Бир-и Маъуна окуясы


Ошол жылдын Сафар айында Арабстандын Нажд аймагындагы Амир уулдарынын башчысы Абу Бара Амир бин Малик Мединага келип, Пайгамбарыбызга барды. Пайгамбарыбыз ага Исламды түшүндүрүп, мусулман болууну сунуш кылды. Абу Бара мусулмандыкты кабылдабады, бирок, Исламдын жакшы дин экендигин айтты. Ошондой эле Наждда Исламдын таралуусу үчүн бир нече сахабаны ошол жерге жиберүүнү сунуштады. Пайгамбарыбыз: «Нажд калкына ишенимдүү эмесмин», - деди. Амир: «Аларды мен өз камкорлугума аламын, ошондо аларга эч ким зыян келтире албайт», - деди. Пайгамбарыбыз буга макул болуп, сахабалардан жетимиш адамдык элчи тобун дайындады. Аларды Мунзир бин Амр (радыйаллаху анх) башкарып жолго чыкты.

Өз тайпасынын Исламды кабылдоосун каалаган Абу Бара Асхаб-ы суффадан мурда жолго чыгып, тайпасына барып, келе турчу элчилерди өз камкорлугуна алганын, аларга эч кимдин тийишпөөсүн эскертти. Жээни Амир бин Туфайлдан башка бардык адам аларга тийишпөөгө макул болушту. Амир бин Туфайл үч тайпанын адамдарын жыйнап, аларды башкарып, Бир-и маунага келген сахабаларды курчоого алды. Туш тараптан курчалган сахабалардын бирөөнөн башкасы шейит болгонго чейин баатырларча согушушту. Бул сахабалардын соңку сөздөрү: «Йа, Раббим! Азыр биздин абалыбызды Расулуллахка билдире турчу сенден башка эч ким жок. Ага саламыбызды жеткир», - деди. Ошол кезде Жабраил алейхиссалам капалуу абалда Пайгамбарыбызга барып, алардын саламдарын жеткирди да: «Алар Аллаху таалага жетти. Аллаху таала алардан ыраазы болду, алар да Аллаху тааладан ыраазы», - деди. Пайгамбарыбыз «алейхимуссалам» деп жооп бергенден кийин капалуу түрдө сахабаларына барып: «Туугандарыңар мушриктер менен согушушту. Мушриктер аларды чаап, найза менен сайып тешкилешти», - деп абалдан кабар билдирди.

Ушул согушта душман менен согушуп жүргөндө Амир бин Фухайранын (радыйаллаху анх) аркасына Жаббар деген адам найзасын кадаган эле. Ошол кезде Хазрети Амир: «Валлахи, Бейишке жеттим», - деп жаббар менен башка мушриктердин көз алдында көккө карай көтөрүлдү. Бул жагдайга бардыгы тең таң калышты, бирок, алардын ичинен бир гана аны шейит кылган Жаббар мусулман болду.

Пайгамбарыбыз Ражи менен Бир-и Мауна окуяларына катуу кайгырды. Ушул кайгылуу окуяны чыгарган тайпаларды жазалоо үчүн Аллахтан бир ай бою намаздан кийин тилек тиледи. Аллаху таала Расулуллахтын дубасын кабыл кылып, ал тайпаларга чоң кургакчылык менен жутчулук берди. Кийин жугуштуу оору тарап, жети жүз адамы кырылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш