Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Динден чыгуу аракеттери




Динден чыгуу аракеттери


Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин динден чыгуу аракетери башталды. Бул аракеттер кеңири жайыла баштады. Алар менен күрөшүүгө Хазрети Абу Бакр чоң салым кошту. Эгер ошондой кайраттуу адам болбогондо бул балээ бүкүл Арабстанга жайылмак эле. Ошондуктан да, Хазрети Айша: "Расулуллахтын руху алынгандан кийин араптар динден чыкты. Нифак өрчүдү. Атамдын мойнуна түшкөн жүк тоолорго түшкөндө аларды майдалатып жибере тургандыгы акыйкат эле”, - деген.

Хазрети Абу Хурайда да: "Эгер Абу Бакр болбогондо Мухаммед алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Анын үммөтү куруйт эле”, - деген. Ал дагы: "Өзүнөн башка илах болбогон Аллахка сөз беремин, Абу Бакр халифалыкты өз мойнуна албаганда Аллахка ибадат кылган адам калмак эмес эле”, - деп, ушу сөзүн үч жолу кайталаган эле.

Абу Ражаул Утариди айтат: "Мединага кирген кезде адамдардын жыйналганын жана бир адамдын: "Мен сага курман болоюн. Валлахи, сен болбогондо биз куруйт элек”, - деп экинчи бир адамдын башын өпкөнүн көрдүм.

"Бул экөө ким?” – деп сурадым. "Муртаддар менен согушканы үчүн Абу Бакрдын башын Омар өөп жатат”, - дешти”.

Хазрети Айша мындай деди: "Атам араптар дининен чыгып жатканда кылычын чыгарып, төөсүнө минген кезде Хазрети Али төөнүн ноктосун кармап: "Сизге Расулуллахтын Ухуд согушунда айткан сөздөрүн айтайын: Кылычыңызды кынына салыңыз, өзүңүздү кооптуу ишке таштап, бизди кыйын жагдайда калтырбаңыз. Валлахи, сиздин башыңызга бир балээ келе турган болсо, сизден кийин Ислам түзөлбөйт” - деди ”. (Эгер Хазрети Али Хазрети Абу Бакрдын халифа болгонуна каршы болгондо анын согушууга барып өлүүсүн кааламак. Ушинтип, халифалык үчүн өзүнө жол ачылар эле.)

Дагы да Хазрети Айша мындай деди: "Расуллулах кайтыш болгондон кийин арап тайпаларынын көбү дининен чыкты, муртад болду. Араптар арасында яхудилик, христиандык жана мунафыктык өрчүй баштады. Мусульмандар кыш түнүндө жамгыр астында калган койлорго окшоп, чачыла баштады. Жада калса, ошол кездерде меккеликтердин көбү Исламдан чыгууга дайындалышты. Хазрети Сухайл бин Амр Каабанын эшигинин алдына туруп меккеликтерге таасирдүү сөздөрдү айтып, дининен чыгууларынын алдын алды.

Ислам тарыхында динди жокко чыгару, динден чыгуу маанисине келген "иртижа”, артка кайтуучу деген маанини берген "муртежи” сөздөрү ушул окуядан кийин колдонула баштады.

Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин мунафыктардын, яхудилердин жана христиандардын тукуруулары, азгыруулары менен адамдар топ-топ болуп диндеринен чыга башташты.

Хазрети Сухейл бин Амр Каабанын эшигинин алдына туруп, меккеликтерге мындай деди: "Эй, меккеликтер! Силер мусулман болгондордун акыркылары болдуңар. Эми динден чыккандардын, Исламдан чыккандардын биринчилеринен болуп жүрбөгүлө! Валлахи, Расулуллахтын айтканындай Аллах бул Ислам ниматын баары бир толуктайт. Мен Анын ушул мен турган жерде туруп "Мени менен бирге "Ла илаха иллаллах” дегиле, силерге карап араптар динге кирип, арап эместер силерге жизийа төлөсүн. Валлахи, Кисранын жана Кайсердин казыналары Аллах жолунда жумшалат”, - дегенин уккамын. Ошол кезде Пайгамбарыбызды мазак кылгандардын кийин мусулман болуп, зекет менен садака жыйноочу болгондорун көрдүңөр. Валлахи, калгандары да ушунтип жолго келишти. Валлахи, мен мына бул нерсени жакшы билемин: Үстүбүздөгү күн чыгып-батканча бул диндин өкүмдөрү ааламда үстөмдүгүн эч жоготпойт. Араңардагы тиги адамдар силерди алдабасын. Мен билген ушул акыйкатты ал адамдар да билишет. Бирок, алардын Хашим уулдарына деген кызганычы жүрөктөрүн акыйкат кирбегендей кылып, мөөрлөп таштаган.

Эй, адамдар! Мен Курайш тайпасынын кургакта жана деңизде унаасы эң көп адаммын. Силер ыйманыңарды сактап, амирлериңерге (башчыларыңарга) багынгыла жана ага зекеттеринңерди төлөгүлө.

Эгер бул Ислам дини мен айткандай аягына чейин уланбаса мен силердин зекеттериңерди кайтарып берүүгө кепилмин”, - деп, ыйлады.

Ушундай кийин калк басылды.

Хазрети Сухейл бин Амр таасирлүү сөздөр менен меккеликтерди дининен чыгуудан баш тарттыргандан кийин Мекке бийлөөчүсү Аттаб бин Асид ортого чыкты.

Хазрети Сухейл бин Амр Бадр согушуна мушриктер менен бирге катышып, туткунга түшкөндө Пайгамбарыбыздын Хазрети Омарга ошол тууралуу: "Бир күнү сен сын айта албаган бир жерге чыгып туруп, калкка сөз айтуусу да үмүт кылынат бул кишиден”, - дегени анын ушул сөзү экенине белги берди.

Хазрети Омар да Сухейлдин (радыйаллаху анх) сөзүн уккан кезде Пайгамбарымыздын ал тууралуу айтканын эсине түшүрүп, ичинде Расулуллахка: "Мен күбөлүк кыламын, сиз нагыз хак пайгамбар элеңиз”, - деген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш