Рыдван анты


Пайгамбарыбыз Худайбияда болгон кезде мурунтан мусулмандар менен достук катнашта болгон Хузаа тайпасынын башчысы Будайл келип, Курайш аскеринин айланадагы тайпалардын да кошулуулары менен Худайбийага токтогондугун, аскерлери тараганга чейин согушууга ант ичкендиктерин билдирди. Ушуга карата Пайгамбарыбыз: "Биз бул жерге эч ким менен согушууга келген жокпуз. Умра кылуу, каабаны таваф жана зыярат кылуу үчүн гана келдик. Ошого карабастан бизге ким Байтуллахты зыярат кылууга кедерги болсо аны менен согушабыз. Күмөсүз, согуштар Курайшты болоорчо алсыратты, көп зыянга учуратты. Эгер алар каалашса аларга бир бүтүмгө келүү үчүн убакыт берели. Ушул убакыт ичинде менин тарабыман коопсуздукта болсун. Алар мени менен башка тайпалардын арасына киришпесин. Мени алар менен жекеме жеке калтырышсын. Эгер мен ал тайпалардын үстүнөн жеңишке ээ болуп, Жанабы Хак дагы аларга хидаят ихсан кылып, мусулман болушса, Курайш мушриктери каалашса алар сыяктуу мусулман боло алышат. Эгер мен алар ойлогондой башка тайпалардан жеңилсем анда алардын өздөрү да тынчтыкка кол жеткиришкен болот. Эгер Курайш мушриктери буларды кабыл кылбай, мени менен согуша турган болушса, Аллаху таалага ант кыламын, жайууга аракет кылган ушул диним үчүн өлгөнчө алар менен согушамын. Ошол кезде Аллаху таала да мага көмөктөшө тургандыгы тууралуу убадасын оундайт”, - деди. Хузаа тайпасынын башчысы Будайл Пайгамбарыбыздын айткандарын Курайш ордосуна жеткирүү үчүн жолго чыкты.

Мушриктер Будайл менен Пайгамбарыбыздын сөздөрүн уккандан кийин Урва бин Масудду Пайгамбарыбызга жөнөтүштү. Урва Курайштын эч кимди Меккеге киргизбөө тууралуу анык чечим кабылдаганын айтканда Пайгамбарыбыз: "Эй, Урва! Аллах үчүн айт. Мына бул төөлөрдүн курмандыкка чалынууларына, мына бул Каабаны зыярат менен таваф кылууга кедерги кылынабы?” – деген соң Хузаа тайпасынын башчысына айткандарын Урвага да айтты.

Урва бир жагынан Пайгамбарыбызды укса, экинчи жагынан сахабалардын аракеттерине, алардын бири-бирине деген жана Пайгамбарыбызга деген урматтарына назар салды. Пайгамбарыбыздын сунушун тыңдаган соң ордунан туруп, курайштыктарга айтуу үчүн артка кайтты. Аларга барып: "Эй, Курайш коому! Менин Кайсар, Нажаши, Кисра сыяктуу бир топ өкүмдарга элчи болуп барганымды билесиңер. Ант беремин, мен азыркыга чейин мусулмандардын Мухаммедге көрсөткөн урматынын эч кандай бийлөөчүгө карата кылынганын көрбөдүм. Сахабалардын эч кайсынысы андан уруксат алмайын сүйлөшпөйт, башынан бир тал чач түшсө дароо алып коюндарына салышат. Жанында сүйлөшүп отурганда үндөрүн болоорчо басаңдатышат. Аны ушунчалык урматтагандыктан эч кайсынысы жүзүнө тике карай алышпайт. Ал сахабаларына бир белги кылса же бир нерсе айтса, алар аны жанын салып орундашат.

Эй, Курайш жамааты! Силер кандай чара колдонсоңор да алар Пайгамбарларынын бир тал чачын да силерге беришпейт. Жада калса, ага эч кимдин колунун учун тийгизүүгө жол беришпейт. Абал ушул. Эмкисин туура ойлонгула. Мындай мүшкүл абалда турганыбызда Мухаммед бизге жакшы келишим сунуштап турат, ошону пайдаланалы”, – деди. Курайш мушриктери бул сөздөрдү кабылдашпай, Урваны сөгүп капалантышты.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Курайш ордосунан кабар келбеген соң Хыраш бин Умеййаны (радыйаллаху анх) сунуштарын аларга кайталап билдирүү үчүн элчи кылып жөнөттү. Мушриктер Ислам элчисине одонолук көрсөтүштү. Төөсүн союп жеп, өзүн өлтүрүүгө умтулушту. Алардын колдорунан араң качып кутулган Хыраш бин Умеййа Пайгамбарыбызга барып, болгон жагдайды айткандан кийин Пайгамбарыбыз элчисине кылынган мындай аракеттерге катуу капаланды. Ушул кезде мушрик ордосунан Ахабиш тайпасынын башчысы Хулайс көрүндү. Пайгамбарыбызга карай келе жатты. Мушриктер аны элчи кылып жөнөтүшкөн эле. Пайгамбарыбыз Хулайстын келе жатканын көрүп: "Бул адам курмандыкка сый көрсөткөн, Аллаху тааланын буйруктарын аткарууга жана ибадат кылууну каалаган бир тайпадан. (Эй, сахабаларым!) Курмандыкка алынып келген төөлөрдү бул адамды көздөй айдагыла, көрсүн!” – деди. Сахабалар төөлөрүн Хулайсты көздөй айдашты да: "Лаббайк! Аллахумма Лаббайк!..” – дей башташты.

Хулайс моюндары байланган, кулактарына эн салынган курмандык малдарды көргөндө аларга узакка карады. "Мусулмандардын Каабаны таваф кылуудан башка эч кандай ниеттери жок. Алардын бул ниеттерине тоскоол болуу кандай жаман иш. Каабанын Раббисине ант кыламын, курайштыктар ушул ката аракеттерине байланыштуу курушат” - деди. Бул сөздөрдү уккан Пайгамбарыбыз: "Ооба, ошондой, эй, Кинана уулдарынан болгон бурадар!” – деди. Хулайс уялганынан Пайгамбарыбыздын жанына келе албай, жада калса, жүзүн да карай албады. Курайш ордосуна артка кайтты. Көргөндөрүн айтып: "Силердин ага Каабаны зыярат кылуусуна кедерги болгонуңар туура эмес”, - деп пикирин ачык билдирди. Курайш мушриктери ачууланышып, Хулайсты наадан деп айыпташты.

Мушриктер бул сапар зөөкүрлүгү менен таанымал Микраз бин Хафсты элчи кылып жөнөтүштү. Ал дагы жообун алып кайтты. Микраздын элчилигинен кийин мушриктер мусулмандардын кокустан кол салууларынан коркушту.

Пайгамбарыбыз жарты жолдо таштагысы келбей, курайштыктар үчүн беделдүү деп эсептелген сахабаларын жөнөткүсү келди. Натыйжада хазрети Османды жөнөтүүгө чечим чыгарды. Пайгамбарыбыз Осман бин Аффанга (радыйаллаху анх): "Биз бул жерге эч ким менен согушуу үчүн келген жокпуз. Каабаны таваф кылып, зыярат жасоо үчүн гана келдик. Курмандык төөлөрүбүздү союп, артка кайтабыз деп айт жана аларды Исламга чакыр”, - деди. Ошондой эле, Меккедеги мусулмандарга Меккенин жакын арада алына тургандыгын сүйүнчүлөөнү да эскертти.

Хазрети Осман мушриктерге барып, Пайгамбарыбыздын айткандарын ошол бойдон жеткирди. Алар Хазрети Османдын сунушуна терс жооп беришти. Каалаган кезде өзүнүн гана Байтуллахты таваф кылуусуна уруксат беришти. Хазрети Осман болсо: «Расул алейхиссалам Байтуллахты таваф кылмайынча мен дагы таваф кылбаймын», - деди. Буга ачууланган мушриктер аны кармап камоого алышты. Бул кабар сахабаларга «Осман шейит кылынды» деп жетти. Окуяны Пайгамбарыбызга айтышканда ал катуу кайгырып: «Бул кабар чын болсо бул коом менен согушмайынча бул жерден кетпейбиз», - деди. Кийин ошол жердеги Самура деген бактын астында отуруп, «Аллаху таала мага ант берүүңөрдү буюрду» деп сахабаларды ант кылууга чакырды. Сахабалар колдорун Пайгамбарыбыздын колунун үстүнө коюп: «Аллаху таала силерге жеңишти ихсан кылганга чейин алдыңызга согушуп, жеңишке жетүү же ушул жолдо шейит болууга ант кылдык», - деп убада беришти. Пайгамбарыбыз бир колун экинчи колунун үстүнө коюп, хазрети Османдын атынан ант кылды. Пайгамбарыбыздын сахабаларынын бул антына катуу кубанып: «Бак астында чындап ант бергендердин эч кайсынысы тозокко кирбейт», - деди. Бул ант: «Биат-ур-Рыдван» (Рыдван анты) деп аталды.

Сахабалар (радыйаллаху анхум) кылычтарын асынып, Пайгамбарыбыздын буйругун күтүп турупту.

Ушул кезде Ислам аскерин көзөмөлдөп жүргөн Курайш тыңчылары мужтахиддердин Пайгамбарыбызга ушул жолдо шейит болгонго чейин согушууга ант бергенин жана даярдык жасагандарын көрүштү. Дароо Курайш ордосуна барышып, болгон жагдай тууралуу айтышты.

Пайгамбарыбыз түндө сахабаларды коргоого кезек менен күзөтчү койду. Хазрети Осман кармалган күндөрдүн бир түнүндө Микраз башкарган элүү кишилик мушрик кошууну Ислам аскерине уйкуда жатканда кол салды. Ошол түнү Мухаммед бин Маслама менен жолдоштору (радыйаллаху анхум) күзөттө турушкан эле. Кол салууга келген капырдарды кыска урушуудан кийин эле колго түшүрүп алышты. Микраз гана качып кутулду. Туткундарды Пайгамбарыбызга алып барышты. Биразы камалып, биразына кечирим берилди. Мушриктер эртеси түнү кайрадан чабуул жасап, кайра дагы колго түшүштү. Пайгамбарыбыз аларды да кечирип, бошотуп жиберди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш