Расул-и акрам
(саллаллаху алейхи васаллам) Медина-и мунавварага кайтып келген соң Хазрети Аиша
энебиздин үйүнө барды. Курал-жарагын чыгарып, соотун чечти. Куттуу денеси чаңга
баткан эле. Жуунду. Ошол тапта Хазрети Дыхйа келбетинде үстүнө сооту жана
курал-жарагы тагылган абалда бир атчан аскер келди. Ал Жабраил алейхиссалам
болчу. Пайгамбарыбыздын жанына барып: "Эй, Аллаху тааланын Расулу! Жанаб-и Хак
таала сага Курайза уулдарына каршы дароо жүрүш кылууңду буйрук кылды!” - деп буйрукту билдирди.
Ааламдардын Султаны Хазрети Билалды чакырып, сахабаларга мындай деп кабар
берүүсүн дайындады: "Эй, сахабаларым!
Тургула, аттарыңарга, төөңөргө мингиле! Моюн сунгандар аср намазын Курайза
уулдарынын жеринде окусун!”
Пайгамбарыбыз
дароо сооту менен туулгасын кийди. Калканын аркасына асып, найзасын колуна
алды. Анан атына минип, сахабаларынын жанына барды. Хазрети Алиге Ислам туусун
берип, алдынкы күч катары Курайза яхудилеринин чепине жиберди. Ар дайым болгон
сыяктуу Абдуллах ибни Умми Мактумду Мединада өкүл кылып калтырды.
Куттуу
сахабалар сүйүктүү Пайгамбарыбызды ортосуна алып, Мединадан: "Аллаху акбар!
Аллаху акбар!” – деп такбир айтып, жолго чыгышты. Жолдо Ганм уулдарына туш
келишти. Куралдарын колго алып, Расулуллах алейхиссаламды күтүп турушкан экен.
Пайгамбарыбыз аларга: "Силерге эч ким
жолуккан жокпу?” – деп сурады. Алар: "Йа, Расулуллах! Бизге Дыхйа-и Калби
жолукту. Ак качырга минип алган экен. Ошол качырдын үстүндө баркыт бар эле”, –
деп айтышты. Пайгамбарыбыз аларга: "Ал
Жабраил болот. Алардын чептерин жыксын жана жүрөктөрүнө коркуу салсын деп Бани
Курайзага жиберилди”, – деди. Курайза яхудилеринин чебине жетип барганга
чейин Ислам кошунунун саны үч миңге жеткен эле.
Хазрети Али
Ислам туусун Курайза яхудилеринин чебинин алдына тикти. Муну көргөн яхудилер
Пайгамбарыбызга карата жаман сөздөр айта башташты. Хазрети Али барып, жагдай
тууралуу Пайгамбарыбызга билдирди. Расул-и акрам (саллаллаху алейхи васаллам)
үч миң аскер менен ал жерге барганда мээриминен улам аларды Исламга чакырды.
Яхудилер бул кайырлуу сунушту кабыл кылышкан жок. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Андай болсо, Аллаху таала жана Расулунун
буйругуна моюн сунуп, чептен чыгып, багынгыла!” – деген сунушун да
четке кагышты. Ошондон кийин гана ааламдардын Мырзасы окчулардын устазы Саад
бин Абу Ваккас хазиреттерине: "Эй, Саад!
Кана алга, аларга ок жаадыр!” – деп буйрук берди. Хазрети Саад менен башка
окчулар саадактарындагы окторду текбир айтышып, яхудилердин чепине ата
башташты.
Мусулмандардын
алсыз кездеринде арттан сокку берген жана көралбастыктарынан улам Мухаммед
алейхиссаламдын пайгамбарлыгын кабыл кылбаган бул яхуди тобунун чептин эшигин
ачып, майданга чыгууга да батымдуулугу жок эле.
Согуш курчоо
түрүндө уланды. Ислам аскеринин арасында болгон мунафыктар да чепке билдирбей
кабар жиберишип: "Эч качан багынбагыла! Мединадан чыгып кетүүгө үндөсө да кабыл
кылбагыла! Эгер согушту улантсаңар, биз силерге бар күчүбүз менен жардам
беребиз. Ошондуктан эч нерсеңерди аябагыла! Эгер силерди Мединадан сүрүп салса,
биз дагы силер менен бирге чыгып кетебиз!" – деп жатышты. Бул кабар менен
мунафыктардын жардамын күткөн яхудилер жаңы кайрат жана үмүт менен коргонууну
улантышты. Курчоо көпкө созулуп кетти. Бир ай өтсө да мунафыктардан жардам
келбеди. Акырында жүрөктөрүнө коркуу аралаган яхудилер келишимге макул болушту.
Келишим түзүү
максатында Наббаш бин Кайс деген яхуди Расулуллах алейхиссаламга келип: "Йа,
Мухаммед! Надир уулдарына көрсөткөн ырайымды бизге да көрсөтүңүз. Мал-мүлкүбүз
менен курал-жарагыбыз сиздики болсун! Бир гана каныбызды төкпөсөңүз болду!
Балдарыбыз менен аялдарыбызды өзүбүз менен бирге алып кетүүгө уруксат бериңиз.
Курал-жарактардан башка ар бир үй-бүлө үчүн бир төө жүк менен алып кетүүгө
уруксат бериңиз!” – деди. Пайгамбарыбыз: "Жок,
бул сунушту кабыл кыла албайм!” – деп айтты. Бул жолу: "Мал-мүлкүбүздү алып
кетүүдөн баш тарттык. Каныбызды төкпөңүз. Жок дегенде аялдарыбыз менен
балдарыбызды алып кетүүгө уруксат бериңиз!” – деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Жок! Шартсыз өкүмүмө баш ийип, багынуудан
башка чараңар жок!” – деди. Яхуди Наббаш кор болгон абалда чепке кайтып
барып, айтылган сөздөрдү билдирди. Курайза уулдары бул жолу андан да чоң
кайгыга батты.
Башчыларынан
Ка’б бин Асад ынсапка келип, коомуна мына ушул сунушту айтты: "Эй, коомум! Көргөнүңөр
сыяктуу башыбызга чоң балекет келип турат. Бул жагдайда силерге үч нерсени
насаат кыламын. Булардан каалаган бирине ылайык иш-аракет кылсаңар болот!
Биринчиси; бул адамга багынып, пайгамбардыгын кабыл кылалы. Валлахи, Анын Аллах
тарабынан жиберилген жана китептерибизде сыпаттары берилген пайгамбар экенин
баарыбыз билебиз. Эгер Ага ыйман келтире турган болсок, каныбыз, балдарыбыз,
аялдарыбыз жана мал-мүлкүбүз аман калат. Биздин Ага багынбаганыбыздын
бирден-бир себеби арабдарга карата көралбастык сезими менен Анын Исраил
уулдарынан болбошу. Ал эми, бул Аллахтын биле турган иши. Келгиле, Ага
багыналы!” Яхудилердин баары тең бир ооздон каршы чыгып: "Жок, биз муну
кабылдай албайбыз жана өзүбүздөн башкага багынбайбыз”, – дешти. Бул жолу Ка’б
экинчи сунушун айтты: "Баарыбыз балдарыбыз менен аялдарыбызды өлтүрүп,
артыбыздан ойлой турган бир да адам калмайынча мусулмандарга жүрүш кылалы,
өлгөнгө чейин согушалы!” Яхудилер бул сунушту да четке кагышты.
Ка’б үчүнчү
сунушунда: "Бул түн Ишемби түнү. Мусулмандар биздин бул түнү согушпай
турганыбызды билгендиктери үчүн эмин жана гафил болуулары ыктымал.
Кылычтарыбызды чыгарып, эшиктен баарыбыз тең чыгалы. Ошентип бир чабуул менен
балким жеңербиз!” – деди. Яхудилер: "Бизге ишемби күнү иштөөгө тыюу салынган, биз
муну жоё албайбыз”, – деп бул сунушту да кабыл кылышкан жок. Алардын ичинен
жалгыз Эсид менен Са’лаба деген ага-инилер жана агаларынын уулу Асад биринчи
сунушту кабыл кылып, мусулман болуу аброюна ээ болушту. Чептен чыгып,
сахабалардын арасына киришти.
Яхудилер өзара
көпкө тартышты. Натыйжада багынуу туусун көтөрүп, Пайгамбарыбыздан өздөрү
таралуу өкүм берүүгө бир адамды калыс дайындоону суранышты. Расулуллах
алейхиссалам: "Сахабаларыман каалаган кишини калыс кылып тандагыла!” – деди.
Алар: "Биз Саад бин Муаздын чыгара турган өкүмүнө макул болобуз”, – дешти.
Пайгамбарыбыз макул болуп, Саад бин Муаз хазиреттерин чакыртты.
Саад бин Муаз
Хендек согушунда оор жаракат алган эле. Расулуллах алейхиссалам аны Масжид-и
Набавиде бир чатырдын ичинде
дарылатып жаткан. Калыс катары дайындалганда зембил менен аны чебине алып
келишти. Жолдо Хазрети Саад өзүнө-өзү: "Валлахи, Аллаху тааланын жолунда эч бир
айыптоого маани бербейм!” деп жатты. Расулуллах алейхиссаламдын жанында
зембилден түштү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага: "Эй, Саад! Булар сенин өкүмүңө ылайык багынууга макул болушту. Кана,
алар тууралуу өкүмүңү мага билдир!” – деди. Саад бин Муаз болсо: "Жаным
сага курман болсун йа, Расулуллах! Албетте, өкүм берүүгө Аллаху таала менен
Расулу ылайыктуу”, – деди Расулуллах алейхиссалам да: "Булар тууралуу өкүм берүүңү Аллаху таала сага буюрду!” – деди.
Хазрети Саад яхудилерден өкүмүнө макул болуулары тууралуу анык убада алды. Эки
тарап тең өкүмдү чоң кызыгуу менен күтө баштады. Ошондон кийин Хазрети Саад
бийик мартабасын көрсөтүүчү, өз атагына ылайыктуу төмөнкү өкүмүн берди: "Менин өкүмүм ушул; акылдуу жана балагат
жашындагы бардык эркектердин башы алынсын! Аялдар, балдар туткундалсын,
мал-мүлктөрү да мусулмандарга бөлүштүрүлүп берилсин!”
Бул анык
өкүмдөн улам яхудилер турган жеринде катып калышты. Анткени, өз китептеринде
мындай кыянатчылыкка да ушундай жаза берилээри жөнүндө: "Кайсыдыр бир шаарга
согушка барганыңда алгач аларды тынчтыкка чакыр. Муну кабыл алып, эшиктерин
ачса, ал жердегилердин баары сага салык төлөсүн жана сага кызмат кылышсын. Эгер
согушууга бел байлашса, аларды курчоого ал! Аллаху тааланын жардамы менен
жеңишке жетсең, эркектердин баарын кылычтын мизинен өткөрүп, бала-чака,
аялдарын, мал-мүлкүнүн баарын олжолоп ал!..” – деп жазылган болчу.
Саад бин Суаз
хазиреттеринин берген өкүмүнүн илахи өкүмгө дал келишинен улам Пайгамбарыбыз
аны куттуктап: "Сен, алар тууралуу
Аллаху тааланын жети кабат көктөр үстүндөгү Лавх-и мавхуздагы өкүмүнө ылайык
өкүм бердиң!” – деди.
Яхудилер
өздөрүнүн китептеринде билдирилген бул өкүмгө каршы чыга алышкан жок.
Акыл-эстүү бардык эркектерди чогултушуп байлашты жана өкүм орундалды. Балдар,
аялдар жана мал-мүлктөрү сахабаларга бөлүштүрүлүп берилди.
Ушундайча,
мусулмандарга эң оор учурларында аркадан сокку урган, ортодогу түзүлгөн бардык
келишимдерин бузган, Пайгамбарыбызды кичинесинен тарта ушул күнгө чейин жок
кылууга ар дайым жан урган бул коомдон Медина тазарган эле.
Сахабалар
көтөрүңкү маанайда, кубанып, нурдуу Мединага карай жолго чыгышты.
Туткундардын
ичинен бир аял мусулмандыкты кабылдады. Анын бул аракетине катуу кубанган
Пайгамбарыбыз анын да кубануусун, Бейиште даражасынын жогору болуусун каалап,
аны аялдыкка алды. Бул - Хазрети Райхана энебиз эле.