Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Талха бин Убайдуллахтын баатырлыгы




Талха бин Убайдуллахтын баатырлыгы


Мушриктер өтө жакындап келген кезде Пайгамбарыбыз: «Мына буларды ким тосуп алат, ким токтотот?» - деди. Талха бин Убайдуллах (радыйаллаху анх): «Мен йа Расулаллах!» - деп алга чыккысы келди. Пайгамбарыбыз: «Сен сыяктуу дагы ким бар?» - деди. Мединалык сахабалардын бири «Мен» деп уруксат сурады. Пайгамбарыбыз: «Кана, сен чык» деп буюрду. Ал алдыга чыгып, мушриктерге каршы умтулду. Теңдешсиз баатырдык көрсөттү. Бир нече капырды өлтүргөндөн кийин шейит болду. Пайгамбарыбыз дагы: «Мына буларга ким каршы турат?» - деп сурады. Баарынан мурда дагы да Талха (радыйаллаху анх) чыкты. Пайгамбарыбыз: «Сен сыяктуу дагы ким бар?» - деп сураганда ансардан бир киши: «Мен йа Расулаллах!» - деди. Пайгамбарыбыз ага:

«Кана, сен чык», - деди. Ал да мушриктер менен чабышып жүрүп шейит болду. Ушундайча ошол кезде Пайгамбарыбыздын жанында жүргөн сахабалардын бардыгы согушуп шейит болушту. Пайгамбарыбыздын жанында Талха бин Убайдуллахтан (радыйаллаху анх) башка эч ким калбаган эле. Хазрети Талха Пайгамбарыбызга зыян келип калар деп коркуп, аны айланып жүгүрүп, капырлар менен урушуп жүрдү. Анын кылыч шилтөөсү бир кезде Пайгамбарыбыздын жанына келген душманга каршы туруусу, саадак огуна, найзага жана кылычка денесин калкан кылып тосуусу теңдешсиз окуя болчу. Хазрети айланып жүрүп өзүнө тийген кылычтарды сезбеди. Максаты Пайгамбарыбызды коргоо, ушул жолдо башка бир туугандары сыяктуу шейит болуу эле. Денесинде жаракат албаган жери калбаган эле. Кийиминен кандан башка эч нерсеси көрүнбөдү. Бирок, ал ушуга карабастан төрт жагына тең үлгүрүп жүрдү. Ошол кезде Хазрети Абу Бакр менен Саад бин Абу Ваккас Пайгамбарыбыздын жанына келип жетишти. Баатырлардын баатыры болгон Хазрети Талха ушул кезде көп кан жоготуп жерге кулаган эле. Бардык жеринен жаракат алган эле. Алтымыш алты чоң, сансыз майда жаракаттары бар эле Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрга дароо Хазрети Талхага көмөк берүүнү буюрду. Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) Хазрети Талханын эсин жыйноосу үчүн бетине суу септи. Талха бин Убайдуллах (радыйаллаху анх) эсин жыйаар-жыйбас «Йа Абу Бакр! Расулуллах аманбы?» - деп өзүнүн Пайгамбарыбызга деген чексиз берилгендигин көрсөттү. Пайгамбарыбызды жакшы көрүү, анын мубарек денеси үчүн жанын курман кылуу болсо ушунчалык болмок. Хазрети Абу Бакр:

«Расулуллах аман. Мени ал жиберди», - дегенде Талха (радыйаллаху анх) ырахат дем алып: «Аллаху таалага чексиз шүгүрлөр. Ал тирүү болсо калган кыйынчылыктар түк эмес», - деди. Ошол кезде дагы бир нече сахаба жетип келишкен эле. Пайгамбарыбыз Хазрети Талханын жанына барды. Жаралуу мужахид Пайгамбарыбыздын тирүү экендигин көргөндө кубанганынан ыйлап жиберди.

Пайгамбарыбыз анын денесин сылап, колун жайып: «Аллахым! Ага шыпаа бер! Күч бер», - деп дуба кылды. Пайгамбарыбыздын бир мужизасы катары Хазрети Талха сопсоо болуп ордунан туруп, душман менен уруша баштады. Пайгамбарыбыз ал үчүн: «Ухуд күнү жер бетинде оң жагымда Жабраилден, сол жагымда Талха бин Убайдуллахтан башка мага жакын адамдын жок экенин көрдүм. Жер бетинде жүргөн Бейиштик адамды көргүсү келген адам Талха бин Убайдуллахты карасын», - деди.

Бүткүл майдан чебинде уруш кызуу жүрүп жаткан болчу. Пайгамбарыбыздын жанында Абу Дужана туу кармоочу Мусаб бин Умейр, Талха бин Убайдуллах Пайгамбарыбызды коргоо үчүн аркы саптан жетип келген Насиба ханым жана бир нече сахаба (радыйаллаху анхум) бар эле. Алар мушриктерге каршы Пайгамбарыбыз менен бирге согушуп жаткан болчу. Башынан тырмагына чейин куралданып алган жана соот менен туулга кийген мушрик Абдуллах бин Хунайд Пайгамбарыбызды көрүп, атын теминди.

«Мен Зубайрдын улумун. Мага Мухаммедди көрсөткүлө. Мен аны өлтүрөмүн же анын жанында өлөмүн», - деп кыйкырды. Атын Пайгамбарыбызга карай буруп келе жатканда Хазрети Абу Дужана анын алдына туруп: «Кел, кана. Мен Пайгамбарыбыздын мубарек денесин өз денем менен коргой турчу адаммын. Мени өлтүрмөйүнчө ага жете албайсың», - деди. Аттын буттарын кылыч менен уруп, Абдуллах бин Хунайдды жерге кулатты. Окуяны көрүп турган Пайгамбарыбыз: «Аллахым! Харашанын уулуна (Абу Дужанага) мен кандай ыраазы болсом Сен да ошондой ыраазы бол», - деп тиледи.

Мушриктерден өтө мерген жаачы болгон Малик бин Зухейр бардык жерден Пайгамбарыбызды издеп, бир мүмкүндүгүн таап, аны өлтүрүүнү каалады. Пайгамбарыбызга жакындап барып, жаасын керип, Пайгамбарыбыздын башын мээлеп туруп ок атты. Көздү ачып-жаба тургудай убакыт болгон жок, Хазрети Талха колун ачып тура калды. Ок анын алаканына тийип, колун жаралады. Манжаларынын бардык күрөө тамырлары кесилди, колунун сөөктөрү сынды. Муну Пайгамбарыбыз көрүп: «Эгер (мени коргоо үчүн колуңду окко созоордо) бисмиллах дегенинде адамдар сага карап турганда периштелер сени көктөргө көтөрмөк», - деген.

Меккелик мушриктерден Абудаллах бин Камиа, Убай бин Халаф, Утба бин Абу Ваккас, Абдуллах бин Шихабы Зухри деген төрт мушрик Пайгамбарыбызды өлтүрүүгө чечим чыгарышып, ант ичишкен эле. Бул кысталып турган маалда Пайгамбарыбыз жанында бир нече сахаба бар болсо да душман менен кызуу урушуп жатты. Пайгамбарыбыздын алдында туу кармоочу Мусаб бин Умейр бар болчу. Хазрети Мусаб кийген сооту менен Пайгамбарыбызга өтө окшоп калган эле. Ал да оң колуна Ислам туусун кармап, мушриктер менен салгылашып жүргөн болчу. Ушул кезде соотко оронгон Ибн Камиа аты менен ортого жакындады. Болгон үн менен «мага Мухаммедди көрсөткүлө. Аны өлтүрбөсөм өзүм өлөйүн» деп кыйкырып, Пайгамбарыбызга карай атын бурду. Хазрети Мусаб менен Насиба ханым ага каршы туруп, денелери менен Пайгамбарыбызды коргоп, душман менен кармашты. Бул капырга канча кылыч урулганы менен кийген соотунан кылыч өтпөдү. Ибн Камиа Насиба ханымды кылыч менен уруп, далысын жаралады. Кийин Хазрети Мусабдын туу кармаган оң колуна кылычын шилтеди. Оң колу кесилген Мусаб бин Умейр жанынан артык көргөн Ислам туусун жерге түшүрбөстөн сол колуна алды. Ошол маалда ал «Мухаммед алейхиссалам расул. Андан мурда да расулдар келген» деген аяти кариманы окуду («Али Имран» сүрөсү, 144). Ибн Камиа бул жолу кылыч менен сол колуна шилтеди. Сол колу дагы кесилген ал тууну жерге түшүрбөй билеги менен кысып, желбиретти. Ибн Камиа бул жолу найзасын сахабанын денесине кадады. Мусаб (радыйаллаху анх) башка бир туугандары сыяктуу шейит болуп, акыретке көчтү.

Хазрети Мусаб жерге кулап бара жатканда Исламдын туусу жерге түшүрүлбөгөн, аны дароо Хазрети Мусабдын кейпине кирген бир периште колуна алган болчу. Пайгамбарыбыз «Алга, йа Мусаб! Алга» дегенде тууну кармап турган киши «Мен Мусаб эмесмин», - деди. Ошол кезде Пайгамбарыбыз анын периште экенин түшүнүп, тууну Хазрети Алиге берди.

Ибн Камиа болсо Хазрети Мусабды Пайгамбарыбыз деп ойлоп, тез мушриктерге барып: «Мухаммедди өлтүрдүм», - деп кыйкыра баштады. Муну уккан мушриктер көздөгөн максатка жеттик деген кубаныч менен андан бетер кутура түшүштү. Окуянын чоо жайын билбеген сахабалардын кайгыдан буту-колдору иштебей калды. Ортодо азалуу жагдай өкүм сүрө калды. Хазрети Омардын да колдору шалдырап, достору менен турган жерлерине отуруп калды. Анас бин Надр (радыйллаху анх) аларды көрүп: «Эмнеге отурсыңар?» - деп сурады.

Алар: «Расулуллах алейхиссалам шейит болуптур», - деп жооп беришти. Хазрети Анас: «Расулуллах шейит болсо Анын Раббиси (Аллаху таала) түбөлүк. Расулуллахтан кийин биз тирүү калып эмне кылабыз?» Кана, тургула! Пайгамбарыбыз согушуп, жанын курман кылган нерсе үчүн биз дагы жаныбызды курман кылалы», - деп кылычын кынынан сууруп, «Аллаху акбар» деп душмандын ортосуна карай умтулду. Бир нече капырды өлтүрүп, өзү шейит болду. Бул мубарек сахабанын бир гана бетинде жетимиш жаракат бар болчу. Денесиндеги жаракаттын көптүгүнөн аны бир тууганынан башка эч ким тааный албады.

Сахабалардын көпчүлүгү тарап кетип, көпчүлүгү шейит болгон эле. Алардын ушундай таралганын пайдаланган мушриктер Пайгамбарыбыздын айланасына жыйналышты. Таш менен, кылыч менен Пайгамбарыбызды шейит кылууга аракет кылышты. Расулуллахтын үстүндө эки соот болгондуктан соккулар таасир кылбады. Утба бин Абу Ваккастын ыргыткан таштары Пайгамбарыбыздын бетине тийип, астынкы эрини жараланды. Алдыңкы тиши сынды. Ошол кезде Ибн Камиа деген мушрик да келип кылычын Пайгамбарыбыздын башына шилтеди. Пайгамбарыбыздын туулгасы жарылып, эки жагы саамайына кирди. Ибн Камиа далысынан уруп жаралаганда Пайгамбарыбыз мусулмандарды кулатуу үчүн Абу Амирдин казган чуңкуруна бир жагы менен кулады. Пайгамбарыбыз Ибн Камиа үчүн «Аллаху таала сени маскара кылсын», - деди. Ибн Камиа катуу кубанып: «Мухаммедди өлтүрдүм», - деп кыйкырып Абу Суфйандын жанына барды. Мушриктер максаттарына жеткен болчу. Эми алар Пайгамбарыбызга назар салышпады. Пайгамбарыбыздын жаткан чуңкурунан кетип, эки жактагы сахабалар менен согушууга киришишти.

Пайгамбарыбыз чуңкурга кулаган кезде жаагы канап турган эле. Колу менен бетин сүрткөн кезде колу менен сакалынын канга боёлгондугун көрдү. Бир тамчы канын жерге түшүрбөө үчүн Жабраил алейхиссалам мубарек канын кармап: «Йа Хабибаллах! Аллаху таалага ант кыламын, эгер ушул кан жерге түшкөндө кыяматка чейин жерден чөп чыкмак эмес», - деди. Пайгамбарыбыз: «Эгер менден бир тамчы кан жерге тамса көктөн азап түшөт. Йа Раббим! Коомумду кечир. Анткени, алар билишпейт», - деп өзүн өлтүрүүгө аракет кылган, денесине кылыч шилтеп, тишин сындарган, бетин канга бойогон адамдардын туура жолго түшүүлөрүн тиледи.

Ушул кезде Кааб бин Малик (радыйаллаху анх): «Эй мусулмандар! Сүйүнчү! Расулуллах бул жерде!» - деп кыйкырды. Бул үндү уккан сахабалар кайрадан өздөрү тирилгендей кубанышып, ошол жерге карай жүгүрүштү. Хазрети Али менен Талха бин Убайдуллах (радыйаллаху анхум) дароо ошол жерге барып Пайгамбарыбызды чуңкурдан чыгарды. Хазрети Абу Убайда бин Жаррах Пайгамбарыбыздын саамайына кирген туулганын сыныктарын тиши менен чыгарды. Ушул темир сыныктарды чыгарган кезде алдыңкы эки тиши дагы жулунуп чыкты.

Сахабалардан Малик бин Синан (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын бетинен аккан канды жерге тамызбоо үчүн тили менен жалап алды. Пайгамбарыбыз: «Каным канына аралашкан адамга Тозоктун оту тийбейт», - деди.

Мушриктер дагы эле кол сала башташты. Ардактуу сахабалар (алейхимуррыдван) Пайгамбарыбызга жетүү кубанычы менен кайрадан аны курчашып, ага эч кандай мушрикти жолотушпады. Пайгамбарыбызга эми эч нерсе кыла албай тургандыктарын түшүнгөн мушриктер тоонун чокусуна чыга башташты. Пайгамбарыбыз Саад бин Абу Ваккаска: «Аларды артка кайтар», - деди. Хазрети Саад: «Йа Расулаллах! Менде бир гана ок бар. Аны менен кантип артка кайтарамын?» - деп сураганда Пайгамбарыбыз дагы да ошол буйругун кайталады. Ушундан кийин мергендердин башчысы Саад бин Абу Ваккас огун атты. Ок бир мушрикти кулатты. Ал колун жебенин идишине дагы да салганда дагы бир октун пайда болгонун көрдү. Бул ушунун алдындагы ок экенин байкады. Дагы бир мушрикти өлтүрдү. Ушинтип бир нече жолу кайталады. Пайгамбарыбыздын бир мужизасы катары Хазрети Саад ар аткан сайын баягы огун көрдү. Адамдарынын биринен соң биринин өлүп жатканын көргөн курайштыктар тоого чыгуудан баш тартышты. Төмөн түшүп, артка чегиништи.

Алардын ичинен Убай бин Халаф атын Пайгамбарыбызга карай буруп: «Кайда, Пайгамбармын деген адам? Чыгып мени менен кармашсын», - деп кыйкырды. Сахабалар ага каршы чыккысы келсе да Пайгамбарыбыз уруксат бербеди. Харис бин Симма найзасын алып алдыга чыкты. Убай атын теминип: «Эй Мухаммед! Сен өлбөсөң мен өлөйүн», - деп жакындады. Баштан аяк соот кийинген эле. Пайгамбарыбыз колундагы найзасын Убайга ыргытты. Найза учуп барып туулга менен сооттун жакасынын арасынан мойнуна кадалды. Убай атынан жерге кулап, кабыргасы сынды. Мушриктер аны көтөрүп, алып кетишти. Жолдо: «Мухаммед мени өлтүрдү», - деп кыйкырып атып жан тапшырды.

Пайгамбарыбыз жанындагы сахабалар менен Ухуд жарларына карай жүрө баштады. Аскалардын жанына баргандан кийин жогору чыккысы келди. Катуу чарчагандыктан эки соотту кабаттап кийгендиктен жана денесине жетимиштен ашык кылыч урулгандыктан чыдап тура албады. Ошентип, Талха (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбызды аркасына алып, асканын үстүнө чыгарды. Пайгамбарыбыз: «Талха Расулуллахка көмөктөшкөн кезде Бейиш ага важиб болду», - деди. Эч кандай күчтөрү калбагандыктан бешин намазын отуруп окушту.

Тоонун этегинде сахабалар арстандар сыяктуу мушриктерге чабуул кылышты. Пайгамбарыбызга кылыч шилтегендерди жазалашты. Бир кезде Хатиб бин Белтеа (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын жанына барып: «Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Муну сизге ким кылды?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Утба бин Абу Ваккас, мага таш ыргытып бетиме урду, тишимди сындырды», - дегенде Хазрети Хатиб: «Йа Расулаллах! Ал кайсы жакка кетти?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз анын кеткен жагын көрсөттү. Хазрети Хатиб ошол жакка карай жүгүрдү. Издеп жүрүп Утбаны таап, атынан түшүрүп алып, башын чаап Пайгамбарыбызга келип аны өлтүргөнүн айтты. Пайгамбарыбыз:

«Аллаху таала сенден ыраазы болсун! Аллаху таала сенден ыраазы болсун!» - деп дуба кылды.

Мушриктер жыйналып чабуулга өткөн сахабаларга каршы чыдап тура алышпады. Жетимиш адамынан айрылып, согуш майданын таштап, Меккеге карай бет алышты. Пайгамбарыбыздын кайтыш болгону тууралуу ушак Мединага жеткен эле. Хазрети Фатима, Хазрети Айша, Үммү Сулейм, Үммү Айман, Хамна бинти Жахш, Куайба сыяктуу аялдар Ухудга карай жүгүрүштү. Хазрети Фатима атасынын жаралуу экенин көрүп ыйлады. Пайгамбарыбыз анын көңүлүн жибитти. Хазрети Али калканы менен суу алып келди. Фатима (радыйаллаху анха) ошол суу менен Пайгамбарыбыздын бетин, канын жууду. Бирок, бетинин каны токтободу. Хазрети Фатима бир камышты өрттөп, күлүн жарага басканда кан токтоду.

Ошентип, согуш майданына түштү. Алгач жаралууларды аныктап, жараларын таңышты. Мушриктер кээ бир шейиттерди киши тааныгыс абалга жеткизишкен эле. Кулак, мурун жана башка мүчөлөрүн да кесишип, карындарын жарып ташташкан эле. Абдуллах бин Жахш (радыйаллаху анх) да ушулардын арасында болчу. Бул абалды көргөн Пайгамбарыбыз менен сахабалар өтө капа болушту. Эң тандалуу сахабалар шейит болуп, Ухуддун топурагын канга бойоп, Бейишке учушкан эле. Шейиттерге кылынган бул аракет адам чыдагыс болгон эле. Пайгамбарыбыз менен сахабалар бул ишке катуу ачууланышты. Ушуну карап туруп Пайгамбарыбыздын көзүнөн жаш мөлтүрөдү. Көзүнөн жашын агызып:«Мен бул шейиттердин Аллаху тааланын жолунда жандарын курман кылгандыктарына кыямат күнү күбөкөр боломун. Аларды кандары менен көмгүлө. Валахи кыямат күнү махшарга жаралары канап келет. Кандарынын түсү кандын түсүндөй, жыты жакшы болот», - деди.

Пайгамбарыбыз:«Хамзаны көрө албай турамын. Анын абалы эмне болду?» - деп сурады. Хазрети Али аны издеп тапты. Пайгамбарыбыз ал жерге барып акылга келбей турчу көрүнүшкө туш болду, Хазрети Хамзанын кулактары, мурду жана башка мүчөлөрү кесилип, бети адам тааныгыс абалга жетип, өпкөлөрү сыртка чыгарылган эле. Пайгамбарыбыз ыйлап туруп Хазрети Хамзаны карап: «Эй Хамза! Эч качан, эч ким сен сыяктуу кыйынчылык көргөн жок жана көрбөйт. Эй Расулуллахтын агасы! Эй Аллаху тааланын жана Расулунун арстаны Хамза! Эй кайырлуу иштерди кылган Хамза! Эй Расулуллахтын коргоочусу болгон Хамза! Аллаху таала сага ырайымдуулук кылсын!» - деди.

Ушул кезде каршы бетте бир аялдын жанталашып келе жатканын көрдү. Бул Пайгамбарыбыздын эжеси Хазрети Сафийа болчу. Ал да жаш аялдар сыяктуу Пайгамбарыбыз кайтыш болду деген жалган кабарды угуп, бүт нерсесин таштап жүгүрүп Ухудга келген эле. Пайгамбарыбыз эжесин көрүп, шейиттердин түрүнө чыдай албас деген ой менен баласы Зубайр бин Аввамга (радыйаллаху анх): «Энеңди артка кайра алып кет, тууганыңдын денесин көрбөсүн», - деди. Хазрети Зубайр жүгүрүп, энесинин жанына барды. Сафийа ханым: «Балам Пайгамбарыбызга эмне болду?» - деди. Алардын жанына Хазрети Али дагы барган эле. Ал: «Пайгамбарыбыз алхамдулиллах жакшы», - дегенде тынчыды, бирок,

«Аны мага көрсөткүлө» деп айтуудан өзүн тыя албады. Хазрети Али Пайгамбарыбызды ишара менен көрсөттү. Хазрети Сафийа Пайгамбарыбыздын тирүү экенин көрүп кубанып, Аллаху таалага шүгүр кылды. Эми бир тууганы Хазрети Хамзанын абалын билүү үчүн ары карай баскысы келди. Баласы Зубайр (радыйаллаху анх):

«Апаке! Расулуллах артка кайтууңузду буюрду», - дегенде Хазрети Сафийа: «Эгер ага кылынгандарды мага көрсөтпөө үчүн артка кайтарсаңар мен ансыз да тууганымдын денесинин майдаланганын билемин. Ал бул абалга Аллахтын жолунда жүрүп дуушар болду. Биз бул жолдо андан бетерине да ыраазыбыз. Сообун бир гана Аллаху тааладан күтөбүз. Иншаллах сабырдуулук кылабыз», - деди. Зубейр бин Аввам (радыйаллаху анх) ушуну айткандан кийин Пайгамбарыбыз: «Андай болсо жибер, көрсүн», - деди. Хазрети Сафийа (радыйаллаху анха) Хазрети Хамзанын денесинин жанына отуруп, үнсүз ыйлады.

Хазрети Сафийа келген кезде өзү менен бирге эки чапан ала келген эле. Аларды чыгарып: «Буларды бир боорум Хамзага алып келдим. Ошого орогула», - деди. Шейиттердин мырзасы болгон Хазрети Хамзаны ушул чапандын бири менен кепендеди.

Пайгамбарыбыз туу кармоочу Мусаб бин Умейрдин (радыйаллаху анх) баш жагына барды. Мусабдын колдору кесилген, бир канча жеринен жаракат алган эле. Тегеректин баары канга бойолгон эле. Пайгамбарыбыз бул жерде да катуу кайгырып, ушул кадырлуу шейиттерге арнап «Ахзаб» сүрөсүнүн 23-чү аятын окуду. Мааниси: «Момундарда ошондой жигиттер бар, Алар Аллаху таалага берген сөздөрүндө турушат. Алардын кээ бири шейит болгончо согуша тургандыктары тууралуу берген сөздөрүн орундашты (шейит болушту). Кээ бири шейит болууну күтүүдө. Алар берген сөздөрүнөн чыгышпады.» Пайгамбарыбыз ошондон кийин:

«Аллаху тааланын Расулу да күбө, силер кыямат күнү Аллаху тааланын алдында шейит болуп жыйналасыңар», - деди. Кийин жанындагыларды карап: «Буларды зыярат кылгыла. Аларга салам бергиле. Аллахка ант кыламын, ким аларга бул дүнүйөдө салам берсе кыяматта ушул кадырлуу шейиттер аларга жооп кайтарышат», - деди.

Мусаб бин Умейрге (радыйаллаху анх) кепен жасай турчу эч нерсе табылбады. Анын сырткы кийими денесин толук жаап турган жок эле. Баш жагын жапса аяк жагы, аяк жагын жапса башы ачык калып жатты. Пайгамбарыбыз: "Баш жагын жапкыла, ал эми аяк жагын ызхыр чөбү менен жапкыла”, - деди. Өз өмүрүн Исламга кызмат менен өткөргөн жана ушул жолдо шейиттик даражага көтөрүлгөн ушул сахаба дүнүйө менен жарты кепен менен коштошту.

Калган шейиттердин жаназалары окулуп, кандуу кийимдери менен эки-үчтөн бир кабырга коюлуп жерге берилишти. Ухуд согушунда жетимиш киши шейит болгон эле. Алардын алтымыш төртү ансардан, алтоо мухажирлерден болчу.

Сахабалардын көпчүлүгүнүн туугандары шейит болушкан эле. Калгандардын көңүлүн жибитүү үчүн Пайгамбарыбыз мындай деди: «Валлахи сахабаларым менен мен да шейит болуп, Ухуд тоосунун боорунда түнөөнү катуу каалар элем. Туугандарыңар шейит болгон кезде Аллаху таала алардын рухтарын жашыл куштардын жесөөлөрүнө салды. Алар Бейиштин өзөндөрүнө барып, суусунан ичишет. Жемиштеринен жешет. Бейиштин бардык жерин аралашат. Гүл бакчаларында учушат. Кийин касиеттүү Арштын астында илинген алтын чырактардын ичине кирип түнөшөт. Алар ушундай даамдар менен суусундардын кереметтигин көрүшкөндө «Аттиң Аллаху тааланын бизге эмнелерди бергенин туугандарыбыз көрүшкөндө, жихаддан тартынбаса, согушуудан коркуп, жоодон тайманбаса», - дешет. Аллаху таала: «Мен силердин абалыңарды аларга билдиремин», - деди. (Жана мааниси мындай аяти кариманы түшүрдү:) «Аллаху тааланын жолунда шейит болгондорду өлдү деп санабагыла. Чындыгында алар Раббилеринин алдында тирүү. Аллаху тааланын өздөрүнө берген шейиттик мартабасына бардыгы тең кубанып, Бейиш ниматтары менен ырыскыланышат. Аркаларындагы шейиттикке али жетпегендер тууралуу «Аларга эч кандай коркунуч жок жана алар кайгырышпайт», - деп сүйүнчүлөгүсү келет. Алар Аллаху тааладан келген нимат менен, жада калса, андан да артыгы менен кубанышат. Аллаху тааланын момундарга деген сыйын жойбой тургандыгы тууралуу кабарга кубанышат» («Али Имран» сүрөсү, 169-171) Аллаху таала аларга көрүнүп, «Эй, кулдарым! Жаныңар эмнени кааласа силерге аны артыгы менен берейин», - дейт. Алар:

«Эй Раббибиз! Сенин бизге берген ниматтарыңан артык нимат жок, ошону каалайбыз. Биз Бейиште каалаган нерсебизди жеп жатабыз. Биз кааласак бир гана рухтарыбызды денебизге кайтарылып, дүнүйөгө кайтуубузду жана сенин жолуңда согушуп, кайрадан өлтүрүлүүнү каалайбыз», - дешет».

Эми бул жерде кыла турчу эч нерсе калбаган эле. Бардыгы жыйналышты. Аллаху тааланын динин таратуу үчүн келген Ухудда тарыхтын теңдешсиз бир согушу болгон эле. Сахабалардын ашкан эрдиктерине, баатырдыктарына күбө болгон капырларга дагы бир сабак болгон эле.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен нурдуу Мединага карай бет алды. Харра деген жерге келген кезде сахабаларын сапка тизип, колун көтөрүп, Аллаху таалага жалбарынып, мындай дуба кыла баштады: «Аллахым! Бардык мактоо сага таандык. Аллахым! Сенин адаштырганыңды туура жолго сала турган, туура жолдогуңду адаштыра турган эч ким жок. Аллахым! Бизге ыйманды сүйдүр. Жүрөгүбүздү ыйман менен кооздо. Бизди куфурлуктан, азгындыктан, ашып-ташуучулуктан арындыр. Динибиз менен дүнүйөбүзгө зыяндуу нерселерди бил тургандардан, туура жолдогулардан кыл. Аллахым! Бизди чынчылдар менен жакшылардан кыл. Анткени, алар кадырлары менен беделдерин жоготпогондор, диндеринен чыкпагандар. Аллахым! Сенин Расулуңду жокко чыгарган, сенин жолуңан тайган, Пайгамбарың менен согушкан капырлардын жазасын бер. Аларга хак жана акыйкат болгон азабыңды бер. Амин!» Сахабалар да «амин» дешип, бул дубага кошулушту.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен бирге Мединага жакындап калган эле. Мединада калган аялдар, балдар жолго чыгышып, кайгырып, келе жаткан аскерлердин ичинен Пайгамбарыбызды көрүүгө аракет кылышты. Анын нурдуу жүзүн көрүшкөндө Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылышты. Кийин аскерлердин ичинен өз туугандарын издей башташты. Аскерлердин арасынан туугандарын таба албагандар көз жаштарын төгүштү. Сахабаларынын ушундай кайгылуу учурун көргөн Пайгамбарыбыздын да көзүнөн жаш мөлтүрөп акты.

Бир кезде Саад бин Муаздын (радыйаллаху анх) энеси Кабша ханымдын Пайгамбарыбызга бара жатканы байкалды. Ухудда баласы Амр шейит болгон эле. Пайгамбарыбызга барып: «Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах! Аллахка шүгүр сиздин аман экениңизди көрдүм. Сиз аман болсоңуз башка кайгылар мага эч нерсе эмес», - деди. Жан баласы тууралуу сурабады. Пайгамбарыбыз анын баласына көңүл айткандан кийин: «Эй Сааддын энеси! Сага жана анын үй-бүлөсүнө сүйүнчү болсун! Алардан шейит болгондордун бардыгы тең Бейишке жыйналды жана бири-бирине жолдош болушту. Алар үй-бүлөсүнө да шапаат кылышат», - деди. Кабша ханым: «Аллаху тааладан келген бардык нерсеге ыраазыбыз, йа Расулаллах. Ушундай сүйүнчү кабардан кийин алар үчүн ким ыйлайт. Сиз артында калгандарга дуба кылыңыз», - деди. Пайгамбарыбыз: «Аллахым! Аларды кайгыларынан арылт. Артында калгандарын да эң кайырлууларынан кыл», - деп дуба кылды.

Пайгамбарыбыз сахабаларын карап денелик каалоолор менен күрөшүүнү ишара кылып: «Эй сахабаларым! Кичине жихаддан кайттык, эми чоң жихадды баштайбыз», - деди. Кийин бардыгы, үйлөрүнө демалууга, жараларын таңууга жиберди. Өзү да жаралуу болчу. Түз үйүнө кетти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш