Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Вада (коштошуу) хутбасы




Вада (коштошуу) хутбасы


... Эй, адамдар! Сөзүмдү жакшылап тыңдагыла! Билбеймин, балким бул жылдан кийин силер менен бул жерде кайра кездеше албас чыгармын.

Эй, адамдар! Ушул күнүңөр канчалык касиеттүү күн болсо, бул айыңар кандай касиеттүү ай болсо, бул калааңар (Мекке) кандай касиеттүү калаа болсо, жаныңар, малыңар, намысыңар да ошондой касиеттүү. Ар түрдүү карасанатайлыктан корголгон.

Сахабаларым! Эртең Раббиңер менен жолугасыңар жана бүгүнкү бардык иш-аракеттерден милдеттүү түрдө эсепке тартыласыңар. Менден кийин мурунку бузукулуктарыңарга кайтып, бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Бул осуятымды ушул жердегилер бул жерде болбогон адамдарга жеткирсин. Уккан адам бул жерде болуп уккан адамдан да жакшы түшүнүп, эсинде сактоосу мүмкүн.

Сахабаларым! Кимде бирөөнүн аманаты бар болсо аны ээсине кайтарсын. Пайыздын бардык түрү жоюлган. Бутумдун астында. Бирок, карызыңардын негизгисин берүүңөр керек. Зулумдук кылбагыла, зулумдукка учурабагыла. Аллаху тааланын буйругу менен пайызга эми тыйуу салынды. Жахилдик доорунан калган бул жаман адаттын бардыгы бутумун астында. Биринчи жойгон пайыз – Абдулмутталибдин уулу (агам) Аббастын пайызы.

Сахабаларым! Жахилдик доордогу кан доолор да толугу менен жоюлду. Жойгон алгачкы кан доом – Абдулмутталибдин небереси Рабианын кан доосу.

Эй, Адамдар! Каалаган убакта согушуу үчүн кан төгүү харам болгон айлардын орундарын алмаштыруу - куфурлуктун дал өзү. Бул – капырлардын чоң адашуучулукка түшкөн нерсеси. Алар бир жылы адал деп кабылдаган бир айды келерки жылы харам деп жарыялашты. Хак тааланын халал жана харам кылгандарынын санына шай кылабыз деп ушундай кылышты. Алар Аллаху тааланын харам кылганын халал, ал эми халал кылганын харам кылышат.

Күмөнсүз, убакыт – Аллаху тааланын жараткан күнүндөгү түр менен тартипке түштү.

Эй, адамдар! Бүгүн шайтан силердин бул жериңерде жаңыдан бийлигин жүргүзүү жана үстөмдүк куруу күчүнөн түбөлүккө айрылды. Бирок, силер ушул жойгон нерселеримен башка кичине деп эсептеген нерсеңерде ага баш ийе турган болсоңор бул аны кубантат. Диниңерди коргоо үчүн булардан да сактангыла!

Эй, адамдар! Аялдардын укуктарын урматтоону жана ушул маселеде Аллаху тааладан коркууңарды сунуштайм. Силер аялдарды Аллаху тааланын аманаты катары алдыңар, алардын намысы менен арын Аллаху тааланын аты менен убада берип, халалдыкка алдыңар. Силердин аялдардагы укуктарыңар, алардын силерде укуктары бар. Силердин аялдардагы укутарыңар – алардын үй-бүлөлүк махрамдыкты силер жактырбаган эч кимге таптатпоосу. Эгер силер жактырбаган бирөөнү үйгө киргизсе аларды жеңил уруу менен жазаландырып мындан сактандырсаңар болот. Аялдардын силердеги укуктары – аларга халал жол менен ар түрдүү даам менен кийим-кечектерин камсыз кылууларыңар.

Эй, момундар! Силерге бир аманат калтырамын, аны жакшылап кармасаңар жолуңардан адашпайсыңар. Ал аманат – Аллаху тааланын китеби Курани карим (Башка риваяттарда «сүннөтүм» жана «ахли байтим» деп көрсөтүлгөн).

Эй, момундар! Сөзүмдү жакшылап  тыңдагыла  жана эсиңерге жакшылап сактагыла. Мусулман мусулмандын бир тууганы, ушундайча бардык мусулмандар бири-бирине бир тууган. Дин бир тууганыңардын жаны, каны, мал-мүлкү, ар-намысы жана акысына сурабай кол салуу эч кимге халал эмес. Бир гана өзү көңүл ыраазылыгы менен берсе гана халал болмокчу.

Сахабаларым! Өзүңөргө зулумдук кылбагыла! Мойнуңарда өзүңөргө да тийиштүү сактоого тийиш болгон укуктарыңар, жоопкерчиликтериңер бар.

Эй, адамдар! Аллаху таала ар бир укук ээсине укугун (Курани каримде) берген. Мураскордун, осуяттын кажети жок. Бала кимдин төшөгүндө туулса ошого тийиштүү. Зинакорлук кылган адамга махрумдук бар. Өзүн атасынан башканын тегиненмин деп айткан тексиздер же өз кожоюнунан качып башканын колуна баш калкалаган нанкөр адам Аллаху тааланын азабына, периштелер менен бардык мусулмандардын каргышына учурасын. Хак таала мындай адамдардын тооболорун да, күбөлүктөрүн да кабыл кылбайт.

Эй, адамдар! Раббиңер бир. Атаңар да бир. Баарыңар Адамдын балдарысыңар. Адам болсо топурактан жаратылды. Аллахтын алдында эң кадырлууңар – эң такыбаа болгонуңар. Араптын арап эместерден артыкчылыгы жок. Артыкчылык бир гана такыбаада.

Эй, адамдар! Эртең силерден мен тууралуу сурашат, эмне дейсиңер?»

Сахабалар: «Аллаху тааланын динин таблиг кылдыңыз. Милдетиңизди орундадыңыз. Бизге осуят жана насыят кылдыңыз», - деп күбөлүк кылабыз», - дешти.

Ушул кезде Расулуллах ыйык сөөмөйүн көтөрүп, жамаатка каратып: «Күбө бол, йа, Раб! Күбө бол, йа, Раб! Күбө бол, йа, Раб!» - деди. Пайгамбарыбыз Вада хутбасын окуган күнү «Маида» сүрөсүнүн «Бүгүн диниңерди силер үчүн толуктадым. Силерге деген ниматымды аяктадым жана силерге дин катары Исламды берүүгө ыраазы болдум» деген маанидеги 3-чү аяты түштү. Пайгамбарыбыз бул аятты сахабаларына окуган кезде Абу Бакр ыйлап жиберди. Сахабалар анын себебин сураганда: «Бул аяти карима Расулуллахтын кайтыш боло турчу убактысынын жакындаганын көрсөтүп турат. Ошол үчүн ыйлап жатам», - деди.

Пайгамбарыбыз Меккеде он күн болуп, Вада ажылыгын аткарып, Вада тавафын орундады. Ошентип, Мединага кайтты. Вада ажылыгынан кийин сахабалар өз мекендерине кайтып, Пайгамбарыбыздын айткан жана буюрган нерселерин ошол жердегилерге жеткиришти.

Хижраттын онунчу жылы болгон дагы бир окуя – пайгамбар экендиктерин айткан жалганчы адамдардын чыгуулары болду. Ошолордун бири Йеменден чыккан Эсвед-и Анси эле. Пайгамбарыбыздын буйругу менен Эсвед-и Анси Йемендеги мусулмандар тарабынан өзүнүн үйүндө өлтүрүлдү. (Экинчиси - Мусайлама- тул-Каззаб. Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин Хазрети Абу Бакр Мусайламага Хазрети Халид бин Валид башкарган аскерлерди жиберди. Мусайлама Вахши (радыйаллаху анх) тарабынан өлтүрүлдү).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш