Хамра-ул-Асад сапары


Пайгамбарыбыз Мединага кайткан соң мушриктердин каалаган бир убакта кайра кайтып Мединага чабуул кылуу мүмкүн экендигин ойлоп чара колдонду. Эртеси жарадар болуп туруп мусумандардын кечээки согуштан алсырап калбагандыгын билдирүү үчүн, душманды коркутуп эскертүү, алардын Мединага кайтып келүүлөрүн болтурбоо үчүн Билал Хабашиге (радыйаллаху анх): «Расулуллах силерге душмандын изине түшүүнү буюрду. Кече Ухудда биз менен согушпагандар барбайт, бир гана согушка катышкандар барат де», - деди. Ал сахабаларга бул кабарды айтканда алар жарадар болушса да дароо жыйналышып, даяр турушту. Жада калса оор жарадар болгон Абдуллах менен Рафи (радыйаллаху анхум) деген бир тууган ага-инилер да Пайгамбарыбыздын бул кабарын угар замат ооругандарына карабастан «Пайгамбарыбыз менен согушка чыгуу мүмкүндүгүнөн айрылабызбы?» деп мужахиддердин сабына кошулду.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен мушриктердин артынан түштү. Равха деген жерде мушриктердин жыйналып Мединага кайра чабуул жасап, мусулмандарды кыруу тууралуу чечим кабылдагандыктарын укту. Ушундайча бул колдонулган чаранын да Пайгамбарыбыздын бир мужизасы экендиги белгилүү болду.

Мушриктер Пайгамбарыбыздын өздөрүнө карай келе жаткандыгын угуп коркуп, отурган жерлерин таштап, Меккеге качышты.

Пайгамбарыбыз алардын артынан Хамра-ул Асад деген жерге чейин барды. Мушриктерден эки адам кармалды. Ал жерде үч күн болуп, кийин Мединага кайтты.

Аллаху таала Хамра-ул Асадга барган сахабаларды аяти карима менен мындай мактады: «Жаралангандан кийин дагы да Аллаху тааланын жана Пайгамбарыбынын чакыруусуна жүгүргөндөр жана жакшылык кылып, жаманыдктан сактангандар үчүн чоң сыйлар бар». («Али Имран» сүрөсү, 172)

Ухудда Пайгамбарыбызды өлтүрүүгө ант ичкендерден Ибн Камиа Меккеге кайткандан кийин бир күнү койлорун көрүүгө тоого чыкты. Тоонун чокусунн койлорун табат. Алардын ичинен бир чоң кочкор аны сүзүп отуруп жанчып өлтүрөт.

Абдуллах Шихаб Зухрини да Меккеге бара жатканда ак тагы бар бир жылан чагып өлтүрөт. Пайгамбарыбызга душмандык кылган- дардын бардыгы бир жыл ичинде өз жазаларын алып дүнүйө менен кош айтышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш