Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Али менен Хазрети Фатиманын үйлөнүүсү




Хазрети Али менен Хазрети Фатиманын үйлөнүүсү


Хижраттын экинчи жылы эле. Пайгамбарыбыздын кызы Хазрети Фатима он беш жашка толгон эле.

Бир күнү Хазрети Фатима бир кызмат үчүн Пайгамбарыбыздын жанына барды. Пайгамбарыбыз кызынын турмуш кура турчу жашка жеткенин байкады. Ошол күндөн кийин Фатиматуз Захраны (радыйаллаху анха) көп адам суратты. Пайгамбарыбыз аларга келишимин бербей: «Анын иши Хак тааланын буйругуна байланыштуу», - деди. Бир күнү Абу Бакр, Омар жана Саад бин Муаз (радыйаллаху анхум) мечитте отуруп, «хазрети Фатиманы хазрети Алиден башка бардык адам сурады. Эч кимге берилбеди», - деп сүйлөшүштү. Хазрети Сыддык: «Алиге насип болот деп ойлойм. Жүрүгүлө, ага барып маселени ортого коёлу. Эгер кедейлигин алдыга чыгара турган болсо жардамдашалы», - дешти. Саад (радыйаллаху анх): «Йа, Абу Бакр! Сен ар дайым жакшылыктардын башында жүрөсүң. Тур, биз сага жолдош бололу», - дешти. Үчөө мечиттен чыгып, хазрети Алинин үйүнө барышты. Хазрети Али (радыйаллаху анх) төөсүн алып, ансардан биринин хурмаларын сугарып жүргөн экен. Аларды көргөндө дароо тосуп алып, жагдайларын сурады. Хазрети Абу Бакр: "Йа, Али! Бардык кайырлуу иштердин башында сен жүрөсүң жана Расулуллахтын алдыда эч кимге насип болбогон бир мартабадасың. Хазрети Фатиманын колун баары суратты. Эч кимге макулдук берилген жок. Ал сага насип болот деп ойлойбуз. Эмнеге киришпейсиң?» - деп сурады.

Хазрети Али муну укканда көздөрү жашка толуп: "Йа, Абу Бакр! Мени андан бетер өрттөдүң. Аны менден артык каалаган киши жок. Бирок, колумдун кыскалыгы мага кедерги болуп жатат», - деди. Хазрети Абу Бакр (радыйаллаху анх): «Андай дебе. аллаху таала менен Расулунун жанында дүнүйө эч нерсе эмес. Буга кедейлик кедерги боло албайт. Бар, сура», - деди.

Хазрети Али айтат: "Пайгамбарыбыздын жанына кысылып, тартынып кирдим. Пайгамбарыбыз айбаттуу, байсалдуу калыбында отурган экен. Жанына барып отурдум. Сүйлөшүүгө батына албадым. Пайгамбарыбыз: "Эмне келдиң? Кандайдыр муктаждыгың барбы?” - деп сурады. Унчукпадым. "Фатманы суроого келдиң го дейм?” - дегенде: "Ооба”, - деди. (Пайгамбарыбыз хазрети Фатимага хазрети Алинин сураганын айтты. Ал дагы унчукпады). Пайгамбарыбыз: "Фатимага махр катары бере турчу эмнең бар?” - деп сурады. "Жанымда ага бере турчу эч нерсем жок, йа, Расулаллах”, - дедим. "Сага берген Хутами соот көйнөгүм кайда?” - деди. "Өзүмдө”, - дедим. Пайгамбарыбыз: "Ошону сатып, акчасын алып кел, махрга ошол жетет”, - деди. Башка бир риваятты Пайгамбарыбыз хазрети Алиден: "Жаныңда эмне бар?” - деп сураганда: "Атым менен соот көйнөгүм бар”, - деп жооп берген. Пайгамбарыбыз: "Атың өзүңө керек болот, бирок, соотуңду сат”, – деген. Башка бир риваят боюнча: "Йа, Али! Барып өзүңө үй жалда!” – деген.

Хазрети Али үйлөнгөнгө чейин Пайгамбарыбыз менен бирге турчу. Пайгамбарыбыздын буйругу менен Масжидун Набавиге жакын жердеги хазрети Айшанын бөлмөсүнө каршы жайгашкан Хариса бин Нумандын үйүн жалдады. Соотун хазрети Османга 480 дирхамга сатты. Хазрети Осман сатып алгандан кийин соотту белек катары хазрети Алиге кайр дын үйүндө жашоочу. Пайгамбарыбыздын буйругу менен Масжид-и Набавинын жанындагы Хазрети Аишанын бөлмөсүнүн бет маңдайында жайгашкан Хариса бин кайтарып берди. Хазрети Али соот  менен дирхамды алып,   Пайгамбарыбызга барганда Пайгамбарыбыз хазрети Осман үчүн кайырлуу дуба кылып: «Осман менин Бейиштеги жолдошум», - деди. Кийин Билал Хабашини (радыйаллаху анх) чакырып, акчанын биразын берип, «Мына бул акчаны алып базарга бар. Бираз гүл суусун, калган акчага болсо бал ал. Ошентип, мечиттин бир бурчунда таза идиште суу менен эзгиле. Бал шербетин жасагыла, нике кыйылгандан кийин ичели. Ансар менен мухажирлерден бардык сахабаларды мечитке чакыр, Фатима менен Алинин никесинин кыйыла тургандыгын калкка жарыяла», - деди.

Хазрети Билал Хабаши сыртка чыгып, хазрети Али менен хазрети Фатиманын никесинин кыйыла тургандыгын калкка жарыялады. Сахабалар Масжидун Набавиге жыйналышып, мечиттин ичи-сырты кишиге толду. Пайгамбарыбыз ордунан туруп, мына бул хутбаны окуду: "Бардык хамд жана шүгүр ааламдардын Раббине таандык. Ал чексиз нимат берүүчү, кудуреттүү, кубаттуу, азап берүүчү, анын өкүмү менен буйругу жер бети менен асманда үстөм. Жаратылышты кудурети менен жараткан, адилеттүү өкүмдөрү менен жаратылгандарды бири-биринен ажыраткан, адамдарды Ислам дини менен пайгамбары Мухаммед менен (алейхиссалам) кездештирген Ал...

Аллаху таала мага кызым Фатиманын никесин Али бин Абу Талиб менен кыйдырууну буюрду. Азыр силерди күбөкөр кыламын, 400 мискал күмүш махр менен Фатима менен Али бин Абу Талибдин никесин кыйдырдым. Раббим алардын урпактарын таза жана ырайымдуулуктун ачкычы, даанышмандыктын кени кылсын, Мухаммеддин үммөтүнө ишенимдүү кылсын. Айта турчум ушул. Раббимден өзүм жана силер үчүн кечирим тилеймин”.

Кийин хазрети Али туруп мына бул хутбаны окуду: «Жаныбыздагы Мухаммед алейхиссаламга салават менен салам арнаймын, кызы Фатиманы 400 мискал күмүш махр менен мага аялдыкка берди. Эй, дин боордошторум! Пайгамбарыбыздын айткандарын уккула жана күбө болгула. Мен да буга күбөмүн жана ыраазымын. Ошол абалда кабылдаймын. Аллаху таала бардыгыбыздын сөзүбүзгө күбө.»

Нике иши орундалгандан кийин Пайгамбарыбыз курма алдырып: "Курмадан алып жегиле!” – деди. Бардыгы курмадан алып жешти. Кийин Билал Хабаши (радыйаллаъху анх) бал шербетин таратты, аны да ичип, бардык сахабалар «Баракаллаху фи кума ва алейкума ва жама’а шамлакума» деп дуба кылды.

Хазрети Фатима никеден кийин ыйлады.  Пайгамбарыбыз анын жанына барып: "Эй, Фатима! Сен эмнеге ыйлайсың? Аллаху таалага ант берип айтамын, сени сурагандардын колуңду сурагандардын эң аалымына, эң кичи пейилдүү жана акылдуусуна жана эң биринчи мусулман болгонуна берип жатамын”, – деди. Хазрети Фатима: "Атакем! Турмушка чыккан бардык кыздын махры алтын жана күмүш менен белгиленет. Менин дагы махрым ушундай белгиленсе, сиз менен башкалардын арасында эмне айырмачылык болот. Кыямат күнү сиз күнөөкөр момундарга канчалык шапаат кылсаңыз, мен да алардын аялдарына шапаат кылгым келет. Менин махрым ушул болсун», - деди. Аллаху таала Хазрети Фатиманын бул тилегинин кабыл болгонун билдиргенден кийин Расулуллах: "Йа, Фатима! Пайгамбардын кызы экениңди көрсөттүң”, – деди.

Хазрети Али мындай деди: "Бул иштерден кийин арадан бир ай өткөн эле. Бул маселе тууралуу эч кандай сөз козголбоду. Мен да уялып эч нерсе айта албадым. Бирок, Пайгамбарыбыз мени обочодо көрүп калган кезде: "Сенин аялың кандай жакшы аял! Сага сүйүнчүлөр болсун, ал дүнүйөдөгү аялдардын эң кадырлуусу”, – деп айтчу. Бир айдан кийин Алинин бир (радыйаллаху анх) тууганы Хазрети Укайл: "Йа, Али! Бул никеге кубандык. Бирок, ушул эки бактылуу бири-бирине жакын болгону туура, аялыңды алып бирге тура турчу убакыт жетти деп ойлоймун”, – деди. Хазрети Али (радыйаллаху анх): "Менин дагы оюм ошол, бирок, айтууга уяламын”, – деди. Хазрети Укайл Алинин (радыйаллаху анх) колунан кармап, Пайгамбарыбыздын үйүнө барышты. Алардын алдынан Расулуллахтын кызматчысы Үммү Айман (радыйаллаху анха) чыкты. Ага абалды айтып жеткирди. Үммү Айман: "Бул маселе үчүн сиздин келүүңүз керек эмес. Биз Пайгамбарыбыздын аялдары менен кеңешип, сизге кабар жиберебиз. Анткени, бул маселеде аялдардын сөзү угулат”, – деди. Үммү Айман (радыйаллаху анха) жагдайды Расулуллахтын аялдарына айтты. Аялдар хазрети Аишанын бөлмөсүнө барышты. Хазрети Хадичаны эскеришип: "Эгер ал болгондо биз тынчсызданбайт элек”, – дешти. Пайгамбарыбыз ыйлап, мындай деди: "Хадичадай аял кайда? Эл мени жалганчыга чыгарганда ал мени колдоду жана бардык мал-мүлкүн менин жолума жумшады. Ислам динине көп көмөк көрсөттү. Ал тирүү кезде Хак таала мага: "Хадичага айт, Бейиште ал үчүн асыл таштан үй бар”, - деп буюрду.”

Пайгамбарыбыздын аялдары хазрети Алинин оюн билдиришти. Пайгамбарыбыз Үммү Айманга хазрети Алини чакырып келүүнү тапшырды. Али (радыйаллаху анх) келгенде аялдар чыгып кетишти. Хазрети Али башын төмөн ийип отурду. Расулуллах: "Аялыңды алып кетүүнү каалайсыңбы, йа, Али?” – деди.

Али (радыйаллаху анх): "Каалаймын, йа, Расулаллах! Ата-энем сизге курман болсун”, – деди. Пайгамбарыбыз Асма бинти Умейске: "Бар, Фатиманын үйүн даярда!” – деди. Асма Хазрети Фатиманын келин болуп бара турчу үйүнө барды. Бир төшөнчүнү жаңы териден, бир төшөнчүнү жамалуу териден, бир төшөнчүнү камыштан даярдап, ичтерине курма буласын салды. Пайгамбарыбыз куптан намазынан кийин Фатиманын (радыйаллаху анха) үйүнө барып, жасалгандарды көрүп чыкты.

Пайгамбарыбыз хазрети Алинин алып келген акчасынын үчтөн экисине азык-түлүк, кооздук жана атыр суу сыяктуу нерселерди, үчтөн бирине болсо кийим-кечек алууну буюрду. Үй буюмдарын толуктады. Хазрети Фатиманын себи менен үй оокаттары мына булар эле: Асма бинти Умайс даярдаган үй төшөнчүсү, чачылуу бир килем, ичине хурма буласы салынган жаздык, эки кол тегирмен, бир суу идиши, бир кумура, териден жасалган суу идиши, бир сүлгү, бир белдемче, ийленген бир кочкор териси, эскирип, түгү кеткен Йемен килеми, хурма жалбырагынан токулган керебет. Йемендик эки ала кийим, бир көрпө. Ошондон кийин Пайгамбарыбыз хазрети Алиге бираз акча берип, хурма менен май алуусун сурады. Хазрети Али мындан кийинки жагдайды минтип баяндаган: "Беш дирхамга хурма, төрт дирхамга май алдым. Расулуллахка алып келдим. Териден жасалган дасторкон сурады. Хурма, ун май жана айранды аралаштырып, бир даам жасады да: "Йа, Али! Кимди көрсөң баарын эрчитип кел!” – деди. Мен сыртка чыгып, көп адамды көрүп, бардыгын чакырдым да, ичке кирип, адам көп экенин Пайгамбарыбызга айттым.

Пайгамбарыбыз:"Аларды он-ондон киргиз, тамак жешсин!” - деди. Мен ушундай кылдым. Санап көрсөк эркек-аял болуп баары жети жүз адамга тамак берип, тойгузган эле.”

Хазрети Алинин жана Фатиманын (радыйаллаху анха) той тамагы желгенден кийин Үммү Аймандын айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз хазрети Алиге: "Йа, Али! Кызым Фатима келин болуп сенин үйүңө барды. Мен шам намазынан кийин келип, дуба кыламын. Мени күткүлө!” – деди. Хазрети Али үйүнө барып, бир бурчка отурду. Хазрети Фатима үйдүн башка бурчуна отурду. Ошол кезде Пайгамбарыбыз келип, эшикти какты. Үммү Айман эшикти ачты. Расулуллах: "Тууганым ушул жердеби?” – деп сурады. Үммү Айман: "Энем, атам сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Тууганыңыз ким?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Али бин Абу Талиб”, – деп жооп бергенде Үммү Айман: "Кызыңызды тууганыңызга күйөөгө бердиңизби?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Ооба”,– деди. Үммү Айман Пайгамбардын: "Тууганым ушул жердеби?” – деген сөзүнөн нике жаиз болбой калат деп ойлоду. Пайгамбарыбыз "Ооба” деп жооп берүү аркылуу бир энеден туулгандардын үйлөнүүгө болбой тургандыгын билдирди.

Ушундай кийи Пайгамбарыбыз Үммү Айманга: "Асма бинти Умейс дагы ушундабы?” – де сурады. "Ооба”, деген жоопту алгандан кийин: "Демек, Расулуллахтын кызына кызмат кылууга келген го”, – деди. Үммү Айман: "Ооба”, – дегенде: "Жакшылыкка жетишсин!” – деп дуба кылды.

Кийин бир идишке суу алдырды. Колун жууду. Суунун ичине бираз атыр жыт куюп, хазрети Фатиманы чакырды. Хазрети Фатима (радыйаллаху) уялып, жерден көзүн албай турду. Пайгамбарыбыз суудан алып, Фатиманын көкүрөгүнө, башына, аркасына септи да "Аллахумма инни аизуха бика ва зуррийатиха минаш-шайтанир ражим” деп дуба кылды. Кийин хазрети Алиге да ошондой кылып "Аллахумма барик фихима ва барик алейхима ва барик лахума фи наслихима” деп дуба кылды. Ихлас, Фалак, нас сүрөлөрүн окуп: "Аллаху тааланын ысымы жана берекеси менен жубайыңдын жанына бар”, – деди. Кийин эшиктин эки канатынан кармап, дуба кылып, кетип калды.

Хазрети Али айтат: "Тоюбуздан төрт күндөн кийин Пайгамбарыбыз үйүбүзгө келди. Көңүлдөрдү ээлеп алган, даанышмандыкка толгон сөздөрү менен насаат айтты да, кийин: "Йа, Али! Суу алып кел!” - деди. Барып суу алып келдим. Бир аяти кариманы окуду да: "Бул суудан бираз ич бир бөлүгү калсын!” – деди. Айтканын орундадым. Калган суунун башыма, денеме септи. Кайра: "Суу алып кел!” – деди. Калган сууну көкүрөгүмө, башыма септи. Кайрадан: "Суу алып кел!” – деди. Дагы суу алып келдим. Мага кылгандарын Фатимага да кайталады. Анан мени сыртка чыгарды.”

Ал сыртка чыккандан кийин кызынан хазрети Али тууралуу сурады. Фатима айтты: "Атакем, бардык кемел сыпаттар анын боюнан табылат. Бирок, кээ бир Курайш аялдары мага: "Сенин күйөөң кедей дешүүдө”, – дегенде Пайгамбарыбыз: "Эй, кызым! Сенин атаң менен күйөөң кедей эмес. Бүткүл жерде жана асмандагы бар казна жана байлыктар мага сунушталды. Кабыл кылбадым. Аллаху таалынын алдыда макул болгонду кабыл кылдым. Эй, кызым! Эгер мен билген нерселерди сен билгениңде, дүнүйө сендык казыналар мага сунулду. Мен кабылдабадым. Аллаху тааланын алдында кабыл боло турганын тандадым. Эй, кызым! Эгер менин билгенимди сен билгендей болгондо дүнүйө сага түккө турмак эмес. Аллаху тааланын акысы үчүн, сенин күйөөң алгачкы сахаба. Исламдын улуусу, эң билимдүүсү. Эй, кызым! Аллаху таала ахли байттан эки кишини тандады. Бири атаң, бири күйөөң. Ага эч качан каршы болбо, буйругуна каршы чыкпа”, - деди.

Пайгамбарыбыз кызына насаат аткандан кийин хазрети Алини чакырды. Ага да Фатиманы (радыйаллаху анха) тапшырды: "Йа, Али! Фатиманы урматта. Ал менин бир бөлүгүм. Аны кадырла. Эгер аны таарынтсаң, мени таарынткан болосуң”, – деди. Экөөнү тең Аллаху таалага тапшырып, кетүүгө козголгондо хазрети Фатима (радыйаллаху анха): "Йа, Расулаллах! Ичтеги жумушту мен аткарамын, сырттын жумушун Али аткарат. Мага бир күң берсеңиз мага жардам берер эле. Мени кубантаар элеңиз”, – деди. Пайгамбарыбыз: "Йа, Фатима! Сага кызматчыдан артык нерсе берейинби же кызматчы берейинби?” – деп сурады.

Фатима (радыйаллаху анха): "Кызматчыдан жакшысын бериңиз”, – деди. Пайгамбарыбыз: "Күнүгө жатаарда отуз үч жолу "Субаханаллах”, отуз үч жолу "Алхамдулиллах”, отуз үч жолу "Аллаху акбар”, бир жолу "Лаа илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах. Лахул мулку ва лахул хамду ва хува ала кулли шайин кадир” деп айт. Бардыгы жүз сөз. Кыяматта жүз жакшылык көрөсүң. Мизанда жакшылыгың оор басат”, – деди. Анан Пайгамбарыбыз үйүнө кетти.

Хазрети Али менен хазрети Фатиманын никеси хижраттан беш айдан кийин, тойлору болсо Бадр согушунан кийин болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш