Худайбийа
келишимине бир жыл толгон эле. Курман айтка бир ай калганда Расулуллах
(саллаллаху алейхи ва саллам) сахабаларына умрага даярдык көрүүнү буюрду.
Худайбийага барып, Рыдван антына катышкандардын кайтыш болгондорду кошпогондо
калгандары умра үчүн даяр туруулары керек эле. Ушул буйрукка карай эки миң
сахаба даярдыктарын аякташты. Курмандыкка чалууга жетимиш төө алынды. Аларды
Меккеге чейин алып баруу үчүн Нажийа бин Жундуб менен төрт жолдошуна
(радыйаллаху анхум) ушул иш тапшырылды. Ошондой эле, Мухаммед бин Меслеменин
(радыйаллаху анх) карамагына жүз атчан аскер берилип, соот, найза, кылыч
сыяктуу согушта колдоно турган куралдарды жеткирүү үчүн алдын ала жолго
чыгарылды. Мушриктерге ишенүүгө болбойт эле. Кандайдыр бир чабуул жасалса
коргонуу үчүн ушул куралдарды колдонушмак. Сахабалардын кээ бири: "Йа, Расулаллах!
Худейбийа келишими боюнча умрага кыныбызга сайылган кылычтан башка курал менен
келбейт элек!” - дешти. Пайгамбарыбыз: "Биз
бул куралдарды Харемге, Курайштыктардын жанына
алып барбайбыз. Бирок, алар бизге каршы чабуул жасагыдай болушса кол алдыбызда болот”, - деди.
Мединаи
Мунавварага өкүл катары Абу Зарр-ил-Гифари (радыйаллаху анх) калтырылды. Абу
Рухм-ул-Гифардын (радыйаллаху анх) да калтырылгандыгы тууралуу да айтылат. Эки
миң сахаба Пайгамбарыбыз менен бирге Меккеге карай жолго чыгышты. Сахабалар
абдан толкунданышты. Жылдар бою Аллаху тааланын жолунда Пайгамбарыбыз үчүн
үйлөрүн, коломтолорун таштап кеткен өз жерлерин көрүшмөк эле. Беш маал намаз
убактысында жүздөрүн бурган Каабаны зыярат кылышмак эле. Мусулман болуп,
келишим боюнча Мединага келе албай калган туугандарына жолугушмак эле. Жылдар
бою көздөрүнөн жаш ордуна кан агызган, зулум алдына алып, буттарына сыйындыруу
үчүн көптөгөн туугандарын шейит кылган курайштык мушриктерге Исламдын улуулугу
менен баалулугун көрсөтүшмөк эле. Балким муну көргөн мушриктердин жүрөгүндө
Исламга деген сүйүү сезими пайда болуп мусулман болушаар!...
Мединада
калгандар Веда деген жерге чейин Пайгамбарыбызды такбир айтуу менен узатып,
кайра артка кайтышты.
Пайгамбарыбыз
Мединадан он чакырым узакта жайгашкан Зулхулейфеге келгенде ихрамын кийди.
Сахабалар да ошондой кылышты. Бардыгы апапак болуп оронушту. Умра кылуу үчүн
Мекке-и мукаррамга сапар башталган эле. "Лаббайк!
Аллахумма Леббейк! Лаббайк! Ла шарика лака лаббайк! Иннал хамда ваннимата лака вал-мулка, ла шарика лак” деген үндөр асманды жаңыртты. Жол сапары Аллаху
таалага шүгүр кылуу жана жалбаруу менен, Анын ыйык атын зикир кылуу аркылуу
таттуу өтүп жатты.
Алдын ала
кеткен Мухаммед бин Меслеме баштаган кошуун Меккеге жакындаганда аларды
курайштык мушриктер көрүштү. Коркунуч менен жандарына келип, биз бир жыл мурун
ушундайча келиштик беле дегендин ордуна "Бул эмне” деп сурашты. Мухаммед бин
Меслеме аларга мындай деп жооп берди: "Булар Аллаху тааланын Расулунун атчан
аскерлери, Аллаху таала уруксат берсе эртең алар бул жерге да жетип келишет!..”
Мушриктер корккон бойдон артка кайтып, кабарды Меккеге жеткиришти. Меккедеги
мушриктер: "Ант беребиз, биз келишимди бузбадык. Мухаммед биз менен эмне үчүн
согушсун?” - дешти. Араларынан бир элчи дайындап, аны Пайгамбарыбызга жолугуу
үчүн жөнөтүштү. Бул учурда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Мекке
көрүнө турган Батни Йежеж деген жерге келип калган эле. Кылычтардан башка
бардык куралдарды бул жерге ташташты. Куралдарды кайтаруу максатында эки жүз
сахабаны күзөтчү кылып коюшту.
Даярдыктар
бүткөндөн кийин Курайш элчилери Пайгамбарыбыз менен сүйлөшүүгө уруксат сурашты.
Алар: "Йа, Мухаммед! Худайбийа келишиминен бери силерге эч кандай кыянаттык жасаган
жокпуз. Ушуга карабастан Меккеге урууңа ушул куралдар менен киресиңби? Ал
эми келишим боюнча кынга сайылган кылычтан башка курал алууга болбойт”, -
дешти. Пайгамбарыбыз буга: "Мен бала
кезимен ушул күнгө чейин берген сөзүмө туруу менен таанылган адаммын. Харемге
кынга сайылган кылычтан башка курал алып кирбейбиз. Бирок, куралдардын мага
жакын жерде болуусун каалаймын”, - деп жооп берди. Элчилер өздөрүнө
жеткирилген кабардын жаңылыш болгондугун түшүнүп, жандары жай алды. "Йа,
Мухаммед! Чынында сенден бир гана жакшылык көрдүк. Сага жараша турганы да
ошол”, - деп артка кайтышты. Меккеге барып, жагдайды курайштыктарга билдиришти.
Алар да тынычтанып калышты.
Курайштын
алдыңкы катардагы кишилери кек жана кызканычтан пайгамбарыбыз менен
сахабалардын мындай бактылуу убактарын көрбөө үчүн Меккени таштап, тоолорго
чыгып кетишти.
Пайгамбарыбыз
эн салынган курмандык төөлөрдү Зитува деген жерге мурунураак жиберди. Кийин
сахабалар менен биргеликте даярдыктарды аяктап, касиеттүү Мекке шаарына кирүү
үчүн бет алды. Сахабалар пайгамбарыбызды ортолоруна алышты. Пайгамбарыбыз Кусва
деген төөсүнүн үстүндө, миңдеген жылдыздарды шооласы менен жапкан күн сыяктуу
айланага нур чачып жатты. Бул кандай сулуулук! Бул кандай керемет көрүнүш эле!
Тилдеринде "Леббейк! Аллахумме Леббейк! Леббейк! Ла шерике леке Леббейк!” деген
сөздөр, көңүлдөрүндө Аллаху таала жана Расулуна деген махабат бар эле. Уламдан
улам Каабага карай жакындай башташты. Жакындаган сайын толкундоолор күч алып
жатты. Бардыгы бир ооздон чыгарган сөздөр Меккени жаңыртты. Мындай керемет көрүнүштү көргөн мушриктердин
ичтери эзилип, көңүлдөрүндө ысык бир махабат сезиминин ойгонгондугун байкашты.
Кээ бирөөлөрүнүн жүрөгүндө Исламга деген сүйүү орноду. Акырында Мухаммед
алейхиссалам жеңишке жеткен эле...
Эми
пайгамбарыбыз менен ардактуу сахабалары белдерине кылычтарын тагынып Каабага
кирди. Пайгамбарыбыздын төөсү Кусванын ноктосун Абдуллах бин Реваха
(радыйаллаху анх) кармап баратты. Меккедеги кээ бир мушриктер аялдары менен
балдары Дарун-Надвада тизилип туруп, Пайгамбарыбызды жана сахабаларды карап
жатышкан эле. Абдуллах бин Реваха (радыйаллаху анх) алдыга кадам шилтеген сайын
ырлар окулуп, мушриктердин көңүлүнө таасир салып жүрдү.
Эй, капырлар
качкыла, бошоткула ортону! Келе жатат чыныгы ааламдардын султаны!
Аллаху таала
жалгыз ага түшүрдү Куран,
Анын гана дининде
бар бакыт, жакшылык, ыйман.
Бардык кайыр,
жакшылык жыйналды ушул динде, Нагыз абырой дал ушул дин жолундагы өлүмдө.
Аллах бир,
расулу хак! кабыл кылдым жүрөктөн, Бар сөзүнө ынандым, ыйман кылдым, жок күмөн.
Эй, капырлар,
Курандын түшкөнүн бир Аллахтан, Моюндабай майдарнга аттанганда, биз жактан,
Октор жаап,
кандай кылыч чапкан болсо, Башыңарды денеңерден бир-бирден алган болсо,
Башыңарга дагы да ошол балээ келер,
Анын маанисине
да ишенбестик кылсаңар.
Баштаймын ошол
Аллахтын касиеттүү аты менен Жок башка дин чыныгы, Аллахтын хак дининен.
Дагы күбөлүк
кылам, баштап аты менен Анын, Мухаммед алейхиссалам кулу, расулу Анын.
Хазрети Омар
чыдай албай: "Эй, Ибни Реваха! Сен Расулуллахтын алдында жана Хареми шерифте
кандайча ыр окуп жатасың?” демекчи болду. Бирок, Пайгамбарыбыз: "Йа, Омар! Ага кедерги болбо. Аллаху таалага
ант беремин, анын сөздөрү бул Курайш мушриктерине ок жаадыргандан дагы ылдам
жана катуу таасир берүүдө. Эй, Ибни Реваха уланта бер”, - деди. Пайгамбарыбыз
бираздан соң Абдуллах бин Реваха хазреттерине карата мындай деди: "Аллаху
тааладан башка илах жок! Бир болгон Ал! Убаданы аткарган Ал! Бул кулуна жардам
берген Ал! Аскерлерин күчтөндүргөн Ал! Топтолгон урууларды да жеңилишке алып
келген да жалгыз Ал!” - деп айт.” Абдуллах бин Реваха да:
"Аллаху
тааладан башка, эч кандай илах жок! Жок Анын эч шериги, Лаа илаха иллаллах!
Мусулман
аскерлерге күч берген - Ал! Капырларды кыйратып, курутуучу - Ал!”
Мусулмандар да
бул сөздөрдү кайталашты. Пайгамбарыбыз Байтуллахка киргенде оң ийинин ачты.
Кийин: "Бүгүн бул ширк кылгандарга
каршы өзүн күчтүү жана ылайыктуу көрсөтө турган жигиттерге Аллаху таала
ырайымын жаадырсын!” - деди. Буга байланыштуу сахабалар оң ийиндерин ачып,
айбаттуу түрдө ылдам-ылдам басышып, Каабаны үч жолу таваф кылышты. Бирок, Рукни
Йемани менен Хажар-ул-асваддын арасында жай басып жүрүштү. Пайгамбарыбыз жана
сахабалар Хажар-ул-асвадга жакындап, аны өөп же колдорун жайып,
Хажер-ул-асвадга каратып кармашты.
Мушриктер
сахабаларды карап турушуп, алардын бул айбаттуу жана кереметтүү жүрүштөрүнө таң
калышты. Анткени, мушриктер арасында мусулмандар Мединага көчүп кетишкенден
бери абдан алсырап, ооруга чалдыгып, начар абалга түшүп калышкандыктары
тууралуу ушактар айтылчу эле. Азыр болсо тескерисинче башка бир көрүнүшкө күбө
болуп, таңдануулары күч алды.
Мусулмандар
калган дагы төрт тавафты жай басышып, аякташты. Тавафтан кийин Ибрахим
макамында эки рекет намаз окушту. Кийин Сафа менен Мерве чокулары арасын жети
басып-келишти. Курмандыктар чалынгандан кийин Пайгамбарыбыз чачын алдырды.
Сахабалар да кырынышты. Ушундайча, Пайгамбарыбыздын бир жыл мурун көргөн түшү
орундалды.
Умра зыяраты
бүтүп, бешим убактысы кирген эле. Пайгамбарыбыз Хазрети Билалга Каабада азан
окуусун буйрук кылганда Билал Хабеши (радыйаллаху анх) дароо буйрукту аткарды.
Ал Каабада азан окуган кезде бардык Мекке силкингендей болду. Сахабалар абдан
бир ынтызар менен азанды угушуп, акырын үн менен кайталашты. Бүткөндөн кийин
Пайгамбарыбыз имам болду. Баары бирге бешим намазын окушту. Анын мушриктердин
жүрөктөрүнө салганг тааасири өзгөчө эле.
Пайгамбарыбызга
Эбтахта териден бир чатыр курулган эле. Сахабалар да айланасындагы чатырларда
үч түн турушту. Намаз убактыларында Байтуллахта чогулушуп, жамаат менен намаздарын
окуп жатышты. Башка убактарда туугандарыныкына барып, Исламдын өздөрүнө
сиңирген көркөм мүнөздөрү менен аларга үлгү болушту. Алар да сахабалардын
мындай жакшы аракеттерине таасирленип, таң калгандыктарын жашыра алышпады. Үч
күндүн ичинде Мекке ичинен багынтылгандай болгон эл.
Үч күн өтүп,
эми кете турчу убакыт келген эле. Кечке карай Пайгамбарыбыз: "(Умрага келген) мусулмандардан эч ким кечти Меккеде
өткөрбөйт, жолго чыгат!” - дегенде бардыгы дароо жыйналып, Мединага карай
жолго чыгышты.