Хендек
согушунан кийин Ислам мамлекетинин күчүн айланадагы уруулардын айрымдары кабыл
кылды. Жада калса, мындан ары мусулмандар менен сый мамиледе жашоо, кези
келгенде ыйман келтирип мусулман болуу эң оңтойлуу жол болоорун ойлой башташты.
Айрымдары Хазрети Пайгамбарыбыздын алдына келип, мусулман болуу мартабасына ээ
болду.
Пайгамбарыбыз
(саллаллаху алейхи васаллам) Ислам динин жайылтуу үчүн сахабаларын топторго
бөлүп, Исламга чакыруу үчүн ар кайсы урууларга жөнөтө баштады. Кээ бир
урууларга өзү барган. Думат-ул Жандал коому сыңары уруулар айтылган насааттарды
угуп, мусулман болушту. Гатафан уулдары, Лихян уулдары сыңары уруулар Ислам
кошууну менен бетме-бет келүүдөн коркуп, качышты.
Ошентип бул
мусулмандардын тегеректеги урууларга бир эскертүү кадамдары болуп саналды.
Хижраттын
алтынчы жылы катуу кургакчылык болуп, көктөн бир тамчы жамгыр жаабады.
Ошондуктан жерден бир да чөп өспөй, адамдар менен мал-жандыктар ачкачылыктан
кыйналды. Куттуу рамазан айынын бир жума күнү сүйүктүү Пайгамбарыбызга: "Йа,
Расулуллах! Аллаху тааладан бир жамгыр жаашын тилеп дуба кылсаңыз!” – деп
кайрылышат. Пайгамбарыбыз кутман сахабалары менен чөлгө чыгып, азан-кооматсыз эки ирекет намаз окушту.
Анан үстүндөгү чепкенин тескерисинен аңтарып, такбир айтты. Анан ыйык колдорун
жеңдеринин арасынан ыйык колтугу көрүнө тургандай өйдө көтөрүп: "Эй, Аллахым! Бизге жамгыр ихсан кыла
көр...” - деп дуба кыла баштайт. Кутман сахабалар да: "Амин! Амин!” –
дешти.
Ошол учурда
асман ачык, бир да булут жок болгонуна карабастан Пайгамбарыбыз дуба кылып
жаткан кезде акырындан жел согуп, бир саамдан кийин асманды коюу булуттар
каптап келди. Акырындан жамгыр жаай баштады. Пайгамбарыбыз бул сапар: "Аллахым! Бул жамгырды мол жаадыр жана аны
калкыбызга кайырлуу кыл”, - деп дуба кылды. Ошол кезде жамгыр нөшөрлөп жаай
баштады. Пайгамбарыбыз менен сахабалардын кийиминде суу болбогон жер калбады.
Алар үйлөрүнө баргыча суу селдей акты. Баары сууну кечип жүрүштү. Жамгыр дале
жаап жаткан эле. Келерки жума күнү сахабалар: "Йа, Расулаллах! Жамгырдын
суусунан үйлөрүбүз кулап, малдарыбыз сууга батып өлө баштады. Аллаху тааладан
жамгырды токтотууну тилесеңиз”, – дешти. Пайгамбарыбыз күлүмсүрөп колдорун
жайып: "Йа, Раббым! Бул жамгырды эгинге,
бак-дарактар өскөн жерлерге, талааларга жибере көр”, – деп дуба кылат.
Ошондо бир апта боюнча жамгыр токтоп, дуба кылынган жерлер сугарыла баштады.
Хижраттын
алтынчы жылынын Зулкаада айы эле. Түндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (саллаллаху
алейхи васаллам) түшүндө кутман сахабалары менен бирге Меккеге барып Каабаны
айланып таваф кылып, кээ бир сахабалардын чачтарын кыскартканын, кээ биринин
түбүнөн кырганын көрдү. Көргөн бул түшүн кутман сахабаларына айтып бергенде,
алар абдан сүйүнүп, толкунданышат. Хижраттан ошол күнгө чейин туулуп өскөн
ата-журтуна, ачуу-таттуу күндөрү калган өз мекендери болгон Меккеге барышмак.
Күн сайын беш маал намазында жүзүн буруп, сагынып күткөн ыйык Каабаны зыярат
кылып, таваф кылышмак. Бул сөз менен жеткире алгыс куш кабар эле... Кутман
сахабалар Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын: "Силер
сөзсүз Масжид-и Харамга киресиңер!” - деген сүйүнчүсүн угаар замат дароо
даярдыктарын көрө башташты.
Пайгамбарыбыз
даярдык иштерин бүтүргөндөн кийин Абдуллах бин Умм-и Мактумду Мединага өкүл
катары калтырды. Зулкаада айынын биринчи дүйшөмбү күнү ардактуу Пайгамбарыбыз
Кусва деген төөсүнө минип алып, миң төрт жүз кутман сахабасы менен бирге
Мединада калгандар менен коштошуп, умрага ниет кылып, Меккенин жолуна түшөт.
Өздөрү менен кошо кылычтарын жана жетимиш төөнү ала чыгышкан эле. Кербенге эки
жүз атчан жана төрт аял сахаба кошулган. Бул төрт аялдын бири Хазрети
Пайгамбарыбыздын жубайы Хазрети Умму Салама эле.
Зу’л-Хулайфа
деген жерге келгенде, ихрамга киришип, бешим намазын окушат.
Андан соң
союла турган төөлөрдүн кулактарына белги салынып, моюндарына жип байланат. Бул
төөлөр Нажия-т-убну Жундуб Асламия баш болгон топко тапшырылды. Аббад бин Бишр
жыйырма атчан жоокерге башчы болуп, жолдун коопсуздугун текшерип келүүгө
милдеттендирилет. Ал эми Бушр бин Суфян Меккеге жагдайды билип келүү үчүн
жөнөтүлөт.
Ихрамга
оронгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам менен каарман
сахабалары аппак ихрамдарга оронгон бойдон Аллаху таалага чексиз шүгүр
келтирип, жалбара башташты: "Лаббайк!
Аллахумма лаббайк! Лаббайк! Лаа шариика лака лаббайк! Иннал хамда, ванни’мата
лака вал-мулка лаа шариика лак!” Бул сөздөргө асман-жер жаңырып,
Зул-Хулайфа нурга бөлөндү. Баары толкунданып, тезирээк Меккеге жетүү үчүн
Зул-Хулайфадан чыгышты.
Хазрети Омар
менен Хазрети Саад бин Убада жолдо баратышып, Расулуллах алейхиссаламга
жакындап: "Йа, Расулаллах! Сиз менен согушууга даяр турган адамдарга
курал-жараксыз барабызбы? Мушриктердин сизге кол салып, зыян келтирип коюшунан
коркобуз! – деп тынчсызданганын айтышат. Хазрети Пайгамбарыбыз: "Мен умрага ниет кылдым. Бул абалда курал-жарак
алып барууну каалабаймын!” – деди.
Жол сапары
тынч өттү. Жолду боюндагы тайпаларга учурап, Пайгамбарыбыз аларды Исламга
чакырды. Кээ бири кабыл алуудан тартынып, кээ бирлери белектерин жөнөтүштү.
Ушундайча жолдун жартысын жүрүп өтүп, Усфандын артындагы Кадирул-Аштат деген
жерге жеткен эле. бул жерде андан мурдараак меккеликтерге кабар жөнөтүүгө
кеткен Бушр бин Суфйан курайштыктар менен кездешип, артка кайтышкан эле.
Пайгамбарыбызга көргөндөрүн мындайча жеткиришти: "Йа, Расулаллах! Курайштыктар
сиздин келе жатканыңызды угушту. Корккондорунан айланасындагы тайпаларга белек
жиберип, алардан жардам сурашыптыр, эки жүз кишилик атчан аскер курап, сизге
карай жолго чыгарышты. Айланадагы тайпалар бул каалоолорун кабылдап, Балдах
деген жерде биригишти. Көптөгөн аскерлер коргондорду жасашып, сизди Меккеге
киргизбөө үчүн ант ичишти”. Бул кабарга Пайгамбарыбыз катуу таасирленип: "Курайш куруду. Ансыз да согуш аларды жеп
бүтүрдү. Курайш мушриктери өздөрүндө бир күч бар деп ойлошобу? Валлахи, Аллаху
тааланын таратуу үчүн мени жиберген бул динди үстөм кылганча, башым денемен
алынганча алар менен согушуудан кайтпаймын”, - деди. Андан соң сахабаларына
кайрылып, бул маселе боюнча көз караштарын сурайт. Бүт жан дили менен өздөрүн
Расулуллахга тапшырган кутман сахабалар: "Эң туурасын Аллаху таала жана Расулу
билет. Жаныбыз сизге курман, йа, Расулуллах! Биз Байтуллахты (Каабаны) айланып
таваф кылуу үчүн гана жолго чыктык. Бирөөнү өлтүрүү, же бирөө менен кармашуу
үчүн бараткан жокпуз. Бирок, Каабага зыярат кылышыбызга тоскоол болушса, алар
менен сөзсүз түрдө кармашып, максатыбызга жетебиз! – дешти.
Сахабалардын
бул чечими Пайгамбарыбызга абдан жакты. Расулуллах алейхиссалам: "Андай болсо Аллаху тааланын ысымын айтып
жүргүлө”, – деди. Сахабалар Пайгамбарыбыздын айланасында
"Лаббайк! Аллахумма Лаббайк!” - деп, "Аллаху акбар, Аллаху акбар!” - деп такбир
айтышып, Меккеге карай илгерилешти.
Түш мезгилде
Билал Хабаши (радыйаллаху анх) мукам үнү менен азан айтып, намаздын убагы
киргенин билдирди. Бул учурда эки жүз кишилик Курайш аскери ошол жерге жетип,
Мекке менен сахабалардын арасына кирип, чабуул жасоого даяр турушкан эле. Ошого
карабастан Пайгамбарыбыз сахабалар менен сап тизип, намазга турушту.
Пайгамбарыбыздын артында миң беш жүз чамалуу сахабалардын сап түзөп, кыямда
кыймылсыз туруулары, рукууга ийилүүлөрү таң калычтуу керемет көрүнүш берген
эле. Жана бардыгынын бирдей сажда кылуулары айбаттуу бир тоонун ийилип кайра
түзөлгөнүнө окшоп турган эле. Алардын Аллаху тааланын алдында маңдайларын
топуракка сүртүп, баш ийүүлөрү Курайш аскеринин кээ бирлеринин жүрөктөрүндө
Исламга деген сүйүүнү уялатты. Сахабалар салам берип, намаздан чыкканда Курайш
аскеринин колбашчысы: "Мусулмандардын ушул абалын пайдаланып, кол салганда
кылганда алардын көбүн өлтүрмөкпүз. Алар намазда турганда эмнеге кол салбадык?”
- деп өкүнүп, артынан: "Мейли, кабатыр болбогула. Жаны менен балдарынан артык
көргөн намаздарын дагы окуур”, - деп эмки жолку мүмкүндүктү колдон чыгарбай
тургандыктарын билдиришти.
Алардын бул
сөздөрүн Аллаху Жабраил алейхиссалам аркылуу вахий жиберип, Пайгамбарыбызга
билдирди.
Келген аят-и
каримада: (Эй, сүйүктүү кулум!) Сен да алар менен бирге болуп, аларга (сахабаларга) намаз окута турчу кезде (аларды эки
бөлүккө бөл), бир бөлүгү сени менен
бирге (намазда, калгандары душмандын каршысында) турсун. Куралдарын алышсын. Сени менен намазда болуп, бир рекет намаз
окугандар (намазды бузган аракеттерден сактанып) душманга каршы барсын. Андан кийин намазды окуй элек болгон экинчи
бөлүк келип, экинчи рекетти сени менен бирге окусун жана алар зоотторун,
коргонуучу куралдарын өздөрү менен алсын. (Ташаххудду сени менен бирге
окушсун. Сен салам бергенде алар салам бербестен душманга каршы барсын, алдында
бир рекет окугандар кайтып келип, өздөрү дагы бир рекет окуп, салам беришсин. Экинчи
рекетти имам менен окугандар да кайра келип, дагы бир рекет окуп, намазды
бүтүрүп, салам беришсин.)
Капырлар
силер кароосуз турганда күтүүсүздөн келип, чабул жасашмакчы. Эгер силерге
жамгырдан улам бир кыйынчылык келсе же ооруп калсаңар куралдарыңарды таштап
коюнун бир зыяны жок. Күмөнсүз, Аллаху таала капырларга катуу азап даярдаган.” (Ниса сүрөсү, 102).
Асыр убагында
Хазрети Билал азан айтканда Курайштык атчандар дагы Мекке менен сахабалардын
ортосунда чабуул коюуга камданып турушту. Пайгамбарыбыз сахабаларына аяти
каримада көрсөтүлгөндөй кылып намаз окутту.
Мусулмандардын
мындай намаз окууларына Курайштар абдан таң калышты. Аллаху таала алардын
жүрөктөрүнө коркунуч салды. Кандайдыр бир аракет кылууга батына алышкан жок.
Мекеге кабар жөнөттүү үчүн ал жерден кетишти. Пайгамбарыбыз бул жерден
сахабалары менен бирге Худайбия деген жерди көздөй сапар алышты.
Касиеттүү
Мекке шаарынын чек арасына келгенде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын төөсү Кусва
эч бир себепсиз чөк түшүп жатып алды. Аны тургузууга канча аракет кылышса да
ордунан козголбоду. Кийин Пайгамбарыбыз: "Анын
мындай чөк түшүү адаты жок болчу. Бирок, бир кездери (Абраханын) пилин Меккеге киргизбеген Аллаху таала эми
Кусваны токтотту. Аллаху таалага ант кыламын, Курайштыктар Аллаху тааланын
Харам (Мекке) ичинде кылынуусун арам
кылган (согушууну жана кан төгүүнү таштоо сыяктуу) нерселерден кайсынысын менден кааласа алардын бул каалоолорун милдеттүү
түрдө орундаймын”, – деди. Ошондон кийин Кусваны тургузууну каалады. Төө
атып турду. Харем (Мекке) чегарасынан ичкери кирбестен, дал чегарадагы
Худайбияга келип токтоду. Пайгамбарыбыз сахабалары менен суусу аз болгон ушул
жерге конушту.
Пайгамбарыбыз
чатырын ыйык Меккенин сыртына курдурду. Сахабалары менен ушул жерде күтө
башташты. Убакыт киргенде намаздарды Мекке чегарасынын ичинде окушту.
Кудуктарда иче тургудай суу калбаган эле. Бир гана Пайгамбарыбыздын кумганында
бар болчу. Кыйналган сахабалар: "Жаныбыз сизге курман болсун, йа, Расулаллах!
Арабыздан сиздин гана кумганыңызда суу калды, биз суусуз курудук”, - дешти.
Пайгамбарыбыз: "Мен силердин араңарда турган чакта
силер курубайсыңар!” – деди. Кийин "Бисмиллах” деп, колун кумгандын үстүнө койду да, кайра колун алып "Алгыла” дегенде
манжаларынын арасынан суу ага баштады. Сахабалар суудан кана ичишип, даарат
алышып, бардык идиштерин толтурушуп, аттырын жана төөлөрүн да сугарып алышты.
Сахабаларына күлүмсүрөп карап турган Пайгамбарыбыз Аллаху таалага шүгүрчүлүк
кылды.
Ошол күнү ошол
жерде болгон Хазрети Жабир бин Абдуллах: "Биз ал күнү ошол жерде миң беш жүз киши
болчубуз. Эгер ошол жерде жүз миң киши болсок да ал суу баарыбызга жетмек!” -
деген.