Пайгамбарыбыз
жыйырма күнгө жуук жоону күттү. Табукта сахабалары менен канчалаган сукбат
өткөрүп, көңүлдөрдү нур дарыясы менен жууду. Ыйык жүрөгүнөн чыккан фейз жана берекеттер
алардын да жүрөктөрүнө акты. Сукбаттарынын биринде: «Адамдардын эң жакшысы менен кадырлуусунун ким экенин айтайынбы?» -
деди. Сахабалар: «Айтыңыз, йа, Расулаллах», - дешти. «Адамдардын кайырлуусу – атынын же төөсүнүн үстүндө же өз буттары менен
акыркы демине чейин Аллаху тааланын жолунда эмгек кылган адам. Адамдардын эң
жаманы болсо Аллаху тааланын китебин окуп, андан эч кандай пайдаланбаган адам», - деди.
Шейиттик
тууралуу сураган бир адамга: «Аллаху таалага
ант кыламын, шейиттер кыямат күнү кылычтарын моюндарына асынып келишет. Нурдан
жасалган минбарлардын үстүндө отурушат», - деди.
Табуктан
Мединага кайтууга даярдыктар жасалып жатканда сахабалар ачкалыктан адам чыдагыс
абалга жеткендиктерин Пайгамбарыбызга билдиришти. Пайгамбарыбыз алардын калган
тамактарын бир теринин үстүнө жыйнатты. Алар бир кичине казанды араң толтурду.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алып, эки рекет намаз окуду.
Колун жайып, тамактын берекелүү болушун Аллаху тааладан тиледи. Кийин
сахабаларына идиштерин алып келүүлөрүн буюрду. Аскерлердеги эч бир идиш бош калбай
тургандай кылып бардыгын толтурду. Ошондой эле, бардык мужахиддер тоюшунча
жешсе да дасторкондогу тамак азайбады.
Мужахиддер
Табуктан чыгып, Мединага бет алышкан эле. Бир түнү мунафыктар алдыдагы тар
өткөөлдө Пайгамбарыбызга тузак куруп, өлтүрүүнү өз араларында чечим кылышты.
Ошентип, курчоодо күтүп турушту.
Пайгамбарыбыздын төөсүнүн ноктосун Аммар бин Ясер кармап, артынан Хазрети
Хузайфа бин Йаман ээрчип жүрдү. Мунафыктардын чечимге келип өзүнө карата кол
салуу уюштуруп жатышкандыгын Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбызга кабарлады.
Расулуллах алейхиссалам ал жерге жакындаган кезде бул мунафык тобу беттерине
маскаларын кийип, чабуул кылышты. Хазрети Хузайфа: «Эй, Аллаху тааланын
душмандары!» - деп, колундагы таяк менен мунафыктарды жана жаныбарларын ура
баштады. Бул ызы-чуудан корккон он эки мунафык дароо аскердин арасына кирип
кетишти. Пайгамбарыбыз алардын аттарын Хузайфага айтып, башкаларга айтпоону
эскертти.
Жагдайды угуп
келген Усейд бин Худайр (радыйаллаху анх): «Жаным
сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Аларды мага айтыңыз, баштарын кесип алып
келейин», - деп жалынды. Бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)
буга уруксат бербеди.