Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Фатима бинти Асаддын кайтыш болуусу




Хазрети Фатима бинти Асаддын кайтыш болуусу


Ичимдик ичүүнү харам кылган аяти карима да хижраттын төртүнчү жылы түштү. Ухуд согушунда жараланып, кайтыш болгон Хазрети Умму Саламанын күйөөсүнүн артында бир нече баласы калган эле. Умму Салама (радыйаллаху анха) жашы бир топко келип калгандыктан кийин кыйын жагдайда боло турган. Ага Пайгамбарыбыздын жаны ачып, мээримдүүлүк кылып, аны өз никесине алып мартабаландырат. Ушул эле жылы Затуррика согушу болуп, айланадагы мушрик тайпалары багындырылды.

Хазрети Османдын Пайгамбарыбыздын кызы хазрети Руккаййадан туулаган алты жашар баласы Абдуллах кайтыш болду. Пайгамбарыбыз небересинин жаназа намазын окутуп, өз колу менен кабырга койду. Катуу кайгырып, көңүлү чөктү. Көз жашы кабырга тамды. Мубарек колдору менен кабыр ташын коюп: "Аллаху таала мээримдуу жана мээрман жүрөктүү кулдарына ырайым кылат”, - деди. Хазрети Алинин апасы Фатима бинти Асад да (радыйаллаху анха) ошол жылы кайтыш болду. Пайгамбарыбыз бул окуяга катуу кайгырып: "Бүгүн апам кайтыш болду”, - деген. Пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгондон кийин анын жанында өскөн эле. Пайгамбарлыгын жарыялаганда да алгачкы болуп ыйман келтирген эле. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз аны энесиндей көрүп, абдан урматтачу. Үстүндөгү көйнөгүн чечип, ага кепин кылып ороого буюрду. Жаназа намазын окугандан кийин жетимиш миң периштенин намазда турганын айтты. Кабырга чейин барып, кабырга түшүп көрдү.

Кабырдагы өмүрү ырахат өтүүсү үчүн кабырдын бурчтарын карай кеңейткендей ишара жасап, кабырга жатты. Кабырдан чыккан кезде көздөрү жашка толгон эле. Эмне деген мээрмандык!

Фатима энебиз да кандай бактылуу жан эле!.. Хартеи Омар да чыдай албай: "Жаным сизге курман болсун йа Руллаллах! Эч кимге жасабагаңызды ушул аялга жасадыныз”, - дегенде Пайгамбарыбыз: "Абу Талиптен кийин ушул аялдай мага жакшылык жасаган эч ким болгон жок. Ал меним энем эле. Өз балдары ач болсо дагы эң биринчи мени тойгузду. Өз балдары чаң болуп жүрсө да алгач менин чачымды тарап, гүл майын мага сүртчү эле. Ал менин энем болчу!

Ага Бейиш кийимдери кийгизилүүсү үчүн көйнөгүмдү кепин кылып ородум. Кабыр өмүрү жеңил өтүүсү үчүн кабырда жанында жаттым. Жабраил Аллаху таала тарабынан " Бул аял Бейиштик” деп мага кабар берди”, - деди. Кийин Фатима бинти Асад (радыйаллаху анха) үчүн мындай дуба кылды: "Аллаху таала сени кечирсин, сени сыйга бөлөсүн. Эй, энекем! Аллаху таала сага ырайымын жаадырсын. Өзүң ач кезде мени тойгуздуң, өзүң кийбей мага кийгиздиң. Өзүң жебей мага жедирдиң. Тирилте турган да, өлтүрө турган да - Аллаху таала. Ал ар дайым тирүү. Ал өлбөйт. Аллахым! Энем Фатима бинди Асадды кечир! Анын кабырын кеңейт. Эй мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү болгон Аллахым! Менин жана келген башка пайгамбарлардын урматы үчүн ушул дубамды кабыл кыл”.

Ушундан кийин Пайгамбарыбыздын аялы Хазрети Зейнеп бинти Хузейма отуз жашында жаш кайтыш болду. Ошол жылы Хазрети Али менен Фатиманын экинчи баласы Хазрети Хусейн дүйнөгө келди. Ушул жылы Меккелик мушриктер Абу Суфйан башкарган эки миң аскери менен Исламды жок кылуу үчүн Бадрга карай бет алды. Пайгамбырыбыз бир миң беш жүз баатыр сахабасы менен алардан мурун Бадрга барды. Муну уккан мушриктер коркуп, Мараззахранга чейин эле барды. Ислам аскерлери менен согушууга батына алышпай, Меккеге кайра бет алышты. Пайгамбарыбыз сахабалары менен мушриктерди сегиз күн бою Бадрда күттү. Андан кийин Мединага кайтышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш