Пайгамбарлар
биз билбеген бир өмүр менен кабырларында тирүү болушат. Олуялар менен шейиттер
да тирүү болушат. Тирүү болуулары бир гана сөз жүзүндө эмес, чыныгы түрдө иш
жүзүндө. "Али Имран” сүрөсүнүн 169-чу аятында: "Аллаху тааланын жолунда өлтүрүлгөндөрдү өлдү деп санабагыла. Алар
Раббилеринин жанында тирүү. Ырыскыландырылууда”, - делинген.
Бул аяти
карима шейиттердин тирүү экендигин көрсөтүүдө. Пайгамбарлар шейиттерден да илгери
жана жогору турат. Ислам аалымдарынын айтуулары боюнча ар бир пайгамбар шейит
болуп өлүшөт. Расулуллах алейхиссалам акыркы ооруганында: "Хайберде жеген
тамагымдын усун тамырларымда сезип турамын”, - деген. Бул хадиси шариф
Расулуллахтын шейит болгонун билдирет.
Ошондуктан,
Пайгамбарыбыздын бардык шейиттер сыяктуу кабырында тирүү экендиги ушул жерден
да түшүнүлөт. "Бухари” жана "Муслимде” билдирилген хадиси шарифте: "Мираж түнүндө Мусанын (алейхиссалам) кабырынын жанынан өткөзүлдүм. Мазарында
намаз окуп турган эле”, - делинген.
Дагы бир
хадиси шарифте: "Аллаху таала топуракка
пайгамбарларды чиритүүнү харам кылган”, - делинген. Мунун дурус экенин
аалымдар бир ооздон билдиришкен. "Бухари”менен "Муслимде”: "Аллаху таала
Мираж түнүндө бардык пайгамбарларды Пайгамбарымыздын жанына жиберди. Расулуллах
аларга имам болуп эки рекет намаз окутту”, - деп жазылган.
Намаз руку
менен сажда кылуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бал кабар алардын тирүү болуп, дене
менен намаз окугандыгын көрсөтөт. Муса алейхиссаламдын кабырында намаз окуусу
да ушуну көрсөтөт. «Мишкат» китебинин соңку томунда Мираж бөлүмүнүн биринчи
тарабынын соңунда Муслимден алып Абу Хурайранын (радыйаллаху анх) көрсөткөн бир
хадиси шарифинде: «Аллаху таала мага
көрсөттү. Муса (алейхиссалам) тердеп
туруп намаз окуп турду. Арык болчу. Чачтары жайылбаган эле. Шенъе тайпасынын
жигиттерине окшогон эле. Иса (алейхиссалам) Урва бин Масуд Сакафиге окшочу», - делинген.
Шенъе –
Йемендеги эки тайпанын аты. Бул хадиси шарифтер Пайгамбарлардын Раббилеринин
жанында тирүү экендикте рин көрсөтөт. Алардын денелери
рухтары сыяктуу назик болгон. Бүтүмдөрү катуу болбогондуктан материя жана рух
ааламында көрүнө алышат.
Ошондуктан,
Пайгамбарлар рухтары жана денелери менен көрүнүшөт. Хадиси шарифте Муса менен
Иса алейхиссаламдын намаз окугандыктары билдирилген. Намаз окуу дегенибиз – ар
түрдүү аракеттерди жасоо деген сөз. Бул аракеттер дене менен жасалат. Рух менен
жасалбайт. Муса алейхиссаламды: «Орто
бойлуу, арык, чачтарын жыйнаңкы түрдө көрдүм», - деп айтуусу рухун эмес
денесин көргөнүн көрсөтөт.
Имам Байхаки
мындай дейт: «Пайгамбарлар кабырга коюлгандан кийин руху денесине кайтарылат.
Биз аларды көрө албайбыз. Алар периштелер сыяктуу көрүнбөй турчу абалга кирет.
Бир гана Аллаху тааланын керемет иретинде буюрткан, тандалган адамдары гана
көрө алышат». Имам Суйути дагы ушундай деген.
Көптөгөн
адамдар (Расулуллахтын кабырына) салам бергенде кабырдан жооп кайтарылгандыгын
угушкан. Башка кабырлардан да саламдарга жооп берилгендиги угулган.
Хадиси шарифте
да: «Мага салам берилгенде Аллаху таала
рухумду артка кайтарат, ага жооп беремин», - делинген.
Имам Суйути
мындай дейт: «Расулуллах Аллахтын дидарын көрүү сезимине берилгендиктен
денесиндеги сезимдерди унуткан. Бир мусулман салам бергенде руху бул абалдан
чыгып, денелик сезимдери ээ болот. Дүнүйөдө ушундайлар да аз эмес. Бир дүнүйөлүк
же акыреттик иш тууралуу катуу ойлонгондо адам жанындагыны сөзүн укпай калат.
Аллахтын дидарына берилген адам башкалардын добуштарын уга алабы?»
Казы Ияд (Аяз)
хазреттери «Шифа» китебинде Сулейман
бин Сухаймдан алган риваятында: «Бир түнү түшүмдө Пайгамбарыбызды көрдүм. «Йа,
Расулаллах! Сизге келип салам бергендердин саламын билесизби?» - деп сурадым. «Ооба, билемин жана алардын саламдарына
жооп беремин», - деди», - делинген.
Пайгамбарлардын
кабырларында тирүү экендиктерин билдирген хадиси шарифтер өтө көп, алар
бири-бирин кубаттайт. Мисалы: «Кабырымдын
жанында мен үчүн окулган салаватты угамын. Алыс жерде окулгандар мага
билдирилет», - делинген. Бул хадиси шарифти Абу Бакр бин Абу Шайба
билдирген. Жана ушул сыяктуу хадиси шарифтер алты улуу хадис имамынын китептеринде
кездешет.
Хазрети
Абдуллах бин Аббастан Ибни Абуд-дуниянын жеткирген хадиси шарифинде: «Кимде-ким таанышынын кабырына токтоп салам
берсе кабырдагы мейит аны таанып, жооп берет. Тааныбаган мейитке салам берсе
мейит кубанат жана салам берет», - делинген.
Ааламдын
бардык элдеринде бир убакта салават айтып, салам берген адамдардын бардыгына
Расулуллах кандай жеке-жеке жооп берет деген суроого түшкү малда үндүн бир
заматта миңдеген калаага шоола чачканы сыяктуу деп жооп берилген.
Ибрахим бин
Бишар хазреттери: «Ажылыктан кийин Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылууга
Мединага бардым. Кабырдын алдында салам бердим. Ваалейкесселам деген жооп
уктум», - деген.
Расулуллах: «Мен
кайтыш болгондон кийин да дал тирүү кезимдегидей бардык нерселерди
билип-түшүнүп турамын», - деген. Дагы бир хадиси шарифте: «Пайгамбарлар кабырларында тирүү болуп,
намаз окушат», - делген.
Улуу олуя
Сеййид Ахмед Рифаинин жана бир нече олуялардын Расулуллахка берген саламдарына
жооп алгандыктарын жана Ахмед Рифаинин Расулуллахтын колун сүйүү абыроюна да
жеткени тууралуу көптөгөн сахих китептерде жазылган.
Имам Суйути
өзүнүн китебинде: «Бийик даражадагы олуялар Пайгамбарларды дал алар өлбөгөндөй
өмүрдөгү адам сыяктуу көрүшөт.
Пайгамбарыбыздын Муса алейхиссаламды мазарында тирүү көрүүсү мужиза эле.
Олуялардын да ушундай көрүүлөрү керемет болуп саналат. Кереметке ишенбөө
жахилдиктен келип чыгат», - деген.
Ибн Хиббан,
Ибн Мажа жана Абу Давуд билдирген хадиси шарифте: «Жума күндөрү мага көп салават окугула. Алар мага билдирилет», - делинген.
«Өлгөндөргө да
билдирилеби?» - деп сурагандарга жооп катары: «Топурак Пайгамбарлардын денесин чиритпейт. Бир момун мага
салават окуган кезде бир периште мага үммөтүңөн баланчанын баласы баланча сага
салам айтты жана дуба кылды деп кабарлайт», - делинген.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам тирүү кезинде Аллаху тааланын сахабаларга жиберген ниматы,
ырайымдуулугу болсо кайтыш болгондон кийин да үммөтү үчүн чоң нимат болуп кала
берет. Канчалаган жакшылыктардын жаратылып үммөтүнө берилүүсүнө себепчи болот.
Бакир бин Абдуллах Музенинин жеткирген хадиси
шарифинде Расулуллах: «Менин тирүү болуп мына бул өмүрдө араңарда жүрүүм
силер үчүн кайырлуу. Анткени, силер ичтеги ойлоруңарды мага айтасыңар. Мен да
силерге айтамын. Кайтыш болгондон кийин өлүмүм да силер үчүн дал ушундай
кайырлуу болот. Себеби, мен кеткенден кийин кылган амалыңар мага көрсөтүлөт.
Жакшы иштериңерди көргөнүмдө Аллаху таалага шүгүрчүлүк кыламын. Жаман
иштериңерди көргөнүмдө силер үчүн кечирим тилеймин», - деген.
Кусам бин
Аббас хазреттери Расулуллахты жерге берүү иштерине катышкан эле. Кабырдагы иш
бүткөндөн кийин эң акырында ал чыкты. Ал: «Расулуллахтын жүзүн эң акыркы болуп
көргөн адам – менмин. Кабырында
мубарек эриндери кыймылдап жатты. Ага эңкейип кулак салдым. «Йа, Раббим! Үммөтүм!.. Йа, Раббим!
Үммөтүм!..» деп жаткан эле», - деди.