Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Ка’б бин Ашрафтын өлтүрүлүшү




Ка’б бин Ашрафтын өлтүрүлүшү


Бадр жеңишинен кийин Мединадагы яхудилер менен бутка сыйынган мушриктердин ичинде коркунуч туулду. Кээ бир ынсабы бар яхудилер: «Китептерибизде сыпаттары жазылган адам дал ушул. Эми ага каршы туруу мүмкүн эмес. Анткени, ар качан жеңишке жетет», - деп мусулман болушту. Кээ бирөөлөрү: «Мухаммед согушуунун эмне экендигин билбеген курайштыктар менен согушту. Ошондуктан жеңишке жетти. Эгер биз менен согушканда жеңишке кандай жетүүнү көрсөтмөкпүз», - дешти.

Ка’б бин Ашраф деген бир яхуди болсо Бадрда Ислам аскеринин жеңишке жеткенин угуп, мусулмандарга карата өчүнөн улам Меккеге карай жол тартты. Ал жердеги мушриктерди жыйнап, Мединага чабуул жасоого чакырып, ырлар менен ураан чакырды. Пайгамбарыбызга каршы бирге согушуу үчүн аларды келишимге көндүрдү. Жада калса, Пайгамбарыбызды өлтүрүү үчүн кастандык кылууга да үлгүрдү. Аллаху таала бул жагдайды Пайгамбарыбызга кабар берип, мааниси «Алар Аллаху тааланын лаанат кылган (мээриминен алыстаткан) адамдары» деген аят түшүрдү. («Ниса» сүрөсү, 52).

Ушуга байланыштуу Пайгамбарыбыз сахабаларына: "Ка’б бин Ашрафты ким өлтүрөт? Анткени ал Аллаху таала менен Пайгамбарын жабыр кылды”, - деди. Мухаммед бин Маслама (радыйаллаху анх): "Эгер уруксат кылсаңыз мен үлтүрөйүн”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Макул, өлтүргүлө”, – деди. Мухаммед бин Маслама бир нече күн ушул ишке даярданып, план түздү. Жолдоштору Абу Наила, Аббас бин Бишр, Харис бин Авс, Абу Ас ибни Жабрды (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) жыйнап, бул маселени айтып акылдашты. Бардыгы туура деп таап, бирге өлтүрүүгө чечим чыгарышты. Бардыгы Пайгамбарыбызга барып: "Йа, Расулаллах! Биз аны менен сүйлөшүп турганда сизге байланыштуу Ка’бга жага турган сөздөрдү айтсак болобу?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз аларга каалаган нерселерин айтууга уруксат берди. Ошондон кийин Мухаммед бин Маслама достору менен бирге Ка’б бин Ашрафтын үйүнө барышты. "Тиги Мухаммед бизден садага сурады. Бизге көп салык жүктөдү. Ошондуктан, сенден карызга бир нерсе суроого келдик”, – деди. Ка’б кубанып, Мухаммед бин Масламанын оюу менин оюмдай экен деп: "Ал эми силерди андан да бетер чарчатат”, – деди. Мухаммед бин Маслама: "Эми айла канча, биз ага башында баш ийдик деп убада берип койгонбуз. Ошондуктан, мындан кийин да баш ийебиз, Акыры эмне боло тургандыгын көрө жатаарбыз. Сен бизе карызга бираз курма берсең”, – деди. Ка’б: "Макул, беремин, бирок, кепилдик катары мага бир нерсе таштап кетүүңөр керек”, - деп шартын айтканда хазрети Мухаммед бин Маслама жолдоштору менен: "Эмне каалайсың?” - деди. Ка’б: "Аялдарыңарды кепилдикке бергиле”, – деди. Мусулмандар ага макул болушкан жок. "Анда балдарыңарды бергиле”, - деди. "Аларды да бере албайбыз. Алардын бирине бир-эки төөлүк курмага кепил бодуң деп бирөө айтса бул биз үчүн унутулбай турчу так болот. Бирок, сага куралдарыбызды, соотторубузду бере алабыз”, - деген сунуш айтышты. Ка’б бул сунушту кабыл кылды да, аларга келе турчу убакыттарын айтты. Мухаммед бин Маслама бир түнү жанына Абу Наиланы ээрчитип, Ка’бдын үйүнө барды. Ка’б аларды коргондун жанына келип тургула деп чакырып, өзү алардын алдынан чыгуу үчүн төмөнгө түшмөкчү болду. Аялы: "Түн ортосунда кайда барасың?” – дегенде Ка’б: "Келгендер Мухаммед бин Маслама менен сүт бир тууганым Абу Наила”, – деди. Ал жакшы киши. Жада калса, түнү кылычташууга чакырсаң да эч тартынбай келчү киши”, - деди. Мухаммед бин Маслама (радыйаллаху анх) өзү менен бирге эки адамды, бир риваят боюнча үч адамды чоогу коргонго ээрчитип келди. Алар Абу Абм бин Жабр, Харис бин Авс, Аббад бин Бишр (радыйаллаху анхум) эле. Хазрети Мухаммед бин Маслама досторуна: "Ка’б келгенде анын башынан кармап чачын жыттайм. Силер менин Ка’бдын башын бекем кармап турганымды көрсөндө кылыч менен чапкыла” – деди. Ка’б бин Ашраф сулуу кийинип, жыпар жыт себинип, алардын жанына келди. Ибн Маслама (радыйаллаху анх): "Ушул күнгө чейин мындай жыпар жыт искеп көргөн эмесмин”, - деп Ка’бдын жанына барды.

Ка’б: "Арабдын эң жыпар жыттуу аялдары менин жанымда”, – деп мактанды. Мухаммед бин Маслама (радыйаллаху анх): "Башыңды жыттап көрсөм болобу?” – деп сурады. Ка’б эңкейгенде Маслама (радыйаллаху анх) аны жыттап, досторуна да жыттатты. Кийин "дагы бир жыттайын” деп анын башынан кармап, досторуна болсо чапкыла деген белги берди. Алгачкы кылыч соккусунда ал катуу кыйкырды, бирок, өлбөдү. Кийин аны хазрети Маслама өзү канжары менен өлтүрдү. Ка’бды өлтүргөн мужахиддер тез арада ал жерден кетип, Мединага жетип келишти. Пайгамбарыбызга сүйүнчүлүү кабарды айтышканда Пайгамбарыбыз Аллаху таалага шүгүр кылып, мужахиддерге дуба кылды.

Ка’б бин Ашрафтын өлтүрүлүшү яхудилерди катуу коркутту. Анткени, Ка’б сыяктуу лидердин өз коргону ичинде өлтүрүлгөндөн кийин калгандарды өлтүрүү душман үчүн бир заматтык иш эле. Таң эрте бардык яхудилер жыйналышып, Пайгамбарыбыз га барышып, түнү болгон окуя тууралуу айтып арызданышты. Пайгамбарыбыз: "Ал бизди ар дайым мазактап, бизге каршы ырларды айтчу. Эгер силердин араңардан кимде ким ушундай кыла турган болсо, билип койсун, анын жазасы - кылыч”, – деди. Ошондон кийин яхудилер коркуп, Пайгамбарыбыз менен кайра келишим түзүштү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш