Ааламдарга
ырайымдуулук кылып жиберилген Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)
Меккеге умра үчүн барганда сахабаларынан Валид бин Валид хазреттерине: "Халид кайсы жактарда? Ал сыяктуу бирөөнүн
Исламды тааныбоосу, билбөөсү болбойт. Аттиң, ал болгон күчү менен баатырдыгын
мусулмандардын жанында мушриктерге каршы көрсөтсө кандай жакшы болор эле. Аны
жакшы көрүп, жогору кармайт элек”, - деген эле. Валид бин Валид
(радыйаллаху анх) андан мурун да тез-тез кат жазып, агасын мусулмандыкка
чакырчу. Пайгамбарыбыздын ушул сөздөрүн да жеткирген агасы Халиддин Исламга
деген кызыгуусу күч ала түштү. Умрага барган сахабалар Мединага кайтышкан эле.
Арадан бир нече күндөр өтүп, хижраттын сегизинчи жылы кирген эле. Халид бин
Валид болсо эми бир орунда тура албай, тезирээк Мединага барып,
Пайгамбарыбыздын алдында тизелеп отуруп, мусулман болууну эңседи. Өзү мындайча
баяндады:
"Аллаху таала
мага Пайгамбарга деген махабат сезимин ойготту. Жүрөгүмө Исламга деген сүйүүнү
уялатты. Жамандык менен жакшылыкты айрып биле тургандай жагдайга жеткирди. Өз
өзүмө "Мен Мухаммед алейхиссаламга каршы бардык согуштарга катыштым. Бирок, ар согуштан
кайтканымда өзүмдү жаман ахыбалда сезип, Анын бир күнү милдеттүү түрдө жеңишке
жете турганын сезип билчүмүн. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Худайбийага
келген кезде да душман аскеринин кол башчысы элем. Усфанда аларга жакын бардык.
Расулуллах бизден ишенимдүү абалда сахабаларына бешим намазын окутуп жаткан
болчу. Аларга чукулдан дароо чабуул жасоону кааладык, бирок, мүмкүн болбоду.
Мындай болушу дагы кайырдуу болду. Расулуллах биздин оюбузду туйган болуусу
керек, асыр намазын чара колдонуу менен окутту. Бул абал мага катуу таасир
кылды. Бул адам Аллаху таала тарабынан корголсо керек дедим. Биз
бири-бирибизден бөлүндүк.
Мен ар түрдүү
ойлордун ичинде жүргөн элем. Мухаммед алейхиссалам умра үчүн Меккеге келгенде
Ага көрүнбөдүм. Бир тууганым Валид менен бирге келип, менен таба албаган экен.
Бир тууганым мындай бир кат катырган экен: "Бисмиллахиррахманиррахим! Аллаху
таалага хамд менен мактоолор жана Расулуллахка салам жана салават болсун! Мен
чындыгында сенин Исламдан жүз буруп кете турганыңдай таң калаарлык эч нерсе
билбейм. Карманган жолуңдун ката экендигин өзүң да түшүнө аласың. Эмнеге акылга
салбайсың? Ислам сыяктуу бир динди таанып-түшүнбөөң кандай жаман. Пайгамбарыбыз
менден сени сурады. Сенин Исламды моюндап, күч-аракетиң менен эрдигиңди
мусулмандардын арасында мушриктерге каршы колдонууңду каалайт. Эң, бир
тууганым! Көптөгөн мүмкүндүктөрдү коё берип алдың. Эми көп кечикпе!”.
Бир
тууганымдын катын окугандан кийин менин мусулман болуу деген куштарлыгым күч
алды. Барууга шашылдым. Расулуллахтын айткандары мени катуу кубанткан эле. Ошол
түнү уктап жатып, түшүмдө кыйын, тар жана чөл сыяктуу жерлерден жапжашыл, кең
жана ырахат бир жерге чыккан элем. Мединага барган соң бул түшүмдү хазрети Абу
Бакрга айтып, жорутууну ойлодум.
Мен
Расулуллахка барууга жыйналып жатканда: «Ал жерге бара жатканда мага ким жолдош
болор экен?» - деп ойлодум. Ошол кезде Сафван бин Умаййага жолуктум. Ага абалды
айттым. Ал сунушумду кабылдабады. Кийин Икрима бин Абу Жахлга кезиктим. Ал да
кабылдабаган соң үйүмө келдим. Жаныбарыма минип, Осман Бин Талхага бардым. Ага
да мусулман болуу үчүн Расулуллахка бара тургандыгымды айтып, мага жолдош
болуусун сурандым. Ал кабыл кылып, эртеси таң атар менен экөөбүз жолго чыктык.
Хадда деген жерге жеткенибизде Амр бин Аска жолуктук. Ал да мусулман болуу үчүн
Мединага бара жаткан эле. Мединага бардык. Эң жакшы кийимди кийип, Расулуллах
менен кездешүүгө даярдандым. Ошол кезде бир тууганым Валид келди да: «Тез бол.
Анткени, Паггамбарыбызга сенин келе жатканың кабарланган. Ал катуу кубанды.
Азыр силерди күтүп отурат», - деди. Шашылуу менен Анын жанына бардым. Ал
күлүмсүрөп отурган эле. Салам бердим. «Аллаху тааладан башка илах жок экенине
жана сиздин Аллаху тааланын пайгамбары экениңизге күбөлүк кыламын», - дедим.
Ал: "Сени туура жолго салган, туура
жолду көрсөткөн Аллаху таалага шүгүрчүлүк”, - деди.
Кийин күнөөлөрүмдүн кечирилүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылуусун сурандым. Ал мен үчүн дуба кылып: "Ислам өзүнөн мурунку кылынган
күнөөлөрдү алыс таштайт”, - деди. Жанымдагы эки жолдошум да мусулман
болушту.
Ушундайча,
Меккенин баатырлары, максаттарына жетүү жолунда жандарын берчү ушул балбан
жигит чын ыкластары менен Расулуллахтын алдында сахабалардын катарына кошулуу
урматына ээ болду. Эми алар бардык күчтөрүн куфурчулукту жойууга жумшашмак эле.
Алардын мусулман болгонуна сахабалар абдан сүйүнүштү, сүйүнүчтөрүн "Аллаху
акбар!” деп такбир айтуу менен билдирди.
Хижраттын
сегизинчи жылы Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Исламдын жайылуусу
үчүн дагы ар түрдүү урууларга, элдерге элчилерди жиберди. Алардын кээ
бирлеринен оң натыйжалар келди, бирок, Бусра акимине жиберилген Харис Бин
Умейрди Шамдын Белка аймагынын Муте айылында христиан аскерлери кармап алышты.
Шамдын акими Шурахбил Бин Амрдын алдына алып барылган Хазрети Харис элчи болсо
да өлтүрүлүп, шейит кылынды.
Бул кабарга
Пайгамбарыбыз абдан кайгырып, сахабаларына жыйналууга буйрук берди. Бул
буйрукту алган сахабалар балдары менен коштошуп, Журф ордосуна жыйналышты.
Пайгамбарыбыз бешим намазын окуткандан кийин: "Жихадга чыга турган бул адамдарга Зейд Бин Харисаны колбашчы кылдым!
Зейд Бин Хариса шейит болсо, анын ордуна Жафер Бин Эбу Талип барсын. Жафер бин
Абу Талип шейит болсо, ордуна Абдуллах бин Реваха өтсүн. Абдуллах бин Реваха
шейит болсо, мусулмандар араларына ылайыктуу бирөөнү тандап, өздөрүнө кол башчы
кылсын!” - деди. Буга байланыштуу сахабалар аттары аталган колбашчылардын
шейит боло тургандыктарын түшүнүп, ыйлай баштады: "Йа, Расулаллах! Аттиң, тирүү
калып, аларды пайдалансак», - деди. Пайгамбарыбыз аларга жооп бербей, үнсүз
калды.
Буларды ошол
жерде турган Зейд, Жафер менен Абдуллах да (радыйаллаху анхум) угушуп, өтө
кубанышты. Анткени, алардын эң чоң максаттары Аллаху тааланын динин жайуу
жолунда шейит болуу эле. Эми сүйүнчү кабар
берилип, аны өз кулактары менен угушкан эле.
Мужахиддер
даярдыктарын бүтүрүп, кол башчыларын күтүп турушкан эле. Пайгамбарыбыз Исламдын
туусун Зейд бин Харисага берди. Ага Харис бин Умейрдин (радыйаллаху анх) шейит
кылынган жерине чейин барууну жана Исламды насааттоону буюрду. Кабыл кылбаса
душман менен согушууну буюрду.
Абдуллах бин
Реваха (радыйаллаху анх) жанындагы кол башчы жолдоштору менен коштошуп туруп
ыйлады. Жолдоштору андан: "Эй, Реваханын
уулу! Эмне үчүн ыйлап жатасың?” – деп сурашты. Акын Абдуллах бин Реваха
(радыйаллаху анх) ыйлоосунун себеби дүнүйөгө куштарлык эмес, сагыныч эмес
экендигин, Курани каримде көрсөтүлгөн "Күмөнсүз,
билгиле, силердин араңардан Тозоктон өтпөй турчу эч ким жок” деген аятты укканын,
Тозокко түшсө кантип сабыр кыла тургандыгын ыр менен жеткирди.
Көз жашымдын
себеби өмүр кайгысы эмес, Силерден айрылуунун оор жазмышы эмес. Негизи себеп
мында, Раббибиздин сөзү, Курани каримдеги мына мындай аяты:
Эч күмөнсүз
билгиле, адам баласынан,
Эч ким жок
өтпөй турган жалындуу Жаханнамдан Бул аятты окуган Пайгамбардан уктум
Тозокко түшсөм
эгер буга кантип чыдаймын.
Жолдоштору:
"Аллаху таала сени сүйүктүү кулдарынын катарына жазсын, салихтерден бол”, - деп
дуба кылды. Кийин Абдуллах бин Реваха: "Бирок, мен Аллаху таала тарабынан
кечирилүүнү каалаймын. Жана кандарды агыза турчу кылыч соккусунан же ичеги-боорумду
жарып чыга турган найзадан шейит болууну каалаймын”, - деди. Аскерлер жүрүшкө
даярданган кезде Абдуллах бин Реваха
(радыйаллаху анх) Пайгамбарыбызга барып коштошуп: "Йа, Расулаллах! Мага жаттап
алууга жана эсимен чыгарбай турган бир нерсе сунуштайсызбы?” – деди.
Пайгамбарыбыз ага: "Сен эртең Аллаху
таалага өтө аз сажда жасала турчу элге барасың. Ошол жерде саждаларды,
намаздарды көбөйт”, - деди. Абдуллах бин Реваха (радыйаллаху анх): "Йа,
Расулаллах! Мага насаатыңызды көбөйтөсүзбү?” – дегенде Пайгамбарыбыз: "Аллаху тааланы ар дайым зикир кыл. Максатыңа
жетүдө сага көмөкчү болот”, - деди.
Үч миң адамдык Ислам аскерлери
"Аллаху акбар! Аллаху акбар!” деген ураан менен жүрө баштады.
Пайгамбарыбыз менен Мединада калган ардактуу сахабалар мужахиддерди Веда деген жерге чейин узатышты. Ушул жерде Пайгамбарыбыз Ислам аскерлерине мындай деп үн катты: "Мен силерге Аллаху тааланын
буйруктарын орундап, тыйууларынан сактанууну, жаныңардагы мусулмандарга жакшы
мамиле кылууну жана аларга жакшы көз менен кароону сунуш кылам. Аллаху тааланын
жолунда Анын ысымын айтып согушкула. Олжого алынган нерселерге кыянаттык
кылбагыла. Келишимге опаасыздык кылбагыла. Балдарды өлтүрбөгүлө. Ал жерде
христиандардын чиркөөлөрүнөн адамдардан бөлүнүп, өздөрүн кулчулукка арнаган кээ
бир адамдарды көрөсүңөр. Аларга тийбегиле. Алардан башка баштарына шайтан
уялаган кээ бир адамдарды дагы көрөсүңөр, алардын башын кылычыңар менен кескиле.
Силер аялдарды, кары адамдарды өлтүрбөгүлө. Бак-даракты кеспегиле, өрттөбөгүлө.
Үйлөрдү кыйратпагыла!”
Башкы кол башчы Зейд бин Харисага
(радыйаллаху анх): "Мушрик жоо менен каршылашканда аларды үч нерсенин бирине
чакыр. (Эгер мусулмандыкты кабылдаса) аларды мухажирлердин эли болгон
Мединага хижрат кылууга чакыр. Чакырууңду кабылдаса мухажирлердин укуктары
менен милдеттери аларга да жүктөлө тургандыгын билдир. Эгер мусулман болуп
өзэлдеринде калууну кааласа мусулман көчмөн араптар сыяктуу боло тургандыктарын
жана аларга колдоно турган илахи өкүмдүн өздөрүнө дагы колдонула тургандыгын,
согуш олжосунан аларга эч нерсе берилбей тургандыгын жана олжодон
бир гана мусулмандар менен бирге согушкандардын ала тургандыктарын билдир.
Эгер Исламды кабылдабаса аларды жизйа
(салык) төлөөгө чакыр. Араларындагы муну кабыл кылбагандарга тийишпе. Жизйа
дагы бергиси келбесе Аллаху тааланын көмөгүнө таянып алар менен согуш”, -
деди.
Ушул насааттан
кийин мужахиддер менен коштошту. Ислам аскерлери такбир айтып коштошушту. Артта
калгандар кеткендерге кол булгап: "Аллаху таала силерди түрдүү коркунучтардан
сактасын, кайрадан аман-соо кайтарсын”, - деп дуба кылышты. Көзгө көрүнбөй
калганга чейин көздөрүнө жаш алып карап турушту. Зейд бин Харисанын
(радыйаллаху анх) колундагы касиеттүү туу желбиреп, мужахиддер узак жолго
Аллаху тааланын динине кызмат кылуу үчүн чыккан эле.
Ислам
аскерлери Сирияга карай бет алды. Жол сапары тынч өттү. Мужахиддер тезирээк жоо
менен кезигүүгө ашыгышты. Шейиттикти каалагандардын ичинде Абдуллах бин Реваха
(радыйаллаху анх) да бар эле. Бул тууралуу Зейд бин Эркам (радыйаллаху анх)
мындайча баян кылган:
"Мен Абдуллах
бин Реваханын тарбиясында өскөн жетим болчумун. Ал Мута сапарына чыкканда мени
дагы төөсүнүң артына мингизди. Түнү бираз убакыт жүргөндөн кийин өзүнүн бул сапарда
шейит боло тургандыгын ыр кылып айтты. Мен муну угуп ыйладым. Абдуллах бин
Реваха мени камчысы менен түртүп: "Эй, сага эмне болду? Мунун сага эмне зыяны
тиймек эле. Аллаху таала мага шейит болууну буюрса ушул жаныбар менен артка
кайтасың. Мен болсо дүнүйөнүң бардык дарттарынан, кайгыларынан кутулуп,
ырахаттыкка жетемин”, - деди. Түшүп, эки рекет намаз окуду. Анан узун дуба
окуп, мага: "Эй, бала! Бул сапарда иншаллах шейиттик насип болот”, - деди.”
Эр жүрөк
сахабалар Сирияга жакындаганда Шам акими Шурахбил бин Амр Ислам аскерлеринин
жакындаганын уккан эле. Дароо Византия бийлөөчүсү Гераклиуска жагдайды
кабарлап, чоң көмөк алып, көңүлү тынч алып турган эле. Анткени, укканына
караганда мусулман аскерлердин саны 3-5 миң гана болчу. Өзүнүн аскер саны болсо
жүз миңден ашчу. Курал жарактары болсо эсепсиз көп эле.
Сахабалар
Шамдан Муанга барган кезде гректердин жүз миң адамдык аскери менен өздөрүнө
карай келе жаткандыктарын угушат. Ошол жерге конуп эки түн түнөшөт. Кол башчы Зейд бин Хариса (радыйаллаху анх) жолдошторун
жыйнап жагдайды баян кылат. Гректерге каршы эмне кылуу керек экендиги тууралуу
пикирлерин сурады. Сахабалардын кээ бирлери "Грек аскерлери менен кездеше
электе алардын жерлерине капыстан чабуул жасайлы. Адамдарын туткунга алып
Мединага кайталы” десе кээ бири "Расулуллахка кат жазып, жоонун санын
кабарлайлы. Бизге шашылыш түрдө аскер жиберүүлөрүн же болбосо эмне кылуубуз
керек экендигин сурайлы” дешти. Экинчи пикирди туура деп санап турушканда
Абдуллах бин Реваха (радыйаллаху анх) сөзгө аралашып: "Эй, коомум, эмнеге
алаңдайсыңар? Шейит болуу үчүн келбедикпи? Биз капырлар менен эч качан саныбыз,
курал-жарагыбыз көп болуп согушкан эмеспиз. Аллаху таала буйрук кылган ушул
диндин күчү менен арстандардай согуштук. Алга карай умтулгула, согушкула,
сөзсүз алдыбызда кайыр бар. Бул иштин натыйжасы жеңиш да эмес, шейиттик да
эмес. Бедир күнү болгону эки атыбыз гана болгон, Ухудда болсо бир гана ат менен
аз курал-жарагыбыз бар болчу. Бул согушта жеңүү Тагдырыбызга жазылган чыгар.
Аны Аллах менен Пайгамбары убада кылды. Хак таала убадасынан эч качан кайтпайт.
Эй, момундар, андай болсо алга карай баскыла! Эгер маңдайыбызга шейиттик
жазылса Бейиштеги шейит боордошторубуз менен кездешебиз”, - дегенди ыр саптары
менен жеткирди. Хазрети Абдуллах бин Реваханын бул сөздөрү мужтахиддердин
баатырдык сезимдерин ойготту. "Валлахи, Реваханын уулу туура айтат”, - дешти.
Ушундайча
чечим чыгарылган эле. Бардыгы шейит болгонго чейин согушууга бел байлашты. Эр
жүрөк сахабалар Мута деген айылга барган кезде жүз миң адамдан турган грек
аскерлери менен кездешти. Тоо-таш, бардык тарап душман аскерине толгон эле. Бир
жакта Аллаху тааланын динин таратуу үчүн Мединадан Шамга чейин келген үч миң
адамдык Ислам аскерлери, экинчи жакта Исламды жоюш үчүн жыйналган жүз миң
адамдан турган капыр аскерлери бар эле. Бир караганда салыштырууга болбой
турган күч болчу. Ошондо бир мусулманга отуздан ашуун грек туш келди.
Эки тарап тең
согушка дайын турду. Ошол кезде Пайгамбарыбыздын буйругу боюнча Ислам аскеринен
бир кеңеш грек ордосуна карай кадам таштады. Алар грек аскерине Исламга кирүүнү
же болбосо жизйа төлөөнү сунушташты. Бирок, алар бул сунушту кабыл кылышпады.
Эми убакытты жоготуунун кажети жок эле. Кол башчы Зейд бин Хариса (радыйаллаху
анх) колуна касиеттүү Ислам байрагын алып чабуулга өтүү буйругун берди. Ушул
саатты күтүп турган мужахиддер "Аллаху акбар!” деп алга карай атырылышты.
Кылычтарын сууруп, душмандын ортосуна карай чабуул кылышты. Аттар кишенеп,
кылычтар шатырап, текбир үндөрү угулуп, согуштун башында ак майдан канга
боёлгон эле. Сахабалар кылычтарын ар шилтеген сайын бир башты, колду кече чаап
түшүрүп жатышты. Колуна Расулуллахтын ак туусун кармаган Хазрети Зейд душман
ортосунда "Аллах! Аллах!” деп согушуп жүрдү. Кылычы менен айланасын жапырып,
алдына чыккан жоону сулатып жатты. Кол башчыларынын баатырларча согушуп
жүргөнүн көргөн сахабалар андан калыгпай жоого каршы умтулду. Бир кезде бир
нече найза бир убакта кол башчы Хазрети Зейддин денесине барып кадалды. Андан
кийин дагы да бир нече найза кадалды. Анын денеси бир канча жерден тешилди.
Зейд бин Хариса (радыйаллаху анх) жерге кулап, катуу эңсеген шейиттик шербетин
ичкенин көрүштү.
Зейд бин
Харисаны (радыйаллаху анх) карап жүргөн Хазрети Жафар дароо тууну колуна алды.
Желбиреген Ислам туусун көргөн мужахиддер жаңы бир күч менен согушууну
улантышты. Хазрети Жафар дагы Зейд бин Хариса (радыйаллаху анхум) сыяктуу
баатырларча салгылашып жатты. Бир жагынан жоого умтулса, экинчи жагынан
жолдошторуна күч берип турду. Хазрети Жафар салгылашка ушунчалык берилип
кеткендиктен жолдошторунан бираз алыстап кеткен эле. Гректердин ортосунда
жалгыз өзү салгылашып, баарын кылыч менен сулатып жүрдү. Бул жолдон артка кайра
жол жок экендигин түшүнүп, "Менин милдетим капырлардын бардыгына кылыч чабуу”
деп Аллаху тааланын касиеттүү ысымын оозунан таштабай, жан аябай согушуп жатты.
Бир маалда душмандан бир аскер Хазрети Жафардын оң колуна кылыч урду. Оң колу
кесилген Хазрети Жафар касиеттүү Ислам туусун жерге түшүрбөстөн сол колуна
алды. Тууну жогору көтөрүп желбиретти. Ошол кезде дагы бир сокку тийип, сол
колу дагы кесилди. Бул жолу тууну
кесилген колдорунун ортосуна кыпчып, көтөрүүгө тырышты. Бирок, душман тараптан
келген көптөгөң кылыч соккусунан улам шейит болду. Руху Бейиштин жогору
даражаларына карай учту. Денесинде токсондон ашык кылыч менен найзанын жаракаты
бар эле.
Кол
башчыларынын шейит болгонун көргөн мужахиддер жерге түшкөн Ислам туусун алып,
Абдуллах бин Ревахага (радыйаллаху анх) берди. Ал дагы атынын үстүндө тууну
желбиретип, жоого каршы умтулду. Бир жагынан алдынан чыккан жоону талкалап,
экинчи жагынан ураандап ыр айтып жүрдү.
Эй, напсим,
мага моюн сунасың сен албетте,
Ант ичейин,
бүгүн шейит боломун мен канткенде. Сен көнөсүң өлүмгө, буга ыраазы болосуң.
Түбөлүк өмүргө
ыраазы болбос кай пенде. Бул согушта жан бербесең эгерде.
Айтчы напсим,
өлбөй турган адам өмүрдө. Жафар бин Абу Талиб, Зейд бин Харистер, Баары шейит,
баары жетти мөөрөйгө.
Эй, напсим,
токтобо сен, алга умтул. Ошондо гана жетесиң сен мүдөөңө.
Хазрети
Абдуллах да "Аллаху акбар!” деген ураандын арасында душман менен кызуу
салгылашты. Бир кезде манжасына кылыч тийип, кесилген манжасы терисине илинип
салаңдап турду. Бул кол башчы дароо атынан түшүп, согушууга кедерги болуп
турган бул жаралуу манжасын буту менен басып "Сен болгону жаралуу манжа
эмессиңби? Ансыз деле буга Аллах жолунда туш келдиң”, - деп жулуп алды. Атына секирип минип,
бардык күчү менен кайрадан салгылаша баштады. Бирок, канча согушканы менен шейит болбогонуна
өзүн күнөөлөй баштады. Жоонун үстүнө кайра-кайра чабуул жасады. Акырында бир
найза тийип, жерге кулады. Аллаху таала менен Расулунун жолунда шейит болуп,
руху Жаннатка учту.
Ошол кезде Абдуллахтын жанында бирге
согушкан Эбул Йуср Кааб бин Умейр (радыйаллаху анх) тууну желбиретүүгө аракет
кылды. Сахабалардын арасына көз жүгүртүп, өзүнөн чоң, жетилген адамды издеди.
Сабит бин Эркамды (радыйаллаху анх) көрүп, тууну ага тапшырды. Хазрети Сабит
тууну мужахиддердин алдына тикенден кийин "Эй, боордошторум! Тез арада
бириңерди кол башчы кылып шайлап, ага баш ийгиле”, - деди. Алар: "Сени
тандадык”, - дешсе дагы Сабит мунун кабыл кылбады. Көзү Халид бин Велидге
(радыйаллаху анх) кадалды. Ага: "Эй, Абу Сулейман! Тууну сен ал”, - деди.
Мусулмандардын арасына жаңыдан кошулган Хазрети Халид уялып бул тууну алгысы
келбей: "Мен бул тууну сенден албаймын. Сен буга менден да ылайыктуурааксың.
Анткени, сенин жашың улуу жана Бедир согушунда Расулуллахтын жанында согуштуң”,
- деген эле. Бирок, убакыт тар болчу. Айланасындагы сахабалар душман менен
салгылашып, жүз миң адамдык душман аскерин чегиндирүүгө аракет кылып жаткан
эле. Хазрети Сабит сөзүн кайталады: "Эй, Халид! Расулуллахтын касиеттүү туусун
колуңа ал. Валлахи, муну сага берүү үчүн алгам. Сен согуш усулун менден жакшы
билесиң”, - деп айланасындагы мужахиддерден "Эй, бир боорлорум! Халиддин кол
башчы болуусуна кандай карайсыңар?” – деп сурады. Алардын бардыгы бир ооздон:
"Аны кол башчы кылабыз”, - дешти. Ушундан кийин Хазрети Халид Пайгамбарыбыздын
өз ыйык колу менен тапшырган туусун чоң урмат менен алып өптү. Атына минип,
жоого карай болгон айбаты менен умтулду.
Эр жүрөк сахабалар жаңы кол
башчыларынын артынан ээрчип, кайрадан чабуул жасоого өтүштү. Хазрети Халид
укмуштуудай баатырдык менен салгылашты. Алдына чыккандын баарын кыйратты. Бир
маалда Кутба бин Катаде (радыйаллаху анх) душман колбашчысы Малик бин Зафиленин
башын чаап түшүрдү. Гректердин көңүлү түшүп, дабдырап калышкан эле. Бирок, кеч
болуп, караңгы түшө баштаган эле. Караңгыда согушуу өтө кооптуу болчу. Себеби,
адашып өз адамын өлтүрүп алуу мүмкүн эле. Ошондуктан, эки тарап тең
ордолоруна карай кайтышты. Жаракат алгандар эмделди. Хазрети Халид согуш усулун
абдан мыкты өздөштүргөн эле. Таң эрте душманга каршы жаңы тактика колдонгусу
келди. Ал түнү аскерлердин ордун алмаштырды. Оң жактагыларды сол жакка, сол
жактагыларды оң жакка, алдыдагыларды артка, арттагыларды алдыңкы тарапка койду.
Таң эртелеп
кайрадан чабуулга чыккан эр жүрөк мужахиддер "Аллаху акбар!” деп кыйкырып,
салгылашка чыкты. Душман аскерлери өздөрүнө чабуул кылып жаткан аскерлерди
биринчи жолу көрүп турушкан эле. Булар кечеки согушкан адамдар эмес эле.
"Мусулмандрга жаңы аскерлер көмөккө келген болуусу мүмкүн!” деп ойлогон грек
аскерлеринин ой-санаалары бузулду. Алар башаламандыкка кабылышты. Ушул
мүмкүңчүлүктү пайдаланган Хазрети Халид менен баатыр сахабалар мурункудан дагы
катуу согушуп, душмандын миңдеген аскерлерин кырып ташташты. Ошол күнү Халид
бин Велиддин колунда тогуз кылыч сынган эле. Аллаху тааланын ихсаны менен,
Пайгамбарыбыздын дубасы менен үч миң мужахид жүз миң жоонун аскерин жеңип
чыкты. Ушул чоң салгылашууда он беш адам шейит болду. Ушундайча, Византия
империясына чек коюлуп, андан бери түштүккө карай жортуул жүргүзүүлөрүнө
тоскоол коюлган эле.
Пайгамбарыбыз
өзүнө согуш майданынан кабар келүүдөн мурда Мутеде болгон жагдайларды
кабарлоо үчүн сахабаларды мечитке жыйнаган эле. Пайгамбарыбыздын жүзүнөн анын өтө кайгылуу экендиги байкалып турду, ал
ансайын көңүлү оорубасын деп эч ким бир нерсе суроого батына албады. Сахабалардын
бири: "Жаныбыз сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Сиздин жүзүңүздөгү кайгыны
көрү ичибиз кан ыйлап турат, канчалык кайгырып турганыбызды Аллах гана билет”, - деди. Пайгамбарыбыздын көзүнөн
жаш угуу менен бирге мындай деди: "Менин
жүзүмөн көрүнгөн кайгы, мени капаланткан нерсе - сахабаларымдын шейит болуусу.
Бул абал алардын Бейиште тактын үстүндө отургандыгын көргөнүмө чейин уланды.
Зейд бин Хариса тууну колуна алды. Акыры шейит болду. Ал азыр Бейишке кирди. Ал
ошол жерде жүгүрүп жүрөт. Кийин тууну Жафар бин Абу Талиб алды. Душман аскерине
чабуул кылды. Салгылашып, ал дагы шейит болду. Ал шейит болуп Бейишке кирди
жана эки жакут канат менен каалаганынча учуп жүрөт. Жафардан кийин тууну
Абдуллах бин Реваха алды. Колуна тууну алып душман менен урушту. Шейит болуп
Бейишке кирди. Алардын Бейиште алтын так үстүндө отургандыктары мага
көрсөтүлдү. Эй, Аллахым! Зейдди кечир! Эй, Аллахым! Жафарды кечир! Эй, Аллахым!
Абдуллах бин Реваханы кечир!”
Пайгамбарыбыздын
көзүнөн али жаш агып турган эле. Ал мындай деди: "Абдуллах бин Ревахадан кийин тууну Халид бин Валид алды. Мына эми
согуш кызый түштү. Эй, Аллахым! Ал (Халид бин Валид) – Сенин кылычтарыңдын бири. Ага жардам бер!”
Пайгамбарыбыз
Аллаху тааланын буйругу менен миң чакырымдан да алыстагы согуш майданындагы
жагдайды мужиза катары көрүп, сахабаларына кабарлаган болчу. Жафар бин Абу
Талиб (радыйаллаху анх) шейит болгон күнү ушул окуяны айткандан кийин туруп
Хазрети Жафардын үйүнө барды. Аялы Эсма (радыйаллаху анха) үй иштерин бүтүрүп,
балдарын жуунтуп, чачтарын тараган эле. Пайгамбарыбыз: "Эй, Эсма! Жафардын уулдары кайда? Аларды алып кел”, - деди. Эсма
балдарды алып келген кезде Пайгамбарыбыз аларды бооруна кысып, тоё тоё жыттап,
сүйдү. Жүрөгү элжиреп, көзүнөн жаш шорголоду. Муну көргөн Эсма ханым: "Ата-энем
сизге курман болсун, йа Расулаллах! Эмнеликтен балдарыма жетимдерге көрсөтө
турчу мээримдүүлүктү көрсөтүп жатасыз? Же Жафар менен жолдошторунан кайгылуу
кабар алдыңызбы?” – деп жалынып сурады. Пайгамбарыбыз: "Ооба, алар бүгүн шейит болду”, - деди. Хазрети Эсма дагы балдарын
бооруна басып ыйлады. Бул көрүнүшкө Пайгамбарыбыз чыдай албай, чыгып кетти.
Үйүнө барган
Пайгамбарыбыз аялдарына: "Жафардын үйүнө
тамак даярдоону унутпагыла”, - деди. Үч күн шейит үйбүлөлөрүнө тамак
жиберилип турду.
Арадан бир
нече күн өткөн эле. Мединага сүйүнчү кабарды Йала бин Умеййе жеткирди. Ал али
кабарды айта электе Пайгамбарыбыз ага: "Кааласаң
болгон жагдайларды сен айт, кааласаң мен сага айтайын”, - деп, согушта
болгондордун бардыгын айтып берди. Буга Йала бин Умеййе "Сизди хак дин жана
китеп менен пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, мужахиддердин
баштарынан өткөн окуялардын бардыгын калтырбай айттыңыз”, - деди.
Пайгамбарыбыз: "Аллаху таала мен үчүн
ортодогу аралыкты алып таштады, согуш майданын өз көзүм менен көрдүм”, - деди.
Бир нече
күндөн кийин кабарчылар Ислам аскеринин Мединага жакындаганын жеткирди.
Пайгамбарыбыз сахабалары менен туруп,
Мединанын сыртына күтүп алууга чыкты. Алыстан бир чаң көрүнүп, касиеттүү Ислам
туусу желбиреп келе жаткан эле. Кылыч-калкандар чагылышып, айланага шооласын
түшүрүп келе жатты. Бардык адамдар терең толкундоо менен күтүп турушту. Бираздан
кийин Халид бин Велид (радыйаллаху анх) баштаган мужахид жоокерлер Мединага
киришти...