Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Абу Жахлдин өлтүрүлүүсү




Абу Жахлдин өлтүрүлүүсү


Мушриктердин туу көтөрүүчүсү Абу Азиз бин Умайр туткунга түшүрүлдү. Колбашчылары Абу Жахл болсо курайштыктарга дем берүү үчүн тынбай ыр айтып, жоокерлердин маанайын көтөрүү үчүн жан үрүп жатты. Жаш жигит сыяктуу чабышып: "Энем мени ушул күндөр үчүн төрөгөн!” – деп мактанып, жаштарга дем берип турду. Мушриктерден Убайда бин Саид баштан аяк соот кийген болчу. Бир гана көздөрү көрүнүп турган. Атына минип, бирде бул жакка, бирде тиги жакка карап: "Мен Абу Затулкаришмин! Мен Абу Затулкаришмин!”, б.а. "мен чоң курсактуумун” деп кыйкырып жүрдү. Эр жүрөк мужахид Хазрети Зубайр бин Аввам ага жакындап, найзасын дал көзүнө каратып: "Аллаху акбар!” - деп бир шилтеди. Октой шуулдаган найза кадалып, аны атынан кулатты. Хазрети Зубайр (радыйаллаху анх) жүгүрүп анын жанына барган кезде Убайда өлгөн эле. Буту менен анын жаагын басып найзасын бар күчү менен тартып араң сууруп алды, найза ийилип кеткен экен.

Хазрети Зубайр Бадр согушунда көрсөткөн эрдиги өтө зор болду. Денесинде жаракат албаган соо жер калбаган эле. Бул тууралуу уулу Урва айткан: "Атам үч жеринен катуу жаракат алды. Алардын бири мойнунда болчу. Жарадан ушунчалык терең из калгандыктан ичине манжамды да салууга боло тургандай эле.”

Абдуррахман бин Авф (радыйаллаху анх) курайштыктар менен салгылашып, алган жаракаттарына да карабастан алдына келген жоонун баарын жыгып сала берди. Хазрети Абдуррахман өзү күбө болгон бир абалды мындайча жеткирген: "Бир маалда алдымда эч ким калбады. Оң жагыма, сол жагыма каоаганымда ансардын эки жигити көзүмө илинди. Алардын эң күчтүүсү жана мергени менен бирге болууну кааладым. Алардын бири мага карап: «Эй, баяке! Абу Жахлди тааныйсыңбы?» - деп сурады. Мен: «Ооба, тааныйм, аны эмне кыласың?» - дедим. «Менин угуум боюнча ал Расулуллахка тил тийгизгендей көрүнөт. Аллахтын аты менен ант кыламын, эгер аны көрө турган болсом аны өртүргөнчө же өзүм өлгөнчө андан ажырабайм», - деди. Бул жаш жигиттин бекем туруп айткан ушундай даана, бекем сөзүнө таң калдым.

Ал экөөнүн экинчиси да мени көзү менен сүзүп өтүп, биринчисинин айтканын кайталады. Ушул кезде Абу Жахлди көрдүм. Ал Курайш аскеринин ичинде токтоосуз ары-бери жүргөн эле. Мен: «Эй, жаштар! Мына бул ары-бери басып жүргөн киши Абу Жахл дегенимде дароо кылычтарын алып Абу жахлдин жанына барышып, чабыша башташты. Бул жаштар Афра ханымдын уулдары Муаз менен Муавваз болчу».

Ушул арада сахабалардан баатыр Муаз бин Амр (радыйаллаху анх) Абу Жахлдин жанына барууга мүмкүндүк таап, узун куйруктуу аттын үстүндөгү Абу Жахлге чабуул жасап, бутуна болгон күчү менен кылычын шилтеди. Абу Жахлдин буту кесилип жерге түштү. Ошол кезде агасына жардамга келген, али мусулман болбогон Икрима хазрети Муаз бин Амр менен чабыша баштады.

Ошол кезде Муаз менен Муавваз кыраан куштай алдыга атырылышты. Алдынан чыккан адамды оодара салып, Абу Жахлге жетишти. Кылычтары менен өлдү-өлдү дегенге чейин кечкилешти.

Хазрети Муаз бин Амр болсо Икрима менен чабышып жатканда колунан жаракат алган эле. Колу билегинен кесилип, колу терисине илинип турган эле. Чабышка берилип кеткен Муаз бин Амр колуна карай турган, аны дарылап байлай турган убактысы жок эле. Кесилген колу терисине илинип турса дагы кайтпай чабышты. "Аллаху акбар!” Бул эмне деген бакубат ыйман! Бул эмне деген көрүнүш! Хазирет Муаз ушинтип бираз чабышкандан кийин күчүнүн азайганын сезди. Ага себеп кесилген колу эле. Аны буту менен басып жулуп салды.

Ашынган Ислам душманы Навфал бин Хувайлид курайштын эң атактуу баатырларынан бири эле. Тынбай бакырып, мушрик аскерлерин ураан таштап, дем берип турду. Пайгамбарыбыз аны көрүп: "Аллахым! Навфал бин Хувайлидке каршы мага жардамчы бол! Анын жазасын бере көр!” – деп дуба кылган болчу. Аллаху тааланын арстаны Хазрети Али мушрик Навфалды көрүп, ага чабуул жасады. Кылычын ошончолук катуу күч менен ага карай шилтегендиктен буттары соот ичинде болсо да экөө бирге кесилип түштү. Анын кылычын моюнуна чаап, башын кесип салды.

Билал Хабашинин (радыйаллаху анх) ысык кумга жаткырып көкүрөгүнө чоң таштарды койгон Умаййа бин Халаф мушриктердин эң жаманы болчу. Расулуллахка душмандык кылуу үчүн бар мүмкүнчүлүктү куру кетирбеген бул жоо да Бадрда мушриктерди жыйнап, Исламдын нурун өчүрүүгө тырышкан эле. Анын мындай абалын көргөн Хазрети Билал кылычын алып алдына каршы туруп: "Эй, куфурдун башы болгон Умаййа бин Халаф! Сен кутулсаң мен кутулбайм!” – деп кол салды. Бир жагынан: "Эй, ансар туугандар, келгиле, ыймансыздыктын башы мына бул жерде” дээр замат сахабалар Умаййаны курчап алышып дароо өлтүрүштү.

Мушриктердин аскеринде башкара турчу эч ким калбаган эле. Бардыгы эмне кылаарын билбей качууга аракет кылышты. Куфурдун чеби кыйраган эле. Сахабалар алардын артынан кубалашты. Мушриктердин бир бөлүгү кармалып, туткунга түшүрүлдү. Пайгамбарыбыздын агасы (атасынын бир тууганы) Аббас да туткундардын арасында эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш