Пайгамбарыбыз:«Кимде ким мен кайтыш болгондон кийин
мени зыярат кылса мени тирүү кезинде зыярат кылгандай болот», - деген.
«Мирати-и Медина» китебинде билдирилген бир хадиси шарифте: «Кабырымды зыярат кылган адамга шапаат
кылуум важиб болду», - делинген. Бул хадиси шарифти Ибн Хузейма, Беззар,
Дара Кутни жана Табарани жеткирген. Баззар хазреттеринин билдирген башка бир
хадиси шарифте: «Кабырымды зыярат кылган
адамга шапаатым халал болду», - делинген.
«Муслим-и шариф» китебинде жана Абу
Бакр бин Меккаринин «Муъжам»
китебинде билдирилген хадиси шарифте: «Бир
адам мени зыярат кылууга келсе жана башка нерсеге ниети болбосо кыямат күнү ага
шапаат кылуума ылайык болот», - делинген. Бул хадис Расулуллахты зыярат
кылуу үчүн Мединага баргандарга шапаат кыла тургандыгын билдирет.
Дара Кутни
жеткирген башка бир хадиси шарифте: «Ажылык
кылып, мени зыярат кылбаган адам мени таарынткан болот», - делген. Расулуллахтын өзүн зыярат кылууну каалоо үммөтүнүн
ушул жолдон да сооп алуулары үчүн. Ошондуктан, фыкых аалымдарыбыз ажылык милдетин аткаргандан кийин Мединага барып,
Пайгамбар мечитинде намаз окушчу. Кийин Равда-и мутаххара менен минбар-и
мунирди жана Арши аладан абзал болгон кабырын, кийин отурган, жүргөн, сүйөнгөн
жерлерин, вахий келгенде таянган тиреги жана мечит салынып жатканда жана оңдоо
жүргүзүлгөндө иштеген жана акча берүү урматына ээ болгон сахабалардын,
табииндин ткөн жерлерин зыярат кылчу. Алардан кийин келген аалымдар менен
салихтер да ажылыктан кийин Мединага барып, фыкых аалымдарыбыздын жасагандарын
жасашчу. Азыр да ажылар ушуну карманып, Мединага зыяратка барышат.
Ислам
аалымдарынын чырагы – Абу Ханифа хазреттери: «Мустахабдардын эң жогоруларынан
бири болгон «кабырды зыярат кылуу иши» важиб даражасына жакын бир ибадат болуп
саналат», - деген.
Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат
кылууга барган адамдын көп салават айтуусу керек. Окулган бул салават менен
саламдардын Пайгамбарыбызга жете тургандыгы хадиси шарифте билдирилген.
Сүйүктүү Пайгамбарыбызды зыярат кылуу адеби мындайча түшүндүрүлөт:
Медина калаасы алыстан көрүнгөн
кезде салават менен салам айтылат. Кийин: «Аллахумма
хаза хараму набиййика, фажалху викайатан ли мин-ан-нар ва аманан мин-ал-азаб ва
су-ил-хисаб» деп айтылат. Мүмүкүндүк болсо калаага же мечитке кирерден
мурда гусул алынат. Жакшы жыт себинет. Жаңы, таза кийим кийилет. Анткени,
булар таазим менен урматты билдирет. Медина-и мунавварага салмактуу, карапайым
жана үнсүз кирилет. «Бимиллахи ва ала
миллати Расулиллах» дегенден кийин «Исра» сүрөсүнүн 80-чи аятын окуу керек.
Андан кийин «Аллахумма салли ала
Мухаммедин ва ала аали Мухаммед. Вагфир ли зунуби вафтах ли абваба рахматика ва
фадлика» деп, Масжидул Набавиге кирилет. Кийин Расулуллахтын минбарынын
жанында эки рекет тахиййатул-масжид намазын окуу керек, минбардын тиреги оң
далыга келе тургандай болуп туруу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ушул жерде намаз окучу. Бул жер – Пайгамбарыбыздын кабыры менен минбарынын
арасы. Хадиси шарифте: «Кабырым менен
минбарымдын арасы Бейиш бакчаларынын бир бакчасы. Минбарым хавузумдун үстүндө», - делинген. Кийин зыярат кылуучу
адам Аллаху таалага Расулуллахтын мубарек кабырын зыярат кылууну насип эткени
үчүн сажда кылуу керек. Дубадан кийин туруп Пайгамбарыбыздын кабырына,
кабырындагы бөлмөсүнө жакындоо керек, арканы кыбылага каратып Расулуллахтын
жүзүнө карап эки метр узакта адеп менен туруу керек. Андан жакын барууга
болбойт. Кичи пейилдик менен башын ийип турат. Аллаху тааланын Курани кариминде
буюрганындай Расулуллахка ал тирүү болуп, анын жанында тургандай адеп менен
туруу керек. Колун кабырдын дубалына койбой, алысыраак, адеп менен туруу аскан
урматтуулукту билдирет. Намазда тургандай туруу керек.
Расулуллахын
мубарек келбетин көз алдына элестетип, анын өзүн тааный тургандыгын, сөзүн,
саламын жана дубаларын уга тургандыгын, жооп берип, амин дей тургандыгын ойлоо
керек. Пайгамбарыбыз: «Ким мага
кабырымда салават окуса аны угамын», - деген. Дагы бир хадиси шарифте
Расулуллахтын кабырына бир периштенин өкүл кылып калтырылганы, ал периштенин
үммөтүнөн салам бергендердин саламын ага жеткире тургандыгы айтылган. Кийин: «Ассаламу алейка йа Сеййиди йа Расулаллах!
Ассаламу алейка йа набиаллах! Ассаламу алейка йа Сафийаллах! Ассаламу алейка йа
Хабибаллах! Ассаламу алейка йа Набиаррахмати! Ассаламу алейка йа Шафиал-уммати!
Ассаламу алейка йа Сеййид-ал мурсалин! Ассаламу алейка йа Хатаманнабиин!»
Аллаху таала сизге эң жогору сый менен
жакшылыктарды ихсан кылсын. Мен сиздин пайгамбарлык милдетиңизди аткарганыңызга
күбөлүк кыламын. Аманатты орундадыңыз. Үммөтүңүзгө насыят айттыңыз. Кайтыш
болгонго чейин Аллаху тааланын жолунда жихад кылдыңыз. Аллаху таала сизге
кыямат күнүнө чейин салават менен салам айтсын. Йа, Расулаллах! Биз сизге өтө
алыс жерлерден келдик. Сиздин кабырыңызды зыярат кылуу, сиздин акыңызды өтөө,
сиздин жасагандарыңыздын өз баасын берүү, сизди зыярат кылуу, сиздин Аллаху
тааланын хузурунда бизге шапаатчы болууңузду сурап келдик. Анткени, каталарыбыз
башыбыздан ашат. Күнөөлөрүбүз далыбыздан басты. Йа, Расулаллах! Сиз ары шапаат
кылуучу, ары шапааты кабыл кылынган адамсыз. Махмуд макамы сизге убада
кылынган.
Аллаху таала да Курани каримде («Ниса»
сүрөсүнүн 64-чү аятында): «Биз ар бир
пайгамбарды бир гана Аллаху тааланын буйругу менен (өзүнүн коому) ага баш ийүү
үчүн жибердик. Алар зулумдук жасагандан кийин келип, Аллаху тааладан кечирим
сурашат. Расулум да алар үчүн кечирим тилесе, Аллаху тааланы албетте тооболорду
кабыл кылуучу жана ырайымдуулук кылуучу абалда табат», - деген. Биз сиздин даргахыңызга келдик.
Бирок, биз өзүбүзгө зулумдук жасадык. Күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүн сурайбыз», - деши керек.
«Йа, Расулаллах! Аллаху тааланын даргахында
бизге шапаат кылыңыз. Йа, Расулаллах!
Аллаху тааладан биздин рухубузду сүннөтүңүз боюнча алуусун, эртең кыямат
күнүндө сиз менен бирге махшар жерине бара тургандардын арасына кошууну, сиздин
булагыңызга барып, ошондон ичүүнү насип кылуусун тилеңиз. Йа Расулаллах! Сизден
шапаатыңызды сурап келдик», - деп
дуба кылуу керек жана «Эй, Раббибиз!
Бизди жана бизден мурунку ыйман келтирген туугандарыбызды кечире көр. Ыйман
келтиргендерге жүрөгүбүздө эч кандай кек калтырба. Эй, Раббибиз! Чынында, сен
шапаат менен ырайымдуулук ээсисиң» деген маанидеги «Хашр» сүрөсүнүн 10-чу
аятын окуу керек.
Кийин салам
айтып жибергендердин саламын жеткирип, «Ассаламу
алейка йа Расулаллах! Мына бул адам сиздин Аллаху тааланын алдында ага шапаатчы
болууңузду каалайт. Ага жана бардык мусулмандарга шапаат кылыңыз» деш керек
жана каалаганынча салават окуу керек. Кийин жарты метр оң жакка, Абу Бакр
Сыддыктын (радыйаллаху анх) баш жагына барып, «Ассаламу алейка йа халифата Расулиллах! Ассаламу алейка йа рафикаху
фил-гаар! Ассаламу алейка йа аминаху алал-асрар! Аллаху таала ушул үммөтүнүн
имамы иретинде сизге жогору даражада сый берсин. Сиз Расулуллахка эң жогорку
сыпатта халифа болдуңуз. Эң жакшы түрдө анын сүннөтүн кармандыңыз. Муртаддар менен
жана туура жолдон тайгандар менен күрөштүңүз. Ар дайым акыйкатты айттыңыз.
Кайтыш болгонго чейин хак жолдогуларга көмөкчү болдуңуз. Аллаху тааланын
саламы, ырайымы менен берекеси жаасын. Аллахым! Ырайымдуулугуң менен, ага деген
сүйүүбүз менен рухубузду ал. Ага деген зыяратыбызды бош кылба», - деп дуба
кылуу керек. Кийин дагы жарты метр оңго жылып, Хазрети Омардын кабырынын тушуна
туруп, «Ассаламу алейка йа Эмир-ал муминин. Ассаламу алейка йа Музхир-ал Ислам!
Ассаламу алейка йа Муксир-ал-аснам! Аллаху таала сизге эң жакшы сыйларды
берсин. Тирүү кезиңизде да, кайтыш болгон соң да Ислам менен мусулмандарга
көмөк бердиңиз. Жетимдерге кепил болдуңуз. Туугандарга жакшылык жасадыңыз.
Мусулмандарга алар өзүнөн ыраазы болгон, туура жолду карманган жана адамдарды
туура жолго чакырган жол баштоочу болдуңуз. Алардын мүшкүлдүктөрүн чечтиңиз,
иштерин иреттедиңиз. Кедейлерин байыттыңыз, жараларын таңдыңыз. Сизге Аллаху
тааланын саламы, ырайымы менен берекеси жаасын!» - деш керек.
Кийин хазрети
Абу Бакр менен Хазрети Омарга (радыйаллаху анхум) «Ассаламу алайкума йа даджиай-Расулиллах ва рафикайхи ва вазирайхи
муширайхи вал муавинайни лаху алал-киями фид-дини вал каимайни бадаху
би-масалих-ил-муслимин! Аллаху таала сиздерге эң жакшы сыйларды берсин. Расулуллахтын
бизге шапаат кылуусун Аллаху тааладан, биздин эмгегибизди кабыл кылуусун,
биздин Ислам дини боюнча өлүп, ошол боюнча тирилүүбүздү, кыямат күнү
Расулуллахка жакын адамдардын арасына жыйноосун тилөө үчүн сиздерди
Расулуллахтын жанында васила кылабыз»,- деш керек.
Кийин өзүнө,
ата-энесине, дуба сурагандарга жана бардык мусулмандар үчүн дуба кылуу керек.
Ошондон кийин Расулуллах алейхиссаламдын мубарек жүзүнө карап: «Эй, Аллахым! «Биз бардык пайгамбарды бир гана Аллаху тааланын буйругу менен коомунун
өзүнө багынуу үчүн жибердик. Алар өздөрүнө зулумдук жасагандан кийин келет,
Аллаху тааладан кечирим сурайт. Расулум да алар үчүн истигфар кыла турган болсо
Аллаху таала албетте тооболорду кабылдап, ырайымдуулук кылат», - деп буюрасың. («Ниса» сүрөсү, 64) Йа, Раббим! Сенин улуу сөзүңө баш ийип,
буйругуңа моюн сунуп, сүйүктүү Пайгамбарыңдын Сенин даргахыңда бизге шапаат
кылуусун каалайбыз» деп дуба кылгандан кийин алдында окуган «Хашр»
сүрөсүнүн «Эй Раббибиз! Бизди жана ыйман менен бизден мурда өткөн туугандарыбызды
кечире көр. Ыйман келтиргендер үчүн жүрөгүбүздө кек калтырба. Эй, Раббибиз!
Акыйкат, сен өтө шапаатчыл жана ырайымдуусуң» деген маанидеги 10-чу аятын
жана «Раббанагфир лана ва ли-аба-ина ва
ли-уммахатина ва ли-ихванинал-лазина
сабакуна бил-имани», «Раббана атина...» жана «Субхана раббика...» аяттарын
окуп, хүжра-и саадатка (Мединадагы Пайгамбарыбыздын, Хазрети Абу Бакрдын жана
Хазрети Омардын кабырлары жайгашкан бөлмөгө) кылган зыяратын аяктайт.
Андан кийин
Расулуллахтын кабыры менен минбары арасындагы Абу Лубаба хазреттеринин өзүн
байлап тообо кылган тирекке барат. Ушул жерде эки рекет намаз окуп, Аллаху
таалага тообо кылып, истигфар кылат. Каалаган дубаларын окуйт. Кийин Равда-и
мутаххарага (Пайгамбарыбыздын кабыры менен мечитинин ошол доордогу минбарынын
арасындагы жер) барат. Бур жер төрт бурч шекилиндеги жер. Бул жерде каалашынча
намаз окуйт. Дуба окуйт. Таспихтерди айтат. Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылат.
Кийин минбарга барат. Расулуллахтын берекесине жетүү ниети менен Пайгамбарыбыз
хутба окуганда мубарек колун коюп тура турчу жерине өз колун коёт. Ушул жерде
эки рекет намаз окуйт. Аллаху тааладан тилектерин сурайт. Аллаху тааланын
(ачуусунан) азабынан ырайымдуулугуна сыйынат. Кийин Ханнана тирегине барат. Бул
тирек -Расулуллах хутба окуу үчүн минбарга өткөн кезде өзүн таштап кеткени үчүн
ыйлап, кийин Пайгамбарыбыз аны барып кучактаганда тынчтанган тирек. Бул жерде
болгон кезинде түндү Курани карим окуу менен өткөрүп, Аллаху тааланы зикир
кылуу менен, минбар менен кабырдын жанында ачык жана ичтен дуба окуу менен жана
рабыта кылуу менен алектенүү керек.
Расулуллахтын
мубарек жубайларынын бөлмөлөрү Пайгамбар мечитинин курамына кошулуудан мурда
хужра-и саадаттын кыбла жагында орун өтө аз эле. Ал жерде муважаха-и саадатка
(кабырдын кыбыла жак бетине) карама-каршы туруу кыйын болчу. Зыяратчылар
хужра-и саадаттын равда-и мутаххара дубалындагы эшиктин алдында кыбылага карап
туруп салам берчү. Ошондон кийин Имам Зайнал Абидин равда-и мутаххараны арт
жагында калтырып салам берчү. Узак жылдар бою зыярат ушундайча кылынды. Мубарек
аялдарынын бөлмөлөрү мечитке кошулгандан кийин муважаха-и шарифа терезеси
алдында туруп зыярат кылына турчу болду.
Хазрети
Айшанын бөлмөсү үч метр бийиктикте, кирпич менен курма бактарынан салынган эле.
Батыш жана түндүк жагында эки эшиги бар. Батыштагы эшиги равда-и мутаххара
жагында. Хазрети Омар халифалыгынын соңку жылдарында касиеттүү мечитти кеңейтип
жаткан кезде хужра-и саадаттын айланасына таштан дубал салдырды.
Абдуллах бин
Зубайр халифалыгы кезинде бул дубалды кулатып, кара таштан андан да мыкты кылып
салдырды. Үстү ачык болгон дубалдын түндүк жагында бир эшиги бар болчу. Хазрети
Хасан кырк тогузунчу жылы кайтыш болгон кезде осуяты боюнча Хазрети Хусейн
агасынын денесин хужра-и саадаттын эшигине алып келип, дуба кылайын деп жаткан
кезде ушул жерге коюлат деп ойлоп ичке киргизилүүсүн каалабагандар чыккандан
кийин Баки мазарлыгына жерге берди. Алдыда мындай окуяларга туш келбөө үчүн
халифалар дубал менен бөлмөнүн эшигин жаптырып салышкан.
Омаяддар
(Амавилер) халифасынын алтынчысы Валид Мединанын бийлөөчүсү болуп турган кезде
Мечит саадаттын дубалын бийиктетип, төбөсүн чакан күмбөз менен жаптырды. Үч
кабыр сырттан көрүнбөй тургандай жана ичине кирүүгө болбой тургандай болуп
калды. Омар бин Абдулазиз Медина бийлөөчүсү болуп турганда 707 (х.88) жылы
халифа Валиддин буйругу менен Пайгамбарыбыздын аялдарынын бөлмөлөрүн буздуруп,
Мечит саадатты кеңейтти. Ошону менен катар ушул дубалдын айланасына беш бурчтуу
жана эшиксиз экинчи бир дубал тургузду.
Иракта
Зенгилер башкарган Атабектер мамлекетинин вазири жана Салахаддин Аййубинин
агасынын уулу болгон Жамалиддин Исфахани 1189 (х.584) жылы хужраи саадаттын
сырткы дубалынын айланасына сандал жана кара бактан мечиттин төбөсүнө чейин
созулган тор жасатты. Бирок,
өрт чыгып, 1289-жылы өрттөнүп кеткенден кийин анын ордуна темирден жасалып,
жашылга боёлду. Бул тор шебеке-и
саадат деп аталат. Шебеке-и саадаттын кыбыла жагы муважаха-и саадат, чыгыш жагы кадам-и
саадат, батыш жагы равда-и
мутаххара, түндүк жагы хужра-и
Фатима деп аталат. Мекке-и
мукаррама Медина-и мунавваранын түштүгүндө болгондуктан Наби мечитинин
ортосунда, б.а., равда-и мутаххарада кыбылага караган адамдын сол жагында
хужра-и саадат, оң жагында минбари шариф жайгашкан болот. 847 (х.232)-жылы
шебеке-и саадат жайгашкан жери менен сырткы дубалдардын арасына жана ушул
жердин сыртына мраморлор төшөлдү. Бул кызматты эң акырынан Султан Абдулмажид
хан аткарды.
Хужра-и
саадаттын беш бурчтуу дубалдары менен кошо үстүнө куббатун-нур деген чакан күмбөз да жасалган эле. Осман падышалары
жиберген кисва-и шарифа (жабуу) да
ушул күмбөздүн үстүнө жабылды. Куббатун-нурдун үстүнө келе турчу Мечит саадаттын
чоң жашыл күмбөзү куббатул-хадра деп
аталат. Шебеке-и саадат деген тордун сырткы жагына жабылган жабуу куббатул-хадра
деген кемерлерге асылган. Ушул ички жана сырткы пардалар саттара деп аталат.
Шебеке-и
саадаттын чыгыш, батыш, түндүк, жактарында бир-бирден эшиктер бар. Шебеке-и
саадаттын ичине Харем шариф кожоюндарынан башка адам кире алчу эмес. Ансыз да
эшиги менен терезеси жок, бир гана күмбөздүн ортосунда бир тешик бар, ал темир
торлор менен жабылган. Ушул тешиктин туурасында куббатул-хадрага да бир тешик
ачылган. Мечит шарифтин күмбөзү 1837 (х.1253) жылга чейин коргошун түстө болчу.
Стамбулдагы Султан Экинчи Махмуд Адли хандын буйругу менен жашылга боёлду. 1872
(х.1289)-жылы Абдулазиз хандын буйругу менен кайтадан боёлду.
Мечит саадатты
оңдоого жана кооздотууга Султан Абдулмажид хан сыяктуу көп акча жумшап, күчүн
салган адам болгон эмес. Ал харамейнди (Мекке менен Мединаны) оңдоого жети жүз
миң алтын жумшап, оңдоо иштери 1861 (х.1277)-жылы аяктаган.
Пайгамбар
мечитин оңдоо үчүн миңдеген алтын жумшаган Султан Абдулмажид хан анын мурунку
калыбын Стамбулдагы Хырка-и шариф мечитинде көрүүнү каалап, 1850-жылы инженер
мектептеринин устаттарынын бири, сүрөтчү Хажы Иззет Мырзаны Мединага жиберди.
Иззет Эфенди пайгамбар мечитинин бардык жерлерин өлчөп, элүү үч эсе
кичирейтилген үлгүсүн бир жылда жасап чыгып, Стамбулга жиберип, ал эми Султан
Абдулмажид хан жасаткан Хырка-и шариф мечитине коюлган.
Абдулмажид
хандын оңдоосунан кийин кыбыла дубалы менен шебеке-и саадаттын арасы жети жарым
метр, чыгыш дубалынан кадам-и саадат торуна алты метр, шебеке-и Шаминин кеңдиги
он бир метр, муважаха-и шарифа тору менен шебеке-и Шами арасындагы алыстык он
тогуз метр болду. Небеви мечитинин кыбыла тарабынан кеңдиги жетимиш жети метр,
кыбыла дубалынан Шами дубалына чейинки узактыгы жүз он жети метр. Хужра-и
саадат менен минбар арасындагы равда-и мутаххаранын кеңдиги он тогуз метр.
Османдыктар тарых сахнасынан кеткенден кийин Ислам ааламы башсыз калгандыктан
ушул ыйык калааларды ээлеп алгандар өз ойлоруна салып бир катар өзгөртүүлөрдү
киргизишти. Ушундайча Ислам халифаты доорундагы такыбаа жана салих мусулмандар
жасаткан баа жеткис тарыхый баалуулуктар кыйратылып, талкаланды.
Пайгамбарыбызды
зыярат кылгандан кийин Баки мазарлыгына баруу, ал жердегилерди зыярат кылуу
дагы мустахаб. Кийин башка кабырларды, айрыкча, шейиттердин мырзасы болгон Хазрети
Хамзанын кабырын зыярат кылуу керек. Ошондой эле, Бакиде Хазрети Аббасты жана
ошол жердеги Хасен бин Алини, Зейнелабидинди, уулу Мухаммед Бакир жана баласы
Жафар Садык, эмирул-муминин Хазрети Османды, Расулуллахтын уулу Ибрахимди,
Пайгамбарыбыздын ошол жердеги жубайларын, эжеси Сафияны жана башка сахабалар
менен табииндерди зыярат кылуу керек. Бакидеги Фатима мечитинде намаз окуу
керек. Бейшемби күнү Ухуд шейиттерин зыярат кылуу мустахаб. Ал жерде «Саламун
алайкум бима сабартум. Фанима укбаддар. Саламун алайкум йа ахла
дар-ил-кавмил-муминин ва инна иншаллаху ан карибин бикум лахикун» деш керек.
Хужра-и
саадатты зыярат кылгандардын өтө дыкат болуулары керек.
Көңүлдөрүндө дүнүйөлүк ой болбоо керек. Мухаммед алейхиссаламдын касиеттүү нуру
менен даражасынын улуулугун ойлоо керек. Дүнүйө иштерин жана чоң адамдар менен
кездешип, пайда көрүүнү жана соода-сатык ниетинде кылынган дубаларды Аллаху
таала кабыл кылбайт, тилектерин кабыл кылбайт.
Хужра-и саадатты зыярат кылуу
маанилүү ибадат болуп саналат. Буга ишенбегендердин ыймансыздыктарынан
коркулат. Анткени, булар Аллаху таалага, Расулуна жана бардык мусулмандарга каршы
чыккан болуп саналат. Малики аалымдарынын бир канчасы Расулуллахты зыярат кылуу
важиб деген болсо да анын мустахаб экендигине аалымдар бир ооздон чечим
кабылдашкан.