Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Бани Кайнука яхудилери




Бани Кайнука яхудилери


Бир күнү Бани Кайнука яхудилери бир мусулман аялды мазактагыла келип тийишишти. Аны көргөн бир сахаба дароо кылычын сууруп алып, ал яхудини өлтүрдү. Башка яхудилер бир болушуп, кайра алиги сахабаны өлтүрүштү. Бул окуя Пайгамбарыбызга жеткирилди. Пайгамбарыбыз аларды Кайнука базарына жыйнап: "Эй, яхуди коому! Силер Аллаху тааланын Курайшка берген азабы сыяктуу азапка учуроодон корккула, мусулман болгула. Менин Аллаху таала тарабынан жиберилген Пайгамбар экенимди жакшы билесиңер. Ушуну да, Аллаху тааланын силерге деген антын китебиңерден окугансыңар”, – деди.

Ушундай ырайымдуулукка карабастан түзгөн келишимдерин бузган яхудилер ааламдардын султанына: "Эй, Мухаммед! Согушууну билбеген бир коомду жеңгениңе кубанба. Ант кылабыз, биз чыныгы жоокерлербиз. Сен биз менен согуша баштаган кезде эле биздин кандай эр жүрөк баатырлар экенибизди көрөсүң”, – дешти. Ушундайча, мурунку келишим шартын бузуп, Пайгамбарыбызды ачыкча чабышууга чакырып жаткандыктарын маалымдашты.

Ушуга байланыштуу Жабраил алейхиссалам вахий алып келди, мааниси: (Эй, хабибим, сүйүктүүм!) Эгер сени менен келишим түзгөн бир коомдун кыянат (келишим шартына кайчы келген аракет) кылуусунан тынчсыздансаң, согуш башталбастан мурда акыйкат менен адилеттик үчүн анттарын бузгандыктарын өздөрүнө билдир. Анткени, Аллаху таала кыянатчы саткындарды сүйбөйт.” ("Анфал” сүрөсү, 58)

Башка бир аят-и каримада мындай делинди: "(Эй, Расулум!) Ал капыр болгон яхудилерге айт: "Силер сөзсүз жеңилесиңер жана топтолуп баарыңар Тозокко барасыңар, ал эми Тозок кандай жаман орун.” «Ал-и Имран» сүрөсү, 12

Пайгамбарыбыз дароо аскер курап, Кайнука яхудилери конуш кылган чепти көздөй бет алды. Ак тууну хазрети Хамза алып жүрдү. Мединага өкүр катары Абу Лубаба (радыйаллаху анх) калтырылган эле. Касиеттүү аскер Кайнука чебин курчоого алды. "Биз ушундай мыкты баатырларбыз” деген яхудилер каршы чыкмак түгүл чептеринен бир ок атууга да батына алышкан жок. Пайгамбарыбыз кирген-чыккан адамдарды көзөмөлгө алды. Эч ким сыртка чыга албады. Ушул абал он беш күнгө созулду. Яхудилер коркуп, акыры моюн сунушту. Бардыгы тең өлтүрүлүүсү керек болсо да ааламдарга ырайымдуулук кылып жиберилген Пайгамбарыбыз аларга мээримдүүлүк көрсөтүп, Кайнука яхудилеринин үй-жайларын таштап, Дамаск жакка көчүп кетүүлөрүнө уруксат берди. Ушундайча аларды Медина аймагынан чыгарды.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мединада яхудилер менен, ары Абдуллах бин Убай сыяктуу мусулман болуп көрүнүп жүргөн мунафыктар менен жана мушриктер менен күрөшүүдө эле. Ошондой эле, Мединанын сыртындагы мушрик тайпаларды Исламга чакырып, аларды мусулман кылууга бардык күчүн жумшады. Савик, Гатафан, Карда, Бахран сыяктуу согуштар Бадр согушунан кийин болду.

Ал арада зекеттин парз болуусу, садага берүү, Айт намаздарын окуу, курмандык чалуу сыяктуу буйруктар келди. Пайгамбарыбыз кызы Үммү Гүлсүмдү (радыйаллаху анха) хазрети Османга турмушка берди. Зейнеп бинти Жахш менен хазрети Омардын кызы Хафсаны (радыйаллаху анха) өзү аялдыкка алды. Хазрети Алинин уулу хазрети Хасан дүнүйөгө келди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш