Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Вада (коштошуу) ажылыгы




Вада (коштошуу) ажылыгы


Исламдын беш шартынын бири болгон ажылык да хижраттын тогузунчу жылы парз кылынды. Түшкөн аяти каримада: «Ал жерде (Каабада) апачык белгилер;  Ибрахимдин  макамы бар. Ал жерге кирген адам ар түрдүү кооп-кырсыктан амандыкта болот. Ага бир жол таба алгандардын (жолго күчү жеткендердин) ошол Бейтке ажылыкка баруусу (жана зыярат кылуусу) Аллаху тааланын адамдардын үстүндөгү акысы, фарзы. Ким бул парзды кабылдабаса күмөнсүз, Аллаху таала бардык ааламдардан бай (эч бирине муктаж эмес).» («Али Имран» сүрөсү, 97)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Аллаху тааланын буйругун асхабы кирамга билдирип, ошол эле жылы Хазрети Абу Бакрды үч жүз кишилик топтун ажылык сапарынын башчысы кылып дайындайт. Ал топтун курамындагы сахабалар Хазрети Абу Бакрдын башчылыгы менен Меккеге барышты. Ушул кезде «Берае» (Тообо) сүрөсүнүн алгачкы аяттары түштү. Анда келишим шарт тууралуу бираз өкүмдөр билдирилди. Пайгамбарыбыз ушуну айтуу үчүн Хазрети Алини Меккеге жиберди.

Ал кезде арабдардын арасында кеңири тараган салт боюнча бир келишим түзүлгөн болсо же түзүлгөн келишим шарт бузулса аны жасаган адамдын өзү же ал дайындаган бир тууганы жарыялачу. Пайгамбарабыз бул иш үчүн Хазрети Алини ажылыкка кеткен топтун артынан Меккеге жиберди Хазрети Али (радыйаллаху анх) топко жетип, баары менен бирге Меккеге кирди.

Хазрети Абу Бакр бир хутба окуп, ажылык ибадатын түшүндүрдү. Сахабалар (алейхимуррыдван) үйрөтүлгөн негиздер боюнча ажылык милдеттерин аткарды. Ажылык ибадаты аяктагандан кийин Хазрети Али Минада Жамраи Акаба деген жерде бир хутба окуду. Хутбасында:

«Эй, адамдар! Мени силерге Расулуллах жиберди» деп баштап, «Берае» сүрөсүнүн алгачкы аяттарын окуду. Андан кийин: «Мен силерге төрт нерсени билдирүүгө милдеттүүмүн», - деди. Ал төрт маселе мына булар эле:

1- Момундардан башка эч ким Бейишке кире албайт.

2- Ушу жылдан кийин эч кандай мушрик Каабага жакындай албайт.

3- Эч ким Каабаны жылаңач түрдө таваф кылбайт (ал кезде мушриктер Каабаны жылаңач таваф кылышчу).

4- Кимдин Расулуллах менен келишим шарты бар болсо мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө болот. Мындан сырткаркы адамдарга төрт ай мөөнөт берилет. Андан кийин эч кандай мушрик менен келишим жасалбайт.»

Ошол күндөн кийин эч кандай мушрик Каабага барбады, эч ким жылаңач түрдө Каабаны таваф кылбады. Ушул маселелер айтылгандан кийин мушриктердин көпчүлүгү мусулман болушту. Ажылыкты орундагандан кийин Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Али сахабалар менен бирге Мединага кайтты.

Хижраттын онунчу жылы Ислам дини бүткүл Арап жарым аралына жайылды. Арабстандын түпкүр-түпкүрүнөн адамдар Мединага барып, мусулман болуу, түбөлүк бакытка жетүүгө жарышышты. Эми Арабстанда мусулмандарга каршы тура алчу күч калбаган эле. Ислам бардык жерге бийлик курган эле. Бир гана кээ бир яхуди жана христиан тайпалары мусулман болбогон эле.

Пайгамбарыбыз хижраттын онунчу жылы Халид бин Валидди (радыйаллаху анх) төрт жүз мужахид менен Йемен тегерегиндеги Харис бин кааб уулдарын Исламга чакырууга жиберди. Халид бин Валид (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын буйругу боюнча бул тайпаны үч күн бою Исламга чакырып, насыят айтты. Алар мусулмандыкты кабылдашты. Жана ошол жылы Пайгамбарыбыз Нажрандык христиандар менен келишим шарт түздү. Алардын бир бөлүгү кийин өз алдынча мусулмандыкты кабылдашты. Ошол жылы Хазрети Али да үч жүз сахаба менен Йемендеги Мадлаж тайпасын Исламга чакырууга жиберилди. Башында каршы болгону менен кийин алар да мусулман болушту. Пайгамбарыбыз ошол жылы Ислам тараган бардык элдерге акимдер менен зекет жыйнай турчу кызматкерлерди жиберди.

Хижраттын онунчу жылы Пайгамбарыбыз ажылыкка даярданып, Мединадагы мусулмандарга да ажылыкка даярданууну буюрду. Мединанын сыртындагыларга да кабар жиберилди. Ушундан кийин миңдеген мусулман Мединага жыйналды. Даярдык иштери аяктагандан кийин Пайгамбарыбыз Зүл-Када айынын 25- чи күнү кырк миң адамдык топ менен бешим намазынан кийин Мединадан чыкты. Пайгамбарыбыз: «Эй, Аллахым! Муну мага ичине рия, өзүн көрсөтүү, атак-кумар аралашпаган, кайырлуу жана кабыл боло турчу ажылык кыла көр», - деп  дуба кылды. Ихрам кийип, Жабраил алейхиссаламдын кабар берүүсү менен катуу үн менен талбия айта баштады. Буга сахабалар да кошулган кезде жер менен көктү талбия үндөрү жаңырта баштады.

«Лаббайк! Аллахумма Лаббайк! Лаббайк! Ла шарика лака лаббайк! Иннал хамда ванни’мата лака вал мулка ла шарика лак!...» Пайгамбарыбыз жүз төөнү курмандыкка чалууга алып барды. Он күнгө созулган жол сапарынан кийин Зүлхиджанын төртүнчү күнү Меккеге жетти. Йеменден жана башка жерлерден ажылык кылууга келгендерди да кошкондо мусулмандардын саны 124 миңден ашты. Пайгамбарыбыз зүлхиджанын 8-күнү Минага, 9-күнү (арафа күнү) Арафатка барды. Арафат жеринин ортосунда түштөн кийин Кусва деген төөсүнүн үстүндө отуруп, Вада хутбасын окуп, сахабалары менен коштошту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш