Хижраттын он
биринчи жылы эле. Жабраил алейхиссалам ушул жылы Пайгамбарыбызга Курани каримди
эки жолу башынан аягына чейин окуду. Мурунку жылдарда Курани каримди бир жолу
окучу эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Жабраил алейхиссаламдын
эң кыркы таблиг кылган «Аллаху тааланын
көмөгү жана жеңиш күнү келип, адамдардын Аллаху тааланын динине (Исламга) агым-агым болуп киргенин көргөндө Раббиңди
мактап таспих айт. Ал тооболорду ар дайым кабылдайт» деген маанидеги «Наср»
сүрөсүн тыңдагандан кийин: «Йа, Жабраил!
Ичимен өлүмүмдүн жакындаганын сеземин», - деди. Жабраил алейхиссалам буга
мына бул аяттарды окуу менен жооп берди: «Акырет
сен үчүн дүнүйөдөн кайырлуу. Раббиң сага ыраазымын дегенге чейин ар
каалаганыңды берет». («Духа» сүрөсү, 4,5)
Пайгамбарыбыз
ошол күнү Мединадагы бардык сахабалардын бешим намазында мечитке жыйналууларын
буюруп кабар жиберди. Пайгамбарыбыз намазды окуткандан кийин бир хутба окуду.
Бул хутбаны окуган кезде аны уккан жандардын жүрөктөрү козголуп, көздөрүнөн жаш
аккан эле. Кийин: «Эй, адамдар! Силер
мага пайгамбарыңар катары кандай карайсыңар?» дегенде сахабалар: «Йа,
Расулаллах! Аллаху таала сизге биздин тарабыбыздан мол жакшылыктарды буюрсун.
Сиз биз үчүн мээримдүү ата, насыят айтуучу тууган сыяктуусуз. Аллаху тааланын
сизге берген пайгамбарлык милдетин орундадыңыз. Вахий кылынгандарды бизге
жеткиздиңиз. Хак жолго, Исламга хикмат менен, көркөм насыят менен чакырдыңыз.
Аллаху таала сизге эң жакшы жана эң жогорку акыбетин берсин!» - дешти.
Пайгамбарыбыз: «Эй, момундар! Аллаху үчүн
кимдин менде акысы бар болсо келип кыяматтан мурда ушул жерде алсын», - деди. Бирок, акысын алуу
үчүн келген адам болбоду. Расулуллах экинчи, үчүнчү жолу Аллаху тааланын атын
айтып: «Акысы болгон адам келип алсын», -
деди. Ушул кезде жашы улуу сахаба Хазрети Укаша ордунан турду. Расулуллахтын
жанына барды. Кийин: «Ата-энем сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Табук согушунда
сиз менен бирге жүрдүм. Табуктан кайтканыбызда менин төөм менен сиздин төөңүз катар келген эле. Мен төөмөн түшүп
сизге жакындадым. Максатым сиздин мубарек денеңизди сүйүү эле. Ошол кезде сиз
менин аркаман камчы менен урдуңуз. Эмне үчүн урганыңызды билбеймин», - деди.
Пайгамбарыбыз: «Йа, Укаша! Аллаху таала сени расулунун
атайылап уруусунан сактасын. Йа, Билал! Кызым Фатиманын үйүнө бар. Алиги
камчыны алып кел», - деп буюрду. Хазрети Билал мечитен чыкты. Колун башына
коюп «Расулуллах өзүнөн кысас кылдырмакчыбы» деп таң калган эле. Үйгө барып эшикти
кагып: «Эй, Расулуллахтын кызы! Мага Расулуллахтын камчысын бер», - деди.
Хазрети Фатима: «Йа, Билал! Азыр ажылыктын да, согуштун да убагы эмес. Атам
камчыны эмне кылат?» - деди. Хазрети Билал (радыйаллаху анх): «Эй, Фатима!
Кабарың жокпу? Расулуллах өзүнө кысас (өч алуу) кылдырмакчы», - деди. Фатима
энебиз (радыйаллаху анха): «Йа, Билал! Расулуллахтан кысас менен акысын алууга
ким ыраазы болот? Эгер кааласа берейин. Бирок, Хасан менен Хусейнге айт, ала
турчу адам акысын алардан алсын. Расулуллахка эч кысас кылдырбасын», - деп
Хазрети Билалга катуу эскертти. Хазрети Билал (радыйаллаху анх) мечитке барып,
камчыны Расулуллахка берди, Расулуллах болсо Хазрети Укашага берди.
Хазрети Абу
Бакр менен Хазрети Омар муну көрүп: «Эй, Укаша! Мына биз жаныңда турабыз.
Акыңды бизден ал, Расулуллахтан албай эле кой», - деп жалынышты. Ошондо
Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрга: «Эй,
Абу Бакр! Сен ортобуздан мындай тур. Эй, Омар! Сен да мындай тур. Аллаху таала
силердин жогору даражаларыңарды билет», - деди. Кийин Хазрети Али туруп:
«Эй, Укаша! Расулуллахты урууга ыраазы боло албаймын. Кел акыңды менден ал.
Кааласаң жүз жолу ур, бирок, Расулуллахка тийишпе», - дегенде Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: «Эй, Али. Сен да отур.
Аллаху таала сенин да жогору мартабаңды, жагдайыңды билет», - деди. Эми
Хазрети Хасан менен Хусейн турду. «Эй, Укаша! Сен биздин Расулуллахтын
неберелери экенибизди билесиң. Ошондуктан, бизге кысас – Расулуллахка кысас
деген сөз. Анын акысын бизден ал, Пайгамбарыбызды урба», - дешкенде Пайгамбарыбыз аларга: «Силер да отургула, эй, эки көзүмдүн
кубанычтары!» - деди. Кийин: «Эй,
Укаша! Кел, ур», - деди.
Укаша: «Йа, Расулаллах! Сиз мени
урган кезде менин денем ачык болчу», - деген соң Пайгамбарыбыз ыйык далысын
ачты. Ушул кезде сахабалардын: «Эй, Укаша! Расулуллахтын ыйык далысын
урмакчысыңбы?» деген кыйкырыктары угулду. Баары капалык менен күтүп турушту.
Хазрети Укаша Пайгамбарыбыздын аркасындагы Пайгамбарлык мөөрүн көрүп: «Ата-энем
сизге курман болсун, йа, Расулуллах! Акысын алуу үчүн сиздин ыйык далыңызды
уруп, кысас кылууга кимдин күчү жетет, буга ким батына алат?» - деп
пайгамбарлык мөөрүн өптү. Ошондо Пайгамбарыбыз:
«Жок, же урасың, же кечиресиң», -
дегенде Укаша: «Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Кечирдим. Ал эми Аллаху таала мени кыямат күнү
кечиреби?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Ким
менин Жаннаттагы досумду көргүсү келсе мына бур карыяны карасын», - деди.
Расулуллахтын бул мубарек сөзүн уккан сахабалар анын эки көзүнүн ортосунан өбө
башташты. Бардыгы: «Кандай бактылуусуң, кандай бактылуусуң, йа, Укаша!
Расулуллах менен бирге болуу урматына, Бейиште жогору даражаларга жеттиң», - дешти.
Сафар айынын акыркы күндөрү эле.
Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) түндүктөгү Византия империясынын
мусулмандар үчүн чоң коркунучка айлана электен мурда аларды кайрадан Исламга
чакырып, кабылдабаса согушуп, Ислам мамлекетинин кол астына караткысы келди. Ушул
максатта гректер менен согушуу үчүн сахабаларына даярданууну буйрук кылды.
Сахабалар (радыйаллаху анхум) даярдык иштерин жүргүзүүгө тарашты. Расулуллах
(саллаллаху алейхи ва саллам) Хазрети Усама бин Хейдди чакырып: «Эй, Усама! Шамга, Балка чек арасына,
Палестинадагы Дарумга, атаң шейит болгон жерге чейин Аллаху тааланын ысымы жана
берекеси менен бар. Аларды таттар менен тапта. Сени ушул аскерлерге кол башчы
кылып дайындадым. Убналыктарга күтпөгөн жерден чабуул жаса. Бара турган жериңе
кабар жетпей тургандай тез бар. Жаныңа жол көрсөтүүчүлөрдү алып, алдыңан
тыңчыларды жибер. Аллаху таала жеңиш ихсан кылса алардын арасында аз убакыт
гана бол», - деди. Журфта ордо курууну буюруп, мубарек колу менен байракты
байлап тапшырды.
Мечитте минбарга чыгып: «Эй, сахабаларым!
Усаманын атасы Зейд кол башчылыкка кандай ылайыктуу жана менин жанымда кандай сүйүктүү болсо анын баласы Усама кол башчылыкка
ошондой ылайыктуу адам. Усама менин алдымда адамдардын эң сүйүктүүлөрүнөн», -
деди.
Хазрети Усама
башкарган, согушууга бара жаткандардын ичинде Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар,
Хазрети Абу Абу Убайда бин Жаррах, Хазрети Саад бин Абу Ваккас сыяктуу таанымал
сахабалар бал эле.
Бирок, эртеси
Пайгамбарыбыз ооруп калгандыктан аскерлердин сапары Пайгамбарыбыз акыретке
көчкөндөн кийинкиге калтырылган эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысыгы барган сайын
көтөрүлүп, ооруусу катуулай берди. Саал жакшы болгон бир түнү төшөгүнөн турду.
Кийинип сыртка чыгууга даярданды. Муну көргөн Хазрети Айша энебиз: «Ата-энем,
жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Кайда бара жатасыз?» - деп сурады.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Баки көрүстөнүндө жерленгендер үчүн истигфар кылуу буйругун алдым.
Ошол жерге бара жатам», - деди. Жанына Абу Мувайхиб менен Абу Рафини
(радыйаллаху анхум) ээрчитип кетти. Мазарлыкта узак буда окуп, алардын
кечирилүүлөрү үчүн Аллаху таалага жалбарды. Пайгамбарыбыздын ушунча жалбарганына
жанындагы сахабалар: «Биз да ушул
жерде жерленгенибизде кана. Пайгамбарыбыздын дубасына илинер элек», - деди.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Мувайхибди карап: «Эй, Ауб Мувайхиб! Мага дүнүйө казыналары менен акырет ниматтарын
тандоодо эрк берилди. Кааласаң дүнүйөдө кал, кийин Бейишке бар, кааласаң
Ликауллах (Аллаху таалага жетүү) аркылуу
Бейишке кир. Мен Ликауллахты жана андан кийин Бейишти тандадым», - деди.
Дагы бир күнү
Ухудда шейит болгондор үчүн Аллахтан гафу тилөө үчүн жолго чыкты. Алар үчүн
Аллаху таалага узак жалбарып, дуба кылды. Кийин мечитке барып, сахабаларга: «Мен силердин Кавсар булагына эң биринчи
жете турганыңар, күтүп ала турганыңар болом. Силер менен көрүшө турчу жерибиз –
ошол жер... Мен силерди менден кийин мушриктикке кайтышат деп коркпоймун.
Бирок, дүнүйөгө берилип, ошол үчүн бири- бириңерди көралбай, өлтүрүп,
натыйжасында силерден мурункулардын жок болуп кеткендиктери
сыяктуу силердин да жок болуп кетүүңөрдөн коркомун...», - деди. Кийин үйүнө
кетти.
Ооруусу
күчөгөн эле. Мубарек аялдары сүйүктүү Пайгамбарыбыздын Хазрети Айшынын үйүндө
болуусун каалашкандыгын билдиришти. Расулуллах аялдарынын ушунчалык кең
пейилдиктерине сүйүнүп, алардын баарына дуба кылып, андан кийинки күндөрүн
Хазрети Айшанын үйүндө өткөрө баштады.
Расулуллахтын
(саллаллаху алейхи ва саллам) ысыгы катуу көтөрүлгөн эле. Денеси абдан
ысыгандыктан төшөгүндө эки жагына кезеги менен оодарылып жатууга мажбур болду.
Расулуллах ушинтип жаткан кезинде сахабалар келип, анын тартып жаткан азабын
алар да кыйналышчу. Абу Саид Худри (радыйаллаху анх) айтат: «Расулуллахты
көрүүгө барган элем. Үстүндө бир жамынгычы бар эле. Анын денесинин ысыктыгы
жабуунун сыртынан билинип турду, ысык болгондуктан колубузду жабууга тийгизе
албаган элек. Биздин да капаланып турганыбызды көргөн Пайгамбарыбыз: «Эң оор балээ Пайгамбарларга келет. Ошого
карабастан Пайгамбардын келген балээге кубануусу силердин берилген ихсандарга (жакшылыктарга)кубанганыңардан да күчтүү», - деди».
Үммү Бишр бин
Бера (радыйаллаху анха) айтат: «Расулуллахтын абалын суроого бардым. Мубарек
денеси оттой жанып турду. «Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Мен эч
качан мындай катуу ооруу көрбөдүм...», - дедим. Расулуллах: «Эй, Үммү Бишр! Ысыгымдын катуу көтөрүлүүсү
сообумдун көп болгондугунан. Бул ооруу Хайберде жеген уулуу эттин таасири. Ошол
эттин ачуу даамын дайым сезчүмүн. Ошол күнү жеген уу азыр колко тамырымды
күйгүзүп бара жатат», - деди».
Сүйүктүү
Пайгамбарыбыз Абдуллах бин Масуд хазреттерине мындай деди: «Оорууга чалдыгып, Аллаху таала анын күнөө менен кемчиликтерин бактын
жалбырактарын төккөндөй төкпөгөн мусулман жок».
Ооруу күндөн
күнгө күчөй берди. Сахабалар буга катуу кайгырып, үйлөрүндө жайбаракат отура
алышпады. Бардыгы мечитке жыйналышты. Абалын суроо үчүн Хазрети Алини Расулуллахка
жиберди. Ааламдардын мырзасы ишара менен (ымдап): «Сахабаларым эмне дейт?» -
деп сурады. Ал: «Расулуллах арабыздан
кетип калса деп кайгырышууда», - деп жооп берди. Сахабаларына деген мээрими
күчтүү болгон Пайгамбарыбыз катуу ооруп турганына карабастан ордунан туруп,
Хазрети Али менен Хазрети Фадл бин Аббаска сүйөнүп, мечитке барды. Минбарга
чыгып, Аллаху таалага мактоо айткандан кийин сахабаларга: «Эй, сахабаларым! Менин өлө тургандыгымды ойлоп, убайымдаган экенсиңер.
Эч кандай пайгамбар үммөтүнүн арасында түбөлүк калбайт. Билгиле, мен Раббиме
жетемин. Силерге насыятым: мухажирлердин улууларын урматтагыла. Эй, Мухажирлер!
Силерге насыятым: ансарларга жакшылык кылгыла. Алар силерге жакшылык кылышты.
Үйлөрүнө тургузушту. Өздөрү араң күн көрүшсө да силерди өздөрүнөн жогору
санашты. Мал-мүлктөрүнө силерди орток кылды. Ансарды башкарган адам аларга көз
кырын салып жүрсүн, кемчилик кылгандарын кечирсин», - деди. Кийин таасирлүү
насааттарды айтып: «Аллаху таала бир
кулуна дүнүйөдө калуу менен Раббине жетүү маселесинде эркиндик берди. Ал кул
Раббине жетүүнү калады», - деди. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын бул
сөздөрүнөн анын кайтыш болгонун сезип: «Жаныбыз сизге курман болсун, йа,
Расулаллах!» - деп ыйлай баштады. Мээримдүүлүктүн дайрасы болгон Пайгамбарыбыз: «Ыйлаба, йа, Абу Бакр!» - деп ага
сабыр кылууну буюрду. Мубарек көздөрүнөн жаш агып турган эле. «Эй, сахабаларым! Ислам дини жолунда чыныгы
жана ыкластуу түрдө мал-мүлкүн курман кылган Абу Бакрдан ыраазымын. Акырет
жолунда жаныма жакын дос алуу колумда болсо аны тандамакмын», - деди да: «Мечитке
ачыла турчу эшиктердин ичинде Абу Бакрдыкынан башкасынын
баарын жапкыла», - деп буюрду.
Кийин
минбардан түшүп, Хазрети Айша энебиздин бөлмөсүнө кайтып келди. Сахабалар ыйлай
баштагандыктан Пайгамбарыбыз Хазрети Али менен Фадл бин Аббастын сүйөөсүндө
кайрадан мечитке келди. Минбардын төмөндөгү шатысына туруп, сахабаларга мындай
деди: «Эй, мухажирлер менен ансарлар!
Убактысы белгилүүболгон нерсеге ашыгуунун пайдасы жок. Аллаху таала эч кандай
кулу үчүн ашыкпайт. Бир адам Аллаху тааланын бере турчу тагдырын өзгөртүүгө, Анын кудуретинен үстөм болууну кааласа
Аллаху таала аны курутат. Аллаху таалага айла кылып, Аны алдагысы келген
адамдын иштери бузулуп, өзү алданат. Билгиле, мен силерге мээримдүүмүн. Силер
да мага жетесиңер. Кезиге турчу жер Кавсар хавузунун башы. Жаннатка киргиси
келген, мага жеткиси келген адам боштон-бош сүйлөбөсүн. Эй, мусулмандар! Капыр
болуу, күнөө кылуу ниматтын өзгөрүүсүнө, ырыскынын азайуусуна себеп
болот. Адамдар Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунса өкмөт башчылары,
эмирлери, бийлөөчүлөрү аларга ырайымдуулук жасашат. Фасык болуп,
ашып-ташуучулук кылса, күнөө иш кылса мээримдүү бийлөөчүгө жете алышпайт. Менин
өмүрүм силер үчүн кайырлуу болгону сыяктуу өлүмүм да кайыр жана ырайымдуулук.
Эгер бирөөнү орунсуз урган же жаман сөз айткан болсом мага дал ошону кылып
акысын алуусуна, бирөөнөн орунсуз бир нерсе алган болсом кайра кайтарып
алуусуна ыраазымын. Анткени, дүнүйөнүн жазасы акыреттин жазасынан алды кайда
жеңил. Буга чыдоо оңой.» Алдында Хазрети Абу
Бакрга ыраазылыгын билдиргени сыяктуу бул хутбада Хазери Омарга болгон
ыраазылыгын билдирип: «Омар мени менен
бирге, мен да аны менен биргемин. Менден кийин акыйкат Омар менен бирге», -
деди.
Расулуллах
ушул хутбадан кийин минбардан түштү. Намаздан кийин кайра минбарга чыгып,
вааз-насыят айтып болгондон кийин: «Силерди
Аллаху таалага тапшырдым», - деп бөлмөсүнө кетти.
Расулуллах
(саллаллаху алейхи ва саллам) ооруусу катуу күчөгөн кезде сахабалары менен
халалдашуу (өткөн акыларын кайтаруу) үчүн, акыретке кул акылары менен кетпөө
үчүн Билал Хабашини (радыйаллаху анх) чакыртып, ага: «Калкка айт! Мечитке жыйналсын. Аларга соңку насаатымды айткым
келет...», - деп буюрду.
Хазрети Билал
сахабаларды мечитке жыйнады. Пайгамбарыбыз Хазрети Али менен Фадлга сүйөнүп
мечитке барды. Минбарга отуруп, Аллаху таалага мактоо менен санаа айткандан
кийин:
«Эй,
сахабаларым! Билгиле, араңардан кете турчу убактым жакындады. Кимдин менде
акысы болсо менден алсын. Менин жанымда сүйүктүү болгон адам менден
акысын алсын же аны мага халал кылып ыраазы болсун, Раббиме аларды өтөп
барайын», - деди. Кийин минбардан түшүп, бешим намазын окуду. Намаздан
кийин минбарга дагы чыгып, алдында айтканын кайталады.
Пайгамбарыбыз
кайтыш болооруна үч күн калганда катуу кыйналды. Мечитке барып, жамаат менен
намаз окуй албады. Жамаат менен окуй албаган алгачкы намазы куптан эле. Хазрети
Билал адатынча эшикке келип: «Ас-салат, йа Расулаллах!» - деди.
Пайгамбарыбыздын мечитке бара алчу чамасы жок эле. «Абу Бакрга айткыла. Сахабаларына намаз окутсун», - деди. Хазрети
Айша: «Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Атам өтө жумшак көңүлдүү жана
кайгылуу. Ал сизди жанында көрбөсө ыйлап, окуй албайт. Имамдыкты Омардын
аткаруусун буюрасызбы?» - деп
сурады. Пайгамбарыбыз
кайрадан: «Абу Бакрга айткыла. Сахабаларга имам болуп, намаз окутсун», -
деди. Хазрети Билал Абу Бакр Сыддыкка (радыйаллаху анх) жагдайды айтты. Хазрети
Абу Бакр михрабда Пайгамбарыбызды көрө албаган соң жүрөгү эзилип, акылынан кеткендей
болду, ыйлай берди, ыйлай берди. Сахабалар да ыйлай башташты. Пайгамбарыбыз
мечиттен чыккан бул үндүн эмне экенин сураганда Хазрети Фатима: «Жаным сизге
курман болсун, йа Расулаллах! Сахабаларыңыз сизден ажыроого чыдай албай
ыйлашууда», - деди. Пайгамбарыбыз буга катуу таасирленди. Сахабаларды жубатуу
үчүн катуу ооруп турганына карабастан араң дегенде ордунан турду. Хазрети Али
менен Хазрети Аббаска сүйөнүп, мечитке барды. Намаздан соң: «Эй, сахабаларым! Силер Аллаху тааланын
коргоосундасыңар жана силерди Аллаху таалагы аманат кылдым. Такыбаа болгула.
Аллаху тааладан корккула. Аллаху тааланын буйругун орундагыла жана баш ийгиле. Мен эми бул дүнүйөдөн кетемин», - деди.
Хазрети Абу
Бакр сахабаларга он жети убакыт намаз окутту. Бир жолу бешим намазын окутуп
жаткан эле. Ошол кезде Пайгамбарыбыз өзүн жеңил сезип, Хазрети Али менен
Хазрети Аббаска сүйөнүп, мечитке чыгат. Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын
келгенин сезип, бир четке жылмакчы болду. Пайгамбарыбыз ага: «Тура бер», - дегенди ымдоо менен
билдирди. Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрдын сол жагына туруп, сахабаларга
акыркы жолу намаз окутту.
Пайгамбарыбыз
кайтыш болордон үч күн мурда Жабраил алейхисалам Расулуллахка барып: «Йа,
Расулаллах! Аллаху тааланын сизге саламы бар. Жагдайыңызды билсе да кандай экениңизди,
өзүңүздү кандай сезгениңизди сурады?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Кайгылуумун», - деди. Жабраил
алейхиссалам Жекшемби күнү да келип ошол айткандарын кайталады. Пайгамбарыбыз
дагы да ошол жоопту берди. Жабраил алейхиссалам Йеменде Пайгамбар экендигин
айткан Асад-и Ансинин өлтүрүлгөндүгүн кабарлады. Расулуллах аны сахабаларына
айтты. Оорубай турган кезинде бир нече алтынды кедейлерге, бир нечесин Хазрети
Айшага берген эле. Жекшемби күнү Пайгамбарыбыздын ооруусу оорлошту. Жанына
келген аскер кол башчысы Хазрети
Усамага эч нерсе айтпады. Бирок, колун
көтөрүп, анын үстүн сылады. Ага дуба кылгандыгы түшүнүлдү.
Пайгамбарыбыздын
бул дүнүйөдөн кетип, акыретке көчө турган күнү дүйшөмбү болчу. Ооруганына он үч
күн болгон эле. Пайгамбарыбыз сахабалар мечитте Абу Бакр Сыддыктын (радыйаллаху
анх) аркасында багымдат намазын окуп турганда мечитке кирди. Үммөтүнүн сап-сап
болуп тизилип намаз окуп турганын көрдү. Кубанып, күлүмсүрөдү. Өзү дагы Абу
Бакрга уюп, намаз окуду. Сахабалр Пайгамбарыбыздын намазга келгенин көргөндө
ооруудан айыкты деп ойлоп, кубанышты. Расулуллах намаздан кийин Хазрети Айшанын
бөлмөсүнө барып жатты: «Аллаху тааланын
хузуруна артыма дүнүйөлүк нерсе калтырбастан кетким келет, сага калтырган
алтындарды да кедейлерге тарат», - деди. Кийин денесинин ысыгы көбөйдү.
Бираздан кийин көзүн ачып Хазрети Айшадан алтындарды таратып-таратпаганын
сурады. Ал тарата тургандыгын айтты. Аны дароо таратууну кайра-кайра эскертти. Алтындын
таратылгандыгын укканда: «Эми көңүлүм
жай алды», - деди.
Төшөгүнө бираз
жаткандан кийин жанына Хазрети Алини чакыртты. Башын анын кучагына койду. Маңдайы тердеп, өңү
өзгөргөн эле. Хазрети Фатима атасынын бул абалын көрүп, карап турууга чыдай
албай, балдары Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейндин жанына кетти. Алардын
колдорунан кармап ыйлай баштады. «Эй, атакем! Кызыңызды эми ким карайт? Хасан
менен Хусейнди кимге аманат кыласыз? Атакем! Жаным сизге курман болсун! Сиз кеткенден
кийин менен абалым кандай болот?»
Пайгамбарыбыз
кызынын ушундай жүрөк козгогон угуп, көзүн ачып, аны жанына чакыртты: «Йа, Раббим! Буга сабыр бер», - деп
дуба кылгандан кийин: «Эй, Фатима! Эй,
көзүмдүн нуру! Атаң жан тапшырар алдында...», - дегенде ал андан бетер
сыздады. Хазрети Али: «Эй, Фатима! Тынч, Расулуллахты мындан артык кайгыртпа»,
- дегенинде Пайгамбарыбыз: «Таарынтпа,
йа, Али! Тийбе, атасы үчүн көз жашын төксүн», - дегенден кийин көз жумуп,
эсинен тангандай болду.
Кийин Хазрети
Хасан тай атасына барып, «Йа, Ата! Сизден айрылууга ким чыдай алат? Жаралуу
жүрөгүбүздү кимге айтабыз. Сизден кийин энеме, атама, тууганыма ким шапаат
кылат? Аялдарыңыз менен сахабаларыңыз сиздин көркөм мүнөзүңүздү кайдан таба
алат?» - деп ыйлаганда Пайгамбарыбыздын аялдары чыдап тура алышпады. Баары тең
көз жаштарын төгүштү.
Сыртта убайым
менен күтүп турган сахабалар Пайгамбарыбыздын жагдайынын начарлаганын угуп,
жүрөктөрү сыздады. Көздөрүнөн жаш шорголоду. Акыркы жолу Пайгамбарыбыздын
дидарын көрүү үчүн: «Эшикти ачкыла! Пайгамбарыбыздын дидарын акыркы жолу
көрөлү», - деп эшиктин алдында жалынып турушту. Пайгамбарыбыз сахабаларынын
минтип турушканын угуп: «Эшикти ачкыла»,- деди. Сахабалар ичке киришти. Пайгамбарыбыз аларды сабырга чакырып: «Эй, сахабаларым! Силер адамдардын эң
ардактуу, кадырлууларысыңар. Силерден кийин ким келсе дагы силер баарынан мурда
Бейишке киресиңер. Динди сактап калууда бекем болгула жана Куранды жол
көрсөтүүчү кылып алгыла. Диндин өкүмдөрүнөн гафил болбогула», - деп көзүн
жумду. Бети тердеди. Хазрети Али аларга чыккыла дегенди ымдоо менен билдирди.
Алар кеткенден
кийин Хазрети Айша келип насыят сурады. Пайгамбарыбыз: «Эй, Айша! Үйүңдүн бурчунда отуруп өзүңдү корго», - деп көзүнөн жаш
шорголоду. Пайгамбарыбыз ыйлаган эле. Ошол жердегилердин көңүлдөрү жабыркап,
ичтери эзилди. Хазрети Үммү Салама: «Жаным сизге курман болсун, йа Расулаллах!
Эмнеге ыйлап жатасыз?» - деп сураганда: «Үммөтүмө
мээримдүүлүк кылынуусу үчүн ыйлаймын», - деди.
Күн төбөгө
көтөрүлгөн эле. Убакыт жакындаган болчу... Пайгамбарыбыз мубарек башы Хазрети
Айшанын көкүрөгүн жазданып турган эле. Пайгамбарыбыз акыркы убакыттарын баштан
өткөрүп: «Колуңардагы кулдарды жакшы
карагыла. Алардын үстүнө кийим кийгизгиле, карындарын тойгузгула. Алар менен
жылуу сүйлөшкүлө. Намазды, намазды уланткыла. Аялдарыңар менен кулдарыңар
тууралуу Аллахтан корккула. Эй, Аллахым! Мени кечир! Мага ырайым кыл!... Мени
Рафик-ул-аъла тобуна жеткиз» деген сөздөрдү айтты. Хазрети Фатима көз жашын
төгүп, сыздап ыйлады. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны жанына
отургузуп: «Кызым, бираз сабыр кыл,
ыйлаба. Анткени, Хамала-и Арш (периштелер) сенин ыйлаганыңа ыйлап жатышат», - деди. Хазрети Фатима көзүнүн
жашын сүрттү. Пайгамбарыбыз аны жубатып, Аллаху тааладан сабыр тилеп, кызына: «Кызым, менин рухум алынат.
«Инна
лиллахи инна илайхи ражиун» дээрсиң. Эй, Фатима! Келген кыйынчылыкка милдеттүү
түрдө кайтарым берилет», - деди.
Бираз убакыт көзүн жумуп, кийин: «Мындан
кийин атаңа кайгы менен убайым жок. Анткени, ал фани ааламдан, мына бул
кыйынчылыктар мекенинен кутулайын деп жатат», - деди. Кийин Хазрети Алиге: «Йа, Али! Мойнумда баланча яхудинин баланча
мүлкү бар. Аскер даярдоо үчүн алгамын. Аны төлөөнү унутпа. Арийне, карызыман
куткарасың жана Кавсар хавузунун башында мени менен кезиге тургандардын
биринчиси болосуң. Менден кийин сага көп зыян келет, сабыр кылаарсың, адамдар
дүнүйөнү каалашкан кезде сен акыретти тандаарсың», - деди.
Усама
(радыйаллаху анх) дагы да келди. Расулуллах: «Аллаху таала жардам кылсын. Кана, согушка аттангыла», - деди. Ал
чыгып, аскерлерине барып, дароо сапарга козголууну буйрук берди.
Пайгамбарыбыз
эми соңку демдерин алып жаткан эле. Аллаху таала Азраил алейхиссаламга: «Сүйүктүүмө эң жакшы кейипте бар. Эгер
уруксат берсе рухун эң жумшак жана жеңил түрдө ал. Уруксат бербесе артка кайт»,
- деп вахий берди. Азраил алейхиссалам эң жакшы түрдө, өтө сулуу адамдын
кебетесине кирип, Пайгамбарыбыздын үйүнүн эшигинин алдына барып: «Ассаламу
алейкум эй, нубувват үйүнүн ээси! Ичке кирүүгө уруксат бересизби? Аллаху таала
сизге ырайым кылсын», - деди. Хазрети Айша
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жанында отурган Хазрети
Фатимага: «Бул келген адамга сен жооп
бер», - деди. Ал эшикке
барып, кайгылуу добуш менен: «Эй, Аллаху тааланын кулу! Расулуллахтын азыр
жагдайы жок», - деди. Азраил алейхиссалам дагы да уруксат сурады. Дагы ошентип
жооп берилди. Үчүнчү жолу саламын кайталап, милдеттүү түрдө кирүүсү керек
экендигин бийик үн менен айткан кезде Пайгамбарыбыз муну угуп: «Йа, Фатима! Эшиктин алдындагы ким?» - деп
сурады. Хазрети Фатима: «Йа, Расулаллах. Бирөө ичке кирүүгө уруксат сурап
жатат. Бир нече жолу жооп бердим. Бирок, үчүнчү жолу сүйлөгөнүндө денем
үрпөрдү», - деди. Ошондо Пайгамбарыбыз:
«Эй, Фатима! Ал ким билесиңби? Ал –
лаззаттарды буза турчу, коомдорду талаан кылган, аялдарды жесир, балдарды жетим
калтыра турган, үйлөрдү каңгыратып, кабырларды салган өлүм периштеси – Азраил.
Эй, Азраил, кир», - деди. Ошол кезде Хазрети Фатима адам айтып жеткире
алгыс түрдө кайгыга чөмүлүп: «Ах, Медина, курудуң», - деди. Пайгамбарыбыз
Хазрети Фатиманын колун кармап, көөдөнүнө коюп, көзүн жумду. Ошол жердегилер
анын руху алынды деп ойлошту. Хазрети Фатима чыдай албай атасынын кулагына
ийилип, жабаркаңкы үн менен:
«Атаке! Атаке!» - деди. Эч кандай жооп болбогондон кийин эми:
«Жаным сизге
курман болсун, йа Расулаллах! Көзүңүздү бир жолу ачып, бир нерсе айтыңызчы», -
деди. Пайгамбарыбыз көзүн ачып, кызынын көз жашын сүртүп, анын кулагына кайтыш
боло тургандыгын айтты. Андан кийин Хазрети Фатима ыйлай баштады. Бул жолу
кулагына: «Ахли байтимен биринчи болуп
менин жаныма келе турчу - сенсиң», - деди. Ал сүйүнчү кабарга кубанып, жибиди.
Хазрети
Фатима: «Эй, атаке! Бүгүн коштошуу күнү. Эми сизге качан жетемин?» - деп
сурады. Расулуллах: «Кызым! Мени кыямат
күнү хавуздун жанынан табасың. Үммөтүмүн ичинен хавузга келгендерге суу беремин»,- деди. Хазрети Фатима: «Эгер
сизди ал жерден таба албасам эмне кылам?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Мизандын жанынан табасың. Ал жерде мен
үммөтүмө шапаат кыламын», - деди.
Хазрети Фатима: «Ал жерден да таба
албасам?» - дегенинде Расулуллах: «Сыраттын жанынан табасың. Мен ал
жерде Раббиме «Йа, Раббим! Менин үммөтүмдү оттон
сакта» деп жалбарамын», - деди.
Ошондон кийин
Хазрети Али кайгылуу добуш менен: «Йа, Расулаллах! Сиз рухуңузду тапшыргандан
кийн сизди ким жуунтат, эмне менен кепиндейбиз? Жаназа намазыңызды ким окутат,
кабырга ким коёт» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Эй, Али! Мени сен жуу, Фадл бин Аббас суу куюп турсун. Жабраил
силердин үчүнчүңөр болот. Жуунтуп болгондон кийин кепенимди жасагыла. Жабраил
Жаннаттан хош жыт алып келет. Кийин мени мечитке алып баргыла да өзүңөр
мечиттен чыккыла. Анткени, алгач Жабраил, кийин Микаил, кийин Исрафил, кийин
башка периштелер да топ-топ болуп келип намазымды окушат. Ошондон кийин силер
киргиле, сап-сап болуп тургула. Эч ким менин алдыма чыкпасын», - деди.
Кийин күтүп
турган Азраил алейхиссаламдан: «Йа,
Азраил! Конок иретинде келдиңби же рухумду алууга келдиңби?» - деп
сураганда Азраил алейхиссалам: «Конок катары да, ары тапшырма менен да келдим.
Аллаху таала мага сизге уруксат менен келүүнү буюрду. Рухуңузду сиздин
уруксатыңыз менен гана аламын. Йа, Расулаллах! Уруксат кылсаңыз буйругуңузду
орундап, рухуңузду аламын. Болбосо артка кайтып, Раббиме барамын», - деди.
Пайгамбарыбыз: «Йа, Азраил! Жабраилди кайда калтырдың» - деди. «Жабраилди дүнүйө асманында калтырдым.
Периштелер ага сиз үчүн көңүл айтышууда», - деди. Ушинтип сүйлөшүп турганда
Жабраил алейхиссалам жетип келди. Пайгамбарыбыз: «Эй, тууганым Жабраил! Эми дүнүйөдөн кете турчу убакыт келди. Аллаху
тааланын алдында мен үчүн эмне даярдалган? Мага ошону сүйүнчүлөп айт, көңүлүм
жай алып, кубаныч менен аманатты ээсине тапшырайын», - деди. Жабраил
алейхиссалам: «Эй, Аллаху тааланын сүйүктүүсү! Мен көктүн эшигин ачып кеттим.
Периштелер сапка тизилип сиздин рухуңузду сүйүү менен күтүүдө», - деди.
Пайгамбарыбыз: «Алхамдулиллах. Мактоо
Аллаху таалага таандык. Сен мага сүйүнчү бер! Раббимдин алдында мен үчүн эмне
бар?» - деди. Жабраил алейхиссалам: «Йа, Расулаллах! Сиз бара турган
болгондуктан Бейиш эшиктери ачылган, Бейиштин өзөндөрү аккан, Бейиштин бактары
ийилген, хури кыздары кооздонгон», - деди.
Пайгамбарыбыз
дагы да: «Мактоо Аллаху таалага таандык.
Сен мага башка сүйүнчү бер, йа, Жабраил», - деди. Жабраил алейхиссалам:
«Йа, Расулаллах! Сиз кыямат күнү алгачкы болуп шапаат кыла турган жана алгачкы
болуп шапааты кабыл боло турган адамсыз», - деди. Пайгамбарыбыз дагы да: «Алхамдулиллах. Мактоо Аллаху таалага
таандык. Йа, Жабраил! Мага башка сүйүнчү айт!» - дегенде, Жабраил
алейхиссалам: «Йа, Расулаллах! Сиз эмнени сурап турасыз?» - деди. Ошондо
Пайгамбарыбыз: «Менин бардык убайымым менен кайгым – менин артымда калган үммөтүм», -
деди. Хазрети Жабраил: «Эй, Аллаху тааланын Хабиби! Аллаху таала кыямат күнү
Сиз ыраазы болгонго чейин үммөтүңүздү кечирет. Бардык пайгамбарлардан мурда
Сизди, бардык үммөттөрдөн мурда Сиздин үммөтүңүздү Бейишке жиберет», - деди.
Пайгамбарыбыз Жабраил алейхиссаламга: «Аллаху
тааланын алдында үч муратым бар: Биринчиси – үммөтүмдүн күнөөкөрлөрүнө мени
шапаатчы кылуу, экинчиси – дүнүйөдө кылган күнөөлөрүнө байланыштуу аларды азаптабоо,
үчүнчүсү – Бейшемби жана Дүйшөмбү күндөрү үммөтүмдүн амалдарынын мага
билдирилүүсү.» («Эгер амалдары жакшы болсо аларга дуба кыламын, Аллаху
таала кабыл кылат. Жаман болсо шапаат кылып, амал дептерлеринен өчүрүлүүсүн
сураймын», - деди.) Жабраил алейхиссалам Аллаху тааладан ушул үч тилегинин тең
кабыл болгондугу тууралуу кабар жеткирди. Ушундан кийин Пайгамбарыбыздын көңүлү
жай алды.
Аллаху таала: «Эй, Хабибим! Үммөтүңө ушунчалык сүйүү
көрсөтүп, шапаат кылууну жүрөгүңө ким салды?» - деп вахий кылды.
Пайгамбарыбыз: «Мени жаратып,
тарбиялаган Раббим таала», - деп жооп берди. Хак таала: «Сенин үммөтүңө менин ырайымым, мээримим
сеникинен миң эсе артык. Аларды мага тапшыр», - деди. Ошондо Пайгамбарыбыз:«Эми көңүлүм жай алды. Эй, Азраил! Сага
буюрулган милдетиңди орунда», - деди.
Азраил
алейхиссалам милдетти орундоо үчүн Пайгамбарыбызга жакындады. Пайгамбарыбыздын
жанындагы суу идишке эки колун батырып, суу колу менен бетин сүртүп, «Ла илаха
иллаллах! Эй, Аллахым, Рафик-и Ала...», - деди. Азраил алейхиссалам Пайгамбарыбыздын
рухун ала баштады. Пайгамбарыбыздын жүзү бир кызарып, бир саргайды. Азраил алейхиссаламга: «Үммөтүмдүн жанын да ушундай кыйнап, кыйынчылык менен аласыңбы?» -дегенде ал: «Йа, Расулаллах! Эч кимдин жанын мындай оңой алган эмесмин», -
деди. Акыркы маалында да үммөтүн эсинен чыгарбаган Расулуллах: «Эй, Азраил! Үммөтүмө кыла турчу
катаалдыгыңды мага кыл! Анткени, алар алсыз, чыдай албайт...», - деди.
Кийин: «Лаа илаха иллаллах! Рафик-и Ала!», - деди. Анын мубарек руху алынып,
ала-и иллиинге жеткизилди.
(Ассалату
вассаламу алейка йа Расулаллах! Ассалату вассаламу алейка йа Хабибаллах!
Ассалату
вассаламу алейка йа Сеййидел аввали-на вал-ахирин! Шафаат йа Расулаллах!
Дахыйлек йа Расулаллах!)
Жабраил
алейхиссалам Пайгамбарыбызга: «Ассаламу алейкум эй Аллаху тааланын Расулу!
Менин максатым, талабым сиз элеңиз. Эми жер бетине келбеймин», - деп коштошту.
Пайгамбарыбыздын
мубарек руху жогору ааламга кеткенде Хазрети Фатима энебиз менен
Пайгамбарыбыздын аялдары (радыйаллаху анхунна) үндөрүн чыгарып ыйлай башташты.
Бул учурда
кайыптан бир үн келип: «Ассаламу
алейкум йа Ахли байт! Ва рахматуллахи ва баракатуху» деп салам берди да: «Билгиле, бардык жандуу нерсе өлөт. Жана
кыямат күнү силерге акыңар толугу менен берилет» деген маанидеги «Али
Имран» сүрөсүнүн 185-чи аятын окуду. Кийин аларга: «Аллаху тааланын
жакшылыктарына, сыйларына ишенгиле. Ошондон үмүт күткүлө. Катуу үн чыгарбагыла.
Негизги кыйындыкка учураган адам – сооптон куру калган адам», - деп жубатуу
айтты.
Бул сөздөрдү
ошол жердегилердин бардыгы угуп, саламга жооп кайтарышты. Буларды айткан Хызыр
алейхиссалам эле.
Пайгамбарыбыздан
өлүм белгилери байкалгандан кийин Үммү Айман (радыйаллаху анха) баласы Усамага
кабар жиберди. Усама Хазрети Омар
жана Абу Убайда (радыйаллаху анхум) бул кабарды алгандан кийин аскерден чыгып,
Набави мечитине келди. Хазрети Айша менен башка аялдардын ыйлап отургандарын
көрүп, сахабалар абдырап, эмне болгонун түшүнбөй калышты. Хазрети Али өлүү адам
сыяктуу селейип туруп калды. Хазрети Османдын тили тутулду. Хазрети Абу Бакр ал
убакта үйүндө эле. Жүгүрүп келди. Дароо ичке кирди. Пайгамбарыбыздын бетин
ачты. Кайтыш болгонун көрдү. Анын денеси, жүзү, бардык жери нурдай жаркырап
жаткан эле. «Өлүмүңүз да өмүрүңүз сыяктуу кандай көркөм, йа, Расулаллах», - деп
өптү. Көпкө ыйлады. Мубарек жүзүн жапты. Үйдөгүлөргө көңүл айтты. Мечит шарифке
кирди. Минбарга чыгып, сахабаларга хутба окуду. Аллаху таалага мактоо айтып,
Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) салават айткандан кийин: «Ким
Мухаммед алейхиссаламга ыйман келтирген болсо билсин, Мухаммед алейхиссалам
кайтыш болду. Ким Аллаху таалага табына турган болсо Ал ар качан хайй (тирүү)
жана баки (түбөлүк, өлбөйт)», - деди да «Мухаммед
алейхиссалам – расул. Андан мурда да расулдар келген. Ал да кайтыш болот. Ал
кайтыш болсо же өлтүрүлсө диниңерден чыгасыңарбы? Эгер дининен чыга турган адам
бар болсо Ал Аллаху таалага зыян келтирбейт. Өзүнө зыян келтирет. Дининен
чыкпагандарга Аллаху таала соопторду берет» деген маанидеги «Али Имран»
сүрөсүнүн 144-чү аятын окуду. Сахабаларга насыят айтып, сахабаларды
тынчтандырды. Ушундайча бардыгы Расулуллахтын кайтыш болгондугуна көздөрү
жетти. Сахабалардын жүрөгүнө кайгы менен касырет канжардай кадалды. Бардыгы тең
көз жаштарын шорголотуп, сыздап ыйлашты.
Сахабалар эң
алды менен бардык иштерди башкаруу үчүн Хазрети Абу Бакрды халифа кылып
шайлашты. Ага ант берип, багынып, анын буйругу менен кыймылдай башташты.
Расулуллах
хижраттын он биринчи жылы (м.632) Рабиул-аввал айынын 12-синде дүйшөмбү күнү
шашке маал акыретке көчтү. Ал кезде камари жыл саноосу боюнча 63, шамси жыл
саноосу боюнча 61 жашта болчу.
Пайгамбарыбызды
Хазрети Али, Хазрети Аббас, Хазрети Фадл бин Аббас, Хазрети Кусам бин Аббас,
Хазрети Усама бин Зейд, Хазрети Салих жуунтушту. Жуунткан кезде денесинен
керемет жыпар жыт чыгып турду. Андан
кийин кепинделди. Бир төшөккө жаткырылып, мечитке алып барылды. Пайгамбарыбыз
өзү айтканындай бардык адамдар мечиттен сыртка чыгышты. Периштелер бөлөк-бөлөк
келишип, жаназа намазын окушту. Периштелер бүткөндөн кийин белгисиз бир үн:
«Киргиле, Пайгамбарыңардын жаназасын окугула», - деди. Сахабалар топ-топ болуп
ичке кирип, Расулуллахтын жаназасын имамсыз окушту. Адамдын көптүгүнөн жаназа
намаздары шаршемби күнү кеч карайганда араң бүттү.
Сахабалар
Пайгамбарыбыздын кабарынын казылуу маселесинде Хазрети Абу Бакр эскерткен мына
бул хадиси шарифти негизге алышты: «Пайгамбарлар
рухтарын тапшырган жерге коюлушат». Абу Талха Ансаринин (радыйаллаху анх)
мазар түрүндө казган кабырына Шаршемби күнү түндүн ортосунда коюлду. Хазрети
Аббастын баласы Кусам (радыйаллаху анх) кабырдагы кызматты бүтүрүп, эң акырынан
чыккан эле. Ал мындай деди:
«Расулуллахтын
жүзүн эң акыркы болуп көргөн адам – менмин. Анын эриндери кыймылдап жаткан эле.
Ага ийилип кулак тостум. Ал: «Йа, Раббим!
Үммөтүм!... Йа Раббим! Үммөтүм!...» - деп жалбарып жаткан эле.»
Сүйүктүү
Пайгамбарыбыз акыретке көчкөн күнү Абдуллах бин Зейд хазреттери «Йа, Раббим!
Мага мына бул эки көзүм бир гана Сенин Хабибиңдин нурдуу жүзүн кароо үчүн керек
болчу. Эми ал арабыздан кетти. Бизге
көрүнбөй турган болгондон кийин эми көздөрдүн мага кажети жок. Йа, Раббим!
Көзүмдү ала көр», - деп дуба кылды. Көздөрү көрбөй калды...