Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Бийлөөчүлөргө жиберилген чакыруу каттары




Бийлөөчүлөргө жиберилген чакыруу каттары


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Худайбиядан кайткандан кийин Исламдын бүткүл ааламга таралуусун, адамдардын Тозок азабынан кутулуп, чыныгы бакытка жетүүсүн каалады. Анткени, ал бүткүл жаратылышка ырайымдуулук катары жиберилген эле. Ошол себептен да айланадагы башчыларга, падышаларга элчилерди жиберип, Исламга чакырууну ойлоду. Дыхия Калбини (радыйаллаху анх) Византияга, Амр бин Умаййаны (радыйаллаху анх) Хабашстанга, Хатиб бин Абу Балтааны (радыйаллаху анх) Мысыр өкүмдарына элчи кылып жиберди. Мындан сырткары ушундай тапшырма менен Салит бин Амрды (радыйаллаху анх) Йамамага, Шужа бин Вахбды (радыйаллаху анх) Гассанга, Абдуллах бин Хузафаны (радыйаллаху анх) Иран өкүмдарына жиберди.

Бул элчилер сахабалардын эң тандалуулары эле. Келбеттүүлөрү, сөзгө чечендери болчу. Ар бир бийлөөчүгө бөлөк-бөлөк Исламга чакыруу каттары жазылды. Пайгамбарыбыз каттардын астына шакегинин бетинде үч катар кылып «Аллаху тааланын расулу Мухаммед алейхиссалам» деп жазылган мөөрүн басты. Бийлөөчүлөргө жибериле турчу элчилер таң эрте уйкудан турганда Пайгамбарыбыздын мужизасы менен бара турчу элдеринин тилин билген адамдар болуп ойгонушту.

Хабашстанга бара турчу Амр бин Умаййа Нажаши Асхамадан андан мурда ал жерге хижрат кылган сахабалардын Мединага кайтарылуусун дагы сурамак.

Амр бин Умаййа (радыйаллаху анх) кыска убакытта Хабашстанга барып, падыша Нажаши Асхаманын алдына барды. Нажаши тагынан түшүп, катты чоң урмат менен колуна алды. Сүйүп, жүзүнө, сүрткөндөн кийин ачып окуду:

Бисмиллахиррахманиррахим!

Аллаху тааланын расулу Мухаммед алейхиссаламдан Хабаш падышасы Нажаши Асхамага!

Туура жолду кармаган адамга салам! Эй өкүмдар! Саламатта болууңду тилеп, сага берген ниматтарына байланыштуу Аллаху таалага шүгүрчүлүк кыламын. Андан башка илах жок. Ал Малик (бардык ааламда бийликтин жалгыз ээси бир гана Ал), Салам (кулдарын бардык кооптордон коргоочу), Мумин (коопсуздук орнотуучу), Мухаймин (бардык нерсени көзөмөлдөп коргоочу).

Иса (алейхиссалам) – Аллаху тааланын өтө таза, намыстуу, ар түрдүү дүнүйөлүк иштерден тартынган Мариямга берген руху менен сөзү. Ушундайча ал Исага боюнда болду. Аллаху таала Адам алейхиссаламды кудурети менен кандай жаратса Исаны да ошондой жараткан.

Эй, өкүмдар! Мен сени теңдеши, шериги жок Аллаху таалага ыйман келтирүүгө, Ага ибадат кылууга жана мага баш ийүүгө, Аллаху тааланын мага жибергендерине ишенүүгө чакырамын. Анткени, мен Аллаху тааланын ушуларды таблиг кылууган милдеттендирген расулумун.

Эми мен сага керектүү таблигди айтып, дүнүйө менен акырет бакытын насыяттадым. Насыятымды кабылдаңыз. Туура жолго түшкөндөргө салам болсун!»

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) катын адеп менен кунт коюп уккан бийлөөчү Асхама дароо ошол жерден:

«Ашхаду ан лаа илаха иллаллах, ва ашхаду анна Мухаммеден абдуху ва расулух» деп калимаи Шахадат айтып мусулман болду. Андан соң ал: «Ант берем, Ал ахли китап болгон яхудилер менен христиандардын күтүп жүргөн, келе тургандыгы мурунку пайгамбарлар тарабынан кабарланган пайгамбар болуп саналат.

Эгер ага бара турчу мүмкүндүгүм болгондо милдеттүү түрдө барып, ага кызмат кылмакмын», деди.

Пайгамбарыбыз Нажашиге эки кат жиберген эле. Нажаши Асхама башка катта көрсөтүлгөн буйруктарды орундап, Пайгамбарыбыздын аялы Үммү Хабиба (радыйаллаху анха) менен ошол жердеги сахабаларды кемелерге мингизип, көптөгөн белектерди берип, Мединага жиберди. Жооп катары жиберген катында өзүнүн ыйман келтиргендигин жазган эле.

Хазрети Дыхия Калбиге Византия императорун Исламга чакыруу милдети жүктөлгөн болчу. Катты Бусрадагы Гассан бийлөөчүсү Хариске берет, ал болсо бийлөөчү Гераклиуска жиберген эле.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) чакыруу катын бийик урмат менен алган хазрети Дыхия тез арада Бусрага барды. Харис менен кездешип, жагдайды айтты. Харис Дыхиянын (радыйаллаху анх) жанына али мусулман болбогон Ади бин Хатемди кошуп берип, ал кезде Кудуста болгон Гераклиуска жиберди. Экөө Кудуска барып, императорго жолугуу үчүн келгендиктерин билдиришкенде императордун адамдары ага: «Өкүмдарыбызга барган кезде башыңды төмөн ийип басасың, жакындаганда жерге жатып, сажда кыласың. Саждадан турууга уруксат бермейинче башыңды жогору көтөрбөйсүң», - дешти. Бул сөздөр хазрети Дыхияга (радыйаллаху анх) оор келип, аларга: «Биз, мусулмандар Аллаху тааладан башка эч кимге сажда кылбайбыз. Жана да, адамдын адамга сажда кылуусу анын жаратылышына терс келет», - деди. Ушул кезде императордун адамдары: «Андай болсо император сенин алып келген катыңды эч качан кабыл кылбайт жана сени алдынан кууп чыгарат», - дешти. Хазрети Дыхия (радыйаллаху анх): «Биздин пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам башка адамдын өзүнө саждоо кылмак түгүл кичине ийилүүсүнө да уруксат бербейт. Ага жолуккусу келген адам кул болсо да ага илтифат менен карайт. Алдына чакырып дартын, тилегин угат, көңүлүн алып маселесин чечет. Ошондуктан, ага баш ийгендердин бардыгы азат, кадырлуу”, - деди. Бул сөздөрдү угуп тургандардын бири: «Акыры императорго сажда кылбай турган болсоң, анда милдетиңди аткарууңа башка жол көрсөтөйүн. Императордун сарайынын алдында демалган бир жери бар. Күндө түштөн кийин ошол жерге чыгып басат. Ошол жерде бир күрсү (трибуна) бар. Анын үстүндө бир жазуу бар болсо алгач ошону окуйт, кийин демалат. Сен азыр барып катты ошол күрсүгө кой да, сыртта күт. Катты көргөн соң сени чакыртат. Ошол кезде тапшырмаңды орундаарсың», - дешти. Ошентип хазрети Дыхия катты айтылган жерге койду. Гераклиус катты алып, арапча билген тилмечти суратты. Тилмеч Пайгамбарыбыздын катын окуй баштады. Каттын эң башында «Бисмиллахиррахманиррахим! Аллаху тааланын Расулу Мухаммед алейхиссаламдан Византиялыктардын башчысы Гераклиуска» деп жазылган эле. Гераклиустун бир тууганынын баласы Йаннак каттын минтип башталганына катуу ачууланып, тилмечти муштум менен көкүрөккө салып калды. Тилмеч жерге кулап, кат колунан түшүп кетти. Гераклиус Йаннакка: "Эмне үчүн мындай кылдың?” - деп сураганда ал: "Катты көрбөй турасыңбы? Катты сенин атыңан мурун өзүнүн аты менен баштаптыр, ары сенин өкүмдар экениңди айтпай, "Византиялыктардын башчысы Гераклиус” дептир. Эмне үчүн "Өкүмдар” деп жазбаган жана эмнеге алгач сенин ысымыңды жазбаган? Анын катын бүгүн окубайбыз”, - деди. Ошондон кийин Гераклиус: "Валлахи, сен өтө акылсызсың же жиндисиң. Сенин мындай экениңди билчү эмес элем. Мен али катта эмне бар экендигин көрбөстөн эле жыртып таштагың келип турабы? Ант кыламын, эгер ал өзү айткандай Аллахтын элчиси болсо катына менин атыман мурун өзүнүн атын жузуусу жана мени Византиялыктардын башчысы деп айтуусу өтө орундуу. Мен алардын ээсимин, башчысы эмесмин деп Йаннакты алдынан кууп чыкты. Кийин христиандардын эң билерман, башчысы жана өзүнүн кеңешчиси болгон Ускуф деген адамын чакыртты. Ага катты окутту. Каттын арткы жагында мындай деп жазылган эле: «Аллаху тааланын туура жолуна түшкөндөргө салам! (Эй Византиялыктардын башчысы!) Сени Исламга чакырамын. Исламды кабылда, ийгиликте болосуң. Мусулман бол, Аллаху таала сага эки эсе сый берсин. Эгер жүзүңдү тескери бурсаң бардык христиандардын убалы сага. Аларга: «Эй китеп ээлери! (яхудилер менен христиандар) Арабызда орток сөзгө келгиле. Ал Аллаху тааладан башка эч нерсеге сыйынбайбыз жана эч кимди жаратуучу Рабби деп тааныбайбыз», - деп айт. Эгер бул сөздөн терс бурулса «Күбө болгула. Биз мусулманбыз дегиле» («Али Имран» сүрөсү, 64).

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) катын окуп жатканда Гераклиустун маңдайынан тер шоргологон эле. Катты окуп бүткөн кезде: «Сулайман алейхиссаламдан кийин мен ушундай «Бисмиллахиррахманиррахим!» деп башталган кат көргөн жокмун», - деди. Гераклиус Ускуфтан бул тууралуу пикирин сураганда «Валлахи ал - Муса менен Исанын (алейхимуссалам) бизге келе тургандыгын сүйүнчүлөшкөн ошол чыныгы пайгамбар! Биз анын келүүсүн күтүп жүргөн элек», - деди. Гераклиус: «Сен мага эмне кылууну сунуштайсың?» - деп сурады. Ускуф: «Ага баш ийүүңдү ылайык деп эсептеймин», - деп жооп берди. Гераклиус: «Мен сенин айткан нерсеңди өтө жакшы билемин. Бирок, ага баш ийип мусулман болууга күчүм жетпейт. Анткени, мен бийлигимен айрыламын жана адамдар мени өлтүрүшөт», - деди. Ушундан кийин Хазрети Дыхия менен Ади бин Хатамды чакыртты. Ади: «Эй өкүмдар! Малы араптардан болгон мына бул адам элинде болгон таң каларлык окуя тууралуу айтат», - деди. Гераклиус: «Ал эмне?» - деп сурады. Хазрети Дыхия (радыйаллаху анх): «Арабыздан бир адам чыкты. Өзүнүн пайгамбар экенин жарыялады. Калктын бир бөлүгү ага баш ийишүүдө, бир бөлүгү каршы чыгышууда. Биз менен (ишенгендер менен) ишенбегендер арасында кагылышуулар болууда», - деди.

Ушундан кийин Гераклиус Пайгамбарыбыз тууралуу сураштыра баштады. Шам акимине буйрук берип, Пайгамбарыбыздын тегинен бир адамды табууну буюрду. Кийин өзүнүн досу болгон жана ибрани тилин билген Римдеги бир аалымга кат жазып, бул тууралуу сурады. Римдеги досунан да ал адамдын акыр заман пайгамбары болгону жазылган кат келди. Ал эми Шам аймагын башкарган аким жолдон курайш уруусунун кербенине жолугат. Кербенде али мусулман боло элек, курайш уруусунун башчысы Абу Суфйан да бар эле. Абу Суфйан мындай дейт: «Биз Газзада болгон кезибизде Гераклиустун Шам акими бизге умтула келип: «Силер мынабу Хижаздагы адамдын тегиненсиңерби?» - деп сурады. «Ооба», - дедик. «Биз менен бирге императордун алдына барасыңар», - деди. Аларды Гераклиустун алдына алып барды. Ал кезде Гераклиус Кудустагы бир чиркөөдө болчу. Вазири менен бирге отуруп, башына таажысын кийген абалда эле. Гераклиус Абу Суфйан менен жанындагы отуз чакты меккеликтерди ушул жерде кабылдады.

Тилмеч чакыртып, аларга «Араңарда пайгамбар экендигин айткан адамга теги жагынан эң жакын ким бар?» - деп сурады. Абу Суфйан: «Мен», - деп жооп берди. Гераклиус: «Туугандык жакындыгын кандай?» - деп сурады. Ал: «Атамдын бир тууганынын уулу», - деп жоо берди. Гераклиус аны жанына чакырып, калгандарын анын артына тургузду. Абу Суфйан башында жалган кошуп сүйлөгөнү менен кийин Гераклиустун эскертүүсү менен коркуп, жалган айта алган жок. Алардын ортосунда мындай сүйлөшүү жүрдү. Гераклиус:

- Араңарда андан мурун пайгамбар экендигин айткан киши болдубу?

- Болгон жок.

- Пайгамбар экенин айткан адамдын теги кандай?

- Ал - доорубуздун эң тектүүсү. Теги жагынан эң тандалуубуз.

- Ата-бабаларынан падыша болгондору барбы?

- Жок!

- Ага элдин таанымал адамдары моюн сунуп жатышабы? Же кедейлер менен алсыздарбы?

- Ага моюн сунгандар кедейлер, алсыздар, жаштар менен аялдар. Улуулар менен таанымалдардан моюн сунгандар аз.

- Ага моюн сунгандар көбөйүүдөбү же азайуудабы?

- Көбөйүүдө.

- Анын динине киргенден кийин жактырбай же учууланып чыгып кеткен адам барбы?

- Жок.

- Пайгамбар экенин айтуудан мурда ал жалган сүйлөчү беле?

- Жок!

- Ал пайгамбардын айтын бузган, сөзүндө турбаган кези болду беле?

- Жок. Бирок, бирканча убакытка согушпай, келишим шартын түздүк. Бул мөөнөт ичинде анын эмне кыла тургандыгын билбейбиз.

- Ал силерге эмнени буюрууда?

- Жалгыз Аллаху таалага ибадат кылууну, Ага эч нерсени орток кылып кошпоону буюрууда. Ата-бабаларыбыз сыйынган нерселерге сыйынууга тыюу салууда. Намаз окууну, чынчыл болууну, кедейлерге көмөктөшүүнү, арамдардан сактанууну. берген убадага турууну, аманатка кыянаттык кылбоону жана туугандар менен аралашып турууну буюрууда.

Чиркөөдө ушундай сүйлөшүү болуп, Пайгамбарыбыздын каты окулду. Гераклиус катты өөп, көзүнө сүртүп, башына койгон кезде гректердин арасында уу-дуу үндөр чыга баштады. Император Абу Суфйан менен жанындагы курайштыктарды сыртка чыгарууну буюрду. Ал мусулман болбогон Абу Суфйан бул жерде ант кылуу менен Пайгамбарыбыздын табышка жеткендигине ишенгендигин айткан эле.

Хазрети Дыхийа (радыйаллаху анх) Гераклиустун алдына барып, жагымдуу үнү менен: «Эй, император! Мени сага Бусрадан бир адам (Харис) жиберди, ал сенден кайырлуу. Аллаху таалага ант кыламын, мени ага жиберген адам (Расулуллах) болсо андан да, сенден да кайырлуу. Сен менин сөздөрүмдү кичипейилдик менен угуп, айтылган насааттарды кабылдооң керек. Анткени, кичипейилдик кылсаң насааттарды угасың. Насааттарды кабылдабасаң ынсаптуу боло албайсың!» - деди. Гераклиус: «Улант» - деген соң хазрети Дыхийа (радыйаллаху анх): «Андай болсо мен сени Иса алейхиссалам кулчулук кылган Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырамын. Мен сени мурун Муса алейхиссалам, андан кийин Иса алейхиссалам келе тургандыгын айтып сүйүнчүлөгөн умми пайгамбарга ыйман келтирүүгө чакырамын. Эгер бул маселелерден кабарың бар болсо, дүнүйө менен акырет бакытына ээ болгуң келсе аларды көз алдыңа элестет. Антпесе, акырет бакытынан кол үзүп, ыймансыздыкта каласың. Мына муну да жакшы бил, Раббиң болгон Аллаху таала - заалымдарды жойуучу жана ниматтарды өзгөртүүчү», - деди. Гераклиус: «Мен келген жазууну окубай, аалымдарыман билбегендеримди сурап билбей койбоймун. Мындан бир гана кайыр менен жакшылык көрөмүн. Сен мага ойлонуп, акыйкатты тапканга чейин убакыт бер», - деди. Гераклиус ошондон кийин хазрети Дыхияны жанына алдырып, бетме-бет сүйлөштү. Ичиндегисин ачып айтты: «Мен сени жиберген адамдын китептерде келе тургандыгы тууралуу айтылган акыр заман пайгамбары экенин билемин. Бирок, ага баш ийе турган болсом гректер мени өлтүрүшөбү деп коркомун. Сени алардын эң чоң аалымдары жана менден да бекем урматтаган адамы болгон Дагатырга жиберейин. Бардык христиандар ошого баш ийишет. Эгер ал ыйман келтирсе гректердин бардыгы ыйман келтиришет. Мен да ошол жерде жүрөгүмдөгүлөрдү жана ишенимимди ачык жарыялаймын», - деди.

Ошондон кийин Гераклиус бир кат жазып, хазрети Дыхияга (радыйаллаху анх) берип, Дагатырга жиберди. Расулуллах Дагатырга да кат жиберген болчу. Дагатыр каттарды окуп, Пайгамбарыбыздын сыпаттарын уккан кезде анын хазрети Муса менен хазрети Иса кабарлаган акыр заман Пайгамбары экенине күмөн жок экенин айтып, ыйман келтирди. Үйүнө барып, чыкпай отурду. Ар жекшемби сайын айтчу вааздарын айтууга үч апта бою чыкпады. Христиандар: «Дагатырга эмне болгон, араптар менен кезиккенден бери сыртка чыкпады? Аны көргүбүз келет», - деп чуу салышты. Дагатыр үстүндөгү кара түстүү чиркөөнүн кийимин чечип, ак кийим кийди. Колуна таягын кармап, чиркөөгө барды. Элди жыйнагандан кийин ордунан туруп: «Эй, христиандар! Билгиле, бизге Ахмедден (алейхиссалам) кат келди. Бизди хак динге чакырыптыр. Мен аны билемин жана ишенемин, Ал - Аллаху тааланын чыныгы расулу», - деди. Христиандар муну укканда Дагатырга кол салышып, аны шейит кылышты. Хазрети Дыхия (радыйаллаху анх) келип, абалды Гераклиуска баяндады. Гераклиус: «Мен сага айткан жокмунбу? Дагатыр христиандардын алдында менден да урматтуу жана кадырлуу. Эгер эл мусулман болгонумду угушса мени да ошодой кылып өлтүрүшөт», - деди.

Имам Бухаринин «Сахихинде» айтылган жана Зухринин жеткирген кабарында: «Гераклиус Хумустагы сарайында гректердин чоңдорун чакыртып, эшиктерди жаптырып, бийик жерге чыгып, мындай деди: «Эй, грек коому! Силер бакытка, тынчтыкка жетүүнү жана бийлигиңердин сакталып калуусун, Хазрети Исанын айтканына баш ийүүнү каалайсыңарбы?» - деди. Гректер: «Эй, өкүмдарыбыз! Буларга жетиш үчүн эмне кылалы?» - деп сурашты. Гераклиус: «Эй, грек калкы! Мен силерди кайырлуу бир иш үчүн жыйнадым. Мага Хазрети Мухаммеддин каты келди. Мени Ислам динине чакырды. Валлахи ал биз күтүп жүргөн, келе тургандыгы китептерибизде жазылган, белгилери хак пайгамбар. Келгиле, ага баш ийип, дүнүйө менен акыретте ийгиликке ээ бололу», - деди. Буга баары жаман сөздөрдү айтышып, тапырап сырка чыгып кетүү үчүн эшикке карай умтулушту. Бирок, эшиктер жабык болгондуктан чыга алышпады. Гераклиус гректердин бул аракетин көрүп, Исламдан ушунчалык кача тургандыктарын түшүнүп, өмүрүнө кооп туулат деп корккондуктан: «Эй, грек коому! Менин айткан сөздөрүм силердин өз диниңерге кандай берилгендигиңерди сыноо үчүн эле. Диниңерге берилгендигиңерди жана мени кубанткан аракетиңерди өз көзүм менен көрдүм», - деди. Ушундан кийин гректер Гераклиуска сажда кылышып, эшиктер ачылган соң чыгып кетишти.

Гераклиус Хазрети Дыхияны чакыртып, жагдайды түшүндүрүп берди. Баалуу белектерди берди. Кийин Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) бир кат жазды. Катын жана даярдаган белектерин хазрети Дыхия (радыйаллаху анх) аркылуу Пайгамбарыбызга берип жиберди. Гераклиус мусулман болууну каалаган, бирок, өмүрү менен атагын жоготуудан коркуп, ыйман келтирбеген эле. Пайгамбарыбызга жазган катында: «Хазрети Иса сүйүнчүлөгөн Аллахтын расулу Мухаммедге   гректердин өкүмдары Карсерден! Элчиң мага катты алып келди. Мен да сенин Аллахтын хак Расулу экениңе күбөлүк кыламын. Биз сенин атыңдын Инжилде жазылганын көрдүк жана хазрети Иса сени бизге сүйүнчүлөдү. Гректерди сага ыйман келтирүүгө чакырсам да алар макул келишишпеди. мени укканда бул алар үчүн кайырлуу болор эле. Мен сенин жаныңда болуп, сага кызмат кылууну жана аяктарыңды жууну каалаймын», - деп жазылган эле.

Хазрети Дыхия (радыйаллаху анх) Гераклиустан кетип, Хисмага барды. Жолдо Жүзам аймагынын Шанар деген жеринде Хунайд бин Ус, анын баласы жана адамдары хазрети Дыхияны тоношту. Эски кийимдеринен башка бардык нерселерин алып коюшту. Бул жерде Дубайб бин Рафаа бин Зейд менен анын тайпасы Исламды кабылдашкан болчу. Дыхия (радыйаллаху анх) аларга барып, болгон окуяны айткан кезде алар Хунайд бин Ус менен тайпасына барып, оокаттарынын бардыгын кайра кайтарып алышты. Ошондон кийин Расулуллах Зейд бин Харисти (радыйаллаху анх) Хунайд бин Ус менен анын адамдарына жиберди. Ошол аймактагылардын бардыгы ыйман келтиришти. Хазрети Дыхия Мединага барганда үйүнө кайрылбастан түз Пайгамбарыбызга барды. Эшигин какты. Пайгамбарыбыз: «Ким бул?» - деп сурады. Дыхия: «Дыхия- тул-Калби», – деди. Пайгамбарыбыз: «Ичке кир», - деди. Хазрети Дыхия (радыйаллаху анх) ичке кирип, болгон окуяларды айтып берди. Пайгамбарыбызга Гераклиустун катын окуду: «Ал али көп убакыт өкүмдарлык кылат. Менин катым аларда болгон убакыт бою алардын бийлиги да уланат», - деди.

Гераклиус катында Пайгамбарыбызга ыйман келтиргенин жазганы менен Пайгамбарыбыз: «Жалган айтат. Динин таштаган жок», - деди. Гераклиус Пайгамбарыбыздын катын жибек кездемеге ороп, тоголок алтын кутунун ичине салып сактап койду. Гераклиустун үйү бул катты сактап, аны сактап койгондуктарын башкалардан жашырышты. Бул кат алардын колдорунда болгон кезде бийликти кармап тургандыктарын айтып, ошого ишенишчү. Чындыгында да ошондой болгон эле.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Хатиб бин Абу балтааны (радыйаллаху анх) Мысыр өкүмдарына жөнөтүүдөн мурун: «Эй, сахабаларым! Сыйды Аллаху тааладан күтүү ниети менен мына бул катты Мысыр өкүмдарына ким алып барат?» - деп сураганда хазрети Хатиб ордунан туруп: «Йа, Расулаллах! Мен алып барамын», - деди. Пайгамбарыбыз: «Эй, Хатиб! Бул кызматты аллаху таала сага куттуу кылсын!» - деди.

Хатиб бин Абу Балтаа (радыйаллаху анх) катты Пайгамбарыбыздан алып, коштошуп, үйүнө барды. Минчү жаныбарын даярдады. Үй-бүлөсү менен коштошуп, жолго чыкты. Мысыр өкүмдары мукавкыстын Александрияда экенин угуп, сарайына барды. Эмне үчүн келгендигин сураган күзөтчү Хазрети Хатибге чоң урмат көрсөттү. Аны күттөргөн жок. Мукавкыс ал кезде кемеде адамдары менен сүйлөшүп отурган эле. Хазрети Хатиб (радыйаллаху анх) бир кайыкка минип, Мукавкыстын отурган жерине барып, Пайгамбарыбыздын катын берди. Катты Хатибден (радыйаллаху анх) алган Мукавкыс аны окуй баштайт:

«Бисмиллахиррахманиррахим!

Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммедден Кыбттын (көөнө Мысыр калкынын) башчысы Мукавкыска! Туура жолго түшкөндөргө салам! Сени саламаттыкка жетишиң үчүн Исламга чакырам. Мусулман бол, саламаттык табасың жана Аллаху тааланын эки эсе сыйына бөлөнөсүң. Эгер мындан жүзүңдү бурсаң бүткүл Кыбттын күнөөсү сенин мойнуңда болот. Эй, китеп ээси болгон (Яхуди жана христиандар)! Арабызда орток болгон сөзгө келгиле. Ал – «Аллаху тааладан башка эч нерсеге сыйынбайбыз жана Ага эч нерсени шерик кылып кошпойбуз. Аллаху тааланы таштап, ичибизден эч кимди жаратуучу кудай деп санабайбыз». Эгер бул сөздөн терс бурулса «Күбө болгула. Биз мусулманбыз», - дегиле».

(«Али Имран» сүрөсү, 64).

Пайгамбарыбыздын каты окулгандан кийин Мукавкыс Хазрети Хатибге: «Кайырлуусу болсун», - деди. Мысыр бийлөөчүсү кол башчыларын, мамлекет адамдарын жыйнап, Хатиб менен сүйлөшө баштады. Ал: «Билгим келген нерселерди сурап, ушулар тууралуу сени менен сүйлөшөлү», - деди. Хазрети Хатиб: «Айт, сүйлөшөлү»,

- дегенде Мукавкыс:

- Сени жиберген адам тууралуу айт, Ал пайгамбарбы?

- Ооба, ал - пайгамбар!

- Ал хак пайгамбар болсо, анда эмне үчүн өзүн мекенинен чыгарып, башка жерде башпааналоого мажбур кылган коомуна каргыш айткан жок?

- Сен Иса бин Мариям алейхиссаламдын пайгамбар экендигине ишенет эмессиңби? Өз коому аны кармап, өлтүрмөкчү болгондо ал каргыш айтпады жана Хак таала аны ааламдын асманына көтөрдү. Болбосо коомунун жок болуусу үчүн Аллаху тааладан каргыш тилөөсү керек эмес беле? Ал андай кылган жок.

- Өтө жакшы жооп бердиң! Чынында эле сен хикматка толгон адамдан келген элчисиң. Бүгүн ушул жерге кон. Эртең сага жообумду айтамын.

Хазрети Хатиб (радыйаллаху анх) хазрети Муса заманындагы фараонду эстеп, Мукавкыска мындай деди: «Сенден мурда бул жерде бир өкүмдар болгон. Ал элине: «Эң чоң Кудай менмин!» - деп, өзүнүн теңир экендигин айткан. Аллаху таала аны эки дүйнөдө тең азабы менен жазалап, андан өч алды. Сен мындан сабак алып, башкаларга сабак болбоссуң!

- Биз үчүн бир гана дин бар. Биз бул динибизди андан да жакшысы чыкмайынча таштабайбыз.

- Сенин жакшысы чыкмайынча таштабай тургандыгыңды айткан диниңен да жакшы болгон дин - күмөнсүз Ислам. Биз сени Аллаху тааланын ушул соңку динине, Исламга чакырабыз. аллаху таала динин ошону менен толуктаган, аны адамдарга жеткиликтүү кылган жана бул анык. Бул Пайгамбар жалгыз сени эмес бүткүл адамзатты Ислам динине чакырды. Ага эң көп жаман мамиле көрсөткөндөр Курайштар, эң көп душмандык кылгандар яхудилер, ал эми христиандар эң жакын адамдары болду. Аллаху таалага ант кыламын, Муса алейхиссаламдын Иса алейхиссаламды сүйүнчүлөөсү Иса алейхиссаламдын Мухаммед алейхиссаламды сүйүнчүлөөсү сыяктуу. Ушуга карай биздин сени Курани каримге чакыруубуз сенин яхудилерди Инжилге чакыргандыгың сыяктуу. Ар пайгамбардын өзүн түшүнүп, уга турчу бир коомго жиберилгени күмөнсүз. Жана ал коомунун ушул пайгамбарга баш ийүүсү ага милдет болуп жүктөлгөн. Мына, сен да ушул пайгамбарга жеткендердин бирисиң. Биз сени ушул жаңы динге чакырабыз.

Хазрети Хатибдин бул сөздөрүнө Мукавкыс:

- Мен бул пайгамбардын жагдайын сурадым. Буйруктары менен тыйууларынан акылга кайчы келе турчу эч нерсе таппадым. Менин түшүнгөнүмчө ал сыйкырчы, көзачык жана жалганчы эмес. Андан кээ бир пайгамбарлык белгилерин таптым. Жашыруун нерселерди жарыкка чыгаруу – ушул белгилердин бири. Кээ бир сырлардан кабар берүүсү ушул адам аркылуу пайда болду. Бираз ойлонолу деп убакыт сурады.

Мукавкыс түндө Хатибди ойготуп, Пайгамбарыбыз тууралуу бир канча нерселерди сурагысы келгендигин билдирди. Араларында мындай аңгеме болду.

Ал тууралуу сурай турчу нерселериме туура жооп берсең үч нерсе сураймын.

- Каалаганыңды сура. Мен сага дайыма чындыкты гана айтамын.

- Мухаммед адамдарды эмнеге чакырат?

- Жалгыз Аллаху таалага гана ынанып, күн сайын беш маал намаз окуп ибадат кылууга, Рамазан айында орозо кармоого, берген убадага турууну буюрат. Өлгөн малдын этин жегенге тыюу салат.

- Анын дене турпатын сыпаттап бер.

Хазрети Хатиб бир нече сыпатын айтып, бир нече сыпаты айталбай калды.

Мукавкыс:

- Айтпаган дагы көп нерселериң калды. Анын көзүндө азыраак кызгылтың, аркасында пайгамбарлык мөөрү бар. Өзү меркепке (эшекке) минет, жүндөн кийим кийет, курма менен эти аз тамакка канаат кылат. Аны агалары же агаларынын уулдары коргошот.

- Булар да ага таандык сыпаттар.

Мукавкыс Хатибден Пайгамбарыбыз тууралуу кайрадан сурады.

- Сүрмө колдонобу?

- Ооба, күзгүгө карап, чачын тарайт, сапарда күзгү менен сүрмөсүн, тарагын, мисвагын таштабайт.

- Мен келе турчу бир пайгамбар калгандыгын билчүмүн жана аны Шамдан чыгат деп ойлоп жүргөн элем. Анткени, мурунку пайгамбарлардын бардыгы ошол жерден чыккан эле. Чындыгында акыркы пайгамбардын Арабстандан, тардык, жокчулуктун элинен чыга тургандыгын китептерден окуган эмес элем. Китептерде сыпаттары жазылган пайгамбардын келүү убактысы дагы ушул убакыт экендиги күмөнсүз. Биз анын сыпатын китептен эки бир тууган кызды бир никеге бириктирбеген, белекти кабылдап, садаганы кабыл кылбаган, кедейлер менен бирге жашаган деп окуган элек. Ага баш ийүү маселесинде кыбтилер мени угушпайт. Мен билгенимен да айрыла албайм. Бул маселеде өтө сараңмын. Ал пайгамбар элдерге үстөмдүк орнотуп, өзүнөн кийин анын сахабалары ушул жерлерге чейин келишет. Эң акырында ушул жердегилерди жеңишет. Мен кыбтилерге бул сөзүмдү билгизгим келбейт. Ушундай кийин Мукавкыс арапча жазган катчысын чакыртып, Пайгамбарыбыздын катына мындай деп жооп жаздырды:

«Абдуллахтын баласы Мухаммедге кыбтилердин башчысы Мукавкыстан!

Сага салам жаасын! Жөнөткөн катыңды окудум. Анда айткан нерсеңди жана чакырууңду түшүндүм. Мен да бир пайгамбар келе тургандыгын билчүмүн. Бирок, аны Шамдан чыгат деп ойлогон элем. Элчиңе сый көрсөттүм. Сага кыбтилердин жанында кадыры жогору болгон эки күң менен кийе турчу кийимдерди жөнөттүм. Ошондой эле, мине турчу ургаачы качыр белек кылдым.»

Мукавкыс мындан башка эч нерсе сурабады, мусулман да болгон жок. Хазрети Хатибди Мысырда беш күн конок кылды. Көп урмат көрсөттү. Кийин: «Эми элиңе, кожоюнуңа кайт. Ага эки күң, эки мингич жаныбар, миң мыскал (бир мыскал = 4,8 гр) алтын, жыйырма мысырча кооздолгон кийим менен башка да белектерди жиберүүнү буюрдум. Сага жүз динар жана беш кийим берүүнү буюрдум. Эми жолуң ачык, бирок, кыбтилер сенин оозуңан бир дагы сөз укпагыдай болсун», - деди.

Мукавкыс Пайгамбарыбызга ошону менен катар мөлтүр айнек чөйчөк, селде, Мысырдын зыгыр кездемесин, атыр суулар, аса таяк, бир идиште сурма, гүл майы, тарак, кайчы, мисвак, күзгү, ийне жана жип да берип жиберди.

Мукавкыс Ислам элчиси элчиси Хатиб бин Абу Балтаанын жанына коргоочу аскерлерди кошуп жиберди. Арабстан жерине бут басканда Мединага бара жаткан бир кербенге жолукту. Хатиб (радыйаллаху анх) Мукавкыстын аскерлерин артка кайтарып, өзү ошол кербенге кошулуп жолун улантты.

Хатиб бин Абу Балтаа (радыйаллаху анх) белектери менен Мединага келип, Пайгамбарыбыздын алдына балды. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мукавкыстын белектерин алды. Хатиб (радыйаллаху анх) Мукавкыстын катын берип, сөздөрүн жеткиргенде: «Кандай жаман адам! Бийлигин кыйбады. Ыйман келтиришине тоскоол болгон бул бийлиги өзүндө калбайт”, – деди.

Мукавкыстын Пайгамбарыбызга белек катары жөнөткөн эки күңү Мария менен сиңдиси Сирин болчу. Хатиб бин Абу Балтаа (радыйаллаху анх) жолдо аларга мусулман болууну сунуш кылганда алар кабыл кылышып, мусулман болушкан эле. Пайгамбарыбыз хазрети Мариянын мусулман болгонуна катуу кубанып, аны менен никесин кыйдырды. Андан Ибрахим деген баласы болду. Сиринди (радыйаллаху анха) сахабаларынан пайгамбар акыны болгон Хассан бин Сабитке (радыйаллаху анх) берди. Асыл тукумдуу ак түскө жакын боз түстүү эки жаныбардын ичиндеги качырга Дүлдүл, эшекке Уфайр же Яфур деп ат коюлду. Ошол кезге чейин Арабстанда ак качыр кездешпеген эле. Мусулмандардын көргөн алгачкы ак түстүү качыры Дүлдүл болду. Пайгамбарыбыз белекке берилген мөлтүр чөйчөк менен суу иччү.

Мукавкыс Пайгамбарыбыздын катын урматтап кармап, пилдин тишинен жасалган идишке салып койду. Идишти мөөрлөп, күңдөрүнүн бирине берди. Аталган бул кат 1267 (м.1850)-жылы Мысырдын Ахмин аймагында эски монастрдагы Кыбт китептеринин арасында турган жана аны Осмон падышасы 96-халифа Султан Абдулмажид хан сатып алып, Стамбул Топкапы сарайы Касиеттүү аманаттар бөлүмүнө койдурган. Иран өкүмдарына Абдуллах бин Хузафа (радыйаллаху анх) жиберилген эле. Хазрети Абдуллах текебер Иран падышасына Пайгамбарыбыздын катын сунганда аны окуу үчүн катчысына берди:

«Бисмиллахиррахманиррахим!

Аллаху тааланын расулу Мухаммедден (алейхиссалам) перстердин башчысы Кисрага...». Катчы ушул жерге чейин окуган кезде текебер падышанын каны башына көтөрүлүп, ачууланган тейден катты алып жыртып таштады. Каттын Пайгамбарыбыздын аты менен башталгандыгына катуу ызырынган эле. Ислам элчиси Абдуллах бин Хузайфаны (радыйаллаху анх) алдынан кууп чыккысы келген кезде хазрети Абдуллах Кисра менен жанындагы жыйналган отко сыйынуучуларга мындай деди: «Эй, перс калкы! Силер пайгамбарларга ишенбейсиңер. Китептерди кабылдабайсыңар. Мына бул топурактарда саналуу күндөрдү өркөрүп, түш сыяктуу өмүрдү жашап жатасыңар!

- Эй, Кисра! Сенден мурда канчалаган бийлөөчү ушул такка отуруп, бийлик жүргүздү. Аллаху тааланын буйругун орундагандар акыретте табышка ээ болуп, орундабагандар илахий азапка учурап, дүнүйөдөн көчүштү.

- Эй, Кисра! Мына бул кат негизи сен үчүн чоң ырыс болчу. Аны менсинбедиң. Аллаху таалага ант кыламын, ошол менсинбеген диниң ушул жерге келген кезде кача турчу жер издейсиң». Кийин сарайдан чыгып, ал жерден тез кетип калды. Мединага барып, окуяны Пайгамбарыбызга айтканда: «Аллахым! Ал менин катымды кандай майдалаган болсо, сен да аны жана мал-мүлкүн ошондой майдала», - деди.

Аллаху таала Расулунун дубасын кабыл кылып, Кисраны өзүнүн баласы бир түнү канжар менен кескилеп өлтүрдү. Хазрети Омар доорунда бүткүл Иран жери басып алынып, мусулмандардын колуна өттү.

Шужа бин Вахб Гассан өкүмдары Харис бин Абу Шимрге жөнөтүлгөн эле. Шужа (радыйаллаху анх) алгач өкүмдардын эшигинде турган күзөтчү менен сүйлөштү. Аны Исламга чакырганда ал кабыл кылып, Пайгамбарыбызга саламы менен урматын билдирди. Эч күттүрбөстөн хазрети Шужаны өкүмдары менен кезиктирди. Харис бин Абу Шимр катты окуп, ачууланып жерге ыргытты. Хазрети Шужа дароо Мединага карай артка кайтып, окуяны Пайгамбарыбызга баяндады. Пайгамбарыбыз каттын жерге ыргытылгандыгына ачууланып: "Султандыгы жок болсун!” - деди. Кыска убакыттан соң Харис бин Абу Шимр өлүп, эли чачырады.

Салит бин Амр (радыйаллаху анх) Йамама өкүмдары Хавза бин Алиге жиберилген эле. Хавза христиан эле. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Хавзага жаздырган катында мындай деген эле:

«Бисмиллахиррахманиррахим!»

Аллаху тааланын расулу Мухаммедден (алейхиссалам) Хавза бин Алиге!

Туура жолго түшкөндөргө салам жолдоймун.  (Эй, Хавза!) Билесиң, Ислам аттар менен төөлөр бара ала турчу эң алыскы жерлерге чейин таралат. Бардык диндерди жеңет. Сен да Исламды кабылда, ошондо сен ийгиликте болосуң. Мусулман болсоң кол алдыңдагы жерлерди башкарууну сага калтырамын».

Йамама өкүмдары Хавза бул чакырууну кабылдоодон баш тартты. Бийлик менен мансап анын көзүн чел кылып баскан эле. Ошол себептен Пайгамбарыбыздын дубасын алуу сыяктуу чоң ийгиликтен куру калган эле. Ислам элчиси Салит бин Амр (радыйаллаху анх) ырайымдуулук кылып: «Эй, Йамама бийлөөчүсү Хавза! Сен ушул тайпанын чоң адамысың. Сен чоң деп эсептеген падышаңар өлүп, топурак болду.

Чыныгы улуулар болсо – Аллаху тааланын буйруктарын орундап, тыйууларынан сактанып, Бейишке ээ болгон адамдар. Бул коом ыйман келтирүү урматына ээ болсо, аларды өзүңдүн ката ишенимиң менен туура жолдорунан адаштырба. Туурасы мен сага Аллаху тааланын буйруктарын орундоону, тыйууларынан сактанууну сунуш кыламын. Аллаху таалага ыйман келтири, буйруктарын орундасаң Бейишке киресиң. Шайтанга баш ийсең Тозокто каласың.

Эгер ушул насааттарды кабылдасаң, корккон нерселериңен амандыкта болуп, үмүт кылгандарыңа кол жеткиресиң. Эгер насааттарымды кабылдабасаң бул жерде кыла турчу эч нерсем калган жок. Калганын сен билесиң”, - деди.

Хавза Ислам элчисинин бул сөздөрүн да тыңдабады. Салит бин Амр (радыйаллаху анх) эми Йамамада калуунун кажетсиз экендигин түшүнүп, тез Мединага кайтты. Расулуллахка жагдайды айтты. Пайгамбарыбыз буга капа болду. Кыска убакыттан кийин Хавзанын өлгөнү тууралуу кабар келди. Султандыкка деген куштарлыгы Тозок чуңкуру болгон кабырында жоюлду.

Ушундайча алты Ислам элчиси милдеттерин аткарып, чоң мамлекеттерге Исламдын бар экендигин кабарлаган эле. Аларга чыныгы бакытты кабарлап, кыямат күнү «Биз укпадык» деп айтууларына жол бербеди. Хабаш бийлөөчүсү Асхама (радыйаллаху анх) мусулман болуп, сахабаларды көрүү, Пайгамбарыбыздын дубасын алуу урматына жетти. Грек императору Гераклиус менен Мысыр султаны Мукавкыс мусулман болушпады. Бирок, келген каттарга урмат көрсөтүшүп, Пайгамбарыбызга белектерин жиберишкен эле. Гассан менен Иран бийлөөчүлөрү элчилерге жакшы мамиле жасабай, душмандыктарын ачык көрсөтүшкөн эле. Йамама бийлөөчүсү болсо Ислам элчисине жылуу мамиле көрсөткөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш