Меккенин алынуусу


Хижраттын сегизинчи жылы эле. Худайбийа келишиминин бир бабында: "Эки жактан тыш калган арап тайпалары каалаган жактарынын карамагына кире алышат, мусулман менен мушриктердин кайсынысына кошулса да өздөрү билет”, - деп жазылган эле. Ушуга ылайык Пайгамбарыбыздын шериктеши болгон Хузаа тайпасы мусулмандарга, Бани Бакр тайпасы мушриктерге кошулган болчу. Хузаа тайпасы менен Бани Бакр тайпасы мурунтан бири-бирине кас болуп, мүмкүндүк болор заман бири-бирине кол салып турушчу. Худайбийа келишими боюнча алар дагы бираз убакытка уруш-талашын токтотушкан эле. Бирок, буга Бани Бакрлар эки жыл гана чыдай алышты. Бакр уулдарынын бири Пайгамбарыбызга тил тийгиген ыр айтып, аны уукан Хузаа тайпасынын бир жигиттери чыдай албай анын башын жарышат. Бакр уулдары муну эң оңтойлуу кезек деп, Хузаа тайпасына чабуул жасашат. Бул чабуулга курайштык капырлар дагы курал-жарак берүү менен бирге жашыруун аскер дагы жиберип көмөк көрсөтүшөт, Харем шарифте Хузаа тайпасынан жыйырмадан ашуун адамды өлтүрүшөт. Кагылышуу маалында Хузаа тайпасынан көп мусулмандар Пайгамбарыбыздан көмөк сурашкан эле. Хузаа тайпасынын адамдары түндө болгон бул чабышта Бекр уулдарынын арасында Курайш мушриктерин дагы көргөндүктөрүн айтышты.

Ошол түнү Мединада Хазрети Меймуненин үйүндө болгон Пайгамбарыбыз намаз окууга туруп даарат алып жатканда Аллаху тааланын уруксаты менен мужиза катары Меккедеги мусулмандардын өзүнөн көмөк сурагандыгын угат. Аларга "Лаббайк!” (Чакырыгыңарга келемин) деп жооп берди. Меймуне энебиз (радыйаллаху анха) Пайгамбарыбыздын жанында эч ким жок болсо да ушундай деп сүйлөп турганын көрүп: "Йа, Расулаллах! Жаныңызда бирөө барбы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз ага Меккеде болгон окуяны жана курайштыктардын бул ишке аралашкандыктарын айтты.

Курайш мушриктери Бани Бакрларга көмөктөшүп, Хузаа тайпасына чабуул жасап, аларды өлтүрүп, Худайбийа келишим шартынын баптарына кайчы аракеттерди кылып, ушундайча келишим шартын бузушкан эле. Бирок, бул окуядан ошол кезде Шамга соода үчүн кеткен Курайш көсөмү болгон Абу Суфйандын кабары жок эле. Шамдан кайтканда адамдар ага жагдайды баяндап: "Бул милдеттүү түрдө оңдолууга тийиш маселе. Муну жашыруу мүмкүн эмес. Эгер оңдолбосо Мухаммед (алейхиссалам) бизди Меккеден чыгарат”, - деди. Абу Суфйан: "Бул окуяга катышым жок болсо дагы болгон уруш кабары Мединага жетүүдөн мурда келишимди жаңылап, созуу үчүн тез арада жолго чыгуум керек”, - деди.

Бирок, Пайгамбарыбыз кабарды ошол кезде эле угуп койгон  эле. Окуяда үч күн өткөн соң Хузаа тайпасынан Амр бин Сали жанына кырк атчан аскер ээрчитип, Пайгамбарыбызга жагдайды кабарлайт. Пайгамбарыбыз: "Хузаа уулдарына көмөктөшпөсөм мага да көмөк берилбесин”, - деп бир кат жаздырды. Курайш мушриктерине жиберилген бул катта Пайгамбарыбыз: "Силер Бакр уулдары менен шериктештигиңерден баш тартасыңар же Хузаа уулдарынан өлтүрүлгөн адамдарына кун төлөйсүңөр. Эгер бул айткандарымдын бирин орундабай турган болсоңор силер менен согуша тургандыгымды билдиремин”, - деген эле.

Курайштыктар: "Шериктештигибизди дагы үзбөйбүз, кун да төлөбөйбүз. Бир гана согушабыз”? – деп кабар жиберишти. Бирок, бул кылгандыктарына катуу өкүнүшүп, коркуу менен келишимди жаңылоо үчүн Абу Суфйанды Мединага жолго чыгарышты.

Абу Суфйан Мединага бара электен мурда Пайгамбарыбыз анын келе тургандыгын сахабаларына айтты. "Абу Суфйан келишимди жаңылап, мөөнөттү узартууга келе жатат деп ойлойм. Бирок, ал дегенине жете албай артка кайтат”, - деди.

Али мусулман боло элек Абу Суфйан Медина-и Мунавварага барат. Өзүнүн кызы жана Пайгамбарыбыздын аялы, момундардын энеси болгон Үммү Хабибанын (радыйаллаху анха) үйүнө келет. Пайгамбарыбыздын төшөгүнө отурмакчы болгондо Хазрети Үммү Хабиба ал отура электе төшөктү тартып алат. Атасы буга катуу таарынып: "Эй, кызым! Бул төшөктү менден аяп турасыңбы?” – деп сураганда Расулаллахка болгон сүйүүсүн бардык нерседен артык койгон Хазрети Үммү Хабиба атасына: "Бул төшөк Аллаху тааланын Расулунун төшөгү. Ага мушриктер отурбайт. Сен мушриксиң жана ыплассың. Бул төшөккө отурууга эч ылайык эмессиң”, - деп жооп берди. Атасы: "Эй, кызым! Үйүмөн кеткени сага бир нерсе болгон го чамасы”, - дегенде ал: "Алхамдулиллах, Аллаху таала мага Исламды насип кылды. А сен болсо ушуга чейин укпаган, көрбөгөн, таштан жасалган буттарга сыйынасың. Эй, ата! Сен сыяктуу Курайштын чоңу болгон адам кандайча Исламдан алыс турат?”деди. Атасы катуу ачууланып: "Мага урматсыздык кылып сабатсыздык менен айыптап турасың. Демек, мен ата-бабамдын жылдар бою сыйынган нерселерин таштап, Мухаммеддин (алейхиссалам) динине кирүү керекпи?” – деп ал жерден кетип калды.

Пайгамбарыбызга барган Курайш көсөмү: "Мен Худайбийа келишимин жаңылоо жана мөөнөтүн узартуу үчүн келдим. Кана, Ортобуздагы бул келишимди кайрадан жазып жаңылайлы”, - деди. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): "Биз Худайбийа келишим шартына каршы аракет жасабайбыз жана аны өзгөртпөйбүз”, - деди. Курайш көсөмү кайта-кайта келишим шартын өзгөртөлү, жаңылайлы деп кайталаса дагы Пайгамбарыбыз ага жооп катпады. Курайш көсөмү канча күч жумшаганы менен мындан майнап чыкпай турганын көрүп, Меккеге кайтып барып Мушриктерге жагдайды баяндады. Мушриктер болсо: "Демек, эч нерсе кыла албай кайтып келдиңби”, - деп аны айыпташты. Эми алар үчүн күтүүдөн башка чара калбаган эле.

Кимде ким Масжидул-Харамга баш калкаласа...

Абу Суфйан Мединадан кеткенден кийин Пайгамбарыбыз Меккени алууга чечим кабылдады. Себеби, курайштыктар келишимди бузушкан эле. Бирок, муну сыр катары сактап, мушриктердин даярданууларына мүмкүндүк бербестен Хареми шарифте кан төкпөстөн Меккени багындыргысы келди. Бул бир согуш чарасы эле. Анткени, Мекке алынса канчалаган адам мусулман болот эле.

Бул жагдайда Хазрти Абу Бакр менен бир нече сахабаларына айтты. Сахабаларга сапарга даярданууну буйрук кылды, бирок, кайда бара тургандыктарын айтпады. Сахабалар жихадга даярдана башташты. Пайгамбарыбыз ошондой эле айланадагы мусулман тайпалардан Эслем, Эшжа, Жухейне, Хусайн, Гыфар, Мезейне, Сулейм, Дамра жана Хузаауулдарына кабар жиберди. "Аллаху таалага жана акырет күнүнө ыйман келтиргендер Рамазан айынын башында Мединада болушсун”, - деп, аларды согушка катышууга чакырды.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир чара катары Меккеге бара турчу жолдорду тосуп, байланышты үзүү үчүн милдетти Хазрети Омарга тапшырды. Хазрети Омар дароо тоо жолдоруна, өткөөлдөргө жана башка жолдун баштарына күзөтчүлөрдү коюп, "Меккеге бараткан бардык кишилерди артка кайтарасаңар”, - деп буйрук берди.

Пайгамбарыбыз бул иштин жашыруун жүргүзүлүүсү үчүн "Йа, Раббим! Жерлерине күтпөгөн жерден барып аларга жеткенге чейин курайштыктардын тыңчылары менен кабарчыларын карма, аларды көрбөй тургандай, укпай тургандай кыл. Бизди кокустан көрүп угушсун”, - деп дуба кылды.

Пайгамбарыбыз түндүк тараптагы мушриктер же Византиялыктарга бара турган байланышты үзүш үчүн Абу Катадени бир канча кол менен түндүккө карай Изам деген өрөөнгө жиберди.

Бул кезде Мединадагы даярдыктар тууралуу Меккелик мушриктерге кабарлоо үчүн жиберилген бир кат тууралуу Пайгамбарыбыз мужиза катары кабар берди. Хазрети Алини жиберип карматты.

Рамазан айынын экинчи күнүнө чейин тегеректеги тайпалардан көмөк келип, Абу Инебе кудугунун башындагы ордого жыйналды. Сахабалардын саны он эки миңге жеткен эле. Алардын төрт миңи Ансар, жети жүзү мухажир, калгандары болсо айланадан жыйналып келген мусулман тайпалар эле.

Пайгамбарыбыз Мединага өкүл катары Абдуллах бин Үмми Мектум хазреттерин калтырды. Зубейр бин Аввамды (радыйаллаху анх) эки жүз атчан адамдан турган колго башчы кылып жол байкоочу топ катары алдыга жиберди.

Пайгамбарыбыз көңүлдөрү Аллаху таала менен Расулунун сүйүүсүнө толгон он эки миң адамдык аскеринин башында Аллаху тааланын ысымы менен жолго чыкты. Мындан сегиз жыл мурда азап, зулумдук көрүп хижрат кылууга мажбурланган жерлерине, Меккеге бара жаткан эле. Бутканага айланган касиеттүү Каабаны буттардан тазалоого бара жаткан эле. Өжөрлүктөрүнөн баш тарта албаган мушриктерге хак, адилет менен мээримдүүлүктү көрсөтүүгө бара жаткан эле. Аллаху тааланын динин таратууга, ал жердегилердин төбөлүк Тозок отунан кутулууларына себепчи болууга бара жаткан эле. Бул кандай гана ырайымдуулук эле!

Ислам аскерлери Зул-хулейфага барган кезде Меккеден үй- бүлөсү менен хижрат кылган Пайгамбарыбыздын чоң агасы Хазрети Аббас менен кездешти. Пайгамбарыбыз агасынын келгенине өтө кубанып: "Эй, Аббас! Мен пайгамбарлардын акыркысы болсом, сен мухажирлердин акыркысысың”, - деди. Хазрети Аббастын оокаттарын Мединага жиберди. Хазрети Аббас (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын жанында калып, Меккенин алынуусуна катышты.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Меккеге жакын жердеги Кудейдге барган кезде сахабаларын сапка тизди. Ар тайпага бөлөк туулар менен байрактарды берди. Мухажирлердин туусун Хазрети Али, Зубейр бин Аввам жана Саад бин Абу Ваккас (радыйаллаху анхум) кармады. Ансардын он эки туу көтөрүүчүсү, Эшжалар менен Сулеймдердин бир туу көтөрүүчүсү, Музейнелердин үч, эслемдердин эки, Хузаа уулдарыныкы үч, Жухейнелердин төрт туу көтөрүүчүлөрү бар эле.

Мединадан чыккандарына он күн болгон эле. Кечке карай Меккеге жакындап, куптан маалында Мерруз-захранга жетти. Пайгамбарыбыз сахабаларына ушул жерге токтоону буйрук кылды. Ошондой эле, Хазрети Омарга тапшырма берип, ар мужахиддин от жагуусун буйрук кылды. Бир заматта он эки миң от жанган кезде Мекке алоолонгон жарыкка бөлөндү. Эч нерседен кабарсыз жаткан Меккелик мушриктер башаламанга түшүп, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калышты. Жагдайды билип келүүнү Абу Суфйага тапшырышты. Ал жанына бир адамды ээрчитип, Ислам аскерине карай жашыруун жол алды. Ушул кезде Пайгамбарыбыз кээ бир сахабаларына: "Абу Суфйанга этият болгула. Аны сөзсүз табасыңар”, - деди.

Курайштыктар алга карай жылган сайын таң калуулары күчөп, үрөйлөрү учту. Меккенин айланасына канчалаган аскерлер жыйналып, канчалаган от жагылган эле. Алар ушулар тууралуу айтып келе жатып, Эрак деген жерге жетишет. Ушул маалда Пайгамбарыбыз: "Абу Суфйан азыр Эракта”, - деди. Хазрети Аббас аларды таанып, аларды Пайгамбарыбызга алып барды. Жолдо Абу Суфйан Хазрети Аббастан: "Эмне болуп жатат?” – деп сурады. Ал: "Эй, Абу Суфйан! Сага убал болсун! Расулуллах силерге силер каршы тура албай турчу аскер менен келе жатат. Ант кыламын, курайштыктардын жагдайы кыйын, ишиңер бүттү!” – деди. Абу Суфйан менен анын жанындагылар коркуп, мужахиддердин арасынан өтүп, Пайгамбарыбыздын алдына барды. Пайгамбарыбыз аларды жакшы кабылдады. Меккеликтер тууралуу сурады. Бираз убакыт сүйлөшкөндөн кийин аларды Исламга чакырды. Хаким бин Хизам менен Будейл дароо Шахадат келимесин айтып мусулман болду. Бирок, Абу Суфйан али эки ойдо турган эле. Таң аткандан кий ин Пайгамбарыбыз: "Эй, Абу Суфйан! Аллаху тааладан башка илах жок экендигин биле турчу убакыт али келген жокпу?” – деди. Ал: "Эне-атам сизге курман болсун. Жумшак мүнөз менен урматта жана туугандарга жакшы кароодо сизден өткөн адам жок. Сизге канчалаган жапа тарттырган болсок да сиз алигиче бизди туура жолго чакыруудасыз. Кандай мээримдүү жансыз. Аллахтан башка илах жок экендигине ишендим. Эгер бар болсо мага бир пайдасы болоор эле. Сиз – Аллахтын Расулусуз”, - деп, сахабалардын арасына кошулуу мартабасына ээ болду.

Хазрети Аббас: "Йа, Расулаллах! Абу Суфйанга Меккеликтер кадырлай тургандай бир нерсе бересизби?” – деди. Пайгамбарыбыз аны кабыл кылып: "Кимде ким Абу Суфйандын үйүнө кирип баш пааналаса ал өлүмдөн куткарылат”, - деди. Абу Суфйан (радыйаллаху анх): "Йа, Расулаллах! Дагы бираз кеңейтесизби?” - дегенде Пайгамбарыбыз: "Ким Масжидул-Харамга (Каабага) кирип баш паана кылса ошого кечирим берилет. Кимде ким эшигин жаап, үйүндө отура турган болсо ошого кечирим берилет”, - деди.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Абу Суфйандын Ислам аскеринин айбаты менен көптүгүн көрүп, Меккелик мушриктерге аны жеткизүү үчүн Хазрети Аббаска: "Аны өрөөн тарайып, аттар кысылып өтө турчу тоо өтмөгүнө жеткир. Мусулмандардын, Аллаху тааланын аскеринин улуулугун көрсүн”, - деди. Абу Суфйан көргөндөрүн мушриктерге айтып барып, ага каршы чыга турчу киши болбоосу керек эле. Мына ушундайча Хареми шарифте кан төгүлбөөсү керек эле.

Хазрети Аббас Абу Суфйан менен тоо өткөөлүнө бара жатканда мужахиддер согушка даярданды. Ар тайпа тууларын көтөрүп, өткөөлдөн өтө баштады. Бардыгы соот кийинип, куралданышкан эле. Ар тайпа өткөн кезде текбир айтып өттү. Абу Суфйан: "Мына булар ким?” – деп сурады. Хазрети Аббас: "Булар Сулейм уулдары! Кол башчылары Халид бин Велид. Мына булар Гифар уулдары! Мына булар Кааб уулдары”, - деп жооп берди. Жер менен көктү "Аллаху акбар! Аллаху акбар” деген добуш жаңыртып, мужахиддердин көптүгү менен куралдарынын жаркырагы көзгө чагылышты. Хазрети Абу Суфйандын эң катуу кызыгып күткөнү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) эле. Анын айланасындагы аскерлердин өтүүсүнө кызыгып, башкалардан айрыкча болот деп эсептеп турган эле. Ошондуктан, улам-улам "Булар Расулуллахтын кошуунубу” деп суроодон өзү ала албай жатты. Бир кезде пайгамбарлардын султаны, ааламдардын мырзасы болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз күндөй жаркырап нурун төгүп төөсү Кусванын үстүндө көрүндү. Айланасында мухажирлер менен ансарлар бар эле. Бардыгы баштан аяк соот кийинип, кылычтарын асынып, аттар менен төөлөргө минип келе жатышкан эле. Абу Суфйан аларды көргөн кезде: "Булар ким, Йа Аббас?” – деп таңыркап сурады. Ал: «Ортодогу Расулуллах алейхиссалам. Айланасындагылар шейит болууга аракет кылган ансар жана мухажирлер», - деди.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) алардын жанынан өтүп бара жатып Абу Суфйанга: «Бүгүн - Аллаху тааланын Каабанын даражасын көтөрө турчу күнү. Бүгүн – Байтуллахка жабуу жабыла турчу күн. Бүгүн - мээримдүүлүк күнү. Бүгүн – Аллаху тааланын курайштыктарды (Ислам менен) мартабаландыра турчу күнү», - деди.

Хазрети Абу Суфйан баарын көрүп уккан эле. «Мен Кайсердин дагы, Кисранын дагы султандыгын көрдүм. Бирок,  дал  ушундай укмуштуудай салтанатты көргөн эмесмин. Мен эч качан бүгүнкүдөй аскер менен жамаатты көргөнүм жок. Мындай аскерге эч ким каршы тура албайт. Аларга күчү жетпейт», - деп Меккеге карай жолго чыкты.

Абу Суфйан (радыйаллаху анх) Меккеге барып өзүн күтүп турган мушриктерге өзүнүн мусулман болгондугун айткандан кийин:

«Эй, Курайш жамааты! Мухаммед алейхиссалам эч ким каршы тура албай турган аскер менен силерге келе жатат. Өзүңөрдү жөн жерге алдабагыла. Мусулман болгула, мен силер көрбөгөн нерселерди көрдүм. Сансыз баатырларды, курал-жарактарды көрдүм. Эч кимдин аларга күчү жеткидей эмес. Кимде ким Абу Суфйандын үйүнө кирсе ал өлүмдөн аман калат. Кимде ким Байтуллахка баш калкаласа, кимде ким үйүнө кирип баш калкаласа ал адам өлтүрүлбөйт», - деди.

Мушриктердин көбү Абу Суфйанга (радыйаллаху анх) каршы болуп, ага тил тийгизишти. Жада калса, Ислам аскерине каршы чыгуу үчүн шашылыш даярдык көрүүгө киришишти. Бирок, алардын саны өтө аз боло турган. Калгандары аларга баш ийбей үйлөрүнө качышты. Бир бөлүгү МасжидуХарамга баш калкалашты.

Пайгамбарыбыз менен сахабалар Зитува деген жерге келип жыйналышты. Пайгамбарыбыз сахабаларына көз чаптыргандан кийин анын эсине мындан сегиз жыл мурда Меккеден кеткен кези түштү. Ошол кезде үйүн мушриктер курчап алганын, Ясин сүрөсүнүн аяттарын окуп үйүнөн чыкканын, Хазрети Абу Бакр менен эч кимге көрүнбөстөн Севр үңкүрүнө киргенин, Меккенин чек арасынан чыгуудан мурда ага акыркы жолу карап «(Эй, Мекке) Валлахи, билемин, сен Аллаху тааланын жараткан жерлеринин ичиндеги эң кайырлуусусуң. Раббимдин алдында да, менин алдымда да эң кадырлуу жерсиң. Сенден кыйнап чыгарылбаганда сенден кетмек эмесмин» дегенин, ушундай өкүнүчтүү мезгилде Жабраил алейхиссаламдын «Касас» сурөсүнүн 85-чи аяти каримасын окуп, өзүн сооротконун жана Мекке-и Мукаррамага кайта тургандыгын сүйүнчүлөгөнүн, аз гана сахабалары менен Бедирде, Ухудда, Хандекте, Хайберде, Мутеде душмандар менен кандай согушуп жеңишке жеткендиктерин эскерди. Азыр он эки миң сахабасы Меккеге кирүү үчүн анын буйругун күтүп турган эле. Пайгамбарыбыз ушуларды насип кылган Аллаху таалага чын көңүл менен шүгүрчүлүк кылып, башын төмөн ийди.

Пайгамбарыбыз сахабаларын төрт топко бөлдү. Оң канаттын кол башчысы Халид бин Велид (радыйаллаху анх), сол канаттын кол башчысы Зубейр бин Аввам (радыйаллаху анх), жөө аскердин кол башчысы Абу Убейде бин Жеррах (радыйаллаху анх), башка топко Саад бин Убаде (радыйаллаху анх) кол башчы болуп шайланды. Хазрети Халид Меккенин түштүгүнөн кирип, каршы чыккан мушриктерге жазасын берип, Сафа чокусунда Пайгамбарыбызга жолукмай болот. Хазрети Зубейр Меккенин түндүгүнөн кирип,

«Хажун» деген жерге туусун тигип, Пайгамбарыбызды күтмөкчү болду. Батыштан Хазрети Саад бин Убаде кире турган болот.

Пайгамбарыбыз кол башчыларына: «Силерге чабуул жасамайынча эч ким менен чабышпайсыңар. Эч кимди өлтүрбөйсүңөр», - деди. Бир гана аттары аталган адамдардын кайсынысы кармалса Каабанын жабуусунун алдына жашынышса да баштарын алууга буйрук берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш