Ухуд согушунан
кийин хижраттын төртүнчү жылы Надыр уулдары деп аталган яхуди тайпасы
Пайгамбарыбызга кастык аракет уюштурушат. Муну Жабраил алейхиссалам
Пайгамбарыбызга билдирип, алардын кастык аракети натыйжасыз калат. Ошондон кийин
Пайгамбарыбыз келишимди бузган яхуди тайпасына Мухаммед бин Меслемени
(радыйаллаху анх) жиберип: "Надр уулдары
яхудилерине бар. Аларга Расулуллах мени силерге "жеримден кеткиле, бул жерде
мени менен бирге турбагыла. Силер мага каршы кастык уюштурдуңар. Силерге он күн
убакыт беремин. Ушул убакыттан кийин бул жерден ким көрүнсө башы алынат” деген
буйрукту жеткизүүгө жиберди деп айт”, - деди. Мухаммед бин Меслеме (радыйаллаху
анх) бул буйрукту айткандан кийин алар коркуп, жолго даярдана башташты. Бирок,
мунафкытардын башчысы Абдуллах бин Убей аларга: " Мекениңерден кетүүчү болбогула.
Жериңер менен малыңарды таштап кетпегиле. Эки миң адамымды ээрчитип, силерге
жардамга келемин”, - деген кабар жиберет.
Ошондон кийин
Пайгамбарыбыз сахабалары менен Мединага төрт чакырым алыстыктагы Надр
ууладрынын мекенине бет алышат. Тууну Хазрети Али кармап жүрдү. Алар турган
жерди курчоого алышты. Башында жалын атып эр жүрөктөнгөн яхудилер жашынган
жерлеринен чыгууга батына алышпады. Мунафыктардан да жардам келбеди. Сахабалар
жашынган жерлерди жакшы көзөмөлдөштү. Жыйырма күндөн ашкан убакытка созулган
курчоо натыйжасында яхудилер колго түшүштү. Бардык курал-жарактарын, алтындары
менен күмүштөрүн мусулмандарга таштап, бир бөлүгү Шамга, бир бөлүгү болсо
Хайберге айдалды. Ушундай окуядан кийин Мединада яхудилерден бир гана Курайза
уулдары калды.