Таиф сапары


Пайгамбарыбыз Таифке качкан душманга чабуул кылып, анык натыйжага жеткиси келди. Меккеге жакын жайгашкан бул чеп капырлардын акыркы, бирок, мыкты чептеринин бири эле. Пайгамбарыбыз хижраттан мурда Таифке барып, бир ай аларга насаат айткан эле. Бирок, таифтиктер Пайгамбарыбызга акылга сыйбас кастандыктарды кылышкан эле. Жада калса, буту канга боёлгон эле. Пайгамбарыбыздын бул жерде Зейд бин Хариса экөө өмүрүнүн эң ачуу, оор күндөрүн өткөрүшкөн эле. Пайгамбарыбыз Халид бин Валидди (радыйаллаху анх) алдын ала жиберди. Өзү сахабалары менен бирге артынан келди. Сакиф тайпасы мыкты бекинүүчү жерлеринен мурдатан мол азык-түлүк жыйнап алышкан эле. Сахабалардын келе жатканын көрүп, эшиктерди жаап коргоно башташты. Чепке жакындап келген мужахиддерди ок атуу менен тосуп алышты. Согуш ушундайча улана берди. Таифтиктер чептен чыгып, жекеме-жеке согушууга батына алышпады.

Кээ бир сахабалар чептин ичине калбагай менен (катапульта) таш ыртытууну сунушташты. Пайгамбарыбыз муну орундуу деп санап, калбагайларды жасатты. Алар менен жоого ок аттырып, курчоону улантышты. Сахабалар болгон күчтөрүн салып согушуп, тезирээк чепти багындырууга тырышышты. Ушул учурда он төрт сахаба шейит болду. Бирок, чептин бекем болуусу баш ийдирүүгө тоскоол болду.

Курчоонун жыйырманчы күнү түнү Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) түшүндө өзүнө сыйга тартылган идиш толо майдын бир короз тарабынан төгүлгөнүн көрдү. Муну Таифтин бул жылы багындырылбай тургандыгына жоруп, курчоону токтотту.

Пайгамбарыбыз ушундан жети жыл мурда өзүнө кордук көрсөткөн таифтиктер тууралуу «Уруксат кылсаң мына бул тоолорду алардын баштарына төңкөрөйүн» деген периштеге: «Мен ааламдарга мээримдүүлүк катары жиберилдим. Каалаган жалгыз нерсем - Аллаху тааланын бул мушриктердин зулумдугунан Хак таалага эч кандай шерик кошпостон ибадат кыла турган бир урпак чыгаруу», - деген эле. Бул  жолу  да мээримдүүлүк кылып:

«Эй, Раббим! Сакифтиктерге туура жолду көрсөт! Аларды бизге алып кел», - деп дуба кылды.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ардактуу сахабалары менен бирге Таифтен кетип, Хунайнда колго түшүрүлгөн туткундар менен олжолор жыйналган Жиранага келди. Алты миң туткун менен кошо жыйырма миңден ашык бодо мал, кырк миңден ашык кичи баш мал жана эсепсиз баалуу буюмдар олжо болуп түшкөн эле. Ошол кезде хавазин тайпасынан бир кеңештин жолуккусу келгендиги тууралуу кабар келди. Пайгамбарыбыз аларды кабыл кылды. Бул кеңеш хавазин тайпасынын мусулман болгондугун кабарлаганда Пайгамбарыбыз катуу кубанды. Ушуга байланыштуу өзүнүн үлүшүнө түшкөн туткундарды бошотуп, азат кылды. Сахабалар дагы ошентишти. Пайгамбарыбыздын мээримдүүлүгү бир заматтын ичинде алты миң туткундун азаттыкка чыгуусуна себеп болгон эле. Бул кабар Таифте жашырынган Хавазин тайпасынын башчысы Малик бин Авфка жеткенде ал да келип мусулман болду. Пайгамбарыбыз ага көп сый-сыяпат көрсөттү.

Эми болсо бул жерде кыла турчу иш калбаган эле. Пайгамбарыбыз жеңиш менен сахабалары менен Меккеге кайтты. Аттаб бин Асидди (радыйаллаху анх) Меккенин акими кылып дайындады. Муаз бин Жебелди (радыйаллаху анх) дин иштерин үйрөтүүгө калтырды. Каабаны таваф кылып, умрасын кылгандан кийин сахабалары менен кайра Мединага жолго чыкты.

Бир жылдан кийин таифтиктер мусулман болуу үчүн алты адамдык элчини Мединага Пайгамбарыбызга жиберишти. Пайгамбарыбыз бир жыл мурда Таифтен кетип бара жатканда: «Йа, Раббим! Сакифтиктерге туура жолду көрсөт, аларды бизге алып кел», - деп дуба кылган эле. Мына эми ошол сакифтиктер мусулман болууга келип турушкан эле. Пайгамбарыбыз алардын мусулман болгондоруна катуу кубанып, аларга бираз жеңилдиктен менен жакшы мамиле кылып, Таифке кайтарды. Аларга Осман бин Абул Асты башчы кылып дайындады.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш