Пайгамбарыбыз менен бардык убакытта – ал
жаратылуудан мурда, жаратылганынан кийин, өмүрүндө жана кайтыш болгондон кийин
кабыр ааламында тавассул кылынган, кыямат күнү тирилгенден кийин Арасат
майданында жана Бейиште да тавассул кылынат. Мындайча айтканда Пайгамбарыбызды
ортого коюп Аллахтан тилектер суралган. Аллахү тааланын өз махабатына жетүүдө,
Ага жакындоо менен муктаждыктардын канааттандырууларына себепчи кылган туш
келген нерсеси тавассулга (себепчи, васила) жатат.
Расулуллах менен тавассул кылуу, башкача айтканда,
Расулуллахты Аллаху тааланын алдында өз тилектеринин кабыл болушуна василе
(себепчи, арачы) кылуу, анын жардамын жана шапаатын суроо жаиз. Булар –
пайгамбар алейхимуссалам, салаф-и салихин, аалымдар жана башка да
мусулмандардын кылымдардан бери жасап келе жаткан амалдары. Мусулмандардын эч
кайсынысы буга жаман көз менен караган эмес. Азыркыга чейин жолдон адашкан
сектанттардан башка буга каршы чыккан эчким кездешкен эмес.
Адамдардын атасы Адам алейхиссалам жер бетине
түшүрүлгөн кезде Расулуллах алейхиссаламды васила кылган. Муну сүйүктүү
Пайгамбарыбыз бир хадиси шарифинде мындай айтып берген: "Адам (алейхиссалам) Бейиште кетирген катасына байланыштуу
Бейиштен чыгарылганда: "Йа Раббим! Мени Мухаммеддин урматына кечире көр”, - деди. Аллахү тала: "Эй Адам!
Сен Мухаммедди кайдан билдиң. Мен аны али жараткан жокмун го”, - деди. Адам (алейхиссалам):"Йа Раббим! Мени жаратып, мага рух
берген кезиңде, көзүмдү ачып караганымда арштын четинде "Ла илаха иллаллах
Мухаммадан расулуллах” деген жазууну көрдүм. Ысымын ысымың менен бирге жазган,
сүйгөн адамың ошол болуш керек”, - деди. Аллаху таала: "Туура айтасың эй Адам!
Жараткандарымдын ичинен эң катуу жакшы көргөнүм – ал. Анын урматына кечирим
сураганың үчүн сени кечирдим”, - деди.” Бир риваят боюнча: "Ал сенин тегиңен келе турган бир
пайгамбар. Аны жаратпаганымда сени, үй-бүлөңдү жаратмак эмесмин. Аны шапаатчы
кылып көрсөткөнүң үчүн сени кечирдим” - деген.
Буга
(тавассулга) катыштуу миңдеген мисалдар бар. Аларды бир канчасы төмөндө
келтирилди:
Эки көзү көр
бир адам көздөрүнүн ачылуусу үчүн Пайгамбарыбыздан дуба кылуусун сурады.
Пайгамбарыбыз: "Кааласаң дуба кыламын.
Бирок, сабыр кылып чыдасаң сен үчүн андан да жакшы болот”, - деди. "Сабыр кылууга
күчүм калган жок. Дуба кылууңуз үчүн жалынамын”, - деди. "Андай болсо, даарат алып, мобул дубаны оку”, - деди. "Аллахумма инни
асалука ва атаважжаху илайка би набийика Мухаммедин набииррахмати. Йа Мухаммед!
Инни атаважжаху бика ила Рабби фи хажати литакдиа Аллахумма шаффиху фиййа”.
Ал адам бул
дубаны окуган кезде Аллаху таала дубасын кабыл кылып, көзүнүн ачылганын хадис
аалымы Имам Насаи кабарлаган.
Расулуллах
алейхиссаламды василе кылуу менен байланыштуу Осман бин Ханиф хазреттери мындай
окуяны айтат: "Осман бин Аффан халифа болуп турганда катуу кыйналып жүргөн бир
адам халифанын алдына барууга уялып, мага дартын айтты. Мен: "Дароо даарат
алып, Мечит саадатка бар. Жогоруда көрсөтүлгөн дубаны оку, тилегиңди айт”, –
дедим.
Ал адам дуба
кылгандан кийин халифанын отурган жерине барып, алдына чыгарылыптыр. Халифа аны
жайнамазынын үстүнө отургузуп, тилегин угуп, кабыл кылыптыр. Ал киши ишинин бир
заматта чечилгенин көрүп, кубанып, мага келди. "Аллаху таала сенден ыраазы
болсун! Халифага сен айтпаганда кыйынчылыгымдан кутула албайт элем”, – деди.
Мени халифа менен сүйлөштү экен деп ойлоду.”
Хазрети Омар
халифа кезинде жут болду. Сахабалардан Билал бин Харс Расулуллахтын күмбөзүнө
барып: "Йа Расулаллах! Үммөтүңүз ачтыктан өлүүнүн алдында турат. Жамгыр жаашына
васила болууңузду жалбарып сураймын”, - деди. Расулуллах алейхиссалам ошол күнү
анын түшүнө кирип: "Халифага бар. Менден
салам айт. Жамгыр дубасына чыксын!” - деп буюрду. Хазрети Омар жамгыр
дубасына чыккандан кийин жамгыр жаай баштады.
Аллаху таала
жакшы көргөн адамдарынын урматына дубаларды кабыл кылат. Аллаху таала Мухаммед
алейхиссаламды өтө сүйгөндүгүн билдирген. Ошондуктан да, бир адам "Аллахумма инни асалука би-жахи
Набийик-ал-Мустафа” деп дуба кылса, дуба кайтарылбайт. Бирок, майда-чүйдө
дүнүйөлүк иштер үчүн Расулуллахты васила кыла берүү да адепке жат кылык болот.
Бурханеддин
Ибрахим Малики мындай дейт: "Өтө ач, кедей адам хужра-и саадатка барып, "Йа
Расулаллах! Курсагым ач”, - деди. Бираздан кийин бир адам келип, кедейди үйүнө
алып барып, тойгузду. Кедей адам кылган дубасынын кабыл болгонун көрүп, муну
айткан кезде "Тууганым! Бала-чакаңды таштап узак жол жүрүп, кыйналып
Расулуллахты зыярат кылууга келдиң. Бир үзүм нан үчүн Расулуллахтын даргахына
баруу сага жарашар ишпи? Анын алдында Жаннат менен чексиз ниматтарды сурашың
керек эле. Бул жерде тилеген
нерселерди Аллаху таала кайтарбайт”, - деди. Расулуллахты зыярат кылуу урматына
ээ болгондор анын кыямат күнү шапаат кылуусу үчүн дуба кылуусу керек”.
Имам Абу Бакр
Мукри бир күнү Имам Табарани жана Абу Шейх менен Мечит саадатта отурган эле.
Бир канча күндөн бери эчтеке жебегендиктен карындары ач болгон. Имам Абу Бакр
чыдай албай: "Ачкамын, йа Расулуллах” деп бир бурчка барып отурду. Сеййиддерден
бир адам эки кызматчысы менен бирге келип: "Туугандарым! Атам Расулуллахтан
ачпыз деп жардам сураптырсыңар. Силерди тойгузууну буюрду”, - деди. Алып
келгендерин бирге отуруп жеди. Артканын ошолорго калтырып кетти.
Ислам
аалымдарынын бири Абу Абдуллах Мухаммед Маракаши (х.683/м.1284) «Мисбах-уз-зулам» аттуу маанилүү
китебинде Расулуллахты васила (себепчи) кылуу аркылуу мураттарына жеткен
жүздөгөн мусулманды жана алардын дубалары тууралуу кенен жазган. Расулуллахты
васила кылып мураттарына жеткендердин бири – Мухаммед бин Мункадир болуп
саналат. Ал мындай дейт:
«Бир адам
атама сексен алтын калтырып, жихадга кеткен эле. Ал: «Мына буларды сактап кой. Өтө муктаж болгон адамга жардам катары
берсең болот», - деген эле. Мединада жут болду. Атам алтындардын бардыгын
ачкалыктан кыйналгандарга таратты. Кийин алтындардын ээси келип алтынды сурады.
Атам: «Бир күндөн кийин кел», - деп жооп берди. Хужра-и саадатка барып таңга
чейин Расулуллахка жалбарды. Түн ортосунда бир адам келип: «Колуңду соз!» -
деди. Колуна бир кесе алтын карматып, көздөн кайым болду. Атам үйдө алтындарды санап,
сексен экенин көрүп кубанып, ээсине кайтарып берди».
Имам Мухаммед
Муса хазреттери ушул китебинде башынан өткөн бир окуяны мындайча жазган: «637
(М.1239) Садер чебинен тандалуу адамдар менен бирге чыктык. Жаныбызда бизге жол
көрсөтө турчу адам бар эле. Бираз убакыттан кийин суубуз түгөндү. Суу издей
баштадык. Ушул кезде мен ажат үчүн бираз четкерээк бир жерге өттүм. Бираз
убакта мени катуу уйку басып, башымды жерге коюп уктап кеттим.
Ойгонсом
чөлдүн ортосунда жалгыз калыпмын. Жолдошторум мени унутуп кетип калышыптыр.
Жалгыздыктан абдан корко баштадым. Чөлдө ары-бери жүгүрө баштадым. Кайда
экендигимди, каерге барарымды билбедим. Айланамдын баары кум болчу. Бир кезде
караңгы түшө баштады. Жолоочулап бара жаткан тобубуздун изи да жок. Мен түндүн
караңгылыгында жалгыз калдым, ого бетер корко баштадым. Үрөйүм учуп андан да
катуулап бастым.
Бираз
баскандан кийин сууга чаңкап, чарчап жерге жыгылдым. Эми өмүрдөн умут үзүп,
өлүмдүн жакындаганын сезгендей болдум. Суусуздук менен алсыздыктан сары ойго
чөмүлдүм. Биз кезде эсиме түштү, түндүн ортосунда: «Йа, Расулаллах! Мага жардам
бер. Сизден Аллаху тааланын уруксаты менен жардам берүүңүздү өтүнөм», - деп
сыздадым.
Сөзүмдү бүтүрө
электе бирөөнүн мага сүйлөгөнүн уктум. Үн чыккан тарапты караганымда капкараңгы
түндө айланасына шоола чачкан, аппак кийинген, ошол убакка чейин эч көрбөгөн
бир адамдын мени чакырып турганын көрдүм. Мага жакындап колуман кармады. Ошол
замат суусундугум канып, чарчоом кетип, жаңыдан туулгандай болдум. Экөөбүз
бираз бастык. Мен өмүрүмдүн эң керемет маалын башыман өткөрүп турганымды
сездим. Бир кум чокусунан ашкандан кийин бизге келе жаткан адамдардын жарыгын
көрүп, досторумдун үндөрүн уктум. Ошолорго карай жакындадык.
Менин минген
унаам алардын аркасында жүргөн экен. Дароо келип алдыма токтоду. Аны көрүп
катуу кубандым. Жанымдагы адам мени жаныбарыма мингизди. Кийин: «Бизден бир нерсе сураган жана жардам
сураган адамды биз бош калтырбайбыз», - деп кайра кайтып кетти. Ошол кезде
анын Расулуллах экендигин түшүндүм. Ал кайтып кеткенде анын айланасынан
чачыраган шоола көккө карай көтөрүлгөн эле. Ал көздөн кайып болгон кезде:
«Мен эмне үчүн
Расулуллахтын колу-бутун өппөдүм», - деп өкүндүм. Бирок, буга кеч болгон эле».
Абулхайр Акта
Мединада беш күн ач калган эле. Хужра-и саадаттын жанына барып, Расулуллахка
салам берди. Ач экенин айтты. Бир бурчка жатып уктады. Түшүндө Расулуллахтын
келгенин көрдү. Оң жагында Абу Бакр Сыддык, сол жагында Омар Фарук жана алдында
Али-ул Муртаза бар эле. Хазрети Али келип: «Йа, Абулхайр! Тур, эмнеге жатасың?
Расулуллах келе жатат», - деди. Дароо ордунан турду. Расулуллах келип чоң нан
берди. Абулхайр:
«Өтө ач
болгондуктан дароо жей баштадым. Жартысы бүткөндө ойгондум. Көзүмдү ачканымда колумда нандын жартысы турган экен», -
деди.
Ахмед бин
Мухаммед Суфи айтат: «Хижаз чөлдөрүндө эч нерсе калбады. Мединага бардым.
Хужраи саадаттын алдына келип Расулуллахка салам бердим. Бир жерге отуруп
уктадым. Расулуллах көрүнүп: «Ахмед
келдиңби? Алаканыңды ач», - деди. Алаканымды алтынга толтурду. Ойгонгондо
колум алтынга толгон эле»
Имам Самхуди
эшигинин ачкычын түшүрүп алып, таба албады. Хужраи саадаттын алдына барып: «Йа,
Расулаллах, ачкычымды түшүрүп алдым. Үйүмө бара албай жатам», - деди. Бир бала
колунда ачкыч менен келип: «Муну таап алдым, сиздики эмеспи?» - деди.
Килистик
Мустафа Ишки мырза: «Маварид-и
Мажидиййа» аттуу тарых китебинде мындай дейт: «Меккеде жыйырма жыл турдум.
1247 (м.1831)-жылы алтымыш алтын жыйнап, бала-чака менен Мединага бардык. Жолдо
акчабыз түгөндү. Бир таанышыма конок болуп, хужраи саадатка бардым.
Расулуллахтан көмөк сурадым. Үч күндөн кийин жаткан үйүмө бир адам келип, мен
үчүн бир үй жалдаганын айтты. Буюмдарымды ошол жерге көчүрттү. Бир жылдык
акысын төлөдү. Бир нече айдан кийин ооруп, бир ай төшөктө жаттым. Үйдө жей
турчу, сата турчу эч нерсе калбады. Аялымдын сүйөөсү менен тамдын чокусуна
чыгып, Расулуллахтын күмбөзүнө карап туруп кыйналганыбызды айтып, көмөк
сурамакчы болдум. Колдорумду көтөргөн кезде дүнүйөлүк нерселерди суроодон
уялып, эч нерсе айта албадым. Бөлмөмө бардым.
Эртеси бир
адам келип: «Баланча адам бул алтындарды белек кылып жиберди», - деди. Кесени
алдым. Турмушубуз оңолгону менен ооруудан айыга албадым. Адамдардын жардамы
менен хужра-и саадатка барып, Расулуллахтан шифаа тиледим. Мечиттен чыгып, эч
кимдин жардамысыз үйүмө карай бастым. Үйгө кирген кезде эч кандай ооруум
калбаган эле. Көз тийбөөсү үчүн бир нече күн көчөгө таяк таянып чыгып жүрдүм.
Бирок, акча түгөнгөн эле. Бала-чакамды караңгыда калтырып, Набави мечитине
келдим. Куптан намазынан кийин Расулуллахка кыйынчылыгымды айттым. Жолдо бейтааныш
бир адам келип, колума бир кесе берди. Ичинде кырк тогуз алтын бар эле.
Кажеттүү нерселерди алып үйгө бардым».
«Шакайык-и Нуманиййа» китебинин
котормосунун экинчи томунда мындай делет: Осман
мамлекетинин алгачкы шейхул исламы жана доорунун мужаддиди болгон улуу Ислам
аалымы Мавлана Шамседдин Мухаммед бин Хамза Фенаринин көздөрү ооруп пардаланып,
көрө албай турган болот. Бир күнү түндө түшүнө кирген Расулуллах алейхиссалам: «Таха сүрөсүн тафсирле», - деп
буюрганда: «Курани каримди тафсир кылууга күчүм жетпейт, анын үстүнө көздөрүм
да көрбөйт», - дейт. Расулуллаху мубарек чапанынан бир ууч пахта чыгарып,
мубарек түкүрүгү менен суулагандан кийин көздөрүнүн үстүнө басат. Молла Фенари
ойгонгондо эки көзүнүн үстүндө эки пахта турганын байкады. Пахтаны алгандан
кийин көздөрү көрө баштайт. Аллаху таалага хамд жана шүгүр кылат. Ошол
пахталарды сактап коюп, өлгөндөн кийин эки көзүнүн өстүнө койууларын керээз
кылып айтат. Өзү 834 (м.1431)-жылы Бурса шаарында кайтыш болгон. Айткан осуят
керээзи орундалган.
Аббаси
халифаларынан болгон Абу Жафар Мансур Набави мечитинде Имам Малик менен
сүйлөшүп отурган эле. «Эй Мансур! Бул жер – Мечит саадат. Акырын сүйлө. Аллаху
таала Хужурат сүрөсүндө: «Үнүңөрдү
Расулуллахтын үнүнөн ашырбагыла!» - деп буюруп, бир жамаатты эскерткен. «Расулуллахтын жанында акырын
сүйлөгөндөр...» деген аяты менен акырын сүйлөгөндөрдү мактаган.
Расулуллахка кайтыш болгондон кийин урмат көрсөтүү тирүү кезинде урмат көрсөтүү
менен бирдей», - деди. Ансур мойнун ийип: «Ооба Эба Абдуллах! Пайгамбарыбыздын
кабырын зыярат үчүн келгенде Кыбылага каршы туруу керекпи же Кыбыланы аркада
калтырып Кабр-и саадаткабы?» - деп сурады. Имам Малик хазреттери: «Жүзүңдү
Расулуллахтан башка жакка бурба! Кыямат күнүнүн шапаатчысы болгон ал улуу
Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам кыямат күнү сенин жана атаң Адам
алейхиссаламдын кутулуусу үчүн васила болот. Кабр-и саадатка бурулуп,
Расулуллахтын мубарек рухуна жабышып шапаат тилөөң керек. Ниса сүрөсүнүн 64-чү
аяти каримасында: «Напсилерине зулумдук
кылгандар сага келип Аллаху тааладан кечирим сураса жана Расулум да алар үчүн
кечирим тилесе Аллаху тааланы тооболорду кабыл кылуучу жана мээрим кылуучу
абалда көрөт», - деп буюрулган. Бул аят Расулуллахты васила кылгандардын
тооболорунун кабыл боло тургандыгына кепилдик берүүдө», - деди. Ушул сөздөн
кийин Мансур отурган жеринен туруп, хужра-и саадаттын алдына барып турду. «Йа,
Раббим! Бул аяти каримада Расулуңду васила кылгандардын тообосун кабыл кыла
тургандыгыңа сөз бердиң. Мен улуу пайгамбардын даргахына келип Сенден кечирим сураймын.
Ал соо кезде кечирим сураган кулдарыңдын кечиримин кабыл кылганыңдай мени да
кечире көр. Йа Раббим! Набиййурахма болгон улуу пайгамбарыңды васила кылып сага
жалынамын. Эй, пайгамбарлардын эң улуусу болгон Мухаммед алейхиссалам! Сага
тавассул кылып, Раббиме жалбарамын. Йа, Раббим! Бул улуу Пайгамбарды мага
шапаатчы кыла көр», - деп жалынып-жалбара баштады. Аркасы кыбылага, жүзү
муажаха-и саадатка карап, тике туруп дуба кылды. Минбар-и Набави сол жагында
калган эле.
Имам Маликтин
Халифа Мансурга берген насааты хужра-и саадаттын алдында дуба кыла тургандардын
өтө ойгок жана сергек болуулары керек экенин көрсөтүүдө. Ал даражага ылайык
адеп менен урматты көрсөтө албай тургандардын Медина-и мунавварада узак убакыт
калуулары туура болбойт деп буюрулган.
Анатолиядагы
айылдардын биринен Медина-и мунавварага барып, көп жылдар бою ошол жерде туруп,
үйлөнүп, хужра-и саадатта чыракчы болуп кызматка орношкон бир киши бар эле. Бир
күнү ысытма оорусуна чалдыгып, чалап ичкиси келди. Көңүлүнөн
«Эгер азыр
айылымда болгонумда айрандан муздак чалап жасатып ичмекмин» деген ой өтөт. Ошол
түнү Расулуллах Шейх-ул-Харем (Медина эмири) мырзанын түшүнө кирип, алиги
адамдын кылып жүргөн чыракчылык милдетин башка бирөөгө берүүсүн буйрук кылат.
Шейхул Харем: «Йа, Расулаллах! Ал ишти үммүңөн болгон баланча адам аткарып
жүрөт», - дегенинде: «Ал адамга айт!
Айылына барып чалап ичсин!» - деп буюрду. Эртеси бул буйрук айтылганда
айылдык киши «куп болот» деп элине кайтып кетет.
Көңүлдөн өткөн
бир гана ой ушунча зыянын тийгизе турган болсо, Аллах сактасын, тамашалап болсо
да жагымсыз бир сөздүн же адепке туура келбей турган бир аракеттин чоң зыяны
боло тургандыгын ушул жерден түшүнүү керек.