Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Саад бин Муаздын шейит болуусу




Саад бин Муаздын шейит болуусу


Саад бин Муаз (радыйаллаху анх) Курайза яхудилерине өкүм чыгарган соң сахабалар аны кайрадан чатырына алып барышты. Жараты күчөп, абалы начарлаган эле. Пайгамбарыбыз анын жанына барып, аны кучактап: "Аллахым! Саад Сенин ыраазылыгың үчүн Сенин жолуңда жихад кылды! Расулуңду та тастыктады. Ага жакшылык бере көр”, - деп дуба кылды. Саад бин Муаз хазиреттери сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бул сөздөрүн угуп, көзүн ачып: " Йа, Расулуллах! Сизди урматтаймын. Сиздин Аллаху тааланын пайгамбары экениңизге күбөлүк кыламын”, – деди. Кийин Саад бин Муаздын (радыйаллаху анх) туугандары аны ал чатырдан Абдулашхал уулдарынын үйүнө алып барышты. Ошол түнү абалы абдан начарлап калган эле. Жабраил алейхиссалам Хазрети Пайгамбарыбызга келип: "Йа, Расулаллах! Бүгүн түнү сенин үммөтүңөн көз жумган, аны периштелер адам ким?” - деп сурады. Ушундан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларынан дароо Саад бин Муаздын ал-абалын сурады. Аны үйүнө алып барышкандыктарын айтышты. Пайгамбарыбыз өзү менен бирге бир нече сахабаны ээрчитип Саад бин Муаздын үйүнө барды. Пайгамбарыбыз абдан ылдам баскандыктан жанындагылар: "Чарчадык, йа, Расулуллах!” – дешти. Пайгамбарыбыз ылдам басып баратканынын себебин айтып: "Периштелер Ханзаланын жаназасына бизден мурда барган эле. Сааддын жаназасына да бизден мурда барышат. Ылдам барбасак биз алардан мурда жетип баралбай калабыз!” – деди.

Пайгамбарыбыз Саад бин Муаздын жанына барганда ал көз жумган экен. Баш учунда туруп, Саад бин Муаздын (радйыхаллаху анх) атын атап: "Эй, Абу Амр! Сен башчылардын эң мыктысы элең. Аллаху таала сага бакыт, береке жана эң кайырлуу сыйлыгын берсин. Аллаху таалага берген сөзүңдө турдуң. Аллаху таала да сага убада кылганын берет”, – деди. Ошол кезде Саад бин Муаздын энеси ыйлап, уулунун артынан ага арналган жоктоо ырын окуду.

Аслам бин Харис (радыйаллаху анх): ушул окуя тууралуу мындайча баян кылган: "Расулуллах Саад бин Муаздын үйүнө келгенде биз эшиктин алдында күтүп турган элек. Пайгамбарыбыз чоң кадамдары менен ичкери кирди, биз да артынан ээрчип кирдик. Пайгамбарыбыз белги бергенде токтоп, кайра артка кайттык. Ичкериде Сааддын денесинен башка эч ким жок болчу. Расулуллах бир саамдан кийин сыртка чыкты. Кызыгып: "Йа, Расулаллах! Кадамыңызды кең таштап жүрүүңүздүн сыры эмнеде?” – деп сурадым. Ал: "Үйдүн ичине периштелер ушунчалык толгондуктан бут баса турчу жер табууга кыйналдым. Периштенин бири мени өз канатына алды, ушундайча гана отура алдым”, - деди. Кийин Саад бин Муаздын (радыйаллаху анх) атын атап: "Сага мубарек болсун йа Абу Амр”, - деди.

Анын кайтыш болуусу Расулуллахты жана сахабаларды катуу кайгыга салды, алар көз жаштарын төгүштү. Жаназасына бардык сахабалар жыйналышты. Пайгамбарыбыз жаназа намазын окутуп, меййитин көтөрдү. Сахабалар Саад бин Муаздын (радыйаллаху анх) табытын көтөрүп бара жатышып: "Йа, Расулаллах, биз мынчалык жеңил табыт көтөрүп көргөн эмес элек”, - дешти. Ошондо Пайгамбарыбыз: "Анын жаназасын көтөрүшүү үчүн көктөн периштелер түштү”, - деди. Жаназасын алып бара жатканда мунафыктар да жамандоо үчүн: "Уят эле, мынчалык жеңил!”, - дешкенде, Пайгамбарыбыз: "Сааддын жаназасына көктөн жетимиш миң периште түштү. Алар азыркыга чейин жер бетине мынчалык көп болуп түшүшкөн эмес”, - деди.

Абу Са’ид-ил Худри чоң атасынан укканын төмөнкүдөй маалымдаган: "Саад бин Муаздын кабырын казгандардын бири мен элем. Ага кабыр казууну баштаганда айланага кабырдан жыпар жыт тарады.” Ал эми Шурахбил бин Хасана мындай деген: "Саад бин Муазды жерге бергенде бирөө кабырдан бир учч топурак алган эле. Кийин ал топуракты үйүнө алып барганда ал жыпар жытка айланды. Денеси кабырга коюлганда Пайгамбарыбыз анын кабырынын башында отуруп, көзүнө жаш алып, сакалын кармап катуу кайгыга батты. "Саад бин Муаздын өлүмүнө Арш силкинди”, - деди. Бир жолу Пайгамбарыбызга кымбат кийим белек кылынган эле. Сахабалар "Кандай көркөмдүү” дешкенде Пайгамбарыбыз: "Саад бин Муаздын Бейиштеги жүз аарчылары мындан да көркөм”, - деди.

Хижраттын бешинчи жылы орун алган кээ бир маанилүү окуялар мына булар:

Расулуллах Думат-ул Жандал деген аймакта жашаган, Шамга каттаган жолоочулардын тынчын алган жана Мединага кооп туудурган урууларга каршы миң кишилик аскер менен сапарга чыкты. Ислам аскерлеринин келгендиктерин уккан душман тайпалары качып жөнөштү. Бул жерде бир нече күн болгондон кийин Мединага катты.

Пайгамбарыбыз Зул-каде айында Зейнеп бинти Жахш менен (радыйаллаху анха) үйлөндү. Ошол жылы хижаб аяттары түштү жана мусулман аялдарга оронуп жабынуулары буйрук кылынды. Ошондой эле, Хазрети Айша энебизге жалаа жабылды. Кээ бир мусулмандар ушул жалаага ишенип калышкан эле. Аяти карима келип, мунафыктардын жалаа жапкандыктары аныкталып, Хазрети Айша (радыйаллаху анха) макталды. Мединага жакын жерде жашаган Музайна тайпасы элчи жиберип, мусулманыдкты кабылдашты, ошентип мухажирлердин катарына кошулушту. Жана да ошол жылы зилзала менен ай тутулуу окуялары да орун алды. Ошондой эле, ажылык да ушул жылы парз кылынды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш