Дырар мечити


Пайгамбарыбыз менен сахабалары византиялыктардын жүрөгүнө үрөй салып, нурдуу Мединага жакындашкан эле. Мединага жакын жайгашкан Зи-Аван деген жерде сахабаларына токтоону буйрук кылды. Сахабалар демалып жатканда бир нече мунафык Пайгамбарыбызга барып, Дырар мечитине баруусун суранышты.

Дырар мечити Кубада орун алган болчу. Расулуллах Меккеден Мединага көчүү маалында Кубада тургузулган биринчи мечиттин каршысына мунафыктар тарабынан тургузулган эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сахабалары менен Табукка бара жатканда мунафыктар жанына келип: «Йа, Расулаллах! Жаңы мечит салдык, келип бизге намаз окутасызбы?» - деп чакырышкан эле, бирок, сапарда бара жаткан Пайгамбарыбыз насип болсо Табуктан кайтып келе жатканда кайрыла тургандыктарын буюрган эле.

Мунафыктардын максаты мусулман жамаатын бөлүү, өз максаттарында пайдалануу, бүлүк чыгарып аларды бири-бирине тукуруу эле. Алар жада калса, Византия аскерлерин Мединага чакырып, ушул мечитке сактаган куралдарын аларга берип, мусулмандарга каршы жардамдашышмак болушат. Пайгамбарыбыздын ошол жерде намаз окуусун камсыздоо аркылуу Дырар мечитинин касиеттүү жай экени тууралуу пикир калыпташтыргылары келди. Алардын ойлорунда ушундайча мусулмандар ал жерде намаз окууга жарышышып, мунафыктардын торлоруна түшүшмөк!.

Пайгамбарыбыз мунафыктардын бул сунуштарын кабыл кылып, барууга чечим чыгарган эле. Аллаху таала «Тообо» сүрөсүнүн 107-108-чи аяттарын жиберип, бул иштин ички жүзүн кабарлады. Ушундан кийин Пайгамбарыбыз Малик бин Духшум менен Асым бин Адиге (радыйаллаху анхум): «Мына бул эли заалым болгон мечитке киргиле. Аны кыйратып, өрттөгүлө», - деди. Алар кечке барып, мечитти өрттөштү. Кийин кыйратып, талкалашты. Мунафыктардын үнү да чыккан жок.

Пайгамбарыбыз менен сахабалардын келе жатышкандыктарын уккан мединалыктар дароо жыйналышып, чоң толкундануу менен күтүп алууга чыгышты.

Пайгамбарыбыз Табук сапарынан кайтканынан эки айдан кийин мунафыктардын башчысы Абдуллах бин Убей өлдү. Ушундан кийин мунафыктардын биримдиги бузулуп, тарап кетишти.

Ушундайча, мунафыктардын гана эмес Арабстандагы мушриктер менен яхудилердин дагы Исламга каршы келүү, тоскоол болуу аракеттери бастырылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш