Ражи окуясы


Ухуд согушунун мергендеринин бири Асым бин Сабит (радыйаллаху анх) бул согушта мушриктерден Мусафи бин Талха менен тууганы Харисти өлтүргөн эле. Энелери катуу кек сактаган Сулафа бинти Саад эки баласын өлтүргөн Хазрети Асым бин Сабиттин башын алып келген адамга жүз төө беремин деп убада кылды. Асым бин Сабиттин (радыйаллаху анх) баш сөөгү менен шарап ичүүгө ант кылды. Ошондой эле Пайгамбарыбыз жиберген бир сапарда Хазрети Абдуллах бин Унайстын Лыхиян уулдарынан Халид бин Суфйанды өлтүрүүсүнө байланыштуу Лыхиян уулдары Адал жана Кара тайпалары менен келишим кылышты. Медина айланасында жайгашкан бул эки уруу кеңеш куруп, элчилерди дайындашты. Аларга: «Мусулман экендигиңерди айткыла. «Зекет беребиз, ошону ала турган жана бизге Исламды үйрөтө турган устаз керек» дейсиңер. Келгендердин биразын өлтүрүп, өчүбүздү алабыз. Биразын Меккеге алып барып Курайштыктарга сатабыз», - деди.

Хижраттын төртүнчү жылынын Сафар айында ушул эки тайпадан алты-жети адамдык топ Пайгамбарыбызга барып: «Мусулман болдук, бизге Курани каримди жана динди үйрөтө турчу устаз жибериңиз», - деди. Бул кезде Пайгамбарыбыз Меккелик мушриктердин согушка даярданып жатышабы же жокпу ошону билүү үчүн он адамдан турган кошуун даярдаган эле. Адал жана Кара тайпасынан да ошондой элчилердин келип устаз суроолоруна байланыштуу жагдайды аныктоо, кабар алып келүү үчүн ушул он адамдык кошуунду келгендерге кошуп жиберди. Сахабалардан куралган бул кошуунда Марсад бин Аби Марсад, Халид бин Аби Букайр, Асым бин Сабит, Хубайб бин Ади, Зейд бин Дасинна, Абдуллах бин Тарик, Муаттиб (Мугир) бин Убайд жана ысымдары белгисиз дагы үч сахаба бар эле (радыйаллаху анхум).

Бул кошуун күндүз жашырынып, түнү жүрүп отуруп таң эрте Ражи деген жерге барышты. Ошол жерде бираз демалып, Мединанын Ажва деген эң жакшы курмасынан жешти. Кийин ал жерден кетип, жакын жердеги бир тоого чыгып, жашырынышты. Хузайл тайпасынан кой багып жүргөн бир аял Ражи суусунун башына келген эле. Курманын сөөктөрүн көрүп, Мединанын курмасы экенин билди. «Бул жерде Мединадан келген адамдар болгон» деп кыйкырып, тайпасына кабар берди. Бул жерде сахабалардан ушул он адамдык кошуун менен келе жаткан Адал менен Кара тайпасынын элчилеринин бири бир шылтоо менен алардан бөлүнүп кетип, Лыхиян уулдарына кабар жеткиришти.

Лыхиян уулдары ушул кабарга карай дароо ишке киришишти. Жүз жаачысы бар эки жүз адамдык күчтү ушул кошуунга каршы жиберди. Бул мушриктердин тобу Хазрети Асым бин Сабит менен анын жолдошторун тоонун чокусунан таап, ошол жерде курчоого алышты. Ошол кезде он сахаба тууралуу кабар берген адам да мушриктердин сабына келип кошулду. Сахабалар ошол кезде өздөрүнүн алдангандыктарын түшүнүшүп, кылычтарын суурушту. Муну көргөн мушриктер аларды алдоого аракет кылышып: «Эгер биздин жаныбызга түшсөңөр эч бириңерди өлтүрбөйбүз. Сөз беребиз. Валлахи силерди өлтүрүүнү каалабайбыз. Бирок, силерге каршы Меккеликтерден кун акча алууну каалайбыз», - дешти. Асым бин Сабит, Марсад бин Аби Марсад жана Халид бин Аби Букайр (радыйаллаху анхум): «Мушриктердин сөздөрү менен анттарын эч качан кабылдабайбыз», - деп бардык сунуштарын артка кайтарышты. Асым бин Сабит (радыйаллаху анх) Эч качан мушриктердин камкордугун кабылдабоого ант ичтим. Валлахи алардын сөзүнө ишенип, төмөн түшүп, берилбеймин», - деди. Колун жайып: «Аллахым! Пайгамбарыбызга биздин абалыбызды билдир», - деп дуба кылды. Аллаху таала анын бул дубасын кабылдап, Пайгамбарыбызды бул абалдар кабардар кылды.

Хазрети Асым мушриктерге: «Биз өлүмдөн корпойбуз. Анткени, динибизде өлсөк шейит болуп, Бейишке барабыз», - деди. Мушриктердин башчысы: «Эй Асым! Өзүңдү, жолдошторуңду бекерге курутпа, колго түшкүлө», - дегенде Асым бин Сабит (радыйаллаху анх) ага ок менен жооп кайтарды. Асымда жети ок бар болчу. Ар аткан огу бир мушрикке тийди. Огу түгөнгөн соң бир бөлүгүн найза менен жанчты. Найзасы да сынып калды. Дароо кылычын сууруп, кынын сындырып ыргытып жиберди. Бул өлгөнчө согушамын дегенди билдирген эле. Кийин: «Эй Аллахым! Мен бүгүнкү күнгө чейин сенин диниңди үйрөндүм. Сенден ушул күндүн соңунда менин денемди коргооңду сураймын», - деп дуба кылды. Хазрети Асым бин Сабит менен башка сахабалардын «Аллаху акбар» деген үндөрү тоону жаңыртты. Эки жүз адамга каршы он мужахид болгон күчү менен кармашышты. Асым (радыйаллаху анх) эки бутунан жарадар болуп, жерге кулады. Капырлар андан катуу корккондуктан жерге куласа да анын жанына жакындай алышпады. Алыстан ок атып, аны шейит кылышты. Ошол күнү ошол жердеги он сахабанын жетөөсү шейит кылынып, үчөө туткунга түшүрүлдү. Лыхиян уулдары Сулафа бинти Саадга сатуу үчүн Асым бин Сабиттин (радыйаллаху анх) башын кесип алмакчы болушту. Бирок, Аллаху таала Хазрети Асым бин Сабиттин дубасын кабыл кылып, бир топ кыжылдаган аарыны жиберди. Алар булут сыяктуу Асым бин Сабиттин үстүндө турушту. Мушриктер анын жанына жакындай алышпады. Кийин: «Тим койгула, кечке чейин аарылар кетет, ошол кезде келип алабыз», - деди. Кеч Аллаху таала катуу нөшөрлүү жамгыр жаадырды. Суу селдей агып, Асым бин Сабиттин (радыйаллаху анх) денесин агызып башка жакка алып кетти. Алар канча издешсе да таба алышпады. Ушундайча алар Хазрети Асымдын эч жерин кесе алышпады. Аарылардын Асымдын (радыйаллаху анх) денесин коргошкондугу тууралуу айтылганда Хазрети Омар: «Аллаху таала, албетте, момун кулун коргойт. Асым бин Сабит тирүү кезинде мушриктерден кандай коргонсо Аллаху таала да ал өлгөндөн кийин анын денесин ошондой коргоп, мушриктерге тийгизбеди», - деди. Ошондон кийин Асым (радыйаллаху анх) тууралуу айтылганда «Аарылар коргогон адам» деп эскериле турган болду.

Лыхиян уулдары Хазрети Асым бин Сабиттен баштап жети адамды шейит кылышты. Үч сахабаны туткунга түшүрүштү. Алар Хубайб бин Ади, Зейд бин Дасинна жана Абдуллах бин Тарик (радыйаллаху анхум) эле. Лыхиян уулдары алардын үчөөнү тең жаанын жиби менен байлашты. Абдуллах бин Тарик (радыйаллаху анх) баспай «Шейит болгон досторум Бейишке барышты» деп кыйкырды. Колунун жибин үзүп кетти, бирок, Лыхиян уулдары аны таш менен уруп шейит кылышты. Хубайб бин Ади менен Зейд бин Дасинна (радыйаллаху анхум) «Пайгамбарыбыздын берген тапшырмасын орундоого мүмкүндүк табаарбыз» деген ой менен сабырдуулук кылышты.

Лыхиян уулдары экөөнү тең Меккеге алып барышты. Бадр жана Ухуд согуштарында туугандары өлтүрүлгөн мушриктер кек отуна өрттөнүп, мүмкүндүк издеп жүрүшкөн эле. Хубайбды (радыйаллаху анх) мушриктерден Хужайр бин Аби Ихаб Тамими Бадр согушунда өлтүрүлгөн тууганынын, ал эми Зейд бин Дасиннаны (радыйаллаху анх) Савфан бин Умаййа Бадр согушунда өлтүрүлгөн агасы Умаййа бин Халафтын кегин алуу үчүн сатып алышты. Мушриктердин ниеттери экөөнү тең өлтүрүү эле. Бирок, согушууга болбой турган айларда болгондуктан камоо аркылуу убакыттын өтүүсүн күтүштү. Аларды өзүнчө өзүнчө орундарга камашты. Эки сахаба тең ушундай туткундагы кезде сабырдуулук жана чыдамдуулук көрсөтүштү.

Хубайб бин Ади (радыйаллаху анх) камалган үйдөгү азат күң болгон Мавийа (бул аял кийин мусулман болгон) мындай деген:

«Хубайб (радыйаллаху анх) мен жүргөн үйдүн жер төлөсүндө камалган болчу. Мен андан да жакшы туткун көргөн эмесмин. Бир күнү карасам колунда ибрик сыяктуу чоң салкым жүзүм бар эле. Ошону жеп отурган эле. Күндө ошондой жүзүм жеп отурчу. Ал мезгилде, анын үстүнө Меккеде андай жүзүм табуу мүмкүн эмес эле. Аллаху таала ага ырыскы берип отурду. Камалган жеринде намаз окучу, Курани карим окучу. Окуган Куранын уккан аялдар ыйлап, ага ичтери сыздашчу. Кээде «Бир нерсе керекпи?» деп сурасам: «Мага даамдуу суу бер, буттар үчүн союлган малдын этин алып келбе жана да мени өлтүрө турган болушса мага кабар бер, башка эч нерсе керек эмес», - дечү. Өлтүрүлө турчу күнү белгиленгенде ага барып айттым. Муну укканда анын жүзүндө эч кандай өзгөрүш байкалган жок. Ошол күн жакындаганда жуунгусу келгендигин айтып, бир устара сурады. Мен балам аркылуу устара берип жибердим. Балам анын жанына барган кезде: «Бул адам баламды устара менен кесип өлтүрөбү» деп корктум. Коркуп баламды карадым. Хубайб (радыйаллаху анх) мен жиберген устараны алып, баланы өбүү үчүн тизесине отургузуптур. Мен муну көрүп кыйкыра баштадым. Ал кийин барып түшүнүп: «Бул баланы өлтүрөт деп ойлойсуңбу? Биздин динибизде мындай нерсе жок. Орунсуз жерге адам өлтүрүү бизде жок», - деди.

Хубайб бин Ади менен Зейд бин Дасиннаны (радыйаллаху анхума) өлтүрө турчу күн келген эле. Мушриктер ошол күнү таң эрте экөөнү Меккенин сыртындагы «Тамим» деген жерге алып барышты. Мекке калкы алардын кандай өлтүрүлө турганын көрүш үчүн жыйналышты.

Мушриктер эки дар курушту. Хубайбды (радыйаллаху анх) дарга көтөрүп жатканда ал: «Мени койо бергиле, эки рекет намаз окуюн», - деп уруксат сурады. Ага уруксат берилди. Ал намаз окуду. Тегеректеги мушриктер, аялдар, балдардын бардыгы ага карап турушту. Намазын окуп болгон соң: «Валлахи эгер өлүмдөн коркуп намазын узартып жатат деп ойлобосоңор намазымды узагыраак окумакмын», - деди. Ушундай өлтүрүлөр кезинде алгач эки рекет намаз окуган, адат жана сүннөт болуусуна себепчи болгон Хазрети Хубайб бин Ади болгон. Пайгамбарыбыз анын өлөр алдында эки рекет намаз окуганын укканда бул иштин орундуу экендигин айткан.

Хубайбды (радыйаллаху анх) намазын окуп болгондон кийин дарга байлап, бетин кыбыладан Мединага каратышты. Кийин:

«Кана, диниңен чык. Сени бошотобуз», - дешти. Ал: «Валлахи чыкпаймын. Бардык дүнүйө мага берилсе да Исламдан чыкпаймын», - деп жооп берди. Ошентип мушриктер: «Азыр сенин ордуңа Мухаммеддин өлтүрүлгөнүн каалайсыңбы? Ооба десең бошотобуз», - дешти. Хубайб (радыйаллаху анх): «Мухаммед алейхиссаламдын таманына бир тикендин кирүүсүн да каалабаймын», - деди. Мушриктер мазак кылышып, күлүштү: «Эй Хубайб! Ислам дининен чык. Эгер чыкпасаң сени чыны менен өлтүрөбүз», - дешти. Хубайб (радыйаллаху анх): «Аллахтын жолунда өлтүрүлө турган болгондуктан бул эч кандай коркунучтуу эмес», - деп жооп берди.

Ошондон кийин Хубайб (радыйаллаху анх): «Аллахым! Мына бел жерден душманыңдын бетинен башка эч кимди көрүп турган жокмун. Аллахым! Менден Расулуңа салам жеткир. Бизге кылынган бул аракетти Расулуңа билдир», - деп дуба кылды да «Ассаламу алейка йа Расулаллах», - деди. Хубайб бул дубаны окуган кезде Пайгамбарыбыз сахабалары менен отурган эле. Зейд бин Хариса (радыйаллаху анх) мындай баяндайт: «Бир күнү Расулуллах сахабалары менен бирге отурган кезде «Ва алейхиссалам», - деди. Сахабалар: «Йа Расулаллах! Кимдин саламына жооп кайтардыңыз?» - дешкенде: «Тууганыбыз Хубайбдын саламын алдык. Жабраил (алейхиссалам) Хубайбдын саламын мага жеткирди», - деди. Хубайбдын тегерегине жыйналган Курайш мушриктери: «Мына, агаңарды өлтүргөн ушул адам», - деп жаштарды күүлөп анын денесине найза кададып жаралашты. Ушул кезде Хубайб Каабага бет бурду. Мушриктер аны Мединага карай бурушту. Хубайб:

«Аллахым! Эгер мен сенин алдыңда кабыл болгон кул болсом жүзүмдү кыбылага бур», - деп дуба кылды. Жүзүн дагы да кыбылага каратты. Мушриктердин эч бири анын бетин Каабадан башка жакка карата албады. Ушул кезде Хубайб дарда душмандарынын колунда шейит боло тургандыгын айтып, ыр окуду. Мушриктер колдорундагы найзаларын кадап, кордой башташканда «Валлахи мен мусулман болуп өлө турган болгондуктан кандай өлтүрүлсөм да кайгырбаймын. Булардын бардыгы Аллаху таала үчүн», - деди. Хубайб (радыйаллаху анх) кийин мушриктерге мындай каргыш айтты: «Аллахым! Курайш мушриктеринин бардыгын курут. Коомдорун тарат. Бирден жанжарын ал, аларды тирүү калтырба». Мушриктер бул каргышты угуп, корккондуктан бир бөлүгү ал жерден качышты. Калгандары найзаларын ыргыта башташты. Анын бири ичине тийип аркасынан чыкты. Хубайб (радыйаллаху анх) денесинен кан атырылып туруп, өмүрүнүн акыркы көз ирмеминде

«Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху» деп шейит болду.

Хубайб бин Адинин (радыйаллаху анх) денеси кырк күн бою дарга илинип турду. Денеси чирип сасыган жок. Ар дайым кан агып турду. Пайгамбарыбыз анын денесин алып келүүгө сахабалардан Зубейр бин Аввам менен Микдад бин Асвадды (радыйаллаху анхума) жиберди. Алар түнү жашыруун түрдө Меккеге киришти. Хубайбды (радыйаллаху анх) илинип турган дардан түшүрүп, төөгө жаткызып, Мединага карай жолго чыкты. Муну уккан мушриктер топтошуп алардын аркаларынан түшүштү. Эки сахаба коргонуу үчүн сөөктү жерге коюшат. Бираздан кийин сөөктү койгон жерлеринин жарылып, сөөктү ичине алып кайра жабылганын көрүштү. Мындан кийин алар ары карай Мединага бет алышты. Мушриктер Зейд бин Дасиннаны (радыйаллаху анх) эккен бактарына байлашты. Дининен чыгаруу үчүн аны кыйнашты. Бирок, Зейддин ыйманы ал ансайын күчтөнө берди. Кийин Зейдди (радыйаллаху анх) октун астына алышты. Соңунда Савфан бин Умаййанын азат кулу Нистас аны шейит кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш