анфал
сүрөсүндө билдирилгендей Аллаху таала периштелерге мындай деди: «Раббиң периштелерге мусулмандарга жардам
туурасында силер менен биргемин деп вахий берди. Баргыла, момундардын
жүрөктөрүнө сабырдуулук сезимдерин салгыла. Мен капырлардын жүрөктөрүнө коркунуч менен үрөй саламын. Баштарын,
манжаларын чапкыла. Анткени, алар Аллаху таалага жана Расулуна каршы чыгышты.
Ким Аллаху таала менен Расулуна каршы чыкса Аллаху тааланын азабына учурайт,
Анын азабы өтө катуу». («Анфал»
сүрөсү, 12, 13) \
Ушул буйруктан
кийин Жабраил, Микаил жана Исрафил алейхимуссалам жандарына миң периштеден
ээрчитип, Пайгамбарыбыздын жанына барып, оң жагы менен сол жагына тизилишти.
Жабраил
алейхиссалам башына сары селде орогон эле. Башка периштелердин селделери ак
болчу. Селделеринин учтары аркаларына бош ташталган, өздөрү ак аттарга минишкен
эле. Пайгамбарыбыз сахабаларына: «Периштелердин
белгилери бар, силер дагы өзүңөргө белги таккыла», -
деди. Зубайр бин Аввам (радыйаллаху анх) башына сары, Абу Дужана (радыйаллаху
анх) кызыл материалды селде кылып ороду. Хазрети Али ак айдар, Хазрети Хамза
көкүрөгүнө төө куштун канатын тагып алды.
Периштелердин
согушка кирүүлөрү менен абал бир заматта өзгөрдү. Сахабалар алдыларындагы
капырларга кылычтарын жумшабастан эле алардын баштары жерге учуп түшө баштады.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын оң жагында, сол жагында, алдында, артында тааныш эмес
адамдар мушриктер менен согушуп жатышты.
Хазрети Сахл
айтты: "Бадр согушунда бардыгыбыз мушриктин башына кылычыбызды шилтегенде кылыч
максатына тийе элек жатып алардын башынын денесинен бөлүнүп жерге түшүп
жаткандыгын көрдүк!”