Хазрети Алинин эрдиги


Ошол күнү Хайбер алдында катуу салгылашуу болду. Бирок, чеп алынган жок. Кечинде Пайгамбарыбыз: "Эртең тууну ошондой бир жигитке беремин, ал Аллаху тааланы жана Расулуну жакшы көрөт. Аллаху таала жана Расулу да аны жакшы көрөт. Аллаху таала анын колу аркылуу жеңиш алып келет!” - деп сүйүнчүлөдү. Ошол түнү сахабалар (радыйаллаху анх) толкундануу менен таңдын атышын күтүштү. Ар бири туунун өзүнө бериле турганынан үмүттөнүп, Аллаху талага дуба кылышты. Билал Хабеши хазреттери багымдаттын азанын бийик жана мукам үнү менен окуду. Азан окулуп жатканда ар ким ар башка толкундануу менен ал ырахаттын илахи лаззаттын даамына тойбой турушту. Пайгамбарыбыз сахабаларына багымдат намазын окуткандан кийин ордунан турду. Касиеттүү Ислам туусунун алынып келүүсүн буйрук кылды. Тууну алып келе жатканда сахабалар тикеден тик туруп, кулактарын түрүп, Пайгамбарыбыздын мубарек оозунан чыга турган сөздөрдү угуу үчүн дыкат карап турушту. Пайгамбарыбыз: "Мухаммедке пайгамбарлык берген Аллаху таалага ант кыламын, мен бул тууну качуунун эмне экенин билбеген бир эр жүрөк жигитке беремин”, - дегенден кийин сахабаларына көз жүгүртүп: "Али кайда”, - деди. Сахабалар: "Йа Расулаллах! Анын көздөрү ооруп жатат”, - дешкенде Пайгамбарыбыз: "Аны мага чакыргыла”, - деди. Ошол күндөрү Хазрети Али көз оорусуна чалдыгып, көздөрүн ачалбай калган эле. Жанына барышып, жагдайды айтышып, Пайгамбарыбыздын жанына алып келишти. Пайгамбарыбыз Хазрети Алинин сакайуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылып, манжаларын оозуна салып суулап, анын көздөрүнө сүрдү. Ошол учурда Хазрети Алинин көздөрүндө  эч  кандай оору калбай айыгып кетти. Өзгөчө: "Йа, Раббим! Ысык менен сууктун кыйынчылыктарын андан арылт”, - деп дуба кылды. Андан кийин Хазрети Алинин үстүнө өз колу менен соот кийгизип, белине өз кылычын тагып, колуна ак Ислам туусун берип: "Аллаху таала сага жеңишти насип кылганга чейин согуш. Эч качан артка кайтпа!” - деди. Хазрети Али: "Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Алар менен Ислам динине киргенге чейин согушамын”, - деди. Пайгамбарыбыз "Валлахи, сенин себепчи болушуң менен Аллаху таланын алардан бир адамды туура жолго салуусу сен үчүн бир канча кызыл төөгө ээ болуп, аларды Аллаху тааланын жолунда садага кылып берүүңөн да кайырдуу”, - деди.

Хазрети Али колуна тууну алып, яхудилердин чебине карай бет алган кезде сахабалар да артынан жөнөштү. Чепке жакындап, тууну бир таштын түбүнө сайган кезде Натат чебинин эшиги ачылды. Яхудилердин чабуулчу аскерлери сыртка чыгышты. Булар Хайбердин тандалма баатырлары болчу. Ар бири эки кат соот кийинип, темир коргогучтар менен оронушкан. Араларынан бирөө Хазрети Алини көздөй келип, салгылашуу үчүн маңдайына чыкты. Ал Мерхабдын тууганы Харис болчу. Салгылашуу башталып, эки болоттон чыккан үн айлананы жаңыртып жатканда Зулфикардын чагылгандай жарк дегени жана Харистин башынын денесинен айрылып жерге түшкөнү байкалды. Ушул учурда "Аллаху акбар” Аллаху акбар!” деген үндөр асманды жаңыртты. Бир тууганынын өлгөнүн уккан Мерхаб кол астындагы аскерлер менен майданга бет алды. Хазрети Алинин каршысына барып турду. Анын да үстүндө эки кат сооту бар эле. Кош кылычын асынган чоң денеси менен бир дөөнү элестетип турду. Бардык үнү менен "Мен согуштун абдан кызыган учурунда ортого чыгып, баатырларча согушкан Мерхапмын! Мен күркүрөгөн арстандарды да найзам жана кылычым менен майдалап саламын!... деп мактана баштады.

Хазрети Али: "Апам менин атымды Хайдар (Арстан) деп койгон. Мен айбаттуу арстан сыяктуумун! Сени бир чаап жерге кулата турган адаммын”, - деп каршылык көрсөттү. Мерхаб Хазрети Алиден Хайдар деген сөздү укканда жүрөгүнө коркуу сезими келди. Анткени, ошол түнү аны түшүндө бир арстан тиштеп талаган эле. Түшүндө көргөн арстан ошо беле?! Мерхаб чабуу жасап, Хазрети Али аны калканы менен тосуп алды. Андан кийин Аллаху таалага жалбарып, Зулфикарды капырдын башына карай шилтеди. Мерхабдын Зулфикарга каршы тоскон калың болот калканы менен болоттон жасалган туулгасын экиге айырып, башын экиге бөлүп таштады. Зулфикардан чыккан коркунучтуу үн Хайбердин бардык жерине угулду.

Пайгамбарыбыз: "Сүйүнгүлө! Хайберди алуубуз эми жеңилдеди”, - деди. Сахабалар Хазрети Алинин мындай баатырдыгына таң калышты. Алардын "Аллаху акбар! деген үндөрү асманды жаңыртты. Согуш кызуу жүрүп жатты. Сахабалар согушуп отуруп чептин жанына келген кезде бир яхуди кылычы менен Хазрети Алинин калканын чапты. Калкан жерге түштү. Бирок, ийилип ала тургандай убакыт жок эле. Мүмкүнчүлүк түколдон чыгаргысы келбеген яхуди калканды алып артка карай качты. Буга катуу кайгырган Аллаху тааланын арстаны Зулфикар менен айланасындагы душмандарды тараткандан кийин чептин эшигин калкан кылууну ниет кылды. "Бисмиллахиррахманиррахим” деп чоң темир эшиктин шакекчелерине асылды. Илмектерин дубалынан силкип жулуп алды. Хазрети Али эшикти алып жатканда чеп ордунан козголду. Сегиз-он балбан аскер ордунан козгой албаган бул эшикти бир колу менен көтөрүп, калкан кылып согушту баштады.

Алдынан яхудилердин дагы алты балбаны чыкты. Аларды дагы Аллаху тааланын буйругу менен жеңген Хазрети Али баатыр достору менен чепке киришти. Эми салгылашуу чептин ичинде уланды. Аз убакыттын ичинде аларга каршы чыга турган эч ким калган жок. Ислам туусун чепке сайышты. Ошентип эң мыкты чеп Натат алынды.

Пайгамбарыбыз Хазрети Алинин көздөрүнөн өпкөндөн кийин: "Көрсөткөн эрдигиңе байланыштуу Аллаху таала жана Расулу сага ыраазы болду”, - деди. Бул сөздү укканда Али (радыйаллаху анх) сүйүнүчүнөн ыйлап жиберди. Пайгамбарыбыз: "Эмне үчүн ыйлап жатасын?” - дегенде: "Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Сүйүнүчтөн ыйлап жатам. Анткени, Аллаху таала жана Расулу мага ыраазы болду”, - деди. Пайгамбарыбыз ага: "Жалгыз мен эмес, Жабраил, Микаил жана бардык периштелер сага ыраазы болушту”, - деди.

Ошол кезде Девс уруусунан төрт жүз мусулман Пайгамбарыбызга жардамга келди. Ошондон кийин башка чептерди алуу үчүн салгылашуу кызуу уланды. Хайбердин калган жети чеби бирден-бирден кыйратылгандан кийин айласы жок калган яхудилер элчи жиберип, тынчтык келишим сурашты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул сунуштарын кабыл кылып, төмөндөгүдөй келишимге макул болушту.

Бул согушта мусулмандар менен салгылашкан яхудилердин кандары төгүлбөйт.

Хайберден кеткен яхудилер өздөрү менен бир гана балдарын жана бир төөлүк керектүү үй оокаттарын алып кете алат.

Калган оокаттардын бардыгы соот, кылыч, калкан, жаа, ок сыяктуу бүтүн куралдар, үстүндөгү кийген кийимдеринен башка кийе турчу кийимдердин баары, кездемлер, алтындар жана казыналар, ат, төө, кой сыяктуу бүткүл мал жандык эмне бар болсо баары мусулмандарга калат.

Мусулмандарга калтырылуусу керек болгон оокаттар эч качан жашырылбайт. Жашыргандар Аллаху таала менен Расулунун ишеними жана камкордугунан чыгат.

Бул шарттарга баш ийбеген, казыналарын жерге көмгөн Кинане бин Реби жазаланды. Колго алынган олжонун эсеби жок эле. Хайбердин берекелүү жерлери, хурма бактарынын бардыгы Ислам ордосуна калтырылды.

Ушул кезде өз жерлерине кайткан Гатафандыктар яхудилерге жардам берүү үчүн артка Хайберге кайтышты. Пайгамбарыбыздын Хайберди алып, яхудилерди багындырганын көргөн кезде: "Эй, Мухаммед! Сен Хайберден кете турган болсок бизге Хайбердин бир жылдык хурмасын берүүнү убада кылгансың. Сөзүбүздө турдук. Кана бизге аларды бер”, - дешти. Пайгамбарыбыз аларга: "Баланча тоо силердики болсун”, - деди. Гатафандыктар: "Андай болсо биз силер менен согушабыз”, - деп коркутмакчы болушту. Пайгамбарыбыз: "Согуша турган жерибиз Женефа болсун”, - деди. Женефа Гатафандыктардын бир аймагынын аты болчу. Гатафандыктар муну укканда коркушуп, артка кайтып кетишти.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жана ардактуу сахабалары Хайбер согушунда абдан чарчашкан болчу. Бир жакта жарадарлар дарыланып, экинчи жакта эс алып жатышты. Яхудилердин башчыларынын бири Селлам бин Мишкендин аялы Зейнеп Пайгамбарыбызга уу берип өлтүрмөкчү болду. Ошентип, бир эчки союп, этин бышырды. Этке көп өлчөмдө уу кошту. Кийин Пайгамбарыбызга барып, белек алып келгендигин айтты. Пайгамбарыбыз аны кабыл алып, сахабаларын чакырды. Баары бирге тамактануу үчүн отурду. Пайгамбарыбыз эчкинин кол жагынан бираз эт кесип алып, "Бисмиллахиррахманиррахим” деп оозуна салды. Бир канча жолу чайнагандан кийин дароо этти оозунан чыгарып: "Эй, сахабалар! Бул эттен колуңарды тарткыла. Анткени, бул эттин уулангандыгы мага билдирилди”, - деди. Сахабалар дароо эттен колдорун тартып алышты. Бирок , эттен бир үзүм жеген Бишр бин Вера хазреттеринин дароо денеси көгөрүп, шейит болду. Пайгамбарыбызга Жабраил алейхиссалам келип, түкүрүктөрүнө аралашкан уунун таасиринен арылуу үчүн ийининин арасынан хажамат кылып кан алдыруусун айтты. Ошондой кылынды. Кийин уулу этти топурака көмүп таштады. Бул ишти жасаган Зейнеп колго түшүрүлүп алып келинди. Пайгамбарыбыз андан: "Бул этке сен уу коштуңбу?” - деп сурады. Ал кылган ишин мойнуна алып: "Ооба! Мен ууладым!” - деди. Пайгамбарыбыз: "Эмне үчүн мындай кылдың?” - деп сураганда: "Сен менин күйөөмдү, атамды, таякемди өлтүрдүң. Өз өзүмө "Эгер ал анык пайгамбар болсо Аллах Ага билдирет. Андай болбосо бул уу Ага таасир берип, өлөт. Ушундайча андан кутулган болобуз” дедим. Сахабалар бул окуяга абдан капа болушту. "Жаныбыз сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Муну өлтүрөлүбү?” - деп сурашканда жеке өзүнө жасалган бардык кастыктарды кечирген Пайгамбарыбыз аны дагы кечирди. Мындай ырайымдуулукту көргөн Зейнеп Калимаи шахадат айтып, мусулман болду.

Хайберде колго алынган олжолор жана туткундардын арасында Хуйей бин Ахтабдын кызы Сафийа (радыйаллаху анха) да бар эле. Кол башчы болгондуктан Пайгамбарыбыздын энчисине тийген эле. Пайгамбарыбыз аны бошотту. Ал бул абалга катуу таасирленип, чын көңүлдөн Калимаи шахадат айтып мусулман болду. Буга катуу сүйүнгөн Пайгамбарыбыз Хазрети Сафийа менен никесин кыйдырып, кубантты. Ушундайча Хазрети Сафийа мусулмандардын энеси болду. Сехба деген жерде той болуп, коон жана курмадан той тамагы берилди. Сафийа энебиздин (радыйаллаху анха) көздөрүндө көгөргөн бир жери бар эле. Пайгамбарыбыз: "Бул кандай из?” - деп сураганда ал: "Бир түнү түшүмдө айдын асмандан түшүп, койнума киргенин көргөнмүн. Түшүмдү күйөөмө айтып берсем: "Сен бизге каршы келе жаткан Араб башчысынын аялы болууга көз салыпсын!” - деп көзгө бир урду жана көрүп турганыңыздай көгөрдү”, - деди.

Хайбер алынгандан кийин яхудилер Пайгамбарыбызга: "Йа, Мухаммед! Биз Хайберден чыгып кетебиз. Бирок, биз талаачылык, багбанчылыкты жакшы билебиз. Кааласаң бул берекелүү жерди бизге ижарага бер. Бул жерлерди иштетип чыккан түшүмдүн жартысын сага берели!” - деп сунуш кылышты. Пайгамбарыбыз жана сахабалардын талаачылык жумуштарын кылууга убактылары жок эле. Алар Ислам динин жайууга аракет кылышып, жихад кылуу үчүн бир жерге турбастан бардык күчтөрүн жумшап аракет кылып жатышты.

Бул сунушту Пайгамбарыбыз жактырып: "Силерди каалаган убакта чыгаруу шарты менен”, - деди. Яхудилер муну кабыл кылышып, Хайбердин жерлерин иштете башташты.

Пайгамбарыбыз сахабалар менен жеңишке кол жеткизип, Мединага кайтышты. Бул учурда андан мурун Хабашстанга  көчкөн сахабаларынын Жафер бин Абу Талиб (радыйаллаху анх) башчылыгында келишкенин көргөндө абдан кубанды. Хазрети Жафердин маңдайынан өөп, бооруна кысып: "Мен Хайбердин алынганынабы же Жафердин келишинеби кайсынысына кубана турганымды билбей турам. Силердин хижратыңар эки жолу болду. Силер Хабеш элине жана өлкөмө хижрат кылдыңар”, - деди.

Хайберде колго түшкөн олжолор Худайбийа келишимине катышкан бардык сахабаларга, Хайберге катышкандарга, Хабашстандан хижрат кылган сахабаларга жана Девс уруусуна бөлүштүрүлдү.

Хайбердин багындырылышы менен Арабстандагы бардык яхудилер Пайгамбарыбыздын кол алдына киришти. Мындан ары мушриктерге жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү калбады. Айланадагы уруулар менен элдер да курал жарак жана аскер жаатында жеңилүүгө мүмкүн эмес болуп көрүнгөн Хайбер чебин багындырган мусулмандардын чоң бир күчкө ээ экенин түшүнүп, Ислам мамлекетинен тартына баштады. Меккедеги мушриктер Хайбердин багынуусуна катуу кайгырышты. Бул жеңиштен кийин кичине-чоң уруулар мусулман болуу үчүн Мединага барып, сахабалардын катарына кошулушту. Жада калса, Гатафандыктар да барышты. Келбеген башка урууларга болсо күч жөнөтүлүп багындырылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш