Пайгамбарыбыз
(саллаллаху алейхи васаллам) Меккени алуу ниети менен Мединадан жолго чыккан
кезде Меккеге жакын жерде жашаган Хавазин жана Сакиф деген эки чоң уруу
мусулмандар бизге кол салышат деген ой менен согушка кызуу даярдык көрө
баштаган. Хазрети Пайгамбарыбыздын Меккени алуу максатын түшүнгөн соң:
«Курайштардан кийин кезек сөзсүз түрдө бизге келет», - деп, даярдыктарын уланта
беришет. Ошондой эле: «Ант кылабыз, мусулмандар биздей жакшы согуша турчу уруу
менен кездешпеди. Алар бизге чабуул жасай электен мурда биз аларга кол салып,
согуштун кандай боло тургандыгын көрсөтөлү», - дешти. Завазин башчысы Малк бин
Авф жыйырма миң адамдык өтө күчтүү аскери менен алдыга умтулду. Аскерлеринин
баатырдыгын арттыруу жана кыйындык туулган кезде качпоолору үчүн бардык
маанилүү буюмдарын, аял-балдарын бирге алып жүрүштү.
Бул кабар
кыска убакытта Меккеге жетти. Пайгамбарыбыз бул кабардын чын-төгүнүн аныктоо
үчүн Абдуллах бин Абу Хадрадды (радыйаллаху анх) Хавазин тайпасына жөнөттү.
Хазрети Абдуллах түрүн, кийимин өзгөртүп, жоонун ичине кирди. Алардын ойлорун,
аракет кылуу амалдарын билип, Пайгамбарыбызга жеткирди.
Пайгамбарыбыз
(саллаллаху алейхи васаллам) дароо сахабаларын жыйнады. Меккеге жыйырма жаштагы
Аттаб бин Асидди (радыйаллаху анх)
аким кылып дайындап, тез арада жолго чыкты. Он эки миң адамдык аскер менен
мушрик Хавазин жана Сакиф тайпаларын ордолорунда басып таштоону каалады.
Мужахиддердин туусун Хазрети Али кармады. Алдыңкы чептин кол башчысы Халид бин
Валид (радыйаллаху анх) болду. Пайгамбарыбыз соот кийимдерин кийип, Дүлдүл
деген качырына минди. Шаввал айынын 11-де Хунайн деген жерге барышты. Ошол түнү
Пайгамбарыбыз аскерин иреттеп, согуш тартибине салды. Таңкы намазды окуткандан
кийин чабуул буйругун берди.
Мушриктердин
кол башчысы түндү пайдаланып, Хунайн өткөөлүнүн эки жагындагы тоолорго аскерин
жайгаштырып, тузак курган эле. Алдыңкы жакта аскери менен келе жаткан Халид бин
Валид курчоону билбей өткөөлгө карай атын тебинди. Таңкы ала күүгүм кезде жоону
байкоо мүмкүн эмес эле. Бир кезде мужахиддердин үстүнө миңдеген ок жамгырдай
жаай баштады. Ушундай кокустан жааган октон сактануу үчүн мужахиддер артка
чегинүүгө мажбур болушту. Бул артка чегинүү артта келе жаткан аскерлердин
иретин чаташтырды. Алар дагы чегинүү үчүн артка карай бурулганда жыйырма миң
адамдык душман аскеринин селдей агылып келе жатканы байкалды.
Пайгамбарыбыз
жалгыз өзү чабуулга чыккан мушриктерге карай умтулду. Бирок, Хазрети Аббас,
Хазрети Абу Бакр жана жүз чакты эр жүрөк сахаба Пайгамбарыбызга жете келди.
Денелерин Пайгамбарыбызды коргоого тосту. Хазрети Аббас качырдын тизгинин, ал
эми Суфйан бин Харис (радыйаллаху анх) үзөңгүсүн кармап, тизгиндөөгө,
Расулуллахтын душман кошуунунун арасына кирүүгө тоскоол болууга тырышты.
Пайгамбарыбыз Аллаху тааланын дининин жоюлуу кообуна капаланып: «Йа, Аббас! Сен аларга: «Эй, мединалыктар! Эй, Самура багынын
астында ант берген сахабалар» деп үн сал», - деди. Хазрети Аббас алп денелүү
жана айбаттуу болчу. Ал кыйкырган кезде үнү алыска жете барчу. Ал болгон күчү
менен: «Эй, мединалыктар! Эй, Самура багынын алдында Пайгамбарыбызга сөз берген
сахабалар, тарабагыла. Ушул жерге жыйналгыла», - деп кыйкырды. Муну уккан
сахабалар артка кайткылары келди. Бирок, жаныбарларынын катуу үркүүсү алардын
артка кайтууларына кедерги болду. Акыры алар аттарынан секирүүгө мажбур болушту. Тез арада Пайгамбарыбыздын жанына барып, душман менен кызуу согушууга
киришти. «Аллаху акбар! Аллаху акбар!» деген добуштар жер менен көктү жаңыртып,
душман жүрөгүнө коркунуч салды. Бадирде, Ухудда, Хендекте жана Хайберде чоң
эрдиктерди көрсөткөн сахабалар, асыресе Хазрети Али, Абу Дужана, Зубайр бин
Аввам (радыйаллаху анхум) берилүү менен урушуп, жоонун сабын жарып, артка
чегиндирди.
Пайгамбарыбыз
сахабаларынын жан-тери менен берилип согушуп жүрүшкөнүн көрүп: «Аллахым! Бизге көмөгүңдү бере көр.
Күмөнсүз, сен алардын бизди жеңүүлөрүн каалабайсың», - деп дуба кылды.
Пайгамбарыбыз Аллаху таалага дуба кылып туруп, жерден бир ууч кум алып «Жүздөрү карайсын» деп мушриктерге
карай чачты. Пайгамбарыбыздын мужизасы катары душман аскерлеринин көздөрүнө кум
толду. Периштелер дагы көмөккө келишкен эле. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага ант кыламын, алар куруду», -
деди. Мушриктер артка чегине башташкан эле. Артка чегинген сайын арттарынан
сахабаларды көрүп, согуш майданына ала келген бала-чакаларын таштап, алды-артын
карабастан кача башташты.
Согуш
майданында жетимиш өлүк, алты миң туткун жана сансыз мал-мүлк калган эле.
Качкандардын бир бөлүгү Таиф чебине баш калкалашты. Бир бөлүгү Нахлеге, Автаста
дагы катуу салгылашуулар болду. Душман дагы жеңилди.
Бул согушта
Аллаху тааланын уруксаты менен, Расулуллахтын берекеси менен жеңиш дагы да
мусулмандарга буюрду. Төрт адам шейит болуп, сахабалардын биразы жарадар
болушкан эле. Хазрети Халид бин Валиддин дагы жарадар болгондугун уккан Пайгамбарыбыз
анын жанына барып, жарасын колу менен сыйпаган кезде жаракаты ошол замат
жазылып кеткен эле.