Пайгамбарыбыз
сахабаларынан: "Навфал бин Хувайлид
тууралуу билген бирөө барбы?” – деп сурады. Хазрети Али алдыга чыгып: "Йа,
Расулаллах! Аны мен өлтүрдүм”, – деди. Бул кабарга абдан кубанган
Пайгамбарыбыз: "Аллаху таала ал тууралуу
кылган дубамды кабыл кылды”, – деди.
Умаййа бин
Халафтын өлтүрүлгөнүн айтышканда дагы абдан кубанып: "Алхамдулиллах! Аллаху таалага шүгүрлөр болсун. Раббим кулун колдоду,
дининин мартабасын көтөрдү”, – деп айтты.
Пайгамбарыбыз
Абу Жахл тууралуу: "Абу Жахл эмне болду
экен? Ким барып көрөт?” – деп, өлгөн адамдардын ичинен аны издөөгө буйрук
кылды. Аны издеп таба алышпады. Пайгамбарыбыз: "Издегиле, ал тууралуу айтчу сөзүм бар. Эгер аны тааный албасаңар
тизесиндеги жаранын изине карагыла. Бир күнү ал экөөбүз Абдуллах бин Жуд’андын
үйүндө конокто болчубуз. Экөөбүз тең жаш болчубуз. Мен андан бираз улуу
болчумун. Кысылып калганда аны түрттүм. Ал тизелеп кулап түштү. Бир тизеси
жараланды жана ошол жаранын изи кетпей калды”, – деп айтты. Ошондон кийин
Абдуллах ибни Масуд Абу Жахлди издеп кетти. Аны жарадар абалда таап, тааныды.
"Абу Жахл сенсиңби?” – деп, мойнунан басты. Сакалынан кармап тартты да: "Эй,
Аллаху тааланын душманы! Аллаху таала сени акыры кор кылдыбы?” – деди. Абу
Жахл: "Мени эмнеге кор кылсын, эй, чабан! Аллах сени кор кылсын. Сен мага бүгүн
жеңиш ким тарапта экенин айт”, – деди. Ибни Масуд (радыйаллаху анх): "Жеңиш Аллах
менен Расулунун тарабында”, – деди. Абу Жахлдин туулгасын чечип: "Эй, Абу Жахл!
Мен сени өлтүрөмүн”, – деди. Абу Жахл: "Сен коомуңдун улуусун өлтүргөндөрдүн алгачкысы
эмессиң. Бирок, чынын айтсам, сенин мени өлтүрүшүң мага абдан оор келет. Жок
дегенде моюнуму көкүрөгүмө жакын кес да башым айбатуу болуп көрүнсүн!” – деп,
куфурун, текебердигин канчалык чектен чыккандыгын көрсөттү.
Ибни Масуд
(радыйаллаху анх) Абу Жахлдин башын өзүнүн кылычы менен кесе албагандыктан Абу
Жахлдин кылычы менен кесип, курал-жарактарын, соотун, туулгасын жана башын алып
келип, Пайгамбарыбыздын алдына койду. "Сиз үчүн жаным курман, йа, Расулаллах!
Бул Аллаху тааланын душманы Абу Жахлдин башы”, – деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Аллахтан башка илах жок”, – деди. Анан
ордунан туруп, сахабалары менен бирге Абу Жахлдин денесине барып: "Аллаху таалага шүгүр, сени маскара кылды.
Эй, Аллахтын душманы! Сен бул үммөттүн фараону элең”, – деди. Анан: "Йа, Раббим! Мага берген убадаңды
орундадың”, – деп, Аллаху таалага шүгүр кылды.
Расулуллах
жаралуу сахабалардын (алейхимуррыдван) жараларын таңдырды. Шейит болгондорду
тактады. Мухажирлерден алты, ансардан сегиз болуп, жалпы он төрт шейит болгон
эле. Баарынын ыйык рухтары Бейишке учса, Ислам нурун өчүрүүгө аракет кылган
мушриктерден жетмиш киши өлтүрүлүп, жетимиши туткунга алынды.
Пайгамбарыбыз
жеңиш тууралуу сүйүнчү суроо үчүн Абдуллах бин Раваха менен Зейд бин Харисаны
(радыйаллаху анхума) Мединага жиберди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам шейиттердин жаназа намазын окутуп, аларды
жерге берди. Мушриктердин жыйырма төрт өлүгүн бүтөлгөн кудукка, калгандарын
болсо чуңкурга таштап беттерин жапты. Ааламдардын мырзасы сахабалары менен
кудуктун башына келип: "Эй, кудукка
ыргытылгандар!” – деп айткандан кийин өлтүрүлгөн мушриктердин аттарын
аталарынын аттары менен кошо атап: "Эй,
Утба бин Рабиа! Эй,
Умаййа бин Халаф! Эй, Абу Жахл бин Хишам! Силер Пайгамбарыңарга каршы кандай
жаман коом элеңер. Силер мени жалганчыга чыгардыңар, башкалар болсо тастыктап,
колдоду. Силер мени өз калааман, өз жеримен чыгардыңар. Башкалар болсо мага
эшиктерин ачып, бооруна кысышты.
Силер мени менен согуштуңар, башкалар болсо мага жардам беришти. Эми Раббимдин
убадасына жеттиңерби? Мен Раббим убада кылган жеңишке жеттим”, – деди.
Хазрети Омар:
"Йа, Расулаллах! Өлүктөргө айтып жатасызбы?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз ага: "Мени хак пайгамбар кылып жиберген Раббим үчүн айтып жатамын, силер
мени алардан жакшы укпайсыңар. Бирок, алар жооп бере алышпайт”, – деди.
Мушриктер
согуш майданынан качып, өздөрү менен алып келген заттардын баарын таштап
кетишти. Булардын баарын мусулмандар олжо кылып алышты. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам олжолорду Бадр согушуна катышкан бардык сахабаларга таратты.
Ошол тапта
жеңишти сүйүнчүлөө үчүн жиберилген Абдуллах бин Раваха менен Зейд бин Хариса
Мединага жакындап калышкан болчу. Күндөрдөн Жекшенби таңы болчу. Акик деген
жерге жетип келишкенде айрылышты. Абдуллах бин Раваха бир жактан, Зейд бин
Хариса башка жактан Мединага кирип барышты. Үймө-үй кыдырып, жеңишти
кабарлашты. Пайгамбарыбыздын акыны болгон Абдуллах бин Раваха (радыйаллаху
анх): «Сүйүнчү! Сүйүнчү!
Эй Ансарлар жамааты Аман-эсен Аллахтын Пайгамбары. Мушриктер өлтүрүлүп
туткундалды. Кармалды алдыңкы башчылары, Рабиа менен Хажаждын да балдары
Өлтүрүлдү, чуңкурда баары калды. Абу Жахл, Амр бин Хишамдар да Өлтүрүлүп
жазасын ылайык алды. Сүйүнчү! Эй Ансарлар жамааты, Жеңип чыкты Аллахтын Пайгамбары», - деп болгон үнү
менен сүйүнчү кабарын таркатты. Хазрети Асым бин Адий: "Эй, Ибни Раваха! Айткан сөздөрүн чынбы?” –
деп сурады. Абдуллах бин Раваха: "Ооба, чын. Иншаллах этең Пайгамбарыбыз туткундарды
алып келет”, – деди.
Ал күнү
Пайгамбарыбыздын кызы Хазрети Рукаййа кайтыш болгон эле. Күйөөсү Хазрети Осман
жаназа намазын окуган эле. Ушундай кайгылуу сааттарда келген жеңиш кабары бираз
көңүлүн көтөрдү.
Пайгамбарыбыз
сахабалары менен Бадрда жеңишти насип кылган Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылып,
сажда кылгандан кийин Мединага карай туткундарды алып, жолго чыкты.
Сүйүнчү айтып
барган Абдуллах бин Раваха менен Зейд бин Хариса (радыйаллаху анхум) Бадр
согушунда болгон окуялар менен кимдердин шейит болгону тууралуу айтып беришкен
эле. Мединада калган балдар, аялдар, кызматкерлер жеңиштен улам өтө кубанышты.
Алар Пайгамбарыбызды тосуп алууга чыгышты. Шейит болгондордун ичинде Хариса бин
Сурака (радыйаллаху анх) да бар эле. Хазрети Харисанын энеси Раби (радыйаллаху
анха) уулу суу ичип турганда бир душмандын колунан шейит болгондугун угуп:
«Пайгамбар келмейинче балам үчүн ыйлабаймын. Мединага келгенден кийин анын
өзүнөн сураймын. Эгер балам Бейиште болсо эч ыйлабаймын. Ал эми эгер Тозокто
болсо көзүмөн жаш ордуна кан төгөмүн», - деди.
Пайгамбарыбыз
сахабалары менен бирге Мединага келгенде Раби (радыйаллаху анха) жанына барып:
"Ата-энем сиз үчүн курман болсун, йа, Расулаллах! Балам Харисага деген энелик
мээримимди билесиз. Шейит болуп Бейишке кирдиби? Эгер андай болсо сабыр
кылайын. Жок, эгер андай болбосо көзүмөн кандуу жашымды төгөйүн», - деди.
Пайгамбарыбыз ага: "Эй, Үммү Хариса! Сенин уулуң бир эмес, бир канча Бейиште.
Анын орду Фирдауста”, - деди. Ошондо Раби: "Эми уулум үчүн ыйлабаймын”,
– деди. Пайгамбарыбыз бир идиш менен суу сурады. Колун сууга малып чыгарды да,
ушул сууну Хазрети Харисанын энеси менен карындашына ичирди. Кийин ушул суудан
баштары менен жүздөрүнө сүрдү. Ошол күндөн баштап Раби менен кызынын
(радыйаллаху анхума) жүздөрүнөн нур чачырап турду, өмүрлөрү узак болду.
Пайгамбарыбыз
Мединага алып келинген жетимиш туткунду сахабаларынын арасында бөлүштүрүп,
аларга жакшы мамиле кылууну буйрук кылды. Туткундар тууралуу Аллаху тааладан
али вахий келе элек болчу. Пайгамбарыбыз сахабалары менен кеңешип, туткундарды
төлөм төлөө шарты менен бошотууга чечим чыгарды. Ар бир туткундун турмушуна
ылайык төлөм өлчөмү белгиленди. Акчасы жокторунун ичинде сабаты барлары
Мединада окуу-жазууну билбеген он кишиге окууну жана жазууну үйрөтүүгө мажбур
кылынды. Туткундардын ичинде Пайгамбарыбыздын атасынын бир тууганы Аббас да бар
болчу. Пайгамбарыбыз ага: "Эй, Аббас! Өзүң, иниңдин баласы Укайл бин Аби
Таллиб, Навфал бин Харис үчүн төлөм төлөйсүңөр. Анткени, сен байсың”, – деди.
Хазрети Аббас: "Йа, Расулаллах! Мен мусулманмын. Курайштыктар мени кыйнап
Бадрга алып келишти”, – деди. Расулуллах: "Сенин мусулмандыгыңды Аллаху таала
билет. Чын айтып жаткан болсоң Аллаху таала албетте анын сыйлыгын берет. Бирок,
сен ушул көрүнүшүң менен бизге каршысың. Ошондуктан, кутулуу үчүн төлөмүн
төлөшүң керек”, - деди. Аббас (радыйаллаху анх): "Йа, Расулуллах! Сиз олжо
катары менден алган 800 дирхамдан башка байлыгым жок”, – дегенде,
Пайгамбарыбыз: "Эй, Аббас! Тиги алтындарды эмнеге айтпайсың?” – деди. Ал болсо:
"Кандай алтындардысыл алтындарды?” – дегенде Пайгамбарыбыз: "Сен Меккеден чыга
турган күн аялың Харис кызы Үммүл Фадлга берген алтындарың! Аларды берип жаткан
кезде жаныңарда эч ким жок болчу. Сен Үммү Фадлга: "Бул сапарда башыма эмне
келе тургандыгын билбеймин. Эгер бир балээге дуушар болуп, кайтып келбесем
мынчасы сага, мынчасы Фадлга, мынчасы Абдуллахка, мынчасы Убайдуллахка,
мынчасын Кусамга болсун” деген алтындарың”, – дегенде Хазрети Аббас таң калып:
"Ант берип айтамын, мен ал алтындарды аялыма берип жатканда жаныбызда эч ким
жок эле. Муну кайдан билдиңиз?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:
"Аллаху таала кабар берди”, – деди. Ошондо Аббас (радыйаллаху анх): "Сиздин Аллаху
тааланын Расулу экениңизге жана чын айтканыңызга күбөмүн!” – деп, калима-и
шахадатты айтты. Мусулман болгондон кийин Пайгамбарыбыз Хазрети Аббасты Меккеге
кызматка дайындады. Ошол жердеги мусулмандарды коргоону, Ислам душмандары
тууралуу кабар жеткирип турууну буйрук кылды.
Бадр согушунда
жеңилүүгө дуушар болгон Курайшка кабар жиберилип, төлөм төлөө аркылуу
туткундарды бошотуп алууга боло тургандыгы кабарланды. Бирок, хижраттан мурда
Пайгамбарыбызга өтө көп кастандык кылган Надр бин Харистин башы чабылды. Ошону
менен катар Расулуллах Каабада намаз окуп отурганда аркасына төөнүн
ичеги-кардын алып келип койгон арсыз Укба бин Абу Муайт дагы өлтүрүлдү. Анын
башы чабылганда Пайгамбарыбыз Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылды. Анын жанына
барып: "Валлахи, Аллаху тааланы, Расулун жана Курани каримди моюндабаган, өз
коомунан чыккан Пайгамбарына кастандык кылган сендей жаман адам көргөн жокмун”,
– деди.
Туткундар
ээлерине төлөмдөрү төлөнүп бошотулганга чейин сахабалардын жанында болушту.
Сахабалардын бардыгы туткундарга жакшы мамиле жасап, аларды ач калтырышкан жок.
Мусаб бин Умейрдин (радыйаллаху анх) тууганы Абу Азиз туткундардын арасында
эле. Ал мындай деген: «Мен да Мединалык бир мусулмандын үйүндө туткунда
болчумун. Алар мени жакшы карашты. Таң эрте жана кечинде жей турчу нандарын
мага берип, өздөрү болсо бир гана курма жегенге мажбур болушчу. Алардын биринин
колуна бир үзүм нан түшсө жүгүрүп мага алып келчү. Уялганыман нанды мага алып
келген адамга кайтарып берчүмүн. Бирок, ал баары бир нанын кайра мага берчү.»
Дагы бир
туткун Йазид мындай деген: "Мусулмандар Бадрдан Мединага келатканда бизди,
башкача айтканда, туткундарды жаныбарларга мингизишип, өздөрү болсо жөө
басышты.”
Мушриктердин
Бадрда жеңилүүгө учурап, согуш майданынан качуулары Меккеде чоң таңданууну
туудурду. Меккеликтер эч күтпөгөн, эч ойго келбеген жагдайга туш болушкан эле.
Кабарды алгач алып келген адамдын сөздөрүнө Абу Лахаб менен башка мушриктер
ишенишкен жок. Согуш майданындан качкан Абу Суфйан Меккеге келгенде аны дароо
жанына чакырышты. Абу Лахаб андан: "Эй бир тууганымын уулу! Кана айтып берчи,
эмне болду?” – деп сурады. Абу Суфйан бир жерге отуруп мындай деп түшүндүрдү:
"Мусулмандар менен кездешкенде колубуз, бутубуз байланып калгандай болду. Алар
каалагандай кыймылдашты. Көбүн өлтүрүп, көбүн туткунга түшүрүштү. Мен өзүбүздөн
эч кимди күнөөлөбөймүн. Анткени, ал кезде жер менен көктүн арасында акка
оронгон бирөөлөрдү кезиктирдик. аларга эч ким чыдай албас, эч ким каршы тура
албас эле.» Исламдын алгачкы убагында мусулман болгондугуна карабастан
мушриктердин жамандыгынан тартынгандыктан мусулман экендигин билдирбеген
Аббастын (радыйаллаху анх) кулу Абу Рафи ошол жерде эле. Аларды үнсүз угуп
турган Абу Рафи (радыйаллаху анх) кубанганынан «Валлахи, алар периштелер», -
дей салды. Абу Лахаб аны муштуму менен уруп, тургузуп кайра жерге чапты. Көп
урган соң Хазрети Аббастын аялы Үммү Фадл (радыйаллаху анха) буга чыдап тура
албады. Анткени, ал да мурда мусулман болгон эле. Үммү Фадл ошол жерден бир
тирек жыгачты алып: "Аны эч кимиси жок, алсыз деп ойлодуңбу?” - деп Абу Лахабды
урду. Абу Лахабдын башы жарылды. Башынан кан шорголоп, кор болгон тейден артка
кайтты. Жети күндөн кийин Аллаху таала ага кара кызыл деген оору жиберип, ошол
оорудан ажалын тапты. Балдары аны эки-үч күн жерге көмбөй күттүрүштү. Акыры ал
сасый баштады. Адамдардын баары Абу Лахабдын оорусунан кара тумоодон качкандай
качып, жийиркеништи. Ошондон кийин курайштыктардын бири Абу Лахабдын балдарына:
"Силер уялбайсыңарбы? Атаңар сасып кеткенче жерге бербей кармап отурасыңар. Эч
болбогондо бир жерге алып барып көмүп жок кылгыла», - деди. Балдары ага: «Биз
анын оорусунан коркобуз», - деп жооп беришти. Ошондо алиги киши аларга: «Силер
баргыла, мен да барып жардамдашамын», - деди. Кийин үчөө жыйналып, аны бир
жерге алып барышып, көрүнбөй калганча үстүн таш менен жабышты. Абу Лахаб
ушундайча түбөлүк азап менен оттун ичинде кала турчу мекенине, караңгылык менен
Тозок чуңкуру болгон кабырына кирди.
Бадрда
туткунга түшкөн курайштыктардын арасында Валид бин Валид дагы бар эле. Аны
Абдуллах бин Жахш (радыйаллаху анх) туткунга түшүргөн болчу. Валиддин бир
туугандары Хишам менен али мусулман болбогон Халид бин Валид аны куткарып алуу
үчүн Мединага келишти. Абдуллах бин Жахш (радыйаллаху анх) төлөмдү бермейинче
аны бошоткусу келбеди. Бир туугандарынан Халид макул болсо да атасы бир, энеси
башка болгон бир тууганы Хишам макул болбой койду. Пайгамбарыбыз аталарынын курал-жарактарын
берүүнү сунуштады. Буга Хишам көнгөнү менен Халид көнбөдү. Акыры аталарынын жүз
динар турган кылычы, сооту жана туулгасын бере турган болуп келишти. Валидди
туткундан бошотуп, Меккеге карай жолго чыгышат. Бирок, Валид Меккенин жолундагы
Мединага беш-алты чакырым алыстыктагы Зул-Хулайфада алардан бөлүнүп,
Пайгамбарыбызга барып, ыйман келтирип, сахабалардын катарына кошулду. Мусулман
болгондон бираз убакыттан кийин Меккеге туугандарынын жанына кетти. Ошондо
Халид бин Валид «Акыры мусулман болот экенсиң, анда эмнеге төлөмдү төлөбөй
туруп мусулман болбодуң? Атабыздан калган эстеликтен айрылдык. Эмне үчүн мындай
кылдың?» - деп сураганда: «Курайштыктардын мен тууралуу туткунга чыдай албай,
Мухаммедге моюн сунууга мажбур болду деп айтууларынан корктум», - деп жооп
берди. Бул сөзгө катуу ачууланган туугандары аны Манзум уулдарынан кээ бир
мусулмандар менен бирге Ияш бин Аби Рабиа жана Салама бин Хишамдын (радыйаллаху
анхум) жанына камап ташташты. Валид бин Валид (радыйаллаху анх) ыйман
келтиргени үчүн жылдар бою камалып жатты. ислам душманы болгон атасынын бир
тууганы Хишам менен мушрик туугандарынан көптөгөн азаптарды көрдү.
Пайгамбарыбыз мушриктердин зулумдугуна учураган Ияш бин Аби Рабиа, Абу Салама
бин Хишам жана Валид үчүн мындай дуба кылды: "Илахи! Валид бин Валидди, Салама
бин Хишамды, Ийаш бин Аби Рабианы, дагы башка алсыз момундарды куткара көр,
илахи, Мударды андан бетер кыйна. Бул жылдарды аларга Юсуфтун жылдарына окшот!”
Валид (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын дубасынын берекеси менен бир
мүмкүнчүлүк таап, байлануу жеринен качып чыкты да, Мединага барып,
Пайгамбарыбыздын жанында болду. Пайгамбарыбыз андан Ияш бин Аби Рабиа менен
Салама бин Хишамдын абалы тууралуу сураганда алардын буттарынын бири-бирине
байлануу экендигин, катуу азап көрүп жаткандыктарын айтты. Пайгамбарыбыз
алардын бул абалдарына катуу капаланып, аларды куткаруунун чараларын
издештирди. Кимдин куткара ала тургандыгын сураганда жылдар бою зулумдук
көргөнүнө карабастан Валид чечкиндүү түрдө: "Йа, Расулаллах! Аларды мен куткарып,
сизге алып келемин”, - деди. Кайрадан Меккеге барып, азап ичинде жаткан
мусулмандардын ордун аларга тамак алып барчу бир аялдын изине түшүү аркылуу
билип алды. Экөө тең чатыры жок тамдын ичинде камалуу жатышкан эле. Валид
(радыйаллаху анх) түндө баатырдык менен дубалдан ашып түшүп, досторунун жанына
барды. Ыйман келтирүүдөн башка айыптары болбогон ал экөөнү мушриктер бир ташка байлап, Арабстандын аптап болгон
ысыгында ар түрдүү азап көрсөтүп кыйнашкан эле. Валид аларды куткарып, төөсүнө
мингизди. Өзү жылаң аяк, жөө Мединага, Пайгамбарыбызга тезирээк жетүү үчүн
жолго чыкты. Аны чөлдүн аптап ысыгы эмес ааламдардын мырзасына жетсем деген кубаныч
эңсөө өрттөгөн эле. Мединага ач, жылаң аяк үч күн жүрүп отуруп барышты.
Манжалары жарылып, жара болуп кеткен эле. Валид бин Валид (радыйаллаху анх)
үстү-башы жаралуу, кан аккан абалда араң дегенде Пайгамбарыбызга жетти.
Бадр жеңиши
мусулмандарды чоң кубанычка бөлөдү. Мушриктер болсо катуу кайгыга батышты.
Хабашстан өкүмдары Нажаши да Расулуллах алейхиссаламдын жеңишке жеткенин угуп,
дароо мамлекетиндеги сахабалардын жанына барып: "Аллаху таалага шүгүр! Расулуна
Бадрда жеңиш ихсан кылыптар!” – деп сүйүнчүлүү кабарды айтты.