Меккелик
мушриктер Бадр согушундагы жеңилүүлөрүнөн сабак алуу менен бирге анын ызасын
унута алышкан жок. Курайштыктар согушта көптөгөн алдыңкы катардагы адамдарынан
айрылышкан эле. Ошондой эле Шам соода жолунун мусулмандардын көзөмөлүнө өтүүсү
алардын кыйынчылыктан чыгууларына себеп болгон эле.
Абу Суфйан
башкарган соода кербени Меккеге эки эсе пайда менен кайткан эле. Казынага орток
адамдардын көбү Бадр согушунда кайтыш болгондуктан кербендин пайдасы Дарун
Надва деген мушриктер чечим кабылдоо үчүн жыйналган имаратка сакталды.
Саффан бин
Умаййа, Икрима бин Аби Жахл, Абдуллах бин Рабиа сыяктуу Бадр согушунда
аталарынан, бир туугандарынан, күйөөлөрүнөн, уулдарынан айрылгандар
«Мусулмандар биздин улуу адамдарыбызды өлтүрүштү. Бизди талоонго калтырышты.
Эми болсо алардан кек алуу мезгили келди. Кербендин пайдасына аскерий курал
даярдайлы. Мединаны басып алып, кегибизди чыгаралы» деп Абу Суфйанга барып
сунуш айтты.
Абу Жахл,
Утба, Шейбе сыяктуу баш мушриктердин ордунда бул жолу али мусулман боло элек
Абу Суфян жетекчилик кылып турган. Шам соодасынан жүз миң алтын пайда түшкөн
эле. Анын жартысы негизги казына, калганы түшкөн табыш болчу. Казына өз
ээлерине кайтарылып, пайда экиге бөлүнүп, жартысына курал, жартысына аскер
жыйналды. Ошондой эле акындар менен ырчыларга акча берилди. Алар элди согушка
тартуу үчүн ырларды окуп, аларга ураандарды ташташты. Аялдар да аларга
кошулушуп, добулбас уруп, сурнай тартышты. Мусулмандарды Мединадан чыгаруу,
Пайгамбарыбызды өлтүрүү жана Исламды жойууну көздөгөн мушриктер тегеректеги
тайпаларды да аралап, алардан да аскер жыйнашты.
Ошентип
Меккеде 3000 кишилик чоң аскер кошуун куралып, алардын 700-ү соот кийимчен,
200-ү атчан, ошондой эле бул жүрүшкө 3000 төө да даярдалды. Сурнайчылар менен аялдар да катышкан бул аскерге
Абу Суфйан колбашчы болуп шайланды. Анын аялы Хинд да аялдарды башкарып,
мушриктерди согушка чакырууга күн жумшады. Анткени, ал Бадр согушунда атасынан
жана эки бир тууганынан айрылган эле. Ушунун кайгысынан арыла албай, аялдарды
согушка катыштыргысы келбегендерге "Бадр согушун эсиңерге түшүргүлө! Аял,
балдарыңарга жетүү үчүн Бадрдан качтыңар. Эми качкысы келгендердин алдынан биз
чыгабыз” деп алардын ооздоруна кум куйган эле. Ушундайча курайштыктарды
ынтааландырып, аларды согушка тартуу үчүн бар күчүн жумшады.
Мушриктерден
Жубайр ибн Мутимдин найза ыргытууга чебер Вахши деген кулу бар эле. Көздөгөнүн
качырбаган мерген эле. Хинд атасы Утбаны, Жубайр болсо атасынын бир тууганы
Туайманы өлтүргөндүктөн хазрети Хамзага катуу кектенген эле. Жубайр кулу Вахшиге:
"Эгер Хамзаны (радыйаллаху анх) өлтүрсөң сени азат кыламын”, - деди. хинд:
"Эгер аны өлтүрсөң сага көптөгөн алтын менен асыл таштарды беремин”, - деп
убада берди.
Бардык даярдык
жумуштары аяктагандан кийин Курайш аскери тууларын көтөрүп, бирин Талха бин Аби
Талхага, экинчисин Ахабиштен бирине, үчүнчүсүн Увайф уулу Суфйанга берди.
Хазрети Аббас
мушриктердин 3000 кишилик аскер курагандыгын, алардын 700-үнүн сооттуу,
200-үнүн аттуу аскер экендигин, 3000 төөлөрү жана сансыз курал-жарактарынын бар
экендигин жана жолго чыгууга даяр тургандыктары тууралуу бир кат жазып,
ишенимдүү адамы аркылуу Мединага жиберди.
Ушуга карата
Пайгамбарыбыз абалды аныктоо үчүн бир нече жолдошуна тапшырма берди. Бул
сахабалар Меккеге карай жолго чыгышты. Жолдо мушрик аскерлеринин келе
жаткандыктарын аны көзөмөлдөөгө киришти. Кыска убакытта иштерин бүтүрүп, тез
арада Мединага кайтты. Көргөндөрү менен алган каттарындагы маалыматтар
бири-бирине дал келген эле.
Пайгамбарыбыз
дароо даярдык ишине киришти. Күтүүсүз баскынга дуушар болбоо үчүн Мединанын
айланасына күзөтчүлөрүн коёт. Сахабалар кыска убакыттын ичинде топтолуп,
даярдык көрүшөт. Үйдө калган ата-энеси, үй-бүлөсү менен коштошуп, Пайгамбардын
алдында жыйналышат.
Ал күн Жума
күнү эле. Пайгамбарыбыз сахабаларына Жума намазын окутту. Хутбада Аллаху
тааланын динин таратуу үчүн жихадга чыгуунун, Аллахтын жолунда согушуунун
маанисине токтолду. Ушул жолдо өлгөндөрдүн шейит болуп, Бейишке бара
тургандыктарын айтты. Душмандын алдында чыдамдуулук көрсөткөндөргө,
кыйындыктарга чыдагандарга Аллаху тааланын жардамдаша тургандыгын баяндады.
Пайгамбарыбыз
сахабалары менен каерде согушуу керек экендиги тууралуу кеңешкиси келгендигин
жана ошол күнү түнү көргөн түшүн айтты. Ал: «Түшүмдө мыкты соот кийим кийип жүргөн экенмин. Кылычым Зулфикардын оозунан
бир жыртык ачылып, мууздалган бир уй, анын артынан бир кочкордун алып
келингенин көрдүм», - деди. Сахабалар: «Йа Расулаллах! Бул түштү кандай
жорудуңуз?» - деп сурашканда: «Мыкты
соот кийүү – Мединада калуунун белгиси. Ушул жерде калгыла. Кылычтын оозунан
бир тилик ачылуусу – бир зыян келе тургандыгынын белгиси. Мууздалган уй
сахабаларымдын кээ бирлеринин шейит боло тургандыгын билдирет. Анын артынан бир
кочкордун алып келинүүсү бул аскерий куралды көрсөтөт, иншаллах аларды Хак
таала өлтүрөт», - деди.
Башка бир риваятта: «Кылычымды жерге
урдум, оозу сынды. Бул Ухудда сахабаларымдын кээ бирлеринин шейит бол
тургандыгын билдирет. Кылычымды дагы урдум, кайра калыбына келди. Бул болсо
Аллаху тааладан жеңиш келе тургандыгын, момундардын бириге тургандыгын билдирет», - деп айтылган.
Пайгамбарыбыз
өзүнө вахий аркылуу маалымдалбаган маселелерде мубарек сахабалары менен
кеңешип, ошого жараша бир чечимге келе турган. Бул жолу да душманды кайсы
жерден күтүп алуу тууралуу сахабалары менен кеңеш курду. Кээ бири Мединада
калып коргонууну сунуштады. Бул сунуш Хазрети Пайгамбарыбызга да жакты. Хазрети
Абу Бакр, Хазрети Омар, Хазрети Саад бин Муаз (радыйаллаху анхум) сыяктуу
сахабалардын ойлору да Пайгамбарыбыздын ою менен бир чыкты.
Ал эми Бадр
согушуна катышпаган баатырлар менен жаш сахабалар Бадр согушуна катышкан
сахабалардын алган сообу менен Бадр шейиттеринин жеткен жогору даражаларын
Пайгамбарыбыздан уккан кезде ал согушка катышпагандыктарына катуу өкүнүшкөн
эле. Ошондуктан, душманды Мединанын сыртынан күтүп алып, бетме-бет согушууну
каалашты. Хазрети Хамза, Нуман бин Малик, Саад бин Убада (радыйаллаху анхум)
ошолордун арасында эле. Хазрети Хайсама уруксат алып: «Йа, Расулаллах!
Курайштык мушриктер ар түрдүү арап тайпаларынан аскер жыйнашты. Төөлөрүнө,
аттарына минишип, жерибизге киришет. Биздин үйлөрүбүздү, чептерибизди курчап,
кийин кайтып кетишет. Артыбыздан канча түркүн сөздөрдү айта турган болушат. Бул
абал аларга дем бере түшөт, жаңыдан чабуулдарды уюштура башташат. Азыр аларга
каршы чыкпасак башка арап тайпалары да бизге көздөрүн тиге башташат. Аллаху
таала бизге мушриктерге каршы согушта жеңиш берет деп үмүттөнөм.
Экинчиден
шейиттик маселеси. Мен Бадрда шейит боло албадым. Бирок, мен аны абдан
кааладым. Балам Бадр согушуна катыша тургандыгымды укканда экөөбүз жеребе
тарттык. Анын тагдырына шейит болуу жазылыптыр.
Йа,
Расулаллах! Шейиттикти катуу эңседим. Кече түшүмдө баламды жакшы калыбында
көрдүм. Бейиш бакчалары менен өзөндөрүн аралап жүргөн экен, мага: «Жаннаттык
сахабаларга кошул. Мен Аллаху тааланын убада кылган акыйкатына жеттим», - деди.
Йа,
Расулаллах! Таң эрте ойгонгондон бери баламдын Жаннаттагы жолдошу болсом экен
деген каалоо тынчтык бербеди. Жашым да бир топко келди. Раббиме жетүүдөн башка
муратым калбады.
Жаным сизге
курман болсун, йа Расулаллах! Шейит болуп Бейиштеги балама жетүүм үчүн Аллаху
таалага дуба кылыңызчы», - деп жалынды. Пайгамбарыбыз анын бул тилегин бош
калтыргысы келбей, анын шейит болуусу үчүн дуба кылды.
Көпчүлүктүн
ушундай пикирде экендиктерин көргөн Пайгамбарыбыз жоону Мединанын сыртында
күтүп алууга чечим кабылдады. Кийин: «Эй,
сахабаларым! Сабырдуулук кылсаңар бул жолу да Хак таала силерге көмөгүн
көрсөтөт. Биздин милдетибиз – чыдамдуулук көрсөтүү», - деди.
Асыр намазын
окуткандан кийин Пайгамбарыбыз үйүнө барды. Артынан Хазрети Абу Бакр менен Омар
(радыйаллаху анхума) уруксат сурап ичке киришти. Пайгамбарыбыздын селдесин
ороого, соотун кийүүсүнө көмөктөшүштү. Пайгамбарыбыз кылычын асынып, калканын
аркасына илип алды.
Ушул кезде
сыртта сахабалар жыйналышып, Пайгамбарыбызды күтүп турушкан эле. Мединада
калып, коргонуу согушун өткөрүүнү каалагандар башкаларга: «Расулуллах Мединадан
чыгууну ойлогон эмес эле. Силер айткандан кийин ушундай кылып жатат. Болбосо
Расулуллах буйрукту Аллаху тааладан алат. Силер бул ишти ага калтыргыла. Анын
буюрганын аткаргыла», - дешти. Калгандары кылган иштерине өкүнүп,
«Пайгамбарыбызга каршы келген болуп жүрбөйлү» дешип, бул ойлорунан баш
тартышты. Пайгамбарыбыз үйүнөн чыкканда ага барып: «Жаныбыз сиздин жолуңузда
курман болсун, йа Расулаллах! Сиз кандай кааласаңыз ошондой кылыңыз. Мединада
калгыңыз келсе биз да ушул жерде калалы. Биз сиздин буйругуңузга каршы
келбейбиз», - деп кечирим сурашты. Пайгамбарыбыз: «Пайгамбар бир кийген соотун согушпастан чечпейт. Хак таала аны менен
душманы арасына өкүм бергенге чейин чечпейт. Силерге айтаарым мына бу: буюрган
нерселеримди орундап, Аллаху тааланын ысымын айтып, сабырдуулук кылсаңар Аллаху
таала силерге көмөк берет», - деди.
Ушул кезде
Амир бин Жамух үйүндөгү төрт баласына: «Балдарым! Мени да ушул согушка алып
баргыла», - деди. Балдары:
«Сенин бутуңда
оору болгондуктан Аллаху таала сени үзүрлүү деп эсептеди. Пайгамбар сенин жоого
чыгууңа уруксат бербеди. Жихадга чыгууга милдеттүү эмессиң. Сенин ордуңа биз
барабыз», - дешип, аталарын көндүрө
башташты. Бирок, Хазрети Амр: «Эй сендей балдардыбы?! Бадр согушунда да ушундай
деп мени Бейиштен калтырган элеңер. Бул согушта да куру калтырмакчысыңарбы?» -
деди. Кийин Пайгамбарыбызга барып: «Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах!
Балдарым кээ бир шылтоолорду айтып, мени бул согушка жибергилери келбей турат.
Валлахи мен сиз менен бирге жортуулга чыгып, Бейишке баргым келет. Йа,
Расулаллах! Сиз менин Аллах жолунда согушканымды, шейит болуп мына бул аксак
буттарым менен Бейишти аралаганымды каалабайсызбы?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Ооба, каалаймын», - деди. Буга катуу
кубанган Амр бин Жамух даярданып, аскерлерге кошулду.
Мединага намаз
имамы катары Абдуллах бин Умму Мактум (радыйаллаху анх) калтырылды.
Пайгамбарыбыз үч туу байлады. Анын бирин Хаббаб бин Мунзирге, экинчисин Усейд
бин Худайрга, үчүнчүсүн Мусаб бин Умайрга (радыйаллаху анхум) берди. Миң
кишинин тегерегинде куралган аскерде эки атчан, жүздөй зоот кийимчен аскер бар
эле.
Соот
кийимдерин кийген Саад бин Убада менен Саад бин Муаз алдыда, оңдо мухажирлер,
солдо ансарлар болуп, жолго чыккан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)
Жума күнү асырдан кийин «Аллаху акбар» деген
ураандар менен майрамга бара жаткандай салтанат менен Ухудга карай бет алды.
Жолдо
яхудилерден куралган алты жүз адамдык кошуун менен кезикти. Булар мунафыктардын
башчысы Абдуллах бин Убай бин Салулдун шериктештери болуп, Ислам аскерине
кошулгусу келгендигин айтты. Пайгамбарыбыз: «Алар мусулман болушканбы?» - деп сурады. «Жок, йа Расулаллах», -
деп жооп берилди. Пайгамбарыбыз ошондо: «Аларга
барып айткыла, артка кайтышсын. Анткени, биз мушриктерге каршы согушта
капырлардын көмөгүн каалабайбыз», - деди.
Пайгамбарыбыз
аскери менен Медина менен Ухуд ортосундагы Шайхайн деген жерге барды. Түнөө
үчүн ошол жерге токтоду. Али күн бата элек эле. Аскердин арасында душман менен
согушуп, шейит болууну каалаган бала жаштагы сахабалар дагы бар эле.
Пайгамбарыбыз бул жерде аскерлерин бир жолу кайра карап чыгып, он жети баланын
бар экендигин көрдү. Алардын ичинде Рафи бин Хадиж буттарынын учу менен туруп,
бийик болуп көрүнүүгө тырышты. Хазрети Зубейрдин «Йа, Расулаллах! Рафи жакшы ок
атат» деген сөзүнө байланыштуу аны аскерге алды. Муну көргөн Самура бин Жүндүп:
«Мен күрөштө Рафини жеңе аламын. Ошондуктан, мен дагы согушка катышкым келет»,
- деди. Пайгамбарыбыз жылмайып күлдү да экөөнү күрөштүрдү. Хазрети Самура
Рафини (радыйаллаху анх) жеңгенден кийин аны да өздөрүнө кошуп алды. Башка
балдарды Мединага ошол жердегилерди коргоо үчүн жиберди.
Шам жана
куптан намаздарынын азанын Билал Хабаши (радыйаллаху анх) мукам үнү менен
окуду. Пайгамбарыбыз намазды окуткандан кийин Мухаммед бин Масламаны
(радыйаллаху анх) элүү кишилик кошуундун башына койду жана таң азанына чейин
күзөт коюлуусун буюрду. Сахабалар демалууга киришти. Ошол түнү Пайгамбарыбыздын
жанында күзөттө туруу урматы Хазрети Закванга насип болду.
Ушул кезде
душман аскери Ислам аскеринин Шайхайнда демалып жатканын угуп, Икрима башкарган
атчан кошуунду чалгынчы топ кылып дайындады. Али мусулман болбогон Икрима
кошууну менен Харра деген жерге чейин барганы менен мужахиддерден коркуп артка
чегинди.
Таң аткандан
кийин Пайгамбарыбыз сахабаларды ойготту. Ухуд тоосуна барды. Ушул жерден эки
аскер бири бирин көрө алышмак эле. Билал Хабаши (радыйаллаху анх) көңүл
элжиреткен үн менен таң азанын окуду. Мужахиддер куралдарын асынган абалда
Пайгамбарыбыздын артына туруп намаз окуп, дубаларын окушту. Пайгамбарыбыз
үстүнө экинчи сооту менен туулгасын кийди.
Ушул кезде
мунафыктардын башчысы Абдуллах бин Убай: «Биз бул жерге өзүбүздү өлтүрүүгө
келдикпи? Муну башынан эмне үчүн ойлонбодук», - деп үч жүз мунафык менен бирге
Ислам аскерлеринен бөлүнүп, Мединага кайра кайтып кетти.
Болгон жандары
менен берилип, ушул жолдо шейит болууга башын сайган адамдардын саны жети жүз
чамасында эле. Алардын бардыгы Пайгамбарыбызды акыркы каны калгыча коргоого сөз
берген эле.
Пайгамбарыбыз
мужахиддерди бир иретке келтирди. Аскерлерин аркасы Ухудга, өздөрү Мединага
карай тургандай багытта жайгаштырды. Оң канатка Укаша бин Михсанды (радыйаллаху
анх), сол канатка Абу Салама бин Абуласадды (радыйаллаху анх) кол башчы кылып
дайындады. Саад бин Абу Ваккас менен Абу Убайда бин Жаррах (радыйаллаху анхум)
алдыңкы саптан, мергендердин катарынан орун алышты. Сооттуу кошуундун башында
Зубейр бин Аввам (радыйаллаху анх), алдыдагы соотсуз кошуундардын башында Хазрети
Хамза (радыйаллаху анх) жүрдү. Микдад бин Амрга (радыйаллаху анх) аркадагы
жаангерлерди башкаруу милдети жүктөлдү.
Ислам
аскеринин сол тарабында Айнайн чокусу бар эле. Бул чокуда тар өткөөл бар болчу.
Пайгамбарыбыз ушул өткөөлгө Абдуллах бин Жубайр (радыйаллаху анх) баштаган элүү
мергенди койду. Алар ошол жерге жайгашышты. Пайгамбарыбыз алардын жанына барып
мына мындай так буйрук берди: «Бизди
артыбыздан коргоп отургула. Ордуңарда болгула жана бул жерде эч кайда
кетпегиле. Жоону жеңгенибизди көрсөңөр да силерге кабар берилмейинче, киши
жиберилмейинче ордуңардан козголбогула. Жоонун бизди өлтүрөйүн деп жатканын,
өлтүрүп жатканын көрсөңөр да келип бизге көмөктөшпөгүлө. Бизди аларда коргоого
аракет кылбагыла. Силерге карай бет алган душмандын атчан аскерине ок аткыла.
Анткени, атчан аскерлер аткан окко каршы жүрө алышпайт. Аллахым! Ушуларды
аларга айтканыма сени күбө кыламын». Ушул буйругун бир нече ирет кайталаган
Пайгамбарыбыз: «Жырткыч куштардын өлүп
жаткан денелерибизге башын салганын көрсөңөр да мен силерге киши жибермейинче
ордуңардан козголбогула. Эгер биздин капырларды кырып буттарыбыз менен
таптаганыбызды көрсөңөр да мен силерге кабар жибермейинче ордуңардан козголуучу
болбогула», - деди.
Тууну Хазрети
Мусаб бин Умейрге берди. Хазрети Мусаб тууну колуна алып Пайгамбарыбыздын
алдына барып турду.
Ушул кезде
жаңыдан үйлөнгөн Хазрети Ханзала таң эрте жуунууга да убакыт таппай шашылыш
Мединадан Ухудга келип, мужахиддердин катарына кошулду.
Ухудга үч күн
мурда жетип келген мушрик аскерин Абу Суфйан башкарган эле. Алар аркаларын
Мединага каратып жайгашышты. Оң канаттагы атчан кошуундарды Халид бин Валид,
сол канаттагы атчан аскерлерди Икрима башкарды. Саффан бин Умаййанын да атчан
аскерлерди башкаргандыгы тууралуу айтылат. Мушриктердин туусун Талха бин Абу
Талха көтөрдү.
Эки аскер
арасындагы күчтүн айырмасы өтө чоң эле. Курайш аскерлери саны, курал-жарагы
жагынан Ислам аскеринен төрт эсеге артык эле. Курайш аскеринде кек сезимдери
менен ичтери өрттөнгөн аялдар аспаптарды чертишип, ыр айтышып, аскерди согушка
чакырды, сыйынган буттарынан көмөк сурашты.
Ал эми
мужахиддер болсо дуба кылышып, «Аллаху акбар! Аллаху акбар!» деп такбирлерди
айтышты. Ислам дининин корголуусу жана таралуусу үчүн Аллаху тааладан жардам
сурашты. Пайгамбарыбыз сахабаларын жихадга, Хак тааланын жолунда согушууга
чакырып, бул жолдо ала турчу соопторун түшүндүрүп: «Эй, сахабаларым! Саны аз адамга душман менен согушуу кыйындыкка турат.
Эгер алар сабырдуулук кыла турушкан болсо Аллаху таала аларды кубанычка
жеткирет. Анткени, Аллаху таала өзүнө баш ийгендер менен бирге.... Аллаху
тааланын силерге убада кылган сыйын сурагыла», - деди. Ухуд согушуна
байланыштуу аяти карималарды «(Эй момундар!) Аллаху таалага жана баш ийгиле, ошондо ырайымга ээ болосуңар.
Раббиңерден кечирим суроого жана Бейишке кирүүгө шашылгыла. Ушуга тырышкыла.
Бейиштин чоңдугу жер менен асмандай. Бейиш Аллаху тааладан корко тургандар үчүн
даярдалды. Алар аз болсо да, көп болсо мал-мүлктөрүн Аллахтын жолунда берет.
Капаларын билдиришпейт. Баарын кечиришет. Аллаху таала жакшылык кылгандарды
жакшы көрөт.» («Али Имран» сүрөсү, 132-134)
«Алардын
сыйы – Раббилеринен кечирим жана бактарынын астынан өзөндөр ага турчу Бейиш.
Алар анда түбөлүк калышат. Ушундай кылгандардын, Аллаху таала менен Расулуна
баш ийгендердин сыйы кандай жакшы!» - делинген. («Али Имран» сүрөсү, 136).
Көңүлдөрү
ыйманга толуп, көздөрүнөн эрдик учкуну чачыраган, шейит болууну бардык көңүлү
менен каалаган сахабалар бир орунда тура албай, тезирээк душман менен урушууга
буйрук күтүп турушту. Бадр согушундагы сыяктуу Хазрети Али ак, Зубайр бин Аввам
(радыйаллаху анх) сары, Абу Дужана (радыйаллаху анх) кызыл селделерин баштарына
байлап алышты. Хазрети Хамза төө куштун канатындай жасалган айдарын тагынды.
Эки аскер
бири-бирине бар болушунча жакындады. Толкундоо акыркы чегине жеткен эле.
Бираздан кийин бир тарапта Аллаху тааланын динин таратуу үчүн эң жакындары
менен да согушуудан тартынбаган Ислам мужахиддери, ал эми экинчи жакта ката
ишенимдеринен айрылгысы келбеген Ислам душмандары арасында чоң согуш башталайын
деп турган эле.
Бир октук
аралыкка жакындаганда душман сабынан төөсү менен алдыга чыккан бир мушрик
мухажирлерден согуша турчу киши сурады. Баарын өзүнөн коркот деп ойлоп, үч жолу
кайталады. Ушундан кийин Ислам аскеринен узун бойлуу, сары селделүү бир эр жүрөк
мухажир жөө ортого чыга келди. Бул – Пайгамбарыбыздын эжесинин уулу Зубайр бин
Аввам (радыйаллаху анх) болчу. Ислам аскеринде «Аллаху акбар!» деген үндөр
жаңырып, Хазрети Зубайрдын жеңүүсүн тилеп дуба кылышты. Зубайр бин Аввамдын
(радыйаллаху анх) мушрикке жакындаар-жакындабас төөнүн үстүнө карай атылганы
байкалды. Төөнүн үстүндө кызуу кармаш башталды. Ошондо Пайгамбарыбыздын «Аны жерге кулат» деген буйругу угулду.
Хазрети Зубайр ушул буйрукту ала салып каршылашын жерге түрттү. Артынан өзү да
секирип кылычы менен башын чапты. Мушриктин башы денесинен кыйылып түштү.
Пайгамбарыбыз Зубайрга дуба кылды.
Кийин
мушриктердин туу көтөрүүчүсү Талха бин Абу Талха ортого чыгып: «ичиңерде мага
чыга турчу адам барбы?» - деп кыйкырды. Ага каршы Аллахтын арстаны Хазрети Али
чыкты. Бир сокку менен баштан аяк соот кийинген мушриктин башын ээгине чейин
жара чапты. Муну көргөн Пайгамбарыбыз «Аллаху
акбар! Аллаху акбар!» деп такбир айтты. Буга сахабалар да кошулуп такбирдин
үнү асманды титиретти.
Мушриктин
туусунун жерге түшкөнүн көргөн Талханын бир тууганы Осман бин Абу Талха ортого
карай жүгүрдү. Тууларын көтөрүп, каршылаш талап кылды. Ага каршы Хазрети Хамза
чыкты. «Йа Аллах» деп Османдын далысына кылыч урганда туу кармаган колу
жулунган мушрик жерге кулап мерт болду.
Кийин мушриктерден
Абу Саад бин Абу Талха жөө ортого чыкты, ал баштан аяк соот кийинген эле.
Куфурлуктун туусун жерден көтөрүп, Ислам аскерине карап: «Мен Кусамдын
агасымын. Мага ким каршы чыга алар экен» деп бакырды. Пайгамбарыбыз ага каршы
дагы Хазрети Алини чыгарды. Хазрети Али (радыйаллаху анх) ал мушрикти да
өлтүрүп, туусун жерге кулаткандан кийин мужахиддердин жанына барып катарга
турду.
Мындан кийин
көптөгөн мушрик ортого чыгып, жерге түшкөн тууларын көтөрүп, мухажирлерден
өздөрүнө каршы чыга ала турчу каршылаш талап кылышты. Бирок, баарында тең
баатыр сахабалар Аллаху тааланын уруксаты менен жеңишке жетишти. Ар мушрик
өлтүрүлгөн кезде Ислам аскерлеринен такбир үндөрү чыгып, душманды ызага салды.
Мушрик аялдарын болгон үндөрү менен чуулдашып, бир жагынан өз аскерлерин «Бул
эмне деген маскаралык?!» деп кордошсо, экинчи жагынан «Бул эмне туруш?» деп
согушка үндөштү.
Эки жак тең
бир орунда тура албай турган кезде Пайгамбарыбыз: «Коркоктукта уят менен маскаралык, ал эми илгерилөөдө кадыр менен урмат
бар. Адам корккону менен тагдырынын жазмышынан кутула албайт» деген жазуусу бар
кылычын колго алып: «Бул кылычты менден ким алат?» - деди. Муну уккан бир
канча ардактуу сахабалар колдорун созушту. Пайгамбарыбыз кайрадан: «Мунун акысын берүү аркылуу менден ким
алат?» - дегенде сахабалар үнсүз туруп калышты. Кылычты алууну катуу
каалаган Зубайр бин Аввам (радыйаллаху анх): «Мен аламын, йа Расулаллах», -
деди. Пайгамбарыбыз кылычты Зубайрга бербеди. Абу Бакр, Омар, Алинин да
(радыйаллаху анхум) сурагандарын Пайгамбарыбыз кабылдабады. Абу Дужана: «Йа,
Расулаллах! Бул кылычтын акысы эмне?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз:
«Анын акысы ийилип, бүгүлгөнгө чейин аны
душманга уруу. Анын акысы мусулманды өлтүрбөө, аны менен капырлардын алдынан
качпоо. Ошол аркылуу Аллаху таала сага жеңиш бергенге чейин Аллах жолунда
согушуу», - дегенде Абу Дужана (радыйаллаху анх): «Йа Расулаллах! Мен анын
акысын орундоо шарты менен аламын», - деди. Пайгамбарыбыз колундагы кылычты ага
берди. Абу Дужана (радыйаллаху анх) өтө баатыр, эр жүрөк болгондугуна
карабастан согушта өтө айлакер амалдарды кылчу. «Согуш – айлакерлик» деген хадиси шарифке толук баш ийчү. Абу
Дужана кылычты алып, согуш майданына мактаныч менен, текеберлик менен ырларды
айтып чыкты. Анын үстүндө бир көйногү менен башында кызыл селдеси гана бар
болчу.
Абу Дужананын
бул жүрүшүн сахабалар жактырышпады. Ушунда Пайгамбарыбыз: «Бул жүрүштү согуш майданынан башка жерде колдонуу Аллаху тааланын
азабына себеп болот», - деп, мактануу, текеберленүү жүрүш менен бир гана
душманга каршы майданда гана басууга боло тургандыгын билдирди.
Андан арысына
чыдай албаган мушриктерден Халид бин Валид карамагындагы аскерлер менен
чабуулга чыкты. Ордунда тура албай турган сахабаларга Пайгамбарыбыз да чабуулга
буйрук берди. Бир заматта «Аллаху акбар» деген такбир үнү согуш майданын
жаңырткан эле. Эң алдында Хазрети Хамза колундагы кылыч менен соотсуз кошуундун
башчысы экенине карабастан ар келген капырга кылычын шилтей берди. Чоң айбат
менен келген Халид бин Валиддин аскерлери дароо артка чегиндирилди. Халид бин
Валид бул жолу тоо өткөөлүндөгү жерди көрүп, арттан сокку берүү үчүн Айнайн
чокусуна барды. Бирок, Хазрети Абдуллах бин Жубайр менен анын карамагындагы
элүү жигит аларды октун астына алып, артка чегиндиришти.
Согуш катуу
кызыган эле. Эки жак тең болгон күчтөрү менен кармашышты. Бир сахаба эң аз
дегенде төрт мушрик менен урушуп, алга карай жылууга тырышты. Хазрети Хамза бир
жагынан
«Аллаху акбар!
Аллаху акбар!» деп кыйкырса, экинчи жагынан «Мен
Аллаху тааланын арстанымын деп кыйкырып» жоону кыйратып алдыга жыла берди.
Савфан бин Умаййа тегерегиндегилерге «Хамза
кайда? Мага көрсөткүлө» деп издеди. Бир кезде эки кылыч менен согушуп жүргөн
бирөөнү көрдү. «Мына бул ким?» деп сураганда айланасындагылар «Издеген адамың,
Хамза!», - дешти. Савфан: «Мен ушуга чейин өз коомун өлтүрүүгө умтулган
айбаттуу адам көргөн жокмун», - деди.
Согуш кызуу
жүрүп жаткан кезде мухажирлерден Зубайр бин Аввам (радыйаллаху анх) кылычтын
өзүнө берилбегенине капаланып, «Мен Расулуллахтан кылычты сурадым. Бирок, ал
аны Абу Дужанага берди. Мен болсо анын эжеси Сафийанын уулумун. Анын үстүнө
Курайштыкмын. Барып көрөйүн Абу Дужананын менден артык эмне кыла ала
тургандыгын» деп ойлоду. Ошентип, Абу Дужананы көз сала баштады. Абу Дужана
(радыйаллаху анх) «Аллаху акбар!» деп
кыйкырып, мушриктен кез келген адамды өлтүрүп жүргөн эле. Мушриктердин ичиндеги
айбатуу, ири денелүү, баштан аяк соот кийинген бири Абу Дужананын (радыйаллаху
анх) алдынан чыкты. Ал Абу Дужанага кылычын шилтеди. Абу Дужана анын соккусунан
калканы менен коргонуп, кылыч калканга кадалып калды. Кылычын канча тартса да
чыгара албады. Кезек Абу Дужанага келген эле. Ал кылыч менен бир урганда
каршылашы жан тапшырды. Ошондон кийин Абу Дужана алдынан чыккан бардык ыймансыз
мушриктерди кырып, тоонун этегиндеги мушриктерди сүрүп, аялдар отурган жерге чейин жетип барды. Бирок,
кылычын көтөрүп турса да Абу Суфйандын аялы Хиндди өлтүрбөдү. Муну көргөн
Зубайр бин Аввам (радыйаллаху анх) өз-өзүнө: «Кылычтын кимге бериле тургандыгын Аллах менен Расулу менден
жакшы билишет», - деди. «Валлаху мен андан артык согушкан адам көрбөдүм», -
деди.
Микдад бин
Асвад, Зубайр бин Аввам, Хазрети Али, Хазрети Омар, Талха бин Убайдуллах, Мусаб
бин Умайрдын баары эч ким талкалап өтө алгыс өз-өзүнчө чеп сыяктуу эле.
Пайгамбарыбыздын душманга өтө жакын барып согушканын, кайта-кайта чабуулдаганын
көргөн сахабалар абдан тынчсызданышты. Расулуллахка бир зыян келип албаса экен
деп анын айланасына жыйналышып, соотторго оронгон душманга көз ачтырышкан жок.
Ушул кезде Абдуллах бин Амр (радыйаллаху анх) шейит болду. Ал Ухуддун алгачкы
шейити эле. Анын шейит болгонун көргөн жолдоштору арстандай айбаттанышып,
Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн душмандын ортосуна умтулушту.
Согуш кызыган
кезде баатырдыктын жышааны болгон Хазрети Абдуллах бин Жахш (радыйаллаху анх)
менен ок атуучулардын башчысы Сад бин Абу Ваккас кездешишти. Алар ар жеринен
жаракат алышкан эле. Саад бин Абу Ваккас (радыйаллаху анх) мындайча баяндайт:
«Ухуддагы согуштун катуу кызыган мезгили эле. Дароо Абдуллах бин Жахш жаныма
келип колуман кармады, мени бир таштын түбүнө карай тартып жөнөдү. Мага: «Азыр
сен ушул жерде дуба кыл. Мен «Амин» деймин», - деди. Мен дуба кылайын сен
«Амин» де деди. Мен: «Жарайт», - деп мындай дуба кылдым: «Аллахым! Мага өтө
күчтүү душмандарды жибер. Алар менен айоосуз чабышайын. Баарын өлтүрөйүн. Гази
болуп кайтайын.» Менин кылган дубама чын көңүлдөн «Амин» деди. Кийин өзү дуба
кыла баштады: «Аллахым! Мага кан ичер душмандарды жибер. Алар менен айоосуз
согушайын. Жихадды көрсөтөйүн. Бардыгын өлтүрөйүн. Соңунда мени бири шейит
кылсын. Кийин эрди-мурдумду, кулктарымды кессин. Каным шорголоп сенин алдыңа
барайын. Сен «Абдуллах! Эрдиңди, мурдуңду, кулактарыңды эмне кылдың?» деп
сураганыңда «Аллахым! Мен алар менен көп айыптуу иштерди кылдым. Ордунда
колдоно албадым. Сенин алдыңа алып келүүгө уялдым. Пайгамбарыбыз катышкан бир
согушта чаңга көмүлүп, ошондой келдим» деп айтайын», - деди.
Көңүлүм мындай
дубага «Амин» дегиси келбеди. Бирок, ага убада бергендиктен каалабай «Амин»
дедим.
Кийин
кылычтарыбызды алып согушка кириштик. Экөөбүз тең алдыбыздан чыккандарын кырып
салып жаттык. Ал эр жүрөк баатырдык менен согушуп, душман сабын таркатып жатты.
Душманга кайра-кайра чабуул жасап шейит болууга болгон күчүн салды.
«Аллаху акбар!
Аллаху акбар!» деп ураан чакырып, согушуп жүргөндө кылычы сынды. Ошол кезде
Пайгамбарыбыз ага бир курманын талын берип, согушууну улантууну буюрду. Бул
бутак бир мужиза аркылуу кылычка айланып, алдына келгенинин баарын сулата
берди. Өтө көп душман өлтүрүлдү. Согуштун акырына карай Абул Хакем деген
мушриктин аткан огу менен өзү каалагандай шейит болду. Шейит болгондон кийин
капырлар анын денесине барып мурдун, эрдин, кулактарын кесип алышты. Ал канга
бойолду.»
Мужахиддердин
сабында кылычынын кынабын сындырып, «Өлүү
качуудан артык» деп мушриктердин арасына атырылган Кузман көптөгөн эрдиктерди
көрсөттү. Бир өзү жети-сегиз капырды өлтүрдү. Акры жараланып, жерге кулады.
Сахабалар анын бул эрдигине таң калышып, Пайгамбарыбызга айтышканда: «Ал тозоктук», - деди. Катада бин Нуман
Кузмандын жанына барып, «Эй Кузман!
Шейиттик куттуу болсун» дегенде Кузман: «Мен дин үчүн эмес Курайштыктардын
Мединага келип, курма багымды курутпоолору үчүн уруштум», - деди. Кийин бир ок
менен колунун тамырын кесип, өзүн өзү өлтүрдү. Пайгамбарыбыз эмнеликтен
«Ал тозоктук» дегенинин хикматы ошол кезде
түшүнүктүү болду.
Согуштун
башынан баштап Пайгамбарыбыз баштаган бар дык сахабалар чоң баатырдык
көрсөтүштү. Чоң чабуулдар менен душманды артка чегиндиришти. Таштан, бактан
жасаган «Лат»,
«Узза»,
«Хубал» деген буттарынан көмөк сураган мушрик тобу мужахиддердин чабуулдарына
туруштук бере алышпай артка кача башташты. Аларды согушка үндөө үчүн келген
аялдар болгон үндөрү менен кыйкырышып, качкан аскерлерге жетүүгө тырышышты.
Курайштык
мушриктер согуш майданынан качып, өздөрү менен бирге алып келген оокаттарын
таштап Меккеге карай бет алышканда Ислам аскерлери кубанышып, Аллаху тааланын
өздөрүнө убада кылган жеңишине жеткиргендиги үчүн шүгүрчүлүк кылышты. Саны
менен күчү жагынан бир нече эсе басымдуу экендигине карабастан мушриктер
мусулмандардын алдында маскара болушкан эле. Биринен бири озуп качканда
сахабалар алардан кууп жеткендерин өлтүрүшкөн эле. Ушул согушта жаңыдан
үйлөнгөн Ханзала бин Абу Амир (радыйаллаху анх) аты менен качып бара жаткан
мушрик аскеринин баш кол башчысы Абу Суфйанга жетип алды. Атынын буттарын кылыч
менен уруп, атты кулатты. Жерге кулаган Абу Суфйан болгон күчү менен «Эй
Курайштыктар! Көмөктөшкүлө! Мен Абу Суфйанмын. Ханзала мени кылыч менен
өлтүргөнү жатат», - деп кыйкыра баштады. Аны менен бирге качкан мушриктер муну
көрүшсө да өз баштарын ойлоп, кол башчыларына назар оодарышкан жок. Бирок, ошол
учурда Хазрети Ханзаланын дал артында турган Шаддад бин Асвад деген мушрик
найзасын Ханзаланын (радыйаллаху анх) аркасына кадады. Хазрети Ханзала «Аллаху
акбар» деп каршылык көрсөткүсү келгени менен жерге кулап түшүп, шейит болду,
руху Жаннатка учту. Пайгамбарыбыз: «Мен
Ханзаланын периштелердин жер менен көктүн арасында күмүш идиштин ичинде
жамгырдын суусу менен жуунтушканын көрдүм», - деди. Абу Усейди мындай дейт:
«Пайгамбарыбыздын бул сөзүн уккан соң Ханзаланын жанына бардым. Анын башынан
жамгырдын суусу тамчылап турган эле. Бул тууралуу барып Пайгамбарыбызга айттым.
Хазрети Ханзаланы «Гасиул малаика» (периштелер
жууган киши) деп атады».
Мушриктердин
качканын көргөн Айнайн өткөөлүндөгү саадакчылардын бир бөлүгү согуш бүттү деп
ойлошуп, ордуларын таштап кетип калышты. Кол башчылары Абдуллах бин Жубейр
менен он эки адам гана Пайгамбарыбыздан кабар келбеди деп орундарында калышты.