Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Салават айтуунун мааниси менен пазилети




Салават айтуунун мааниси менен пазилети


Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) аты айтылганда, эстелгенде жана жазылганда урмат кылып ага салават айтуу – эң маанилүү милдеттерибиздин бири. Куран-и каримде "Ахзаб” сүрөсүнүн 56-чы аятында: "Чынында Аллаху таала менен периштелери пайгамбарга салават айтат (анын кадырын, мартабасын көтөрөт) Эй, ыйман келтиргендер! Силер да ага салават айткыла жана ага чын көңүл менен берилгиле”, - айтылган.

Тафсир аалымдары бул аятта айтылган "салават” сөзүнүн Аллаху тааладан ырайымдуулук, периштелерден истигфар жана мусулмандардан дуба деген мааниге келгенин айткан. Бардык Ислам аалымдары Пайгамбарыбыздын мубарек аттарынын бири айтылган, жазылган жана эстелген кезде салават жазып, айтуунун биринчиден важиб, ар кайталанганда мустахаб экендегин айтышкан.

Аллаху тааладан бир нерсе тилеген адам алгач Аллаху таалага хамд (мактоо менен шүгүрчүлүк) кылгандан кийин Расулуллахка салават айтуусу керек. Ушундай кылынган дуба кабыл болууга өтө ылайык болот. Эки салаваттын арасында кылынган дуба артка кайтарылбайт.

Абу Талха хазреттери айтат: "Кандай кубанбайын? Бираз убакыт мурун Жабраил (алейхиссалам) сүйүнүчтүү кабар айтты. Аллаху таала: "Үммөтүңөн бири сага салават айтса, Аллаху таала ошол адамга он салават айтат деп буюрду”, - деди.

Бул тууралу айтылган хадиси шарифтердин кээ бири мындай:

"Жанында атым айтылган кезде мага салават айтпаган адамдын мурду жерде сүрүнсүн. Рамазан айы киргенде күнөөлөрүн кечиртпестен Рамазан айы чыгып кеткен адамдын мурду жерде сүрүлсүн. Ата-энеси карыганда алардын ыраазылыгын алып Жаннатка кирбеген адамдын да муруну жерде сүрүлсүн”.

"Жанында атым зикир кылынган кезде мага салават айтпаган адам – сараңдардын эң сараңы”.

Абу Хумейд ас-Саиди хазреттери айтат: "Кээ бир сахабалар Расулуллахтан мындай деп сурады: "Йа, Расулаллах! Сизге кандай салават айталы? ” Расулуллах алейхиссалам "Аллахума салли ала Мухаммадин ва азважихи ва зуррийатихи кама саллайта ала Ибрахима ва барик ала Мухаммадин ва азважихи ва зуррийатихи кама баракта ала Ибрахима иннака химидун мажид дегиле”, - деди.”

Кээ бир салават-и шарифтер мындай:

"Алейхиссалам”,

"Саллаллаху алейхи ва саллам”, "Алейхиссалату вассаламу ваттахиййа”,

"Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала алихи уа сахбихи ажмаин”,

"Алейхи ва ала жамии минассалавати атаммуха ва минаттахийати аймануха”.

"Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад, кама саллайта ала Ибрахима ва али Ибрахим...”.

Бир адам мындай деп айтып берди: "Жолдошторумдун бири жиберген катында Расулуллахтын мубарек аты өткөн жерде бардыгына "Саллаллаху алейхи ва саллам таслиман касиран касира” деп жазыптыр. Анын себебин сурасам: "Жаш кезимде хадистерди жыйнап, китептерди жаздым. Расулуллахтын мубарек атын жазган кезде салават жазчу эмес элем. Түшүмдө ааламдардын мырзасын көрүп, жанына бардым. Ал мубарек жүзүн менден ары бурду. Аркы жагына өттүм, Ал дагы да ары карады.

Алдына барып: "Йа Расулаллах! Эмнеге менден жүзүңүздү ары каратасыз?” – деп сурадым. Ал: "Анткени, сен китебиңде менин атымды жазганда мага салават кылган жоксун”, – деди. Ошол кезден баштап анын мубарек аттарын жазганда ар дайым салават кошуп жазамын”, - деди.

Хадиси шарифтерде: "Ким мага бир жолу салават айтса, Аллаху таала ошого он жолу салават (мээримдүлүк) кылат, анын он күнөсүн кечирет жана даражасын он эсе жогорулатат.”

"Кыямат күнү мага эң жакын болгон, менин шапаатыма эң ылайык болгон адам – мага эң көп салават-салам айткан адам”, - деп айтылган.

Аллаху таала хазрети Мусага: "Эй, Муса! Тилиңе сөзүңдөн, жүрөгүңө оюңдан, таниңе (денеңе) рухуңдан, көзүңө нуруңдан жакын болгонумду калайсынбы?” - деди. Ал: "Албетте, йа Раббим”, - деди. "Андай болсо Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) көп салават айт”, - деп буюрду. "Эй, Муса, кыямат күнү суусабашты каалайсынбы?” - деди. "Албетте, йа Раббим”. "Андай болсо Муххаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) көп салават айт”, - буюрду.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

"Кыяматта бардык макамда мага эң жакын болгондоруңар - дүйнөдө мага эң көп салават айтканыңар. Жума күнү менен түнү мага жүз салават окуган адамдын Аллаху таала жүз муктаждыгын берет. Алардын жетимиши акырет иштери, отузу дүйнөлүк иштери. Андан кийин Аллаху таала бир периште аркылуу бул салаваттарды менин кабырыма алып келет. Ал силерге келген бир сыйлык сыяктуу болот. Периште мага салават жиберген адамдын атын, урпагын жана тайпасын билдирип, жанымдагы ак баракка аны жазып койот. Менин кайтыш болгондон кийинки билгендерим тирүү кезимдеги билгендерим сыяктуу болот.

Бейшемби күнү болгондо Аллаху таала күмүш дептер менен алтын калемдери бар периштелерди жиберет. Бейшемби күнү менен жума түнүндө пайгамбарга көп салават айткандарды жазышат.

Эки мусулман кездешип, мусафаха кылып, пайгамбарга салават айтса, алар бири-биринен алыстай электе мурунку жана алдыдагы күнөөлөрү кечирилет.

Бирөөңөр мечитке кирген кезде пайгамбарга салам берсин жана "Йа Раббим! Мени шайтандан сакта”, - десин.”

Бир риваятта: "Чыгарда "Аллахумма инни асалука мин фадлика”, - десин”, - делген.

Дуба кылардын астында Аллаху таалага хамд жана Расулуллахка салават айтылмайынча дуба пардасы артында калат. Алдында хамд менен салават окулган дуба кабыл болот.

Расулуллахка жана үй-бүлөсүнө салават окумайынча дуба менен көктүн арасында парда турат. Салават окуган кезде бул парда жыртылып, дуба көккө көтөрүлөт. Окулбаса дуба кайра кайтат.

Бир жыйналышта Аллаху тааланын аты жана Расулуллахка салават айтылбаса ошол жердегилердин үстүндө камчы болот, кааласа аларды азапка тартат, кааласа кечирет.

Кулагы чыңылдаган адам мени ойлоп, мага салават айтсын.

Бир ишке ниет кылган адам ошол маселе боюнча кеңешсин. Аллаху таала ишинде ага жэңилдик ихсан кылат. Бир адам бир нерсе айткысы келип унутуп калса, мага салават айтсын. Анткени, мага айткан салаватында ошол сөзүнүн уландысы бар. Ошол сөз эске түшөт деп күтүлөт.

Кайырлуу бир иш Аллахтын аты менен мага салават айтуу менен башталбаса ал чала жана бүт берекеси кеткен иш болот.

Ислам улууларынан Абу Хафс Кагыди кайтыш болгондо бир адам аны түшүндө көрүп, ага "Аллаху таала сен менен кандай мамиледе болуп жатат?” - деп сурады. "Мага ырайымдуулук кылып, кечирип, Жаннатка киргизди”, - деди. "Эмне себептен?” дегенде "Мени периштелердин арасына тургузду. Күнөөлөрүм менен Расулуллахка салаваттарымды эсептеди. Салаваттарым көп экен. Аллаху таала аларга: "Эй, периштелерим! Ишиңер бүттү. Башка эсеп сурабагыла. Аны Бейишке жибергиле”, - деди”, - деп жооп берди.

Салаф-ус-салихиндин (Исламдын алгачкы кылымдарында өткөндөрдөн) бири айтат: "Бирге хадис үйрөнүп жүргөн бир досум кайтыш болот. Түшүмдө анын жашыл жаннат кийимин кийип жүргөнүн көрдүм. Себебин сураганда: "Ар хадисте көргөн Расулуллахтын атынын жанына "саллаллаху алейхи ва саллам” деп жазчу элем. Хак таала анын сыйын ушундай берди”, - деди”.

Салаф доорунун дагы бири мындай айтып берген: "Бир (катиб) хадис жазуучусу кошунам кайтыш болгон эле. Аны түшүмдө көрдүм. "Аллаху таала сен менен кандай мамиледе болууда?” – деп сурадым. Ал кечирилгенин айтты. Себебин сураганда ал: "Расулуллахтын атын жазган кезде "саллаллаху алейхи ва саллам” сөзүн кошуп жазгандыктан”, – деп жооп берди.

Абу Сулейман Дарани айтат: "Хадис жазганда, анын мубарек аттарын жазган кезде "саллаллаху алейхи” деп жазып, "ва саллам” сөзүн жазчу эмес элем. Түшүмдө аны көрдүм. Мага: "Эй, Аба Сулейман, хадисте атымды жазган кезде салават менен бирге "ва саллам”-ды да кошуп жаз. Ал төрт тамга. Ар тамгада он сооп бар. Жазбасаң кырк сооптон айрыласын деген сөз”, - деди. Дагы бир адамдын да ушундай адаты бар эле. Ага да Расулуллах түшүндө көрүнүп: "Сага эмне болду, салаватты толук жазбайсың?” - деген.

Абу Бакр Сыддык: "Унутуп калуудан корккон адам Расулуллахка көп салават айтсын”, – деген.

Салихтердин улууларынын бири болгон Мухаммед бин Саид бин Мутарриф айтат: "Ар түнү жатар алдында белгилүү маалда салават окучу элем. Бир күнү түшүмдө Расулуллах келип, ичке кирди. Бөлмөнүн ичи нурга толду. Андан кийин мага келип: "Кел, мага көп салават окуган ушул оозуңан өбөйүн”, - деди. Мен оозумду тосууга уялдым, бетимди тостум. Ал өптү. Ойгонуп кеттим. Бөлмөнүн ичи жыпар жыт жыттанып калган экен. Сегиз күн бою бетимден ошол жыт кеткен жок”.

Салаф доорунун улууларынын бири болгон Халлад бин Касир кайтыш болгондо адамдар анын башынын астынан "Бул Халлад бин Касирдин Тозоктон кутулуу далили” деп жазылган кагаз таап алды. Туугандарынан: "Анын амалы эмне эле?”- деп суралды. Алар: "Ар жума сайын салават айтчу эле”, - дешти.

Шейх Айнинин "Зейнул-мажалис” аттуу китебинде жазылган: Расулуллах: "Кыямат күнү үч топ адам көлөкөсүнөн башка көлөкө болбогон Арштын астында турат”, - деп буюрду. "Алар кимдер?” - деп суралганда: "Алар үммөтүмдү кыйынчылыктардан куткарган, сүннөттөрүмдү орундаган жана мага көп салават айткан адамдар”, - деди”.

Шейх Абу Муса Дарири айтат: "Деңизде шамалга туш болдук. Баардыгы өлөбүз деп коркуп ыйлап жатышкан эле. Ошол кезде мени уйку басты. Түшүмдө Расулуллах алейхиссаламды көрдүм. Ал: "Кемедегилерге айт, миң жолу "Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммадин ва ала Али сеййидина Мухаммад, салатан тунжина биха мин жамиил ахвали вал афат ва такди сана биха жамиал хажат ва тутаххируна биха мин жамииссеййиат ва тарфауна биха индака алад-даражат ва тубаллигуна биха аксал-гаят мин жамиил хайрати фил хайати ва бадал мамат” деп окусун”, - деп буюрду. Үч жүз жолу окугандан кийин шамал басылды, кутулдук. Бул салаватты ар керектүү иште жана ар кандай балээде, апаатта, жер титирөөлөрдө окууга кеңеш берилди. Ишеничтүү китептерде салаваттын кандай экендиги тууралуу кырктан ашык хадис жазылган. Кээ бир салаваттар:

Аллахумма салли ала Мухаммадин ва али Мухаммад, кама саллайте ала Ибрахима ва ала Ибрахим, ва барик ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад, кама баракта ала Ибрахима ва ала али Ибрахим, иннака хамидун мажид.

Аллахумма салли ва саллим ва барик вархам ала сеййидина Мухаммадин хува сеййид-ул Араби вал Ажам. Ва имами Маккат-ил мүкаррамати вал-Мединат-ил мунавварати вал харем. Аллам-ал инсана малам йалам.

Аслуху нурун ва наслуху Адам. Басуху муаххарун ва халкуху мукаддам.

Исмух-уш шарифу мактубун алал Лавх-ил махфузи бияк-ил калам.

Ва жисмух-уш шарифу мадфунун фил Мединатил-мунавварати уфл харем.

Йа лайте актахилу тураббаллази тахт-ал кадем.

Фа туба сумма туба лиман даа ва табиаху ва лиман аслама сахиб-аш шафаати лил аламин.

Қаилан йа Рабби! Саллим уммати, уммати ва уммата йаз ал лутфи вал карам.

Фа йунад-ил мунади мин кибал-ир Рахман, кабилту шафаатака йа набиййал мухтарам. Удхул-ул жанната ла хавфун алейкум ва ла хузнун вала алам.

Сумма радыйаллаху та’ала ан аби Бекрин ва Умара ва Усмана ва Алиййин зил-Карам.

Ва саллаллаху ала саййидина Мухаммадин вал хамду лака йа Рабб-ал алемин.

Би хурмати Сеййид-ил мурсалин.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш