Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Алинин баатырлыгы




Хазрети Алинин баатырлыгы


Ушул кезде аңдып турган, бардык мүмкүндүктү пайдаланууга тырышкан Курайш саадакчыларынын кол башчысы Халид бин Валид өткөөлдөгү мужахиддердин азайгандыгын көрүп, карамагындагы атчан аскерлерди чабуулга чыгарды. Икрима бин Абу Жахл менен бирге дароо Айнайн өткөөлүнө келишти. Абдуллах бин Жубайр менен адал жолдоштору сап курап тизилип турушту. Саадактарындагы ок түгөнгүчө душманга ок жаадырышты. Кийин найзалары менен салгылашышты, бетме-бет келген кезде кылычтары менен «Аллаху акбар! Аллаху акбар!» деп ураан чакырып, салгылашышты. Ыймандуулар менен ыймансыздардын арасында бир адамга жыйырма беш адамдай келе тургудай абалда эле. Сахабалар Пайгамбарыбыздын буйругун орундоо үчүн акыркы тамчы кандары калганча согушушту. Биринен кийин бири шейит болуп, жерге кулап, рухтары Бейишке учту. (радыйаллаху анхум).

Мушриктер кектери менен Хазрети Абдуллахтын кийимдерин жыртып, денесин найза менен тешкилешти. Ичин жарып, ич органдарын сыртка чыгарышты.

Халид бин Валид менен Икрима өткөөлдөгү мужахиддерди шейит кылгандан кийин Ислам аскеринин артынан чабуул кылышты. Сахабалар аркаларында дароо пайда болгон душманды көргөндө жыйналууга мүмкүндүк таба алышпай калышты. Анткени, көбү куралдарын да таштап коюшкан эле. Абал дароо өзгөргөн эле. Качкан Курайштык мушриктер Халид бин Валиддин аркадан чабуулдаганын көрүшүп кайрадан кайтышты. Мужахиддер эки оттун ортосунда калышкан эле. Жоо алдынан жана аркасынан кол салып, мужахиддерди кысымга ала башташты. Сахабалардын бири-бири менен байланышы үзүлдү. Таркоого мажбур болушту.

Хазрети Али бул окуяны мындайча баяндаган: «Араларында Икрима бин Абу Жахл да болгон мушрик кошуундун ортосуда калдым. Алар мени курчап алышты. Көбүн кылыч менен өлтүрдүм. Ажалым келбегендиктен мага эч нерсе болбоду. Бир кезде Пайгамбарыбыздан көзүм үзүлдү. «Ант кыламын, ал согуш майданын таштап кете турчу адам эмес. Аллаху таала биздин кылган орунсуз аракетибизге байланыштуу аны арабыздан алып, көтөргөн чыгар. Мага да салгылашып өлүүдөн башка айла калбады» деп кылычымды шилтей бердим. Мушриктерге чабуул кылып, аларды кыра баштаганымда Пайгамбарыбыздын ошолордун арасында калганын көрдүм. Пайгамбарыбызды Аллаху таала периштелери менен коргогондугун түшүндүм.»

Душман аскерлери Пайгамбарыбыздын жанына чейин жакындап барды. Өтө кооптуу абал туулган эле. Пайгамбарыбыз жалгыз өзү душманга каршы аскер кошуунундай каршы туруп, ордунан козголбоду. Бир жагынан душман менен салгылашып, экинчи жагынан тарап кеткен сахабаларын жыйноого аракет кылып: «Эй, баланча! Мага карай кел. Эй, баланча, мага карай кел. Мен Расулуллахмын. Мага келген адамга Бейиш бар», - деп жүрдү. Хазрети Абу бакр, Абдуррахман бин Авф, Талха бин Убайдуллах, Али бин Аби Талиб, Зубейр бин Аввам, Абу Дужана, Абу Убайда бин Жаррах, Саид бин Муаз, Саад бин Абу Ваккас, Хаббаб бин Мунзир, Усейд бин Худайр, Сахл бин Ханиф, Асым бин Сабит, Харис бин Симма (радыйаллаху анхум) бир заматта Пайгамбарыбыздын жанына жыйналып, аны коргоо үчүн жандуу калкан болуп катар тизилишти.

Ушул кезде Аббас бин Убаданын (радыйаллаху анх) тарап кеткен сахабаларды жыйноо үчүн: «Эй, туугандарым! Бул учураган кыйынчылыгыбыз Пайгамбарыбыздын буйругун орундабоонун натыйжасы. Тарабагыла! Пайгамбарыбыздын жанына келгиле. Эгер биз коргоочулардын катарынан орун албай, Пайгамбарыбызга бир зыяндын келүүсүнө себеп болсок Раббибиздин алдында биз айта турчу шылтоо калбас», - деди. Хазрети Аббас бин Убада жанында Харижа бин Зейд жана Авс бин Аркам (радыйаллаху анхум) болсо да душмандын ичине «Аллаху акбар» деп жарып кирип, кылычы менен умтулду.

Пайгамбарыбызды коргоо үчүн болгон күчтөрүн салып салгылашты. Харижа бин Зейд он тогуз жеринен жаракат алган болчу. Калгандарынын жарасы да аз эмес эле. Үчөө тең катуу эңсеген шейиттик даражаларына чыгышты.

Сахабалар ушундай кооптуу учурда Пайгамбарыбыздын жанына жыйнала башташты. Мушриктер Пайгамбарыбыз менен аны коргогон сахабаларды тегеректеп курчап алышты. Туш тараптан жакындап улам кыса башташты. Курайштыктардан бир топтун ичке карай умтулганын көргөн Пайгамбарыбыз жанындагы жан берүүгө даяр сахабаларына: «Мына бул душманды ким күтүп алат?» - дегенде Вахб бин Кабус (радыйаллаху анх) «Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах! Мен күтүп аламын», - деп алга карай умтулду. Аллаху тааланын атын оозунан таштабаган ушул баатыр кылыч менен душман арасына кирди. Пайгамбарыбыз: «Сага Бейиш бар», - деди. Анын душман алдындагы эрдигин көргөндө:

«Аллахым! Ага ырайымдуулук кыла көр. Ага мээримдүүлүк кыл», - деди. Мушриктердин Хазрети Вахбды ортолоруна алып найза менен шейит кылгандыктарын көргөн Саад бин Абу Ваккас ага көмөк берүү үчүн ичке умтулду, душман ортосуна барып керемет баатырдыгын көрсөттү. Бир нече капырды саптан чыгарды. Калгандарын да артка ыргытып, Пайгамбарыбыздын жанына келди. Пайгамбарыбыз Хазрети Вахб үчүн: «Мен сенден ыраазымын. Аллаху таала да ыраазы болсун», - деп дуба кылды.

Пайгамбарыбыз мужахиддердин курчоосун жарып, өзүнө карай бир мушрик аскеринин келе жатканын көрүп, Хазрети Алиге: «Аларга чабуул жаса», - деп буюрду. Хазрети Али чабуул жасап, Амр бин Абдуллахты өлтүрүп, калгандарын артка кайтарды. Кылычы сынып калган соң Пайгамбарыбыз Зулфикарды ага берди. Дагы бир топ аскер келе жатканда Пайгамбарыбыз: «Йа Али, мына булардын жамандыгын кайтар», - деди. Жанын Пайгамбарыбыздын жолуна курман кылган Аллаху тааланын арстаны дароо чабуулга өттү. Ошол кезде Жабраил алейхиссалам келип Пайгамбарыбызга: «Йа Расулаллах! Алиде өзгөчө эрдик, баатырдык көрүнүүдө», - дегенде Пайгамбарыбыз: «Ал менден, мен анданмын», - деди. Жабраил алейхиссалам: «Мен экөөңөнмүн», - деди. Ошол кезде: «Али сыяктуу эр жүрөк жигит, Зулфикар сыяктуу кылыч жок», - деген добуш келди.

Мушриктер Пайгамбарыбыздын жанына жакындай алышпай тургандыктарын түшүнүп, ок ата башташты. Атылган октор үстүнөн, жанынан өтүп жатты. Душманды кайтаруу үчүн болгон күчтөрүн салган сахабалар бул абалды көрө салып Пайгамбарыбыздын алдына келип, денелерин окко тосо башташты. Пайгамбарбыз сахабаларына ок менен жооп берүүнү буюргандан кийин сахабалар да ок жаадыра башташты. Пайгамбарыбыз Саад бин Аби Ваккасты алдына отургузду. Өтө мерген болгон Хазрети Саад душманга ок ата баштады. Саадагы менен ар ок атканда «Йа Раббим! Бул сенин огуң. Аны менен душманды ур», - деди. Пайгамбарыбыз да: «Аллахым! Сааддын дубасын кабыл кыл! Аллахым! Сааддын огун туурала. Улант Саад! Улант! Ата-энем сага курман болсун», - деди. Ушундайча ал ар ок атканда Пайгамбарыбыз ушул дубасын кайталады. Хазрети Сааддын огу түгөнгөндөн кийин Пайгамбарыбыз ага өз окторун берди. Саад бин Аби Ваккастын ар бир огу душманга же анын атына тийип жатты.

Мушриктердин аткан окторуна каршы Абу Талха Пайгамбарыбыздын алдына туруп, анын алдына калканы менен денесин тосуп, жеңишти ураандап кыйкырды. Пайгамбарыбыз: «Аскердин ичинде Абу Талханын үнү жүз адамдан кайырлуу», - деген. Абу Талха мүмкүн болушунча душманга ок атуудан тайсалдабады, анын аткан бардык огу көздөгөнүнө тийип жатты. Аткан окторду көрүүгө Пайгамбарыбыз башын жогору көтөргөндө ок тийет деп корккон Абу Талха (радыйаллаху анх) «Аты-энем сизге курман болсун, йа Расулаллах! Башыңызды көтөрбөңүз. Сизге душман огу тийип жүрбөсүн. Денем сизди коргосун. Мен өлмөйүнчө сизге жете алышпайт. Мен өлмөйүнчө сизге эч нерсе болбойт» деп Пайгамбарыбызды өз жанынан артык көрдү.

Ухуд майданынын бардык жеринде кыргын салгылаш болуп жатты, кээ бирлери ат менен, кээ бирлери жөө абалда согушууну улантышты. Сахабалар али жыйнала элек болушчу. Пайгамбарыбыздын айланасында отуз чакты гана сахаба болуп, алар келген окторго, найзаларга, кылычтарга өз денелерин тосуп жатышты. Бир гана максаттары Пайгамбарыбыздын буйругун орундоо жана аны келе турчу бардык зыяндардан коргоо болду. Жигиттердин сардары Хазрети Хамза ошол салгылашта Пайгамбарыбыздан бөлүнүп калып, эки колундагы эки кылыч менен душмандын ортосунда согушту. Анын «Аллаху акбар!» деген үнү душман жүрөгүнө үрөй салды. Ошого чейин бир өзү отуз душман өлтүрүп, көбүнүн бутун, колун чапкан болчу. Айланасын курчаган душманды кырган кезде Сибаа бин Үммү Анмар «Мага каршы тура алчу жигит барбы?» деп Хазрети Хамзага каршы чыкты. Хазрети Хамза «Бери кел, эй сүннөтчү аялдын баласы! Демек сен Аллахка жана Расулуна каршы чыктың, ошондойбу?» деп анын буттарынан кармап жерге кулатты. Үстүнө чыгып, башын жулуп алгандан кийин каршы беттеги таштын ары жагынан Вахшинин өзүн найза менен мээлеп турганын көрдү. Дароо ага умтулган кезде буту чуңкурдагы ылайга тайып аркасы менен кулады. Ошол кезде соотунун алдыңкы жагы ачылган болчу. Ушул көз ирмемди пайдаланган Вахши найзасын ыргытты. Найза Хазрети Хамзанын денесине кадалып, ары жагынан чыкты. Улуу баатыр Хамза (радыйаллаху анх) «Аллахым!» деп ошол жерде жерге кулады. Шейит болуп, эңсеген максатына жетти. Аллаху тааланын жолунда Пайгамбары үчүн жан тапшырган эле.

Ушул кезде душман сабынан бирөө: «Эй Курайш жамааты! Туугандык катнашты сактабай турган, коомубузду бөлгөн Мухаммед кутулса мен кутулбаймын», - деп мушриктерди Пайгамбарыбызга чабуулга чакырды. Бул Асым бин Абу Авфтын үнү болчу. Абу Дужана (радыйаллаху анх) бул үндү укту. Чабышып отуруп, Асым бин Авфты таап өлтүрдү. Бирок, артындагы мушрик Мабед күчү менен кылычын Хазрети Абу Дужанага шилтеди. Аллаху тааланын жакшылыгы менен шамдагай аракет менен жерге кулаган Абу Дужана (радыйаллаху анх) өлүм соккусунан аман калды. Дароо ордунан туруп, Мабедди кылыч менен согуп өлтүрдү.

Курайштык мушриктердин көздөгөнү Пайгамбарыбыз болчу. Ага жакындоо үчүн болгон күчүн жумшашты. Бирок, айланасында коргоп жүргөн, бир зыян келет деген коркунуч менен жандарын курман кылуудан тартынбаган ардактуу сахабалардан эч өтө алышпады. Ушул эр жүрөк отуз жигит Пайгамбарыбыздын алдында «Йа Расулаллах! Сиздин жаныңыздан кетпейбиз. Биз сизге калкан болобуз, сиз аман болсоңуз болду», - дешти. Мушриктер топ-топ болуп кол салышты. Пайгамбарыбыз жанындагы сахабаларына ушул топту көрсөтүп: «Аллаху тааланын жолунда денесин ким курман кылат», - дегенде Мединалык беш сахаба алга чыкты. Алар Пайгамбарыбыздын көз алдында такбирлерин айтып, болгон күчүн салып чабышышты. Алардын төртөө шейит болду. Бешинчиси он төрт жеринен жараланып, жерге кулаганда Пайгамбарыбыз: «Аны менин жаныма алып келгиле», - деди. Денесинин бардык жеринен кан агып турган эле. Пайгамбарыбыз отуруп, бутуна башын жазданды. Ушундай шейит болуу урматына ээ болгон бул бактылуу сахаба Умара бин Йезид (радыйаллаху анх) болчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш