Пайгамбарыбызды көрүү


Уктап жатканда же ойгоо кезде Расулуллах алейхиссалам көрүнүшү мүмкүнбү? Көрүнө турган болсо көрүнчү өзүбү же ага окшогон башка адамбы? Аалымдарыбыз буга ар түрдүү жооп беришкен.

Алар Расулуллахтын кабырда тирүү экендигин бир ооздон айтышкандан кийин анын көрүнө тургандыгын да айтышкан. Ушундай экендиги хадиси шарифтерден да түшүнүлөт. Бир хадиси шарифте: «Мени түшүндө көргөн адам ойгоо кезинде көргөндөй болот», - делинген. Ошондуктан, Имам Навави: «Аны түштө көрүү – Анын өзүн көрүү», - деди. Хадиси шарифте: «Мени түшүндө көргөн адам дурус көргөн. Анткени, шайтан менин кейипиме кире албайт», - делинген.

Ибрахим Лакани мындай дейт: «Хадис аалымдары Расулуллахтын түштөгү сыяктуу ойгоо кезде да көрүнө тургандыгын бир ооздон билдиришкен. Эки жагдайга тең бир нече мисал келтирүүгө болот:

Муинуддин Чешти хазреттери барган элдеринде кабырларды зыярат кылып, ошол жерлерде бираз болчу. Барган жеринде таанымал болуп, атагы таралгандан кийин эч кимге билдирбестен жашыруун түрдө ал жерден кетип калчу. Ушундай саякаттарынын бири Мекке сапары эле. Меккеге барып, Каабаны зыярат кылды. Бираз убакыт Меккеде болуп, ал жерден Мединаи Мунавварага барды. Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылган күнү анын күмбөзүнөн «Муинуддинди чакыргыла» деген үн угулду.

Бул үндү уккан чыракчы «Муинуддин» деп кыйкырды. Бир нече жерден «Лаббай, мырзам» деген үн угулду. Кийин зыяратчылар:

«Кайсы Муинуддинди сурап турасыз, бул жерде Муинуддин атуу көп адам бар», - дешти.

Ушундан кийин чыракчы кайра кайтып, Равда-и мутаххаранын эшигинин алдына барып турду. Эки жолу «Муинуддин Чештини чакыр!» деген үндү укту. Чыракчы жамаатты карап: «Муинуддин Чештини сурап жатат», - деп кыйкырды.

Муинуддин Чешти хазреттери бул сөздөрдү угуп, башкача абалга түштү. Ыйлап, көз жашын төгүп, салават окуп, Пайгамбарыбыздын кабырына жакындап, адеп менен турду. Ушул кезде: «Эй, Кутб-ул-машаих! Ичке кир!» - деген добушту укту.

Пайгамбарыбыз: «Сен менин диниме кызмат кылуучусуң. Сенин Индустанга барууң керек. Индустанга бар. Ошол жерде Ажмир деген калаа бар. Ошол жерде менин неберем (урпагыман) Сеййид Хусейн деген адам бар. Ал жерге жихад ниети менен кеткен болчу. Ал азыр шейит болду. Ажмир капырлардын колуна өтөйүн деп турат. Сенин ал жерге барууңдун берекеси менен ал аймакка Ислам тарайт жана капырлар куруп, күчсүз жана таасирсиз калат», - деди. Кийин Муинуддин хазреттерине бир анар берип: «Мына бул анарды дыкатту карап, кайда бара тургандыгыңды көрүп ал», - деди.

Муинуддин Чешти Пайгамбарыбыздын берген анарын алып карады, чыгыш менен батыштын арасын толук көрдү.

Ахмед Рифаи хазреттери ажылыкка барган эле. Кайтаарында Мединаи Мунавварада Пайгамбарыбыздын мубарек кабырына барып, мына мындай ыр саптарын айтты:

«Алыс элек, топурагыңызды Өбүш үчүн эй Мырзам.

Келе албай, өз ордума Рухумду жиберчү элем. Эми зыярат кылуу Ниматы болду насип. Колуңузду берсеңиз, Бир өбөйүн, эй Хабиб!»

Ырды айтып болгонунда Пайгамбарыбыздын кабырынан мубарек колдору көрүндү. Сеййид Ахмед Рифаи ийилип, урмат менен Пайгамбарыбыздын колун өптү. Ошол жердегилердин бардыгы тең бул окуяга таңдануу менен күбө болушту.

Пайгамбарыбыздын мубарек колдорун өпкөндөн кийин Равдаи мутаххаранын эшигинин босогосуна жатты. Ыйлап, ошол жердеги жамаатка «Мени басып өткүлө» деп жалынды. Аалымдар башка эшиктерден чыгууга мажбур болушту. Ушул керемет ооздон оозго өтүп, бизге чейин келип жеткен.

Ибн Абидин хазреттеринин динге баш ийүүсүнүн таң ажайып абалдары, кереметтери менен аңыздары өтө көп. Бул аалым беш убак намазда Аттахыййатты окуган кезинде Расулуллахты өз көзү менен көрчү. Көрбөсө «намазым туура болбоду» деп ошол намазды кайрадан окучу.

Ислам аалымдарынан экинчи миң жылдыктын мужаддиди Имам Раббани Ахмед Фаруки Серхенди мындай дейт: «Рамазандын акыркы он күнүнүн биринде төшөгүмдө жаткан элем. Көзүмдү жумуп жаттым. Төшөгүмө бирөөнүн келип отурганын сездим. Көзүмдү ачканда Пайгамбарыбызды көрдүм

Ал: «Сага ижазат жазууга келдим. Эч кимге мындай ижазат жазган эмесмин», - деди. Карасам ал ижазатнаманын текстинде бул дүнүйөгө таандык чоң лутуфтар, аркасында болсо о дүнүйөгө таандык инаяттар жазылган эле.»

Абдулкадир Гейлани «Гунйа» китебинде Ибрахим Тамимиден алып мындай дейт: «Хызыр алейхиссалам мага: «Эгер түшүңдө Расулуллахты көргүң келсе шам намазын окугандан кийин  туруп аввабин намазын окуйсуң, куптанга чейин эч ким менен сүйлөшпөйсүң. Ар эки рекетте бир салам бересиң. Ар рекетте бир Фатиха сүрөсүн жана жети жолу Ихлас сүрөсүн окуйсуң. Куптан намазын жамаат менен окугандан кийин үйүңө барып, витирди окуйсуң. Уйкуга жатаарда да эки рекет намаз окуп, ар рекетте Фатихадан кийин Ихлас сүрөсүн жети жолу окуйсуң. Намаздан кийин сажда кылып, жети жолу Аллаху таалага истигфар айтып, жети жолу «Субханаллахи валхамдулиллахи вала куввата илла биллахил алиййил азыйм» дейсиң. Кийин башыңды саждадан көтөрүп, отуруп, колдоруңду ачып, «Йа хаййу, йа каййум, йа зал жалали вал икрам, йа илахал аввалина вал ахирин ва йа Рахман-ад-дунйа вал ахирати ва рахимахума, йа Рабби, йа Рабби, йа Рабби, йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах» дейсиң. Кийин ордуңан туруп, ошол дубаны кайра окуйсуң. Кийин саждага барып ушул дубаны дагы окуйсуң. Кийин башыңды саждадан көтөрүп, кыбылага карап каалаган калыбыңда жатып уктайсың. Уйкуга кеткенче Пайгамбарыбызга салават айтысың», - деди.

Мен: «Бул дубаны сага үйрөткөн адамды мага билдир», - дедим. Хазрети Хызыр: «Мага ишенбейсиңби?» - деди. «Мухаммед алейхиссаламды хак Пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, сага ишенемин», - дедим.

Хызыр алейхиссалам: «Мен Расулуллахтын бул дубаны үйрөткөн жана осуят кылган кездеги сухбатына катышкамын. Бул дубаны Ал үйрөткөн адамдардан үйрөнүп алдым», - деди.

Мен Хызыр алейхиссалам айткандай кылдым. Төшөгүмө жатып Пайгамбарыбызга салават айта баштадым. Пайгамбарыбызды көрөмүн деген кубанычтан уйкум ачылып, таңга чейин уктай албадым.

Багымдат намазын окуп, күн көтөрүлгөнчө отурдум. Духа (шашке) намазын окудум. Өз-өзүмө: «Кечке жетсем кече кылганымды дагы жасаймын», - дедим. Ошол кезде уктап калыптырмын. Түшүмдө периштелер келип, мени Жаннатка алып барышты. Ал жерде жакут, асыл таштар менен инжилерден жасалган үйлөр менен сарайлар, бал, сүт жана Жаннат суусундарынан өзөндөрдү көрдүм.

Мени Жаннатка алып барган периштелерден: «Мына бул үй кимге?» - деп сурадым. Периштелер: «Сен кылган амалды кылгандарга», - деди. Жаннаттын даамдарын жегизип, суусундарынан ичмейинче мени ал жерден чыгарбады. Кийин мени Жаннаттан чыгарып, баягы ордума алып келди.

Кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам жанынан жетимиш пайгамбар жана ар сабы батыш менен чыгыштын арасындай болуп жетимиш сап периштелер менен келип, мага салам берип, колуман кармады. Ушул кезде мен: «Йа, Расулаллах! Хызыр алейхиссалам мына бул хадиси шарифти сизден уккандыгын айтты», - дедим. Пайгамбарыбыз: «Хызыр туура айтыптыр. Айткандары чын. Хызыр жер бетиндегилердин эң аалымы. Дервиштердин башчысы. Жер бетиндеги Аллах аскерлеринин бири», - деди.

Мен: «Йа, Расулаллах! Мен орундаган амалды орундаган адамга менин көргөнүмөн башка нерсе көрсөтүлөбү?» - дедим. «Сенин көргөнүңөн артык эмне билүү мүмкүн? Сен Жаннатагы ордуң менен макамыңды көрдүң. Жаннаттын жемиштеринен жеп, суусундарынан ичтиң. Мени менен бирге периштелер жана пайгамбарларды көрдүң. Хури кызыңды көрдүң», - деди.

«Йа Расулаллах! Мен орундаган амалды орундап, түшүндө менин көргөнүмдү көрбөгөн адамга мага ихсан болгон нерселер берилеби?» - дедим. «Мени хак пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, ал адамдын кылган чоң күнөөлөрү кечирилет. Аллаху тааланын ал адамга деген ачуусу басылат. Мени хак пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, бул амалды кылган адам түшүндө сенин көргөнүңдү көрбөсө да сага берилгендер ага да берилет. Көктөн бир добуш Аллаху таала бул ишти кылган адамды жана чыгыштан батышка чейинки Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүн кечирди деген добуш келет», - деди.

«Йа, Расулаллах! Сиздин жамалыңыз менен Бейишти көргөнүмдөй ал адамга да ушулар насип болобу?» - дедим. «Ооба, бардыгы тең берилет», - деди. «Йа, Расулаллах!  Эркек жана аял бардык момундарга ушул дубаны үйрөтүү жана сообун билдирүүгө болобу?» дегенимде: «Мени хак пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, бул ишти Аллаху тааланын бактылуу кылып жараткан адамдарынан башка адам кылбайт», - деди.

Түшүндө Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын чын жүзүн көргөн адам анын өзүн көргөн болуп саналат. Анткени, шайтан анын кейпине кире албайт. Бирок, шайтан башка кейипке кирип көрүнө алат. Расулуллахты тааныбаган адамдын аны айырмалай алуусу оңойго турбайт.

Кээ бир аалымдар: «Пайгамбарыбызды ар түрдө көрүү анын өзүн көрүү болот. Бирок, бул ал адамдын диндеги кемчилигинин белгиси. Пайгамбарыбызды түшүндө чын түрү менен көргөн жана момун болуп кайтыш болгон бардык адам Жаннатка барат», - дешкен.

Абу Хурайра (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын мындай хадиси шарифин билдирди: «Бир адам Жума түнүндө эки рекет намаз окуса ар рекетте Фатиха менен Аятул курсини бир-бирден, Ихлас сүрөсүн он беш жолу окуса, намаздан кийин миң жолу «Аллахумма салли ала Мухаммедин набии-ул- уммии» десе келерки Жума келе электе мени түшүндө көрөт. Ал адамдын өткөн жана келечектеги бардык күнөөлөрү кечирилет. Жаннат мени көргөндөр үчүн дайындалган».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш