Нурдуу Медина
да сырттан караганда мусулман болуп көрүнчү, чындыгында мунафык (эки жүздүү)
болгон яхудилер бар болчу. Алардын арасында сыйкырчылык кылуу менен аты чыккан
Лебид бин Асам деген бир мунафык адам бар болчу. Яхудилер ага алтын беришип:
"Мухаммеддин коомубузду Мединадан сүрүп чыгарганын жана эркектерибизди кандайча
өлтүргөндүгүн билесиң. Аны сыйкырлап, жазаландырууңду каалайбыз”, - дешти. Ал
да бул сунушка макул болуп, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын чачынан жана тарагынын
тиштеринен алууга аракет кылды. Бул каалосун (арзусун) Расулуллахка кызмат
кылган яхуди бир жигит аркылуу ишке ашырды.
Лебид
Пайгамбарыбыздын чачтары менен тарак тиштерине бир жип менен онбир түйүн
байлап, үйлөдү. Аны кудуктун ичиндеги бир таштын астына бастырып койду. Ошондон
кийин пайгамбарыбыз сыркоолоп калды. Ооруп төшөккө жатып калды. Бирнече күн
туралбай жатты. Сахабалар тез тезден ахыбалын сурашып, күн сайын оорунун күчөп
баратканын көрүшүп, боорлору эзилип, көздөрүн жашка толтурушту. Ал эми
мунафыктар кубанычтан майрамдашты.
Бир күнү пайгамбарыбыз Хазрети Айшага: "Эй
Айша! Билесиңби? Аллаху таала мага шыфаамды билдирди, мага эки киши (Жабраил менен
Микаил) келип, бирөө баш жагыма экинчиси бут жагыма отурду. Бирөө
экинчисинен: "Бул адамдын оорусу эмне?” - деп сурады. Экинчиси "Сыйкырланган”
деп жооп берди. "Ким сыйкырлаган” деп сураганда жанындагы периште: "Лебид бин
Асам”, - деп жооп берди. Кийин "Бул сыйкыр эмне менен жасалган” деп сурады. Ал
"бир тарак менен түшкөн чачка жана бир эркек хурма данегинин ичине жасалган”
деп жооп берди. "Ал кайда” деген суроого: "Зерван кудугунда”, - деп жооп
берди”, - деди.
Зерван
Мединадагы Бени Зүрейк уруусунун бакчасынан орун алган кудук болгон. Расулуллах
(саллалаху алейхи ва саллам) ал кудука Хазрети Али, Зубейр, Талха жана Аммарды
(радыйаллаху анхум) жиберди. Кудуктагы сууну төгүп, түбүндөгү ташты алышты.
Алдынан онбир түйүн менен түйүлгөн бир жип табышты. Алып, пайгамбарыбызга
алпарышты. Түйүндү чечүүгө канча аракет кылышса да чече алышпады. Жабраил
алейхиссалам "Фалак” жана "Нас” сүрөөлөрүн түшүрдү. Расулуллах бул сүрөлөрдү,
айтор бардык он бир аяттын ар бирин окуган сайын түйүндөр чечилди. Түйүндөр
чечилип бүткөндөн кийин пайгамбарыбыз жеңилдеп ахыбалы жакшырды.
Лебид деген
яхуди колго түшүрүлүп, пайгамбарыбызга алып келинди. Пайгамбарыбыз ага: "Аллаху таала мага кылган сыйкырың тууралуу
кабар берип, жерин көрсөттү. Сен муну эмне үчүн жасадың?” - дегенде: "Алтынга деген махабатым”, - деп жооп берди. Сахабалардын кээ бирлери: "Йа, расулаллах! Уруксат
берсеңиз мына бул яхудинин башын чабалы”, – дешти.
Өзү үчүн эч кимге жаза бербеген пайгамбарыбыз: "Анын акырында көрө турган азабы андан да катуу”, -
деп анын өлтүрүлүшүнө уруксаат бербеди.
Яхудилер
Мединадан чыгарылгандан кийин алар Арабистандын түштүк тарабына кетишкен.
Алардын бир бөлүгү Хайберде калып орун алышты. Дагы бир бөлүгү болсо түштүктөн
орун алган Шамга кетишти. Алар Расулуллахка кол салуу аракетин уюштургандыгына
байланыштуу жерлеринен куулушкан. Бирок, алардын ичииндеги мусулмандарга каршы
болгон жеккөрүүчүлүк, кек сезимдери эчкачан өчкөн жок. Жада калса, күндөн күнгө
күч алды. Расулуллахты тезиреек өлтүрүп, Ислам динин жок кылууну каалашты. Кээ
бир алдыңкы адамдар "Гатафандыктарга барып жардам сурайлы, мусулмандарга каршы
алар менен биргеликте согушалы!” дешти. Кээ бирлери болсо "Федек, Тейма жана
Вадил-Кура яхудилерин жардамга чакырып, мусулмандардын чабуулунан мурун биз
алардын шаарына чабуул жасайлы, бардык болгон кегибизди алалык!” дешти. Хайбер яхудилери бул сөзгө макул
болушуп, айланасындагы яхуди урууларын
жана Гатафандыктарды жардамга чакырды. Бир гана Гатафандыктардан көп сандаган
тандалма жоокерлер келип, Хайберде даярдыктарын башташты.
Алар ошондой
даярдыктарды көрүп жатканда Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи ва саллам)
яхудилердин ал ахыбалынан кабардар болду. Абдуллах бин Реваха хазреттеринин
жанына үч сахаба кошуп берип, Хайберде эмне болуп жаткандыгын билип келүү үчүн
жөнөттү. Абдуллах бин Реваха жана үч досу (радыйаллаху анх) тез арада Хайберге
келишти. Бул жер сегиз мыкты чеби, берешен жери, көп сандаган бакчалары бар бай
шаар эле. Хазрети Абдуллах досторунун бирөөсүн Шикк, экинчисин Катибе,
үчүнчүсүн Натат чебине жөнөттү. Өзү болсо башка бир чепке кирип, үч күн
яхудилердин абалдарын, согушка даярдыктарын жакындан таанып билишти. Үч күндөн
кийин жолугуша турган жерге келип чогулушуп, тез арада Мединага барып, алардын
даярдыктары тууралуу Пайгамбарыбызга толук айтып беришти.
Пайгамбарыбыз
сахабаларына тез арада даярданууну буйрук кылды. Яхудилердин Мединага кол
салууларына тоскоол болуу үчүн Хайберге чабуул жасоого чечим чыгарышты. Мындай
чечимди уккан Мединадагы яхудилер тынчсыздана башташты. Мусулмандардын
адеп-ахлагын бузуу үчүн: "Ант беребиз, эгер силер Хайбердеги чептерди, ал жерге жыйналган мыкты жоокерлерди көргөн
болсоңор эч качан ал жакка кадам таштабайт элеңер!... Тоолордун чокусундагы
бийик чептерди соотчон жигиттер коргошууда. Айланадан миңдеген аскерлер аларга
жардамга келишишти! Силердин Хайберди басып алууларың мүмкүнбү?” - дешти.
Аларга каршы эр жүрөк сахабалар: "Аллаху таала Расулуна Хайберди ала турганына
убада кылган”, - деп, яхудилерден эч убакта коркпой тургандыктарын билдиришти.
Сахабалардын мындай чечкиндүү абалы яхудилерди абдан кайгыртып, кооптондурду.
Мунафыктардын
башчысы Абдуллах бин Убей: ”Мухаммед аз гана күч менен келе жатат. Корко турган
эч нерсе жок, бирок, этият болуп, чептериңе оокаттарыңарды толтуруп алгыла.
Аларды чептен чыгып тоскула”, - деп, Хайберге тез кабар жиберди.
Сахабалар
даярдык иштерин аякташып, үйдөгүлөр менен коштошуп, Пайгамбарыбыздын жанына
топтолушту. Эки жүз атчан аскер жана миң төрт жүз жөөчөн аскер болушту. Аллаху
тааланын динин жайуу, жихад кылуу жана шейит болуу мартабасына жетүү үчүн
Пайгамбарыбыздын буйругуна даяр болушту. Бул учурда кээ бир аялдар согушта сахабаларга тамак-аш даярдоо, жараларды
таңуу жана башка колунан келе турган иштерди аткаруу үчүн Пайгамбарыбыздан
уруксат сурашты. Пайгамбарыбыз уруксат берип, аларды мындай сооптон кур
калтырбады. Ушундайча мужахиддерге Пайгамбарыбыздын жубайы Үммү Селеме (радыйаллаху
анха) баштаган жыйырма аял да кошулушту.
Пайгамбарыбыз
(саллалаху алейхи ва саллам) Мединага өкүл кылып, Гифар уруусунан Сибаны
калтырып, Хайберге карай жөнөөгө буйрук кылды. (Нумейле бин Абдуллахты да
калтыргандыгы тууралуу да айтылат). Сапар такбирлер менен башталды. Кечиримдүү
себептер менен согушка катышпай калган, жашы кичине сахабалар Пайгамбарыбызга
жана эр жүрөк аталарына, чоң аталарына, агаларына, байкелерине кызыгып карашып,
аларды такбир жана дуба кылуу менен узатышты.
Календар
боюнча хижраттын жетинчи жылы эле. Пайгамбарыбыздын туусун Хазрети Али көтөрүп,
оң кол башчылыгын Хазрети Омар башкарды. Сапар салтанаттуу түрдө уланып жатты.
Акындар ырлары менен Аллаху таалага, берген ниматтарына шүгүр кылышып,
Пайгамбарыбызга салават айтышып, сахабаларды макташты. Сахабалар да майрамга
кетип бараткан сыяктуу баары бирге "Аллаху акбар! Аллаху акбар! Ла илаха
иллаллаху валлаху акбар!” деп, айлананы жаңыртышты. Ар токтогон жеринде
Пайгамбарыбыз: "Аллахым! Болочокко
шашуудан, өткөнгө өкүнүүдөн, алсыздык жана жалкоолуктан, сараңдык, коркоктук
жана бел кайыштырган карыздан, заалым менен адилетсиз адамдардын зордугунан
сактай көр!” - деп дуба кылды. Хайберге жакындап калганда Пайгамбарыбыз
сахабаларды токтотту. Колун жайып: "Эй,
көктөр менен астындагылардын Раббиси болгон Аллахым! Эй, жерлердин жана
үстүндөгүлөрдүн Раббиси болгон Аллахым! Эй, шайтандардын жана анын
адаштыргандарынын Раббиси болгон Аллахым! Эй, шамалдардын жана учургандарынын
Раббиси болгон Аллахым! Биз Сенден ушул аймактын кайыры менен жакшылыгын, бул
жерде жашагандардын кайыры менен жакшылыгын тилейбиз. Бул аймактын
жамандыгынан, адамдардын жамандыгынан жана ичиндеги бардык нерсенин
жамандыгынан сактай көр!” - деп дуба кылды. Сахабалар ”Аамин! Аамин!”
дешти. Мындан кийин сахабаларына: "Бисмиллахиррахманиррахим
деп алдыга жылгыла”, - деди.
Сахабалар (радыйаллаху анхум)
Пайгамбарыбыз менен бирге дагы алдыга карай бет алышты. Хайбердин эң күчтүү
чептеринин бири болгон Натат чебинин жанына келип, ордолорун курушту. Шам
убактысы болчу. Пайгамбарыбыз адаты боюнча таң атмайынча чабуул жасабай, алгач
Исламга чакырчу. Сунушун кабыл албаган учурда гана чабуулду баштачу. Ушул
себептен улам сахабалар таңдын атышын күтүштү. Яхудилердин эч бири Ислам
ордосунун келгенин билген жок.
Пайгамбарыбыз багымдат намазын
окуткандан кийин даярдыктарын бүтүрүп, мужахиддерди алга карай сүрөдү. Эки жүз
атчан аскер жана миң төрт жүз жөө аскерлер тизилип алышып Натат чебинин алдына жакын барышты. Ошол кезде
бакча, талаа жумуштары менен чептен чыккан яхудилер Ислам аскерлерин көрүп,
шашкалактап калышты. "Ант беребиз, булар Мухамед менен анын аскери!..”
деп, артка карай кача башташты. Алардын бул абалын көргөн Пайгамбарыбыз: "Аллаху акбар! Аллаху акбар! Хайбер
кыйрады”, - деп, ушул сөзүн үч жолу кайталады.
Пайгамбарыбыз
(саллалаху алейхи ва саллам) яхудилерге мусулман болууларын, же болбосо баш
ийип, хараж менен жизйа төлөөлөрүн, болбосо согушуп кан төгүлө тургандыгын
билдирди. Яхудилер башчылары болгон Селлам бин Мишкенге барып, абалды
билдиришти. Селлам: "Мындан мурун Мухаммедке чабуул кылгыла дедим эле кабыл
кылбапсыңар. Эч болбосо азыр, алар менен согушта бош болбогула. Мусулмандар
менен салгылашып өлүшүңөр, жашоодо эч кими жок калышыңардан дагы жакшы!” - деп аларды согушка чакырды.
Яхудилер тез арада балдар менен аялдарды Катибе чебине, азык-түлүктөрүн Наимге,
аскерлерин болсо Натат чебине жыйнашты.
Ислам
ордосунун мусулман болуу сунушуна яхудилер ок чыгаруу менен жооп беришти.
Мужахиддер окторду калкандары менен тосушту. Пайгамбарыбыздын буйругу менен
жаалар керилип, бардыгы бирден чептин бурчундагы турган яхудилерге карай
"Аллаху акбар!.. деп ок жаадырышты. Согуш башталган эле. Бир жактан ааламдын
султаны менен эр жүрөк сахабалар Исламды жайуу, алардын мусулман болуп тозоктон
кутулууларына себепчи болуу үчүн салгылашып жатышты. Экинчи жакта болсо
насаатты түшүнбөгөн, мүмкүнчүлүк болсо мусулмандардын бирин да калтырбай кырып
салууну кыялданган яхудилер бар эле. Яхудилер коому соңку Пайгамбардын
өздөрүнүн коомунан чыкпаганын көрүп, кызганычтарынан улам Аны кабыл кылышпай,
Пайгамбарыбызды бала кезинен баштап өлтүрүү үчүн акылдарына келген ар түрдүү
амалдарды жасашты, бирок, Аллаху тааланын коргоосу менен эч нерсе кыла алышкан
жок.
Миң алты жүз
мужахидге каршы он миңден ашык яхуди аскери ок жаадырышты. Сахабалар мындай
биринин артынан бири келип жаткан окторго каршы калкандарын тосушту.
Мүмкүнчүлүк болгондо жерге түшкөн окторду яхудилерди көздөй ыргытышты. Бирок,
кээ бир сахабалар жарадар болушкан.
Бир кезде
Пайгамбарыбыздын алдына Хаббаб бин Мүнзир (радыйаллаху анх) бийик адеп менен
барып: "Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Ордобузду башка жерге курсак
болбойбу?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Иншаллаху
таала кечинде алмаштырабыз”, - деди. Мужахиддер октордун ортосунда жүрүшкөн
эле. Яхудилердин чептен аткан октору Ислам ордосунун артына чейин жетчү.
Ошол күнү
кечке чейин салгылашуу ок атуулар менен ула нып жатты. Элүү чакты сахаба атылган октордон улам жарадар болушту.
Кеч киргенде жаңы бир ордого орун издөө үчүн Мухаммед бин Меслемге (радыйаллаху
анх) тапшырма берилди. Ал Режи деген жердин ылайыктуу экендигин билдиргенде,
Ислам ордосу ошол жерге көчүрүлдү. Жарадарлар дарылана башташты.
Эртеси күнү
Нататтын алдына чейин келген сахабалар кечке чейин салгылашышты. Үчүнчү, төртүнчү
жана бешинчи күндөрү да курчоо уланды. Яхудилер курчоодо калышты. Ошол күндөрү
Пайгамбарыбыз катуу баш оорусуна чалдыгып, эки күн мужахиддердин жанында боло
албай калды. Алгачкы күнкү туу Хазрети Абу Бакрга, экинчи күнкү Хазрети Омарга
берилди. Экөө тең сахабалардын башында турушуп, яхудилерге каршы катуу салгылашышты,
бирок, чепти алууга мүмкүн болбоду.
Мындай учурда
эрктери күч алган яхудилердин чеп эшиктерин ачып, чабуулга чыкканы байкалды.
Эми бетме-бет салгылашуу башталды. Согуш кызуу жүрүп жатты. Пайгамбарыбыз
сахабаларга: "Аллаху акбар! Аллаху
акбар! деп такбир айткыла”, - дегенде такбир айткан үндөрү менен болгон
күчүн жумшашып, душманга каршы кылычтарын шилтешти. Бир кезде Мухаммед бин
Меслемдин бир тууганы Махмуд шейит болду. Согуш ары карай кызуу уланып, кечке
чейин созулду.
Эртеси күнү
Хайбердин эң таанымал кол башчыларынан Мерхаб соотко оронуп, чептен сыртка
чыкты. Күчтүү, алп денелүү адам эле. Ушул убакка чейин ага каршы чыккан бир
дагы балбан жок эле. Ал мужахиддерди карап: "Мен баатырдыгым, эр жүрөктүүлүгүм
менен таанылган Мерхабмын!” - деп мактана баштады. Мактанып жаткан мезгилде
сахабалардын арасынан бир мужахид чыкты. Мерхабга каршы: "Мен дагы катуу
согуштардын ортосуна кирүүдөн коркпогон Амирмин”, - деп каршысына барып турду.
Алп Мерхаб "Кимге тийсе жок кылат” деген жазуусу бар кылычын Хазрети Амирге
болгон күчү менен шилтеди. Эр жүрөк Амир (радыйаллаху анх) дароо калканын
көтөрдү. Кылыч калканга чабылган кезде катуу үн чыгып, кулакты жаңыртып,
калканга барып кадалды. Хазрети Амир Жаратуучуга сыйынып: "Йа, Аллах!” - деп
кылычын Мерхабдын соот кийген буттарына шилтеди. Кылыч болот соотко тийип кайра
артка карай тээп сахабанын бутуна тийди.
Ал Хазрети
Амирдин бутунун тамырына тийген эле. Сахабалар жүгүрүп Амирдин жанына барышты.
Эмдөө үчүн ордого алып кетишти. Бирок, Амир (радыйаллаху анх) ошол жерде шейит
болду.
Салгылашуулар
кызуу жүрүп жатты. Кечке карай Пайгамбарыбыз яхудилерге төрт миң аскер менен
жардамга келген жана согушка катышкан мушрик Гатафандыктарга кайра өз жерлерине
кайтууларын сунуш кылды. Муну кылышса Хайбердин бир жылдык курма түшүмүн
берүүнү убада кылды. Бирок, Гатафандыктар бул сунуштан баш тартышты. Ошондон
кийин Пайгамбарыбыз сахабаларына Гатафандыктар жайгашкан чептин айланасында таңга
чейин болууларына буйрук кылды. Гатафандыктар түн ичинде мужахиддердин кол
салууларынан абдан коркушуп, эч уктай алышкан жок. Ошол түнү кайдан чыкканы
белгисиз бир үн "Гатафан элине чабуул жасалгандыгын, бала-чакалардын жана
мал-мүлктөрдүн басып алынгандыгын” кабарлады. Бул үн үч жолу кайталанып, аны
бардык Гатафандыктар абдан коркуу менен угушкан. Кол башчылары Уйейне да бул
үндү үч жолу угуп, Хайберден тез арада аскерлерин алып өз жерине карай
кайтышты. Таң атканда яхудилер Гатафандыктардын себепсиз Хайберди таштап кеткендиктерине
таң калышып, үмүттөрүн үзө башташты. Аларды жардамга чакырышкандыгына катуу
өкүнүштү.