Бани Мусталык согушу


Хижраттын бешинчи жылы Мусталык уулдарынын башчысы Харис бин Аби Дирар Пайгамбарыбыз менен согушуу учун көп адам жыйнады. Аларды курал-жарактар менен камсыздап, Мединага чабуул койууну көздөдү. Бул кабар Пайгамбарыбызга жетип, ал да дароо жети жүз адамдык аскер менен Мусталык уулдарына каршы сапарга чыкты. Мурейси кудугунун башында ордо курулуп, алгач Мусталык уулдарын Ислам динине чакырды. Алар кабылдабай, ок атып согушту баштады. Пайгамбарыбыздын "баарың бирдей чабуулга чыккыла” деген буйругун уккан сахабалар Мусталык уулдарынан он адамын өлтүрүштү. Тайпанын башчысы качып кутулду. Бирок, кызы Берра жана тайпасынын алты жүз адамы туткунга түштү. Олжо мусулмандар арасында бөлүштүрүлдү. Берра Пайгамбарыбызга барып: "Үлүшүнө түшкөн кожоюнум менен тогуз алтынга азаттык алууга келиштик. Мага жардам бериниз”, - деди. Пайгамбарыбыз мээримдүүлүк кылып, анын бул суранычын кабыл алып, аны сатып алды. Кийин аны азат кылды. Ал Пайгамбырыбыздын Исламды түшүндүрүүсү менен Исламды кабыл алды. Анын мусулман болгонуна катуу кубанган Пайгамбарыбыз сый иретинде өзү менен никесин кыйдырды. Муну көргөн сахабалардын (радыйаллаху анхум) бардыгы: "Биз Расулуллахтын үй-булөсүнөн болгон энебиздин туугандарын кызматчы кылып кармоого уялабыз”, - дешип колдорундагы туткундарды бошотушту. Бул нике жүздөгөн тутукундардын азыттык алуусуна себеп болду. Пайгамбарыбыз аялынын Берра деген ысымын өзгөртүп Жувайрийа (радыйаллаху анха) деп өзгөрттү. Хазрети Жувайрийа тууралуу Хазрети Айша: "Мен Жувайрийадан ашкан кайырлуу, берекелүү аял көрбөдүм”, - деген. Ислам аскери жеңиш менен Мединага кайтып келе жатканда айланадагы мушрик тайпалары мусулмандарга чабуул жасоонун канчалык кооптуу экендигин түшүнүшкөн болчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш