Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Куткарыңыз мени, йа, Расулаллах!




Куткарыңыз мени, йа, Расулаллах!


Ислам аскеринин согушка даяр турганын жана каалаган убакта кол салуулары мүмкүн экендигин түшүнгөн капырлардын кошууну корко баштады. Келишимге келүүдөн башка жолдун жок экенине көздөрү жетип, чукул түрдө элчилик кеңешин шайлашты. Сухейл бин Амр башкарган бул кеңешке: "Быйыл Меккеге кирбөөлөрү шарты менен келишим кылгыла”, - делди.

Пайгамбарыбыз курайштын элчилерин кабыл алды. Элчилердин алгачкы талабы туткундалган адамдарын бошотуу болду. Пайгамбарыбыз: "Меккедеги сахабаларымды бошотмоюнча бул кишилериңерди бербеймин!” – деди. Сухейл: "Чынында бизге калыс жана ынсаптуу мамиле жасадыңыз!” – деп, Меккеде туткунда болгон Хазрети Османды жана андан мурда да кармалган он чакты сахабаны бошотту. Мындан кийин чабуул кезинде кармалып, камалган мушриктер бошотулду.

Узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин   шарттар   белгиленди. Кезек аны жазууга келген эле.  Хазрети Али жаза турчу адам болуп шайланды. Келишим шартты жазууга кагаз, калем даярдалды. Пайгамбарыбыз хазрети Алиге: "Жаз”, - деди. "Бисмиллахиррахманиррахим!” Буга Сухейл каршы болуп, "Ант кылам, мен Рахман деген сөздүн эмне экенин билбеймин. Минтип жазба, "Бисмика Аллахумма” деп жаз! Болбосо, келишимге макул болбоймун!” – деди. Пайгамбарыбыз бул келишим шарттын жасалуусунан өтө чоң хикматтарды көргөндүктөн: "Бисмика Аллахумма дагы жакшы!” - деп, хазрети Алиге ошентип жазууну буюрду. Жазып болгондон кийин Пайгамбарыбыз: "Бул - Мухаммед Расулуллахтын Сухейл бин Амр менен келишкен жана шарттарын эки жак жүзөгө ашырууга келишкен баптар”, - деген кезде Сухейл хазрети Алинин колунан кармады. Пайгамбарыбызды карап: "Ант кылабыз, биз сенин Расулуллах экениңди кабылдасак сага каршы келмек эмеспиз, Каабаны зыярат кылууңа кедерги бомок эмеспиз”, – деди. Ошондуктан, Расулуллах деген сөздүн ордуна Абдуллах уулу Мухаммед деп жаз”, - деди. Пайгамбарыбыз аны да кабыл кылып: "Валлахи, силер мени четке каксаңар да мен баары бир Аллаху тааланын расулумун. Ысымымды жана атамдын ысымын жаздыруу менин пайгамбарлыгымды жойбойт. Йа, Али! Мухаммед бин Абдуллах деп жаз”, - деди.

Расулуллах деген сөздүн өчүрүлүүсүнө эч кайсы сахабанын көңүлү ыраазы болбоду. Алар: "Йа, Али! Мухаммед Расулуллах деп жаз! Антпесе, бул мушриктер менен арабыздагы ишти бир гана кылыч чече турган болот”, – дешти. Пайгамбарыбыз сахабаларынын бул кайратына ыраазы болду, бирок, колу менен аларга унчукпоону ымдады. Хазрети Алиге өчүрүүнү буйрук кылган соң ал: "Жаным сизге курман болсун йа, Расулаллах! Сиздин бул куттуу сыпатыңызды өчүрүүгө колум барбайт”, – деп кечирим сурады. Пайгамбарыбыз ошол жерин көрсөтүүсүн сурады. Көрсөткөн соң өз манжасы менен өчүрүп, Абдуллахтын уулу деп жаздырды.

Андан соң келишим баптары жазыла баштады:

1- Келишим шарт он жыл күчүндө болот, бул мөөнөт ичинде эки жак бири-бири менен согушпайт.

2- Мусулмандар быйыл Каабаны зыярат кылышпайт. Бир жылдан кийин зыярат кылышат. Бир жылдан кийин зыярат кылышат.

3- Каабаны зыярат кылууга барган мусулмандар үч күн болуп, өздөрү менен бирге жолоочулук курал-шаймандарын гана алып жүрүшөт.

4- Мусулмандар Каабаны таваф кылганда Меккелик мушриктер Каабадан чыгып, алардын эркин таваф кылууларына шарт түзүшөт.

5- Курайштыктардан мусулман болгон адам башчысынын уруксатысыз мединага бара турган болсо артка кайтарылат, мусулмандардын бири Курайш тарабына өтүп, Меккеге барса кайтарылбайт. Хазрети Омар бул бапка: "Йа, Расулаллах! Бул шартты да кабыл аласызбы?” – деп сураганда Пайгамбарыбыз күлүмсүрөп: "Ооба, бизден аларга кете тургандарды Аллаху таала бизден алыс кылсын!” – деди.

6- Сахабалардын бири ажылык же умра кылуу ниети менен Меккеге барса өзү менен малы-мүлкү коопсуздукта болот.

7- Мушриктерден бири Шамга, Мысырга же башка жерге бара жатканда Мединага кайрылса, анын да өмүрү менен малы-мүлкү коопсуздукта болот.

8- Башка араб тайпалары каалаган жактын кол астына кире алышат. Мусулмандар менен же мушриктер менен биригүүдө аларга эркиндик берилет.

Кезек келишим шартка кол койууга келген эле. Ошол учурда буттарында чынжырын сүйрөтүп, бир адамдын Ислам аскерине карай келе жаткандыгы байкалды. Жакындап келип: "Мени куткаргыла!” - деп кыйкырды. Бул үндү уккан Курайш кеңешинин башчысы ордунан атып турду. Колуна алган тикендүү таягы менен анын бети-башына ура баштады.  Ал болгон күчүн жыйнап келип Пайгамбарыбыздын аягынын астына келип кулады: "Куткарыңыз мени, йа, Расулаллах!” – деп жалбарды. Бул Меккеде мусулманчылыкты кабыл алгандыгы үчүн атасы чынжырга байлаган бир мусулман болчу. Ага күндө азап көрсөтүлүп, бутка сыйынуусу үчүн кыйнашчу. Мушриктердин Худайбияга кеткенинен пайдаланып, чынжырын үзүп, эч кимге көрүнбөстөн Меккеден чыгып, мусулмандардын арасына келген эле. Туура жолду карманган бул адам мушрик кеңешинин башчысы Сухейлдин баласы Абу Жандал болчу. Сухейл Пайгамбарыбызга баласы Абу Жандалды (радыйаллаху анх) көрсөтүп: "Жанагы жазган келишим шартыбыз боюнча мага кайтарып бере турчу алгачкы адамың ушул болот”, - деди. Пайгамбарыбыз менен сахабалардын буга катуу көңүлдөрү түштү. Баары Пайгамбарыбыздын эмне деп жооп бере тургандыгын күтүп турушту. Бир жакта келишим шарт, экинчи жакта кордук көргөн сахаба турган эле. Пайгамбарыбыз Сухейлге: "Биз бул келишим шартка али кол койгон жокпуз”, - деди. Сухейл: "Йа, Мухаммед! Келишим шарттын баптарын балам ушул жерге келгенге чейин жазып бүтүргөн болчубуз. Эгер баламды артка кайтарбасаң мен да эч качан келишим шартка кол койбоймун”, - деп көгөрдү. Пайгамбарыбыз: "Аны мен үчүн келишим шарттан сырткары деп эсепте”, - десе дагы мушриктер муну кабылдашпады.

Сухейл бин Амр баласын сүйрөп алып кетип бара жатканда Абу Жандал: "Йа, Расулаллах! Эй, мусулман бир туугандарым! Мусулман болуп, силерге качып келсем, мени мушриктерге тапшырып отурасыңарбы? Мага күндө кордук көрсөтүлүүсүн туура деп эсептейсиңерби? Йа, Расулаллах! Мени буларга динимден чыгарсын деп кайтарып берип жатасызбы?” – деп кыйкырып жатты. Мындай аянычтуу сөздөргөн чыдап туруу мүмкүн эмес эле. Пайгамбарыбыздын көзүнө жаш толуп, Сухейлдин жанына барып: "Андай кылба, аны мага бер”, – деди. Бирок, Сухейл: "Жок, бербеймин”, – деди. Ошондон кийин Пайгамбарыбыз: "Эй, Абу Жандал! Дагы бираз сабыр кыл! Сага көрсөтүлгөндөргө чыда. Мунун кайтарымын Аллахтан тиле. Аллаху таала сага жана сен сыяктуу алсыз, эч кимиси жок мусулмандарга чыга турчу жолду сөзсүз берет”, – деп көңүлүн сооротту да: "Берген сөзүбүздө турбоо бизге жарашпайт!” – деди.

Ушундай аянычтуу окуяга мушриктердин өздөрү да чыдап тура алышпай: "Эй, Мухаммед! Абу Жандалды сен үчүн биз өз камкордугубузга алабыз. Ага Сухейлдин азап көрсөтүүсүнө жол бербейбиз!” – дешти. Ошондон соң Расулуллах менен сахабаларынын көңүлдөрү бираз тынчтанды. (Сухейл бин Амр Мекке алынгандан кийин мусулман болду.)

Келишим шарт эки нуска түрүндө даярдалып, ага эки жак тең кол коюшту. Мушриктер ордолоруна кайра кайтышты.

Мусулмандар үчүн зыяндуу көрүнгөн бул келишимдин шарттарын окуган Курайштык топ абдан кубанышкан эле. Бирок, тескерисинче, бул келишим шарт чоң жеңиш болчу жана бул баптар мусулмандардын пайдасына жазылган эле. Эң алды менен мусулмандардын жеке бир көзкарандысыз мамлекет экендиги ушул келишим аркылуу моюндалган эле. Меккеден бир мушрик соода же башка нерсе үчүн Шамга, Мысырга бара жатканда Мединага кайрылса, өмүрү менен малы-мүлкү коопсуздукта болот. Ушундайча, мушриктер мусулмандардын кандай өмүр сүрүп жатышкандыктарын жакындан көрүп, Исламдын адилеттигин, сахабалардын бири-бири менен жакшы карым-катнаштарына таң калып, Исламды жактырат. Акырында мусулман болуп, сахабалардын катарына кошулушкан эле.

Он жыл сакталуусу керек болгон бул келешим аркылуу мусулмандар көбөйүп, кубаттанып, Ислам дини туш тарапка таралган эле.

Бирок, Курайштыктардын бири мусулман болуп, Мединага баргысы келсе кайтарылат деген келишимдин бабына Пайгамбарыбыздын көңүлү түшүп: "Аллаху таала алар үчүн албетте бир жеңилдик, мындан чыгуу жолун табат”, - деген

Эми мушриктер менен кыла турган иш калбаган эле. Расулуллах сахабаларга: "Тургула! Курмандыктарыңарды сойгула. Чачтарыңарды алдыргандан кийин ихрамдан чыккыла”, - деди. Пайгамбарыбыз эң биринчи болуп курмандыгын чалды. Кийин аны чачтарачы Хыраш бин Умеййе кырынтты. Сахабалар анын чачтарын жерге түшүрбөстөн кармап кагып алып, береке үчүн сактап коюшту. Сахабалар да курмандыктарын чалышып, биразы чачтарын алдырышты, биразы кыскартышты.

Худайбияда жыйырма күндөй турушкан эле. Пайгамбарыбыз сахабалары менен бирге Мединага кайтууга жолго чыгышты. Жолдо Аллаху таала Пайгамбарыбызга: "Фатх” сүрөсүн түшүрүп, ниматы менен көмөгүн бере тургандыгын сүйүнчүлөдү.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жеңишүүчү катары нурдуу Мединага барган күндөрүндө Курайштын Сакыф тайпасынан Абу Басир (радыйаллаху анх) мусулман болду. Мушриктердин арасында тура албай тургандыгын түшүнгөн Абу Басир жөө Мединага барды. Худайбия келишиминин шарты боюнча Мединадан кетип, Кызылдеңиздин жээгиндеги Ыс деген жерге барып отурукташты. Бул жер Курайш мушриктеринин Шамга бара турчу соода жолунун үстүндө боло турган. Ушундан кийин Курайштан мусулман болгондор Меккеден кетип, Мединага эмес Ыска, Абу Басирдин (радыйаллаху анх) жанына бара турган болушту. Алардын алгачкысы Абу Жандал болчу. Мындан кийин да ушундайча улана берди. Алардын саны үч жүзгө чейин жетти. Курайш кербени Шамга бара жатканда ушул жерден өтүүгө мажбур болушчу. Хазрети Абу Басир жанындагы мусулмандар менен бирге бул жерден өткөн мушриктерди кармап, алардын мусулман болууларын каалачу. Мусулман болбогондор менен согушуп, аларды кыйын абалга түшүрчү.

Меккелик мушриктер эми Шамга барчу соода жолунун тосулганын көрүшүп, Мединага элчи жөнөтүштү. Худайбия келишиминдеги "Курайштыктардан мусулман болгон адам башчысынын уруксатысыз Мединага барса артка кайтарылат” деген шартты чыгарып салууну суранышты. Ушундайча Курайштыктардын Шам соода жолу ачылган эле. Мусулмандар да жасаган сабырдуулуктарынын натыйжасында Мединага, Пайгамбарыбыздын жанына барышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш