Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хак келди, жалган жоюлду




Хак келди, жалган жоюлду


Рамазан айынын он үчү, Жума күнү эле. Мужахиддерден эң алгачкы болуп жүрүшкө кадам таштаган Халид бин Велид (радыйаллаху анх) болду. Меккенин түштүгүнөн Хандеме тоосунун этегине барган кезде Курайш мушриктери аларга ок жаадырды. Эки мужахид шейит болду. Хазрети Халид аскерине «Жалгыз качкандар гана өлтүрүлбөйт» деп буйрук бергенден кийин алга карай умтулду. Бир заматта мушриктерди артка карай чегиндиришти. Салгылашуу мезгилинде жетимиш мушрик өлтүрүлдү. Калгандары тоонун башына, үйлөрүнө карай качып жөнөштү.

Касиеттүү Меккеге башка жактан кирген сахабалар эч кандай каршылыкка туш келишпеди. Өлтүрүлүүсү буйрук кылынган адамдардын бешөө кармалып, жазага тартылды. Калгандары болсо Меккеден качып кетишти. Мужахиддер чоң толкундануу менен

«Аллаху акбар! «Аллаху акбар!» деп текбир айтышып, Меккеге кире башташты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) төөсү Кусвага минди. Анын ноктосун Усама бин Зейд (радыйаллаху анх) кармап касиеттүү Меккеге бет алды. Ушул күндөргө жеткирген Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылып, Меккенин алына тургандыгын сүйүнчүлөгөн «Фетх» сүрөсүн окуду.

Пайгамбарыбыз чоң кубаныч менен жеңиштүү сахабаларынын арасында Каабага карай басты. Оң жагында Хазрети Абу Бакр, сол жагында Усейд бин Худайр (радыйаллаху анх) болуп, Каабага жакындады. Хажер-ул асвадды зыярат кылгандан кийин телбия жана текбир айтты. Муну сахабалар дагы кайталашты. «Аллаху акбар! Аллаху акбар!» деген добуштарга Меккенин асманы жаңыра баштады. Ушундай керемет көрүнүшкө толкунданып, мусулмандар көз жаштарын төгүштү. Хареми шарифке, уйлөрүнө жашырынып кирип алган мушриктер коркуп карап турушту.

Мындан кийин Пайгамбарыбыз менен сахабалар таваф кыла башташты. Тавафтын жетинчи айланымы бүткөндөн кийин төөсүнөн түшкөн Пайгамбарыбыз Ибрахим макамында эки рекет намаз окуду. Кийин Хазрети Аббастын кудуктан алган замзам суусун ичти. Замзам менен даарат алгысы келди. Пайгамбарыбыз даарат алган кезде сахабалар анын денесинен түшкөн сууну жерге түшүрбөй тосуп алып жатышты. Муну көргөн мушриктер «Биз өмүрүбүздө мындай көргөн да, уккан да жокпуз» деп таңыркашты.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Каабанын айланасындагы таштан жана жыгачтан жасалган бардык буттарды кыйратууну буйрук кылды. «Хак (Ислам) келгенде жалган (капырлык) жоюлду, анткени, жалган ар дайым жоюлуучу нерсе» («Исра» сүрөсү, 81) деген аяти кариманы окуп, колундагы таягын буттарга созду. Таяк тийген буттар бир-бирден кулай баштады. Үч жүз алтымыш бут кыйратылды.

Түш болгон кезде Пайгамбарыбыз Хазрети Билалга Каабада азан окууну буюрду. Ал дароо ыйык милдетти орундады. Азан чакырылган кезде момундардын жүрөгүндө чоң кубаныч пайда болсо, мушриктер андан бетер кайгыра түштү.

Пайгамбарыбыз Каабанын ачкычын алып, ичиндеги сүрөттөр менен буттарды алдыргандан кийин жанына Хазрети Усама бин Зейд, Хазрети Билал, Хазрети Осман бин Талханы ээрчитип Каабага кирди. Пайгамбарыбыз ичте аркасын эшикке буруп, эки рекет намаз окуду. Ар бурчунда текбир айтып, дуба окуду. Халид бин Велид эшиктин алдында туруп, элдин ал жерге жыйналуусуна тоскоол болду.

Ааламдын султаны Каабанын эшигин эки канатынан муберек колдору менен кармады. Бардык Курайштыктар Масжиди Харамга толуп, коркунуч аралашкан үмүт менен Пайгамбарыбызды карап турушту. Анткени, алар Пайгамбарыбыз менен сахабаларга нече түрдүү кастык кылышкан эле. Моюндарына жип байлап тарттырышкан. От жагып, тирүүлөй өртөөгө аракет кылышкан. Ысыган ташты көөдөндөрүнө бастырып, эсинен танганга чейин азап тарттырышкан. Денелерине отто кызыган шиштерди сайышкан. Үч жыл бою ач, суусуз камоодо кармашкан. Буттарын эки төөгө байлап, Эки жакка карай тартып, денелерин майдалашкан. Баарынан да жаманы өз мекендеринен кууп чыгышкан. Бул аз келгенсип аларды толугу менен жок кылуу үчүн бир канча жолу согушушту.

Бирок, алар ошондо да үмүттөрүн үзүшкөн жок. Анткени, алардын алдында ааламдарга мээримдүүлүк иретинде жиберилген мээрим дарыясы турган эле. Пайгамбарыбыз аларды бираз карагандан кийин: «Эй, курайш жамааты! Азыр силерге эмне кылат деп ойлоп турасыңар?» - деди. Алар: «Биз сенден бир гана жакшылык күтөбүз. Анткени, сен керим болгон тууганыбызсың. Мээрим менен жыкшылык ээси болгон тууганыбыздын уулусуң. Бизди жеңдиң. Сенден жакшылык гана күтөбүз», - дешти.

Расулуллах аларды карап күлүмсүрөп: «Менин жагдайым менен силердин жагдайыңар Юсуф (алейхиссаламдын) туугандарына айткандары сыяктуу болот. Ошол сыяктуу мен дагы «Бүгүн силерге (мен тараптан күнөөңөр бетиңерге чабылып) айыптоо менен күнөөлөө болбойт. Аллаху таала силерди кечирсин» («Юсуф» сүрөсү, 92) деймин. Баргыла, азатсыңар, бошсуңар», - деди. Ушундай кең мээримдүүлүк катуу жүрөктөрдү жумшартып, жек көрүүчүлүк сезимдерин сүйүүгө айландырды. Пайгамбарыбыз аларды Исламга чакырган кезде алар мусулмандыкты кабылдоого жыйналышты. Расулуллах Пайгамбарлыгын Курайштыктарга билдирип, биринчи жолу Исламга чакырган Сафанын чокусуна чыкты. Ошол жерде дагы да улуу киши, аял-эркек бардык меккеликтердин антын кабылдады. Ушундайча, курайштыктар мусулман болуп, сахабалардын арасына кошулуу урматына ээ болушту.

Эркектер менен келишкенден кийин аялдарда да бираз маселелер тууралуу убада алынды. Аллаху таалага шерик кошпоо, Пайгамбарыбызга каршы чыкпай, уурулук кылбоо, ар-намысты коргоо, кыз балдарды өлтүрбөө ушулардын катарында эле. Мусулман болгон аялдардын ичинде өлтүрүлө турчу адамдардын тизмесинде Хазрети Абу Суфйандын аялы Хинд (радыйаллаху анха) дагы бар болчу. Бирок, Пайгамбарыбыз аны да кечирди. Мусулман болгондордун бардыгы үйлөрүндөгү буттардын баарын талкалашты. Тегеректеги тайпаларга аскер кошуундар жиберилип, ал жерлердеги буттар дагы кыйратылды. Ушундайча, хактын келүүсү менен куфурлуктун түбүнө балта чабылды. Кечиримге ээ болгондордун ичинде Абу Жахлдин баласы Икрима, Хазрети Хамзаны шейит кылган Вахши (радыйаллаху анхум) сыяктуу адамдар да бар болчу. Алардын арасында Икрима (радыйаллаху анх) Йармук согушунда шейит болду. Хазрети Вахши (радыйаллаху анх) дагы Йамама согушунда Мусайламатул Каззабды өлтүргөн эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш