Табук сапары


Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Мединага кайтып барган соң ар кайсы мамлекеттерге элчилерин жөнөтүп, аларды Исламга чакырды. Оман, Бахрейн өкүмдарлары мусулмандыкты кабылдашты. Мындан сырткары бир канча тайпалардан элчилер келип, Пайгамбарыбызга баш ийгендиктерин билдиришти. Ислам дини өтө ылдамдык менен кеңири кулачын жая баштады. Айланадагы тайпаларга, элдерге диндин негиздерин үйрөтүүгө мугалимдер, аларды башкаруу үчүн акимдер жиберилди. Хижраттын тогузунчу жылы Медина шаары мусулман болгондуктарын билдирүүгө келген тайпа элчилеринин агымына учурады.

Хижраттын тогузунчу жылы Ражаб айы эле. Бир күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мубарек сахабаларына кайрылып: «Бүгүн бир салих тууганыңар кайтыш болду. Туруп анын жаназа намазын окугула», - деди. Пайгамбарыбыз имам болуп, кайып жаназа намазын окушту. Кийин: «Тууганыңар Нажаши Асхама үчүн Аллаху тааладан кечирим сурадык», - деди. Арадан бираз күн өткөн соң Хабашстандан Нажаши Асхаманын (радыйаллаху анх) кайтыш болгону тууралуу кабар келди. Кайтыш болгон күнү Пайгамбарыбыздын жаназа намазды окуткан күнүнө туура келген болчу.

Ислам дини Араб жарым аралына өтө тездик менен жайылып бараткан дал ушул тогузунчу жылы Ислам мамлекетине кызганыч менен караган жана анын өсүп өркүндөөсүнө кедерги болгон Византия императору Гераклиуска христиан араптар: «Пайгамбарлык маселеси менен чыккан адам кайтыш болду. Мусулмандар азыр кыйын абалда. Эгер аларды өз диниңе тартууну кааласаң азыр  дал ошонун маалы», - деп кат жазышты. Ушул катка байланыштуу Гераклиус кырк миң адамдык аскерди Кубаддын кол башчылыгы астында мусулмандар менен согушууга жиберди.

Бул абал тууралуу уккан Пайгамбарыбыз сахабаларын жыйнап, согушка даярданууга буйрук берди. Ошол жылы кургакчылык болуп, сахабалар материалдык жактан тардык көрүшкөн эле. Бир гана соода менен алектенгендердин жагдайлары жакшы болчу. Пайгамбарыбыз сахабаларынан согушка катыша турган аскердин курал-жарагы үчүн акчалай жардам берүүлөрүн дагы каалаган эле. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) бул каалоосу сахабаларды ишке кириштирди. Бардыгы тең колунда болгон нерселерин алып келип, жихадга даярданууга аракет кылышты.

Пайгамбарыбыздын үңкүрдөгү жолдошу Хазрети Абу Бакр мал-мүлкүнүн бардыгын алып келген эле. Пайгамбарыбыз: «Үй- бүлө мүчөлөрүңө эмне калтырдың?» - дегенде: «Аллаху таала менен Расулун калтырдым», - деп жооп берди. Хазрети Омар мал-мүлкүнүн жартысын жардам катары алып келгенде Пайгамбарыбыз ага да: «Үй-бөлөңө эмне калтырдың, йа, Омар?» - деп сурады. «Ушунчасын калтырдым», - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз:«Экөөңөрдү араңардагы айырмачылык сөзүңөрдөгү айырмачылык сыяктуу», - деген. Ошондо Хазрети Омар: «Ата-энем сага курман болсун, йа, Абу Бакр! Кайрымдуулук жолундагы бардык жарыштарда менден оздуң. Эми сенден эч нерсе аша албай тургандыгын жакшы түшүндүм», - деди.

Сахабалар күчтөрүнүн жетишинче тырышышты. Бирок, мунафыктар: «Силер өзүңөрдү көрсөтүү (рия) үчүн берип жатасыңар», - деп сахабаларды мазак кылышты. Пайгамбарыбыз: «Ким бүгүн бир садака берсе, садакасы кыямат күнү Аллаху тааланын алдында анын пайдасына күбөлүк кылат», - деди. Пайгамбарыбыздын сөзүнө карай момундар көбүрөөк жардам берүүгө аракет кылышты. Хазрети Осман бин Аффан аскерлердин үчтөн бирин жабдыктады. Ушундайча, мусулмандардын эң көп көмөк берген адамы болду. Хазрети Осман аскерлердин муктаждыктарын канааттандырганы ошончолук, жада калса, суу идиштерин оңдогондо колдоно турчу теминелерин да унутпады. Ушуга карап Пайгамбарыбыз: «Бүгүнтөн баштап Османга күнөө жазылбайт», - деди. Турмуш абалы өтө төмөн болгон бир сахаба жихадга көмөк сообун алуу үчүн ошол түнү азанга чейин бир курма бакчасында суу тартып, өзүнө берилген курманы Пайгамбарыбызга алып барып: «Йа, Расулаллах! Жөө калдык. Жей турчу нерсебиз жок. Бул согушта сизден айрылбай, жихад сообун алгыбыз келет», - деди. Пайгамбарыбыз аларга минүүгө бере турчу эч нерсеси жок экенин өкүнүү менен билдирди. Бир жолу Салим бин Умейр, Абдуллах бин Мугаффал, Абу Лейла Мазини, Улбе бин Зейд, Амр бин Хумам, Харами бин Абдуллах, Ирбад бин Сарийа да (радыйаллаху анхум) Пайгамбарыбызга барып ушундай өтүнүчүн айтат. Пайгамбарыбыз аларга өкүнүч менен: «Силерге минүүгө бере турчу эч нерсем жок эле», - дегенде алар Пайгамбарыбыздан ажырап калуу жана жихадга катыша албоо кайгысына өкүнүп, ыйлай баштады. Ушуга карата Аллаху таала мына бул аяти кариманы түшүрдү: «Жана (согушка минип баруу үчүн) ат сурап Сизге келген кездеринде аларга:

«Силерди миңгизип жибере турчу унаа жок го», - дегениңизде (жихад үчүн) кылынчу эч бир нерсе таба албагандыктары үчүн кайгырып, көздөрүнөн жаш төгүп кайтып кеткендерди да айыптоого эч кандай жол жок.» («Тообо» сүрөсү, 92) Акыры аларды да Хазрети Аббас менен Хазрети Осман согушка даярдады.

Даярдык иштери аяктагандан кийин Пайгамбарыбыз аскерди Санийатул-Вадага жыйнады. Согушка катышпай турчу адам өтө аз эле. Пайгамбарыбыз аскерди жыйнап, алдыга жүрүшкө буйрук берип, Мухаммед бин Масламаны (радыйаллаху анх) Мединага өзүнүн ордуна калтырды. Сапар баштала турчу кезде Пайгамбарыбыз: «Ашыкча бут кийим алгыла. Кошумча бут кийимиңер болсо кыйналбайсыңар», - деди. Аскерлер жолго чыккан кезде мунафыктардын башчысы Абдуллах бин Убей мусулмандарды коркутуу үчүн жагымсыз сөздөрдү айтты. Жада калса: «Ант кыламын, аны жана сахабаларын эки-экиден жипке байланып турганын көрүп тургандаймын», - деди. Бирок, бул сөздөргө сахабалар көңүл бурбастан, алардын жихадга катуу кумарлары арта түштү. Муну көргөн мушриктер ого бетер ызаланышты.

Расулуллах Санийатул-Вададан Табукка чыкчу кезинде аскердин туулары менен байрактарын ачтырды. Эң чоң тууну Хазрети Абу Бакрга, эң чоң байракты Зубейр бир Аввамга (радыйаллааху анх) берди. Авс тайпасынын байрагын Усейд бин Худайрга, Хазраж тайпасынын туусун Абу Дужанага (радыйаллаху анхум) берди. Пайгамбарыбыз кол башчылык кылган сахабалардын саны отуз миң адам, анын он миңи атчан аскерлер эле. Оң канаттын кол башчысы Хазрети Талха бин Убайдуллах, сол канаттын кол башчысы Абдуррахман бин Авф (радыйаллаху анхум) болуп дайындалды.

Сахабалар ысык күнү Расулуллахтын башчылыгы менен алга карай жүрүштү. Өздөрүн Аллаху тааланын сүйүктүү кулу башкаргандыктан алар ачтыктан тайсалдабай, жолдорунан кайтышпады, бара турган жерлеринин алыстыгы, душман аскерлеринин көптүгү аларды коркута албады. Ушул калыбында алар бардык жерди алышмак.

Пайгамбарыбыз менен сахабалар токтогон жерлеринде бираз демалып, кайрадан жолун улантып жатышты. Сегизинчи токтогон жерлери Салих алейхиссаламдын коому жок кылынган Хижр болчу. Пайгамбарларынын буйругун тыңдабагандыктан Аллаху таала катуу добуш менен аларды жер бетинен жойгон эле. Пайгамбарыбыз сахабаларына: «Бул түнү терс багыттан катуу добур согот. Эч ким жалгыз ордунан турбасын. Бардык адам төөлөрүнүн тизесин байласын. Бул жер азап түшкөн жер. Эч ким бул суудан ичпесин жана даарат албасын», -деди. Баары бул буйрукту орундашты. Түндө болгон катуу добул жан жактын баарын алай-дүлөй кылды. Ушул кезде төөсүн байлоону унуткан бирөө аны издөө үчүн жалгыз ордунан турганда добул аны Тай тоосунун этегине алып барып таштады. Дагы бири катуу кысылгандыктан дааратын сындырууга барган жеринде хунак деген ооруга чалдыкты. Кийин Пайгамбарыбыздын дубасы менен оорусунан айыкты.

Эртесине идиштерде эч кандай суу калбаган эле. Баары тең катуу чаңкап суусушкан эле. Мунафыктар ушуну пайдаланып: «Мухаммед (алейхиссалам) чыны менен Пайгамбар болсо дуба кылып жамгыр жаадырар», - деп сөз тарата башташты. Бул абалды Пайгамбарыбыз укканда колун жайып Аллаху тааладан жамгыр тиледи. Ысык, ачык асманда булут пайда болду. Нөшөрлөгөн жамгыр жаай баштады. Баары идиштерин толтуруп алышты. Даарат алып, малдарын сугарып алышты. Жамгыр токтоп, булут тараган кезде жамгырдын бир гана аскерлердин үстүнө гана жаагандыгы байкалды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз менен ардактуу сахабалары такбир айтышты. Аллаху таалага мактоолорду айтышты. Мунафыктарга: «Эми айта турчу шылтоолоруңар калбады. Аллаху таала менен Расулуна ыйман келтиргиле, мусулман болгула», - деди. Бирок, намысы жок мунафыктар: «Эмне болуптур? Бир булут өтүп баратып, жаады да кетти», - деп жооп кайтарышты.

Ачкалык да чегине жеткен эле. Бир курманы эки адам бөлүп жей турган абалга келишти. Ысыкта, ачтыкта, чөлгө карабастан алар Табукка жакындашты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Эртең иншаллах таң эрте Табук булагына барасыңар. Мен келгенге чейин ал сууга кол созбойсуңар», - деди. Аскерлер эртеси ошол жерге жетип барышты. Булакта суу өтө аз болчу. Пайгамбарыбыз ал суудан бир идишке куюп алып, ичине колун салып дуба окуду. Кийин ал сууну балакка төктү. Суу дароо көбөйүп кетти. Отуз миң адамдык Ислам аскерлери ичсе да азайбады. Кийин Пайгамбарыбыздын мужизасы болгон ушул суу туш тарапка себилди. Ал аймак жапжашыл түскө оронуп, береке кирди.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен Табукка барган кезде византиялыктардын катарында Амила, Лахм жана Жузам сыяктуу чокундурулган арап тайпаларынан курулган грек аскерлерин кезиктире алышпады. Мутада үч миң мужахидге каршы жүз миң адамдык грек аскерлери жеңилишкен эле. Ал эми азыр болсо гректердин алдыларына отуз миң мужахид чыкканы турган эле. Жана да аларды Пайгамбарыбыз баштап келген эле. Гректер Пайгамбарыбыздын баатыр сахабаларын ээрчитип келгенин угуп, бардыгы качып кетишкен эле.

Пайгамбарыбыз сахабалары менен кеңешип, Табуктан ары карай өтүшпөдү. Ушул кезде бул аймакта турган кээ бир тайпалар

менен элдер Ислам аскерлеринин келгендиктерин угушкан эле. Корккондуктарынан Пайгамбарыбызга элчилерин жиберишип, жизйа төлөй тургандыктарын айтып, кечирим сурашты. Пайгамбарыбыз ырайымдуулук кылып, алардын сунуштарын кабылдап, ар бирине бөлөк-бөлөк келишим шарт баптарын жазып, алардын коопсуздукта экендиктерин маалымдады.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш