Хендек согушу


Хижраттын бешинчи жылы болчу. Мединадан кууп чыгарылган фитна менен козголоң чыгаруучу яхуди Надр уулдары топторго бөлүнүп, бир бөлүгү Шамга, бир бөлүгү Хайберге барган болчу. Бирок, алардын Ислам менен Пайгамбарыбызга деген өчөшүүлөрү арта түшкөн эле. Башчылары Хуйей жанына коомунун алдыңкы катар адамдарынан жыйырма адам алып Меккеге барды. Абу Суфйан менен кездешип, Пайгамбарыбызды өлтүрүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүп, план курууга киришти. "Бул ишти бүтүргөнгө чейин жаныңардан кетпейбиз”, - дешти. Абу Суфйан: "Душмандарыбыздын душманын биз кабыл кылабыз. Бирок, силерге ишениш үчүн биздин буттарыбызга табынууңар керек. Ошондо гана силердин адал экендигиңерге ишенебиз”, - деди. Максаттарына жетүү үчүн диндерин дагы саткан яхудилер буттардын алдына барып ийилишти. Ушундайча, китептүү капырлар китепсиз капырларга айланды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз менен Исламды жок кылууга сөз беришти.

Мушриктер дароо согушка даярдана башташты. Кошуна мушрик урууларга да адамдар жиберилди. Яхудилер дагы ар түрдү урууларды өздөрүнө тартууга күч жумшашты. Кээ бир урууларга акча менен курма берүүнү убада кылып, аларды куралдандырды. Мушриктер Мекке айланасынан төрт миң адамдык чоң аскер чыгарды. Абу Суфайн Дар-ун-надвада туу байлап, Осман бин Абу Талхага берди. Аскерде үч жүз ат, көптөгөн курал-жарак жана миң беш жүз төө бар болчу.

Төрт миң адамдык мушрик аскери Марраззахранга барган кезде Сулайман уулдары, Фазара уулдары, Гатафандыктар, Мурра уулдары, Асад уулдары сыяктуу көптөгөн уруулар алты миң адамдык аскер менен жардамга келип, мушрик аскерлеринин саны он миңге жеткен эле. Бул ал кезде өтө чоң күч болуп саналчу.

Мурундан Пайгамбарыбыз менен жакшы катышта болуп келген Хузаа уруусу дароо Мединага кабар жиберип, он күндүк жолду төрт күндө жүрүп өткөн сувари киши Пайгамбарыбызга мушриктер тууралуу толук кабар жеткизди.

Бардык иштерин сахабалар менен кеңешип аткарган Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дароо сахабаларын жыйнап, абалды талкууга салды. Согушту кайсы жерде, кандай өткөзүү тууралуу ар бир сахаба өз пикирин билдирди. Бул топто болгон Салман Фариси хазреттери дагы сөз алып: "Йа, Расулаллах! Биздин элде бир согуш сунушу бар. Душман кысым жасоого өтөт деген ыктымалдыгынан корккон кезибизде, айланабызга аң (хендек) казып коргонобуз”, - деди. Бул сунуш Пайгамбарыбыз менен сахабаларга жагып, душман менен ушундай согушууга чечим чыгарышты.

Пайгамбарыбыз дароо бир канча сахабаны алып, аңды кайсыл жерге казуу керек экенин белгиледи. Мединанын түштүк жагында бакча көп болуп, ал жерге бактар жыш отургузулган болчу. Мушриктердин бул жерден жалпы чабуулга чыгуу мүмкүндүгү аз эле. Анда бул жерди аз адам да коргой алчу. Ал эми чыгышта келишим жасашкан Бани Курайза деген яхуди уруусу бар болчу. Ошондуктан да мушриктер бир гана батыш менен түндүктөн, ачык жерден чабуул жасашы мүмкүн эле. Ошол жактардан аң казылчу орундар белгиленди. Сахабалардын ар бирине үч метрден жер тийди. Ар адам өз үлүшүнө түшкөн жерди 3,5 метр тереңдикте, ат аттап өтө албаган кеңдикте казуусу керек болду. Убаккыт аз болчу, душман Меккеден Мединага бет алган болчу. Аң тез арада казылыш керек болду.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен бирге Бисмиллахиррахманиррахим” деп, ор казууга киришти. Бул ишке балдар да катышты. Пайгамбарыбызга Зубаб чокусунан бир чатыр дайындашты. Аңдан чыгарган топурактар зембилдер менен ушу төбөнүн айланасына төгүлдү, кайтып келип жатканда сел тоосунан душмандарга ыргытылчу таштар алып келинди. Зембил таппагандар этектери менен топурак ташышты. Пайгамбарыбыз да чарчаганча иштеди. Муну көргөн сахабалар: "Жаныбыз сизге курман болсун, биздин иштегенибиз жетет. Сиз жумуш кылбаңыз, өзүңүздү кыйнабаңыз”, - дешти. Пайгамбарыбыз: "Мен дагы жумуш кылып силердин алган соопторуңарга орток болгум келди”, - деп жооп берди.

Ал кезде күн суук болчу. Ошону менен катар ошол жылдары кургакчылыка байланыштуу жутчулук болгон эле. Жеген нерсе табуу өтө кыйын болчу. Пайгамбарыбыз менен сахабалар катуу ачка болушкан эле. Өздөрүн күчтүү деп сезүү үчүн курсактарына таш байлап, ачкалыктарын сезбөөгө тырышышты.

Пайгамбарыбыз өзүнүн ач экендигин ойлобой, сахабаларынын ушундай суукта ач жүрүп, жумуш иштөөлөрүнө жана чеккен кыйындыктарына кайгырып: "Аллахым! Акырет өмүрүнөн башка өмүр жок! Йа, Раббим! Ансар менен мухажирлерди корго”, - деп дуба кылды. Сахабалар Пайгамбарыбызга: "Өмүрүбүздүн акырына чейин Аллаху тааланын жолунда Ислам динин жайуу үчүн Расулуллахка багындык”, - деп жооп берди. Ушу өзара сүйүү сезими ачкалык, суусоо сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды түбүнөн жойгон эле.

Аң казуу иши күндө таң азандан баштап кечке чейин созулчу. Бир күнү казуу үстүндө Али бинХакам (радыйаллаху анх) бутунан жаракат алды. Аны атка мингизип, Пайгамбарыбызга алып барды.

Пайгамбарыбыз "Бисмиллахиррахманиррахим” деп, анын жаралуу бутун сылады. Пайгамбарыбыздын мужизасы катарында бир заматта бутунун каны токтоп, ооруганы токтоду.

Аң казуу ишин уланта беришти. Сахабалар бир кезде катуу бир жерге туш болушат. Ал жерди канча тырышса да эч ким каза албады. Ошондуктан, бир нече киши Пайгамбарыбызга барып, абалды айтышат. Расулуллах алейхиссалам барып, аңга түшүп, бир идиш менен суу алдырат. Андан бир ууртам алып, кайра идишке куят. Андан кийин ошол сууну катуу жерге себет. Балканы алып, ал жерди урганда жер кумдай майдаланат. Ал жер оңой казылган болот. Ошону уруп жатканда Пайгамбарыбыздын курсагы ачылып, ал жердегилер Пайгамбарыбыздын курсагына таш байлап алганын көрүшөт. Пайгамбарыбыздын бул абалын көргөн Жабир бин Абдуллах (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздан үйүнө барып келүүгө уруксат алып кетет. Мындан кийинки абалды Хазрети Жабир мындай түшүндүрөт:

"Уруксат алгандан кийин үйгө барып аялыман: "Пайгамбарыбыздын катуу карыны ачкан. Ага адам чыдап албайт. Үйдө жечү эмне бар?” - деп сурадым. Ал: "Бул улактан жана бир нече ууч арпадан башка эч нерсе жок”, - деди. Мен дароо улакты сойдум, аялым арпаны тегирменге тартып, ун жасады. Андан кийин Пайгамбарыбызга барып: "Йа, Расулаллах! Аз гана аш даярдадык. Жаныңызга бир-эки адам алып, бизге тамакка жүрүңүз”, - дедим. Расулуллах алейхиссалам: "Тамагың канча?” - деп сурады. Айттым. Ал "Көп, ары жакшы тамак. Аялыңа айт, мен барганча этти да, нанды да тандырдан албасын”, - деди. Андан кийин мухажирлерге карап: "Эй, калайык! Тургула, Жабирдин үйүнө барабыз”, - деди. Сахабалар Пайгамбарыбыздын артынан ээрчишти. Мен дароо үйгө барып, болгон жагдайды аялыма айтып: "Эми эмен кылабыз?” - дедим. Мен: "Сурады, канча экенин айттым”, - дедим. Аялым: "Сахабаларды сен чакырдыңбы, же Пайгамбарыбызбы?” - деди. "Расулуллах чакырды”, - дегенде: "Расулуллах баарынан артык билет”, - деп, менин көңүлүмдү жибитти.

Бираздан кийин Пайгамбарыбыздын нурдуу жүзү көрүндү. Сахабаларга: "Кысылышпай ичке киргиле”, - деди. Сахабалар он-ондон топтошуп отурду. Пайгамбарыбыз эт менен нандын берекелүү болуусун тилеп, дуба кылды. Андан кийин идишти тандырдан чыгарбастан депкир менен ичиндегилерди алган нандын үстүнө коюп, сахабаларга созду. Бардык сахабалар тойгонго чейин ушундай улантышты. Ант кыламын, тамакты мындан көбүрөөк адам жесе дагы эт менен нан ошол бойдон тура берди. Биз да жеп болгондон кийин кошуналарга тараттык”.

Салман Фариси (радыйаллаху анх) аңды жакшы казчу. Жалгыз өзү он адам жасаган ишти аткарды. Ал да достору менен өзүнө бөлүнгөн жерди казып жатканда чоң, катуу ак ташка туш болду. Аны сындырууга көп күч жумшады. Бирок, эмгектери текке кетип, куралдары сынды. Хазрети Салман Пайгамбарыбызга барып: "Ата-энем сизге курман болсун, йа Расулаллах! Аңды казып жатканда бир ташка туш келдик. Темирден жасалган бардык куралдарыбыз сынды, аны ордунан жылдыра албадык”, - деди. Пайгамбарыбыз ошол жерге барып, балка сурады. Ал жердеги сахабалар да таң калып карап турушту. Пайгамбарыбыз төмөн түшүп, "Бисмиллахиррахманиррахим” деп, балканы көтөрүп, катуу керилип туруп ташты урганда Мединаны жаркыраткан чоң чагылган чыгып, таштын бир бурчу сынды. Пайгамбарыбыз "Аллаху акбар” деп, такбир айтты. Муну уккан сахабалар да такбир айтты. Экинчи жолу ташты дагы урду. Дагы да чоң чагылган чыгып, таштан сыныктар учту. Пайгамбарыбыз дагы да "Аллаху акбар” деп такбир айтты. Сахабалар да такбирди кайталашты. Үчүнчү жолу урганда дагы да чоң чагылган чыгып майдаланды. Пайгамбарыбыз дагы да "Аллаху акбар” деп такбир айтты. Сахабалар да кайталашты.

Хазрети Салман колун созуп, Пайгамбарыбызды жогору чыгарды. Салман Фариси: "Ата-энем сизге курман болсун, йа, Расуллалах! Өмүрүмдө көрбөгөн нерсени көрдүм. Мунун хикматы эмнеде?” дегенде Пайгамбарыбыз сахабаларына карап: "Салмандын көргөнүн силер да көрдүңөрбү?” - деп сурады. Алар: "Ооба, балканы ташка урганыңызда чоң чагылган чыкканын көрдүк. Сиз такбир айтканда биз да такбир айттык”, - дешти. Пайгамбарыбыз: "Биринчи урганда Кисранын (Иран шахы) үйлөрү көрүндү. Жабраил (алейхиссалам) келип, "Үммөтүң ошол жерлерди ээлейт” деп кабар берди. Экинчи урганда Шамдын кызыл үйлөрү көрүндү. Жабраил (алейхиссалам) келип, "Үммөтүң ошол жерлерге ээ болот” деди. Үчүнчүдө Сананын (Йемендин)үйлөрү көрүндү. Жабраил (алейхиссалам) "Ошол жерди үммөтүң ээлейт” деп кабар берди”, - деди.

Андан кийни Пайгамбарыбыз Ажам (Иран) падышасынын Мединадагы сарайын сүрөттөп берген кезде ошол жактан келген Хазрети Салман: "Жаным сизге курман болсун, йа Расулаллах! Сизди хак дин жана китеп менен жиберген Аллаху таалага ант беремин, ал сарайлар дал сиз айткандай. Сиздин Аллаху тааланын Расулу экениңизге күбөлүк беремин”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Эй, Салман! Шам сөзсүз түрдө алынат. Гераклиус элинин эң алыс жерине качат. Силер Шамдын бардык жерине үстөмдк кыласыңар. Силерге каршы эч ким келе албай. Йемен сөзсүз түрдө алынат. Бул Дияри Машрик (Иран) да сөзсүз түрдө басып алынат жана Кисра өлтүрүлөт. Аллаху таала бул жеңиштерди менден кийин силерге насип кылат”, - деди.

Салман Фариси (радыйаллаху анх): "Пайгамбарыбыздын ушул сүйүнүчтүү кабарларынын бардыгынын жүзөгө ашканын көрдүм”, - деген.

Душман келе турчу убакыт келип жеткен эле. Аң тез-тез түрдө казылып, бүтүүгө аз калган болчу. Мужахиддер зарыл болгон абалда Пайгамбарыбыздан уруксат алып, кайра келип иштерин улантышкан.

Мунафыктар бул ишке салкын карап, каалаган кездерде келип, каалаган кезинде кетип калчу. Ушундайча, сахабалардын ушу аракетин мазактап, Пайгамбарыбыздын айткан сөздөрүнө карап: "Биз душмандан коркуп, аңдарга жашырынып жатабыз. Ал болсо бизге Йемен, грек, перс элдеринин үйлөрү убада кылууда. Биз силерге таң калабыз”, - дешчү.

Ушуга байланыштуу мужахиддер үчүн түшкөн аятта: "Чыныгы момундар ушундай адамдар, алар ихлас менен Аллаху таалага жана Расулуна ыйман келдиргендер жана топтошуп иштеген иш үчүн анын (Расулуллахтын) карамагында болгон кездерде андан уруксат алмайынча кетпегендер. Андай болсо (Эй сүйүкүү кулум) сенден уруксат сурагандар Аллаху таалага жана Расулуна ыйман келтиргендер. Бул момундар кээ бир иштери үчүн сенден уруксат сураганда сен дагы алардан каалаган адамыңа уруксат бер жана алар үчүн Аллаху тааладан кечирим тиле. Күмөнсүз, Аллаху таала Гафур-ур-Рахим, өтө кечиримдүү, өтө мээримдүү”, - деп айтылган. ("Нур” сүрөсү, 62)

Мунафыктар үчүн түшкөн аяттарда мындайча айтылган: "Аллаху тааланын Расулунун чакыруусун өз араңардагы жөнөкөй адамдын чакыруусу менен теңештирбегиле (чакыруусуна дароо баргыла жана уруксатсыз кетпегиле)! Ичиңерден бири-бириңди тазалап, жашыруун качкандарыңарды Аллаху таала сөзсүз билет. Анын буйругунан качкандар дүйнөдө бүлгүнгө, акыретте азапка учуроодон сактансын! Абайлагыла! Көктөр менен жерде эмне бар болсо, бардыгына тең Аллаху таала ээ. Ал силердин кандай ишенимде экениңерди жана (капырлар менен мунафыктардын) Өзүнө кайра келгенин кыямат күнүн дагы билет. Аллаху таала алардын дүйнөдө жасагандарын өздөрүнө айтат. Аллаху таала бардык нерсени билет”. ("Нур” сүрөсү, 63, 64)

Ор казуу ишин башташкандарына он күн болгон эле. Бардыгы өз иштерин толук бүтүргөн болчу. Бир гана жери убакыт жетпегендиктен терең жана кеңейтип казылбай калды. Пайгамбарыбыз ушул жердин кооптуулугун айтып: "Мушриктер ушул жерден башка жерден өтө алышпайт”, - деди. Ал жерге кезек менен күзөт койду.

Мушрик аскери Мединага жакындаган кезде яхуди Надр уулдарынын башчысы Хуйей Курайыш аскеринин кол башчысына Мединадагы Курайза яхудилеринин мусулмандар менен тынчтык тууралуу келишимге келгенин, бирок, алардын башчысы Кааб бин Асадды алдап, өз саптарына кошуп алганын айтты. Кол башчы: "Эй, Хуйей! Дароо Кааб бин Асадга бар. Мусулмандар менен жасаган анттарын бузуп, бизге жардам берсин”, - деди. Бул келишимдин бөлүгүнүн бири "Мединага бир душман аскери чабуул жасаса, мусулмандар менен бирге душманга каршы туруу” болчу.

Яхуди Хуйей мушрик аскеринен чыгып, түндө Бани Курайза башчысы Каабдын үйүнө барды. Эшикти кагып, өзүнүн ким экенин айтат: "Эй, Кааб! Курайштын бүткүл аскерин Кинана жана Гатафан уулдары сыяктуу көптөгөн уруулардын башын кошуп он миңдик аскер кылып алып келип жатам. Эми Мухаммед менен сахабалары колубуздан кутула алышпайт. Аларды толук жоймоюнча Курайштыктар менен бул жерден кетпөөгө сөз бердик”, - деди. Кааб: "Эгер Мухаммед менен сахабалары өлтүрүлбөй, Курайш менен Гатафандыктар элдерине кайра кетсе, биз бул жерде жалгыз калабыз. Андан кийин бизди өлтүрүшөт деп коркомун” деп коркунучун билдиргенде Хуйей: "Бул коркунучту жойуу үчүн Курайш менен Гатафандардан жетимиш адам кепил сурайсың. Бул кепил адамдар сенде болгон кезде алар бул жерден кете алышпайт. Эгер жеңилүүгө учурап, кетсек, мен силердин жаныңардан кетпеймин. Силерге түшкөн кооп мага да түшсүн”, - деп, Кааб менен башка яхудилерди алдады. Мусулмандар менен жасалган келишим күбөлүк катты жырткызды. Ушундайча, келишим бузулган эле.

Хуйей мушрик аскерине кайтып келип, жагдайды айтып берди. Бани Курайзанын мусулмандардын арасынан чабуул жасай турганын билдирди.

Жетинчи күнү мушриктер он миң кишилик аскер менен Мединанын батыш жана түндүк жагына барып, ордолорун курду. Бул ордо аң казылган жерде болчу. Мушриктердин ою ушу чоң аскер менен Мединаны талкалоо, Исламды жойуу болду. Бул бир караганда каршы турууга мүмкүн болбогондой, чоң аскер кошуун болуп көрүндү.

Мушриктер ойлоруна кирип-чыкпаган аңдарды көргөндө таң калып, ниеттери бузулду. Анткени, аң өтө чоң жана ат аттап өтө албагандай кеңдикте болчу. Ичине түшкөн адам да оңойлук менен чыга албайт. Анын үстүнө соот кийим кийген адамдын жогору жөрмөлөп чыгуусу андан да кыйын эле.

Мушриктердин келгенин уккан Пайгамбарыбыз алты күн бою жумуш иштеп чарчаган сахабаларын жыйнап, аңдын аркы бетине сел тоонун этегине ордосун курду. Арттарында сел тоосу менен Медина бар болчу, алдында аң, анан аркы жагында душман... Ибн Умму Мактум Мединада Пайгамбарыбыздын өкүлү катарында калтырылды. Аялдар менен балдарды чептерге жайгаштырышты. Үч миңдик Ислам аскеринин отуз алты аттуу аскери болду. Тууларды Зайд бин Хариса менен Саад бин Убада (радыйаллаху анхум) алып жүрдү. Пайгамбарыбыздын териден жасалган чатыры Сел тоосунун этегине курулду.

Дагы да канча деген эрдиктерин көрсөткөн сахабалар (радыйаллаху анхум) душмандардын аракетин дыкаттык менен көзөмөлдөп турушту. Ушу кезде Пайгамбарыбызга Хазрети Омар келди. "Йа Расулаллах! Угушум боюнча Курайза яхудилери арабыздагы келишимди бузуп, бизге каршы согушка даярданып жатышкан экен”, - деди. Мындай күтпөгөн кабарга Пайгабарыбыз: "Хасбуналлаху ва нимал вакил – Аллаху таала бизге жетет. Ал кандай жакшы өкүл”, - деп жооп берди. Катуу тынчсызданган эле. Ислам аскери эки оттун арасында калган эле. Түндүк менен батышта мушрик аскерлери, түштүк чыгышта яхудилер бар эле.

Пайгамбарыбыз Зубайр бин Аввамды (радыйаллаху анх) Курайза уулдарынын чебине жиберди. Хазрети Зубайр барып, абалды билди. Келип: "Йа, Расулаллах! Алардын чептерин оңдоп, согушка даярданып жатканын көрдүм. Жаныбарларын да жыйнап жатышат”, - деп, көргөндөрүн айтты. Ошого карай Пайгамбарыбыз Саад бин Муаз, Саад бин Убада, Хавват бин Жубайр, Амр бин Авф, Абдуллах бин Раваханы (радыйаллаху анхум) Курайза уулдарына насыят айтып, алар менен кайра келишим түзүүгө жиберди.

Тапшырма берилген бул беш сахаба Курайза яхудилеринин чептерине барып, аларга насыят айтты. Бирок, мындан натыйжа чыкан жок. Андан бетер алар сахабаларга тил тийгизип башташты. Акырында: "Туугандарыбыз Надр уулдарын жерлеринен айдап чыгаруу менен биздин колубузду, канатыбызды кестиңер. Мухаммед ким экен ошончо! Аны менен арабызда эч кандай убада дагы, келишим дагы жок. Пайгамбарларыңарга бирге чабуул жасап, өлтүрүүгө сөз бердик. Туугандарыбызга жардам беребиз”, - дешти.

Сад бин Муаз менен жолдоштору (радыйаллаху анхум) Пайгамбарыбыздын алдына барып, эч кимге сездирбестен кабарды жеткизет. Пайгамбарыбыз: "Кабарды жарыя кылбагыла. Анткени, согуш чара колдонуу менен алдоодон турат”, - деди.

Сахабалар аңдын бир жагында Пайгамбарыбызды күтүп, анын кандай аракет жасаганына карап турду. Бир аздан кийин Пайгамбарыбыз сахабалардын жанына барып: "Аллаху акбар! Аллаху акбар!”, - деп такбир айтты. Муну уккан сахабалар бардыгы тең бирге такбир айтып Хак тааланын атынын улуулугун билдирип, аңдын аркы жагындагы капырлардын жүрөктөрүнө коркунуч уялатты. Мушриктер муну угуп: "Мухаммед менен сахабаларына бир кубанычтуу кабар келди го деймин”, - дешти. Пайгамбарыбыз сахабаларына: "Эй, мусулман жамааты! Аллаху таананын жеңиши менен жардамына кубангыла”, - деп, жеңе тургандарын сүйүнчүлөдү. Сахабалар буга чейин биринчи согуштарда болуп, Бадр менен Ухуд согуштарына катышкан болчу. Саны жана күчү жагынан басымдуу болгон мушриктерди бардык кезде Аллаху тааланын уруксаты менен Пайгамбарыбыздын дубасы менен жеңген болчу. Өздөрүн жаратылгандардын баш таажысы болгон Пайгамбарыбыз башкаргандыктан жасай албаган иш, аша албаган ашуу болуусу мүмкүн эмес эле. Күн суук болчу, жуттук кези, адамдар ач эле. Пайгамбарыбызды кошкондо биразы курсактарына таш байлап алган эле. Каршыларында душман турган эле. Бирок, сахабалар үчүн душмандын көптүгү менен чеккен кыйынчылыкттары маанилүү эмес болчу. Алар үчүн Аллаху таала эң жакшы өкүл эле... Алар Ага берилип, Ага таянган, Ага сыйынган эле.

Курайштын алдынкы катардагы кол башчылары менен Курайш менен бирге келген башка уруулардын көсөмдөрү жалпы чабуулга чечим кабылдоодон мурда аңдын айланасынан өтө алгыдай жер издешти. Аңдын бул башынан тиги башына чейин көрүп чыгышты. Акырында шашылыч менен жарымдап казылбай калган жерге токтоп, ошол жерден чабуул жасоого чечим кабылдашты. Мушрик аскерлери дагы бир сахабаларга, бир аңга карап, абдырап турду. "Ант беребиз, бул арабтар колдонгон таасир эмес, муну ошол перс адам үйрөткөн болуу керек”, - дешти алар.

Курайыштык колбашчылар аскерине аңдын тар жерин көрсөтүп, "Ушу жерден ким аттап, каршы бетке өтө алат?” деген кезде ичтеринен беш атчан аскер чыкты. Булар жекеме-жеке согушуу үчүн аңдын аркы жагына өтүүлөрү керек эле. Сахабалар менен мушрик аскерлери ушу бешөөнүн аракетине карап турду. Атчандар ылдамдык менен келип аттоо үчүн артка чегиништи. Андан кийин аттарынын башын аңдын тар жерине буруп, алдыга карай чабышты. Такалары бар беш ат бир аттаганда аңдын аркы бетине өтөт. Аны көптөгөн атчан аскерлер кайталаганы келгени менен алар муну кыла албай, аңдын аркы жагында калып калды. Өткөндөрдүн чинде Амр бин Абд деген өтө күчтүү бир адам да бар болчу. Башынан бутуна чейин соот кийим кийинген, айбаттуу сүрү бар болчу. Сүрдүү болуп көрүнгөн бул адам мужахиддерге карап: "Мен менен согушчу адам бар болсо, чыксын”, - деди.

Ошо кезде хазрети Али Пайгамбарыбыздын жанына барып: "Жаным сизге курман болсун, Йа, Расулаллах! Аны менен мен согушайын”, - деп уруксат сурады. Анын үстүндө соот кийими да жок болчу. Сахабалар ага кызганыч менен карап турду. Пайгамбарыбыз өзүнүн соот кийимин чечип, Хазрети Алиге кийгизди. Андан кийин: "Аллахым! Бадр согушунда агамдын уулу Убайда, Ухуд согушунда агам Хамза шехид болду. Жанымда тууганым менен агамдын уулу Али калды. Сен аны сакта. Ага жардам бер. Мени жалгыз калтырба”, - деп дуба кылды. Сахабалар "Амин”, - дешти.

Дубалар менен такбирлердин арасында жөө алдыга карай жүргөн Аллаху тааланын арстаны алдында ат менен энтелеп турган Амр бин Абдтын алдына чыкты. Көздөрүнөн башка жеринин баары соот менен капталган Амр бул баатырды тааныбай, андан ким экенин сурады. Ал: "Мен Али бин Абу Талибмин”, - деп өзүн тааныштырганда Амр: "Эй, тууганымдын баласы! Атаң менин досум. Ошондуктан, сенин каныңды төккүм келбейт. Мага каршы чыкчу туугандарың жокпу?” - деп ага боор ооругандай мамиле кылды. Хазрети Али: "Эй, Амр! Валлахи, мен сенин каныңды төккүм келет. Бирок, экөөбүз тең жагдайда болуубуз керек эмесми? Жигиттикке бул жарашпайбы? Мен жөөмүн, а сен болсо аттын үстүндөсүң”, - деп, аны намыстантты.

Муну уккан Амрдын жигиттик намысы козголуп, дароо атынан түшүп, атынын буттарын кылыч менен чаап, Хазрети Алинин алдына барды. Согушалы деп турганда Аллаху тааланын арстаны: "Эй, Амр! Сен Курайштан бирөө менен кездешкенде анын эки тилегенин бирин орундаймын деп ант бергениңди уккам. Бул чынбы?” - деп сурады. Ал: "Ооба, чын”, - деди. "Андай болсо, биринчи тилегим – сенин Аллаху таала менен Расулуна ыйман келтирип, мусулмандыкты кабылдооң”, - деп ыйманга чакырды. Муну уккан Амр ачууланып: "Жок, бул мага керек эмес”, - деди. Хазрети Али: "Экинчи каалоом – согушту таштап, Меккеге кайтууң. Анткени, Расулуллах душманды жеңсе сен бул аракетиң менен ага жардам берген болосуң”, - деди. Амр: "Бул да болбойт. Мен өч алмайынча токтобоого сөз бердим. Башка тилегиң болсо айт”, - деди. Хазрети Али: "Эй, Аллаху тааланын душманы! Андай болсо сени менен согушуудан башка чара калган жок”, - деди. Амр бул сөздөргө күлүп: "Мына, чын! Араб жеринен мага каршы чыга алган жигиттин бар экенин эч ойлобоптурмун. Эй, тууганымдын баласы! Ант беремин, мен сени өлтүрүүнү калабаймын. Анткени, атаң менин досум болчу. Мен согушууга Курайштан Абу Бакр сыяктуу, Омар сыяктуу адамды каалайт элем”, - деди. Хазрети Али: "Андай болсо мен сени өлтүрүү үчүн ушу жерге чыктым”, - деген кезде Амрдын каны башына чыгып, кылычын шилтеди. Ушуну күтүп турган Аллаху тааланын арстаны соккусун калканы менен күтүп алды. Бирок, Амрдын сокконунан канча деген калкандар сынган болчу. Бул жерде дагы ошондой болду. Хазрети Алинин калканы сынып, башына тийип, жарадар алды. Уруу кезеги Алиге келген эле. "Йа, Аллах” деп, Зулфикарды Амрга карай шилтеди. Ал кылычын шилтеген кезде Ислам аскеринен "Аллаху акбар! Аллаху акбар!” деген добуштар жер менен көктү жаңырта баштады. Ооба, Пайгамбарлардын султаны, болмуштардын баш таажысы болгон Расулуллах алейхиссаламдын дубасы кабыл болуп, Амрдын денеси жерге кулап, башы жерге томолонду. Эң ишенген адамдары болгон Амрдын жерге кулаганын көргөн жолдоштору дароо Хазрети Алиге карай умтулушту. Муну көргөн сахабалар да ошол жерге жүгүрдү. Зубайр бин Аввам (радыйаллаху анх) Навфал бин Абдуллахты жарадар кылып, аты менен бирге аңга кулатты. Хазрети Али аңга түшүп, Навфалды эки бөлүкө бөлдү. Калгандары аңды араң өтүп, бери качты. Мушрик аскеринин баш кол башчысы согуштун башында эле үмүтүн үзө баштаган эле.

Эми согушуу түрү аныкталган эле. Аң бетме-бет согушууга тоскоол келтирген эле. Бири-бирине жаа атууга киришти. Бул аракеттен эчтеке чыкан жок. Мушриктер мындайча жеңе албай тургандыктарын билип, аңдын бардык жагынан чабуул жасоого чечим кабылдап, чабуулга киришти. Он миң адамдык күчтүү душман аскери аңдан өтүүгө тырышып жатса, үч миң адамдык Ислам аскери ок менен, таш менен аларды аңдан өткөзбөөгө күч жумшашты. Кызуу согуш башталган эле. Бул согуш кечке чейин уланды.

Пайгамбарыбыз түндө аңдын ар жерине кезекчилерди койду. Өзү аңдын тар жерине күзөткө турду. Мединага беш жүз адамдык чалгынчы аскер жиберип, аларга көчөлөрдө катуу үн менен такбир айтууну буйрук кылды. Ушундайча, яхудилерден же Курайыш мушриктеринен келген кооптун маалында алды алынып, аялдар менен балдар корголмок эле.

Курайза яхудилери болсо Хуйей бин Ахтабды мушриктерге жиберип, түндө чабуул жасоо үчүн эки миң адамдык аскер сурады. Түндө коргоосуз калган аялдар менен балдарга чабуул жасоону пландады. Бирок, мужахиддердин азанга чейин чалгын жасап жүрүүлөрү "Аллаху акбар” деп такбир айтуулары алардын жүрөктөрүнө коркунуч конду. Чептерине жашырынып, ыңгайлуу саатты күтө башташты. Кичине топтор түрүндө бирден Мединага кирүүгө тырышты.

Бир түнү Курайза уулдарынан Газзал аттуу бир киши жанына эрчиткен он адамдык топ менен бирге Пайгамбарыбыздын эжеси Сафийанын (радыйаллаху анха) үйүнө чейин барды, ичте аялдар менен балдар бар болчу. Алардын коргонууга бир дагы куралы жок эле. Яхудилер биринчи үйгө ок атып, андан кийин ичине кирүүгө тырышты. Алардын бири короого кирип, үйгө кирүү үчүн айлананы карай баштайт. Ушу кезде Пайгамбарыбыздын баатыр эжеси жанындагыларга үн чыгарбоону эскертип, ылдый түшүп, эшиктин жанына барат. Бир кебез менен башына селде ороп, эркек кейпине кирип, колуна бир укурук алып, белине бычак тагат. Акырын эшикти ачып, жанагы яхудинин артынан барып, укурук менен башка урат. Жерге кулаган яхуди бир заматта өлтүрүлөт. Андан кийин өлтүрүлгөн яхудинин башын сыртта ок атып жаткан яхудилерге ыргытат. Жолдошторунун башын көргөн яхудилер коркуп, кача башташат. Өз араларында: "Бизге мусулмандар үйлөрүнө эч кандай эркек калтырбай бардыгы согушка кетти деген кабар берген эле!” - деп жатышты.

Согуш эртең менен дагы да ошондой уланды. Октор учуп жатты. Пайгамбарыбыз сахабаларына: "Болушум кудурет колунда болгон Аллаху таалага ант беремин, башыбызга түшкөн бул кыйынчылыктар милдеттүү түрдө үстүңөрдөн алынат жана силер кубанычка бөлөнөсүңөр”, - деп, аларга сабырдуулук кылууну сунуш кылды жана жеңиштин өздөрүнө таандык экенин айтты. Бул сүйүнчү кабарды алган баатыр сахабалар ачтык, жокчулук сыяктуу кыйынчылыктарын унутуп, бар күчтөрүн салып согушту. Аңдан бир дагы мушрикти өткөзүшкөн жок. Сахабалардан Саад бин Муаз (радыйаллаху анх) чоң баатырдык менен согушту. Согуш учурунда Хиббан бин Кайс бин Арака деген мушриктин аткан огунан жаракат алды. Ок тамырына тийип, көп кан жоготту. Хазрети Саад жанындагылардын канды токтотууга бүт күчтөрүн салганын көрүп, абалы кыйын экенин түшүнүп: "Йа, Раббим! Курайш согушу уландысы болсо мага өмүр бер. Анткени, Сенин Расулуңду азап тартырган, аны жарадар кылган мушриктер менен согушуудан башка, эчтеке каалабайбым. Эгер арабызда согуш бүтсө, мени шейит даражасына көтөр. Бирок, мени Курайзанын тагдырын көрбөстөн рухумду алба”, - деп тиледи. Дубасы кабыл болуп, каны токтоду.

Сахабалардын арасында согушуп жүргөн сыяктуу көрүнүп Абдуллах бин Убай сыяктуу мунафыктар болсо болушунча оор кыймылдап, алдынкы чептерге барган жок. Ушундайча, мужахиддердин көңүлүн бузуу үчүн колдорунан келгенди жасашты: "Мухаммед силерге Кайсар (византия бийлөөчүсү) менен Кисранын (Иран бийлөөчүсү) казыналарын убада кылууда, бул түрүбүзгө карагыла, аңдын ичинде камалып отурабыз. Коркконубуздан даарат сындырууга да бара албай жатабыз. Аллах менен Расулу бизди алдоодон башка эчнерсе кылышпайт”, - деп козголоң чыгарууга тырышты. Бул эки жүздүүлөр кысылган кездерде үйлөрүнө душмандын чабуул жасаганын шылтоо кылып, орундарын таштап кетип калчу. Мунафыктардын бул аракеттери дагы өз алдынча бир дарт болду.

Мушрик аскери бардык күчүн салса да баатыр сахабалардын туруштугунун алдында эч кандай натыйжа чыгара албады. Эң көп согушкан жерлери аңдын тар жери болгон. Пайгамбарыбыз ал жерден кетпей, сахабаларын согушка тартты. Пайгамбарыбыздын жанында согушуу урматына ээ болгон сахабалар (алейхимуррыдван) согуш майданында теңдеши жок эрдик көрсөтүштү. Бир кезде мушриктердин катуу ок жаадыра баштаганы байкалды. Бардыгынын мээлегендери Пайгамбарыбыздын чатыры болду. Чатырдын алдында тип-тике туруп, сахабаларына буйруктарды берип турду. Мушриктер кээде алсыз болуп көрүнгөн жерге жалпы чабуул жасап, сахабалар болсо ошол жерге жүгүрүп, дин душмандарын чачканча бүт жандарын берип согушушту. Ушундай кызуу согуш жүрүп жатты, сахабалар согуштан баштарын да бура албаган абалда эле. Ошол күнү эрте башталган согуш кеч убакыттарга чейин созулду. Намаз убакыттары киргенде сахабалар: "Йа, Расуаллах! Намаздарыбызды окуй албадык”, - дегенде Пайгамбарыбыз да кайгырып: "Валлахи, мен дагы окуй албадым”, - дечү. Куптан убактында ибадаттарын жасатпаган душмандын аскерин катуу чабуул менен артка карай чегиндиришти. Курайштыктар менен Гатафандар түнөө үчүн артка кайтты. Мужахиддер дагы Пайгамбарыбыздын чатырына карай бет алды. Ошол кезде Пайгамбарыбыздын каргыш айтуу адаты жок болсо да намаз үчүн чыдай албай: "Алар кандай күн батканга чейин бизди намаздан калтырса, Аллаху таала да алардын үйлөрүнө, карындарына жана кабырларына от толтурсун”, - деп, мушриктерге каргыш айтты. Каза болгон бешим, аср жана шам намаздарын окугандан кийин куптан намазын окушту.

Мушриктер Исламды жойуш максатында жасаган ушундай кагылышуулар менен согуштардан кийин мусулмандарды күндүз жеңе албай тургандарын түшүнүп, алар дал ушундай оор сокку менен түндө согушууга чечим чыгарышты. Мусулмандарды бир гана ушундай жеңүүгө болот деп ойлошту. Ушу чечимдерин дароо ишке ашырып, яхуди Курайза уулдары менен бирге түндө чабуул жасоого киришти. Аскерин топторго бөлгөн мушриктер кезектешип чабуул жасашты. Бул бир нече күнгө созулду. Пайгамбарыбыз баштаган сахабалар ач, чарчаган болсо да коргоодон тайган жок. Эч кандай душман аскерине аңдан өтүү мүмкүнчүлүгүн берген жок. Бул коргонуу мурунку согуштан да коркунучтуу, оор болгон эле.

Бир нече күндөн бери согушуп жаткан мушриктерде азык-түлүк маселеси кыйындай баштады. Ат менен төөлөрү дагы жерден бир тал чөп таба албай кырылып баштаган эле. Ошол себептен мушриктердин кол башчысы Дырар бин Хаттаб кол астындагы бир кошуунду Курайза яхудилеринен азык алып келүүгө жиберет. Капырларга бардык нерселерин курман кылган яхудилер дароо жыйырма төөгө буудай, арпа, курма жана малга саман артып берет. Дырардын аскерлери кубанып келе жатканда Куба жанында бир топ сахабага (алейхимурридван) кезигет. Сахабалар аларга чабуул жасап, кандуу согуштан кийи мушриктерди кууп, жүк артылган төөлөрдү Пайгамбарыбызга алып барып тапшырып, ыраазылыгын жана дубасын алышат.

Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи ва саллам) бир айга жакын убакытка созулган бул согушта катуу кыйналган сахабаларына боору ооруп, аларга аталарынан дагы артык жакшылыктарды жасачу. Сахабаларынын көрсөткөн ушундай бекемдиктерине ыраазы болуп, маңдайын жерге коюп, алар үчүн Аллахтан мындай тилек тилеген: "Эй, дарттууларга жардамга келүүчү! Эй, муктаждар менен чарасыздардын дубасын кабыл кылуучу Аллахым! Менин жана сахабаларымдын жагдайын сөзсүз көрүп, билип турасың. Йа, Раббим! Сен душманды азапка учурат, араларына бүлүк сал жана аларга каршы бизге жардам бер!”. Пайгамбарыбыз бул дубаны акыркы күндөрү көп кайталады.

Мушриктер жуттан кыйналып, тезирээк мусулмандарды курутуу үчүн бардык күчтөрүн жумшашты. Бир күнү кечинде мушрик аскеринен жүрөгүндө Исламга сүйүү ойгонгон бир адам Пайгамбарыбызга барды. Ал Гатафан уруусунан Нуайм бин Масуд болчу. Пайгамбарыбызга: "Йа, Расулаллах! Мен Аллаху тааланын бир экенин жана сиздин хак пайгамбар экениңизди тастыктоого келдим. Аллахка шүгүр, мусулман болдум. Ушуга чейин сизге каршы согуштум. Мындан кийин капырларга каршы согушамын. Мага эмне буйрук кылсаңыз ошону орундоого даярмын. Йа, Расулаллах! Менин мусулман болгонумду өз уруум”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Бул капырлардын арасына барып, араларына бүлүк сала аласыңбы?” - деди. Ал: "Йа, Расулаллах! Аллахтын жардамы менен аларды бири-бирине каршы бүлүк сала аламын. Бирок, каалаган сөзүмдү айтууга болобу?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Согуш куулуктан турат, каалаганыңды айта бер”, - деди.

Нуайм бин Масуд алгач Курайза яхудилерине барып: "Менин силерге деген махабатымды билесиңер. Бирок, бул айткандарым ушу жерде калсын, эчким билбесин”, - деди. Яхудилер: "Эчким билбеген болот”, - деп ант кылышты. Андан кийин хазрети Нуайм бул адамдын (пайгамбарыбыздын) иши анык беле. Анын Надр жана Кайнука уулдарына эмне кылганын билесиңер. Аларды мекенинен айдап чыкканын баарыңар тең көрдүңөр. Эми Курайштыктар менен Гатафандар келип, мусулмандар менен согушууда. Канча күндөн бери согушуп жатсак да эч кандай натыйжа чыгара албадык. Ушундай уланта берсе, курчоо узакка созулайын деп турат. Курайштыктар менен Гатафандардын малдары, мүлктөрү, жерлери, бала-чакалары силер сыяктуу бул жерде эмес. Эгер бул согушту жеңген болсо, олжолорун жыйнайт да элдерине кетет. Эгер жеңилсе кайра артка кетет. Силер мусулмандар менен каласыңар. Андай болсо, силердин аларга каршы тура алган күчүңөр жок. Согуштун азыркы абалы мусулмандардын жеңишин көрсөтүп турат. Менин оюмча мусулмандар силерди кырат. Ошондуктан, тез арада бир чара колдонууңар керек”, - деди. Бул сөздөрду угуп турган яхудилер Хазрети Нуаймдын өздөрүнүн камын ойлогонуна ыразы болуп: "Сен бизге чыныгы дос экениңди көрсөттүң. Биз эмне кылсак болот, ошону айт”, - дешти. Ушуну күтүп турган Нуайм бин Масуд (радыйаллаху анх): "Туурасы бул, Курайш менен Гатафандан кепилге кээ бир адамдарды алмайынча мусулмандар менен согушпагыла. Кепил адамдар силерде болгон кезде алар согуштан качып кете албайт”, - деди. Мунун өтө жакшы чара экенин кабылдаган яхудилер ага ыраазылыктарын билдирип, сый-сыпат көрсөтүштү.

Хазрети Нуайм яхудилердин мекенинен чыгып, түптүз Курайш ордосуна барды. Алардын кол башчыларына: "Менин Мухаммедге деген душмандыгымды жана менин силерди кандай жакшы көргөнүмдү билесиңер. Уккан нерсемди силерге жеткизүүгө милдеттүүмүн деп санадым. Бирок, бул уккандарыңарды эч кимге айтпоого убада бересиңер”, - деди. Алар ант берип, таң калып: "Айт, сени угуп турабыз”, - дешти. "Кабарыңар болсун, Курайза яхудилери силер менен шериктеш болгондоруна өкүнүп, Мухаммедге кабар жиберишиптир: "Курайш менен Гатафандардын алдыңкы катардагы адамдарын кепилге алып, аларды өлтүрүүнү силерге тапшыралы. Андан кийин сен менен кошулуп мушриктерди түп орду менен жок кылганга чейин согушалы. Бирок, сен туугандарыбыз Надр уулдарын кечирип, жерлерин кайтарып беришиң керек”, - дептир. Мухаммед алардын бул тилегин кабылдаптыр. Эгер яхудилер силерден кепилге адам сураса бербегиле. Алар адамдарыңарды өлтүрөт. Бул айткандарымды эч ким укпасын”, - деди. Курайштыктар ушундай маанилүү кабарды жеткизгени үчүн Нуаймга сый-сыяпат көрсөтүштү.

Нуайм бин Масуд (радыйаллаху анх) ал жерден кетип, Гатафандарга барды. Курайыштыктарга айтканын аларга да айтты.

Бир күндөн кийин Курайш кол башчысы Курайза уулдарына: "Бул жерде калуу кыйындык туудура баштады. Анткени, күн суук, жаныбарларыбыз да ачтыктан кырылууда. Бүгүн түндө даярдык көрүп, эртең баарыбыз жалпы чабуул жасайлы”, - деген кабар жиберди. Яхудилер: "Биз ишенби күнү согушпайбыз жана силер менен бирге согушка катышуубуз үчүн алдыңкы катардагы адамдарынан бир нече адамды бизге кепил катары берүүңөр керек. Эгер курчоо убакыты узап, силер алсырап, элиңерге кетип калсаңар бизди Мухаммедге өз колуңар менен берген болосуңар. Эгер кепил адам берсеңер бизди таштап кете албайсыңар дешти. Бул кабар Курайштын кол башчысына жеткен кезде: "Нуайм бин Масуддун айтканы чын экен деп, яхудилерге кабар жиберип: "Биз силерге бир дагы адамды кепил катарында бербейбиз. Эгер эртең, биз менен бирге чабуулга чыксаңар кандай жакшы. Андай кылбасаңар биз жерибизге кетип калабыз. Силер Мухаммед менен сахабаларынын курчоосунда каласыңар дешти. Ушинтип, эки жак тең дүрбөлөңгө салынды.

Пайгамбарыбызга Жабраил алейхиссалам келип, Аллаху тааланын мушриктерге бороон жибере тургандыгын айтты. Ушуга байланыштуу Пайгамбарыбыз тизелеп отуруп, колун жайып: "Аллахым! Мага жана сахабаларыма мээрим кылганың үчүн шүгүр кылдым”, - деп алкышын билдирди. Андан кийин бул сүйүнчү кабарды сахабаларына жекизди.

Ал күнү ишенбинин түнү болчу. Талаа түнт караңгы эле. Катуу суук түшүп, катуу шамал ура баштады. Бул түндү Хузайфа ибн Йаман мындайча баяндайт:

"Ал түнү өтө караңгы болду. Күн күркүрөп, катуу бороон болду. Ушу саатта мушрик аскеринин дүрбөлөңгө түшүп, өз араларында түшүнбөстүктөр орун алганын Пайгамбарыбыз бизге кабар берди. Биз катуу сууктан, ачтыктан, түндүн коркунучунан ордубуздан тура албай, отурган жерибизде үстүбүзгө бир нерселерди жаап, күтүп отурдук.

Пайгамбарыбыз намазга туруп, түндүн бир бөлүгүн намаз менен өткөзгөндөн кийин: "Араңарда мушрик аскерине барып, алардын абалын билип, мага кабарлап келе алчу адам барбы? Мындай адамдын Жаннатта мага жолдош болуусун Аллаху тааладан тилейин”, - деди. Ал жердегилер суукка байланыштуу орундарынан тура алышпады. Андан кийин Пайгамбарыбыз менин жаныма келди. Суук менен ачтыктан тизелеп, бүрүшүп отурган элем. Мага колун тийгизип: "Сен кимсиң?” - деп сурады. "Мен Хузайфамын”, - дедим. Пайгамбарыбыз: "Бар, тиги коомдун эмне кылып жатканын көрүп кел. Жаныма кайра келгенче аларга ок менен таш ыргытпа, найза, кылыч урба. Сен кайра келгенче сууктан, ысыктан зыян көрбөйсүң, туткунга түшүп, кол салууга учурабайсың”, - деди. Кылычым менен жааны алып, кетүүгө даярдандым. Пайгамбарыбыз мен үчүн: "Аллахым! Аны алды-артынан, оңунан-солунан, үстүнөн-астынан корго”, - деп дуба кылды.

Мушриктерге карай бардым. Өзүмдү мончодо жүргөндөй сездим. Эч кандай коркунуч, үшүү, коркуу сезимин байкаган жокмун. Ушинтип, мушриктердин ордосуна бардым. Кол башчылар менен алдыңкы катардагы адамдар от жагып, жылынып отурушкан экен. Абу Суфйан: "Бул жерден кетүү керек”, - деп айтып отурду. Менин оюма аны дароо өлтүрүү келди. Бир ок алып жаама койдум. Оттун жарыгын пайдаланып, аны аткым келди. Дал атам деп турганда Пайгамбарыбыздын "Менин жаныма кайра келгенче эч кандай окуя чыгарбайсың” дегени эсиме түшүп, өлтүрүүдөн баш тарттым. Андан кийин өзүмдү эр сезип баштадым. Мушриктердин жанына барып, оттун башына отурдум. Катуу жел менен Аллаху тааланын көрүнбөгөн аскери (периштелер) аларга жасагандарын жасаган эле. Шамалда идиштери оодарылып, оттору өчүп, чатырлары башына кулады. Бир кезде мушрик аскеринин кол башчысы Абу Суфйан ордунан туруп: "Араңарда тыңдагандар болуу мүмкүн, ар ким жанындагыларына карап, ким экенин билсин. Ар адам жанындагы адамдын колун кармасын”, - деди. Абу Суфайн араларына бир чоочун адамдын киргенин сезгендей болгон эле. Дароо колумду созуп, эки жагымдагы адамдын колунан кармап, алардан мурун аттарын сурадым. Ушинтип мени тааныбай калышты. Акырында Абу Суфйан аскерлерине мындай деди: "Эй, Курайштыктар! Силер жайсыз жердесиңер. Аттар менен төөлөр кырыла баштады. Жут жайылды. Бороондун күчөйгөнүн көрүп отурасыңар. Дароо кайткыла. Мына, мен дагы кетемин”, - деп, төөсүнө минди. Катуу кыйналып алсыраган мушрик аскери жыйналып, Меккеге карай жолго чыгышты. Алардын үстүнө кум менен майда шагыл жаап турду.

Мушрик аскери кеткенден кийин мен дагы кайттым. Жолдун жарымына жеткенде алдыман жыйырма чакты ак селдечен сувари атчандар (периштелер) чыкты. Мага: "Расулуллахка кабарла. Аллаху таала душманды жеңди”, - деди. Пайгамбарыбыздын жанына барганда ал намаз окуп отурган эле. Мен келгенде баягы үшүгөн, дирилдеген калыбыма түштүм. Пайгамбарыбыз намаздан кийин кандай кабар алып келгенимди сурады. Мен мушриктердин кеткенин айттым. Пайгамбарыбыз бул кабарга катуу кубанып, күлүмсүрөдү. Бир нече күндөн бери уйку көрбөгөн элек. Пайгамбарыбыз менен жанына алып, үстүндөгү төшөнчүнүн бир учун мага жаап, ал түндү ушинтип өткөрдүк. Таң атканда Пайгамбарыбыз мени ойготту. Биз караган кезде мушрик аскеринен из дагы калган эмес эле. Алар Меккеге жеткенге чейин алардын артынан катуу бороон жүрүп, аркаларынан такбир добуштары угулуп турду.

Курайш мушриктери ордолорун таштап качкандан кийин аларга багынып келген башка мушрик уруулар да Мединадан кайтып кетти. Алар унутулбас жеңилүүлөрүнө катуу кайгырышты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жана ардактуу сахабалары (алейхимуррыдван) Аллаху таалага шүгүр саждасын кылып, хамд айтып, шүгүрчүлүк кылышты. Мужахиддер: "Аллаху акбар! Аллаху акбар!” деген добуштары менен нурлуу Мединага карай бет алышты. Мединанын көчөлөрү балдарга толуп, алар Пайгамбарыбыз менен аталарын, агаларын, байкелерин күтүп чыгууга жыйналышкан эле. Пайгамбарыбыз да аларга күлүмсүрөгөн жүзү менен карады.

Хендек согушунда алты шейит берилген эле. Бул согуш тууралуу Аллаху таала аят каримада: "Аллаху таала (Хендек согушундагы) ошол капырларды эч кандай жеңишке жеткизбей, кайгы менен кайра кайтарды. Ушундайча Аллаху таала (периштелер менен жел аркылуу) согушта (жеңүүлөрү үчүн) момундарга жетти. Аллаху тааланын бардык нерсеге күчү жетет. Ал бардык нерседен жогору”. ("Ахзаб” сүрөсү, 25) "Эй, ыйман келтиргендер! Аллаху тааланын силерге берген ниматын эстериңерге түшүргүлө. Силерге (Хендек согушунда) аскерлер чабуул жасаганда биз аларга жел менен силер көрбөгөн аскерлер (периштелер) жиберген элек...” ("Ахзаб” сүрөсү, 9) Ушу согуштан кийин Пайгамбарыбыз: "Азыркы кезек силердики. Мындан кийин Курайш силерге каршы согуша албайт”, - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш